25.02.2014

84 İNŞİKÂK SÛRESİ

84-сүрөИншикак[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Жыйырма беш айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.      Асман жарылганда,
2.      Эгесине кулак салып, акыйкатталганда,
3.      Жер түздөлүп, созулганда,
4.      Ал[2] өз ичиндегилердин баарын сыртка чыгарып, бошонгондо,
5.      Эгесине кулак салып, акыйкатталганда
6.      Эй, инсан!  Эгеңе умтул! Ошондо гана сен Ага жолугасың.
7.      Анан кимдин китеби оң тарабынан берилсе,
8.      Анда анын эсеп-кысабы да жеңил болот.
9.      Ал жакындарына кубанган абалда кайтат.
10.        Кимге эсеп-кысап китеби арт жагынан берилсе,
11.        Ал өзүнө өлүм тилеп, жалдырайт.
12.        Ошентип катуу күйгөн отко кирет.
13.        (ал жалган дүйнөдө) жакындарынын арасында жыргап-куунап жүргөн эле.
14.        Анткени ал эч качан (Бизге) кайтып келээрине ишенген эмес.
15.        Оо, жок! Эгеси анын артынан көз салган.
16.        Күн баткандагы көрүнгөн кызыл нурга ант!
17.        Баарын өзүнө жыйып, каптап калган таңга ант!
18.        Толуп турган айга ант!
19.        Силер бардык баскычтар аркылуу өтөсүңөр
20.        Деги аларга эмне болгон, ыйман келтиришпейт?!
21.        Аларга Куран окулуп жаткан кезде сежде кылышпайт.[3]
22.        Балким алар (Куранды) жалганга чыгарышат.
23.        Алла болсо алардын дилиндеги жашырган нерселеринин баарын (жакшы) билет.
24.        Аларга оорутуучу азап[4]  жөнүндө кабар бергин!
25.        Аллага ишенгендерге жана жакшы амалдарды кылгандарга үзүлбөгөн[5] сыйлык (бар).





[1] Жарылуу.
[2] Жер.
[3] Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.
[4] Тозок.
[5] Кемибеген.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder