25.02.2014

92 LEYL SÛRESİ

92-сүрөЛайл[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Жыйырма бир айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.           Каптап келген караңгы түнгө ант!
2.           Жана жаркыраган күндүзгө ант!
3.           Жана да эркек менен айалды Жаратуучуга ант!
4.           Албетте, силердин аракетиңер ар башкача.[2]
5.           Алсак, кимде-ким берешендик кылса жана такыба болсо,
6.           Жана да (ал) Бейишти чын деп билсе,[3]
7.           Биз анын жолун жеңил кылабыз.
8.           А кимде-ким сараңданса жана текеберденсе,
9.           Бейишти жалган десе,
10.      Анда Биз анын жолун кыйынчылыкка[4] бурабыз.
11.      Жана ал тозокко ташталганда, аны мал-мүлкү куткара албайт.[5]
12.      Туура жолго багыттоо Бизге гана таандык.
13.      Анткени Акырет жашоосу да, бул дүйнө жашоосу да Бизге гана тиешелүү.
14.      Мына Мен силерди алоолонгон тозок (оту) менен коркутуп – эскертемин.
15.      Ал жерге бактысыздар гана кирет.
16.      Ал (чындыкты) жалганга чыгарып, жүз бурган эле.[6]
17.      Андан[7] такыба гана оолак болот.
18.      Ал[8] мал-дүйнөсүн сарптап, тазаланат.
19.      Ал[9] эч бирөөгө сыйлык берүүгө милдеттүү эмес.
20.      Тек гана (тиги өз байлыгынан) бийик даражалуу Эгесинин ыраазылыгын гана талап кылат[10].
21.      Жакында ал ыраазы болот.[11]




[1] Лайл – түн.
[2] Ар кимдин амалы ар башка.
[3] Тастыктаса.
[4] Тозокко.
[5] Пайда бербейт.
[6] Андан.
[7] Тозоктон.
[8] Такыбаа берешендик менен.
[9] Такыба.
[10] Издейт
[11] Бейиштеги сыйлыктарга.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder