25.02.2014

64 TEĞÂBUN SÛRESİ

64- сүрө «Тагаабун[1]»
Мединада түшүрүлгөн он сегиз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.    Асмандардагы менен жердегилердин баары Алланы аруулашат. Падышалык да, мактоо да Ага таандык! Ал – бардык нерсеге кудурети жетүүчү.
2.    Ал силерди жаратты; силердин араңарда каапырлар да, момундар да бар жана Алла силердин эмне кылганыңарды көрүп туруучу.
3.    Ал Асмандар менен Жерди накталап[2]  жаратты жана да силердин келбетиңерди жаратты. Кайтып барар жериңер да Ал гана.
4.    Ал Асмандар менен жердеги нерселерди билет жана да силердин жарыйа кылганыңарды да, жашыруун кылганыңарды да[3]. Алла – жүрөктөгүлөрдү[4] Билүүчү.
5.    Силерге мурунку[5] каапырлардын кабары келген жокпу?!  Алар жасаган иштеринин[6] жазасын тартышкан. Алар үчүн оорутуучу азап бар.[7]
6.    Мунун себеби[8]: аларга пайгамбарлар ачык-айкын далилдер менен келгенде алар[9]: “Бизге туура жолду адамзат көргөзмөкчүбү?!” – деп, каапыр бойдон кала беришти жана жүз үйрө терс бурулушту.[10]  Алла эч муктаж[11] эмес. Алла – Бай[12], ары мактоого татыктуу.
7.    Каапырлар өлгөндөн кийин кайра тирилүү жок деп талашкан. Аларга айт: “Андай эмес. Эгем менен ант ичем: Силер кайрадан тирилесиңер. Андан соң силерге[13] эмне кылганыңар тууралуу кабар берилет жана да бул иш Алла үчүн өтө жеңил.”
8.    Аллага, Анын элчисине жана да Биз түшүргөн Нурга[14] ишенгиле! Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.
9.    Силердин баарыңарды Зор Жыйналыш Күнү[15] үчүн чогултат, ал өз ара тартышуу жана алдануу күнү болот. Ким Аллага ишенсе жана жакшылык иштер кылса, (Алла) анын күнөөлөрүн кечирет жана аларды астынан дарыйалар агып турган Бейиш бактарына киргизет. Алар анда түбөлүккө калышат. Бул өзү зор ийгилик.
10.      Ишенбестен каапыр болуп Биздин айаттарыбызды[16] жалган дегендер  Алар тозок ээлери жана анда түбөлүккө калышат. (Ал)[17] кандай жаман кайтуучу жер.
11.      Алланын уруксатысыз эч кандай кырсык-кайгы жетпейт. Ким Аллага ишенсе, анын жүрөгүн тууралыкка багыттап коет. Алла бардык нерселерди Билүүчү.
12.      Аллага мойун сунгула жана Анын элчисине баш ийгиле! А эгер мойун толгоп, баш тартсаңар. Элчинин милдети тек гана силерге так жеткирип койуу эле.[18]
13.      Алла (өзү жалгыз). Андан башка эч кудай жок. Момундар Аллага гана тобокел[19] кылышсын!
14.      Эй момундар! Силердин айалдарыңар менен балдарыңардын арасында өзүңөргө душман болуп чыгуучулар бар, алардан этийат болгула! Бирок жумшактык кылып, байкамаксан болуп, аларды кечирсеңер, акыйкатта Алла да Кечиримдүү, Боорукер.
15.      Силердин балдарыңар жана мал-дүнүйөңөр, ал – азгырык-сыноо эле, Алланын кашында улуу сыйлыктар бар.
16.      Алыңар келишинче Алладан корккула, кулак салгыла, мойун сунгула жана кайрымдуулук[20] кылгыла! Ким өз жанын сараңдыктан куткарса, алардын ийгиликке жеткени.
17.      Эгер силер Аллага көбүрөөк - жакшы карыз[21] берсеңер, Ал силерге көбөйтүп берет жана күнөөңөрдү кечирет. Алла шүгүр Ээси жана абдан жумшак[22].
18.      Ал жашыруундар менен ачык-айкындарды да билип турат, (Ал) Ызаттуу, Даанышман!




[1] Тагаабун – Бири-бирин алдоо.
[2] Даанышмандык менен (дааналап).
[3] Билет.
[4] Катылган сырларды.
[5] Замандардагы.
[6] Каапырлыгы.
[7] Тиги дүйнөдө да.
[8] Азап тартууларынын себеби.
[9] Каапырлар.
[10] Ыймандан.
[11] Тигилердин ыймандарына.
[12] Эч кимге муктаж эмес.
[13] Бул дүйнөдө.
[14] Куранга.
[15] Кыйамат Күнү.
[16] Ыйык Куранды.
[17] Тозокто түбөлүк болуу.
[18] Ислам динин жана ыйык Куранды.
[19] Тагдырын, иштерин Аллага тапшыруу.
[20] Кайыр-садака, зекет, фитр, ушур ж. б. у. с. ыктыйардуу жардамдар.
[21] Алла жолуна сарп кылсаңар.
[22] Көңүл оорутпайт.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder