25.02.2014

34 SEBE' SÛRESİ

34-сүрө  “Саба[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Элүү төрт айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Аллага мактоо! Ага асмандардагылар менен жердегилердин баары таандык. Ага акыретте да мактоо! Ал – Даанышман, Кабардар.
2.     Ал жерге киргендерди, андан чыккандарды, асмандан түшкөндөрдү[2] да, ага көтөрүлгөндөрдү да билет. Ал – Мээримдүү, Кечиримдүү.
3.     Каапырлар: “Кыйамат күн бизге келбейт” – дешет. “Жок! Кайыпты билүүчү Эгемдин атына ант! Ал силерге келет. Асмандар менен жерде кыпындын салмагындай да, андан кичирээк да, андан чоңураак да (нерселер) Ага жашыруун болуп, ачык Китептен сырткары калбайт” – дегин.
4.     Ыйман келтирген жана жакшылык иштерди кылгандарга ыйгаруу үчүн кечирим жана мол ырыскы бар.
5.     А Биздин айаттарыбызды алсыздантууга аракеттенгендер үчүн оорутуучу жаман азап бар.
6.     Илим берилгендер Эгеңден сага берилгендин акыйкат экендигин жана ал Ызааттуу, Макталуучунун жолуна алып бара тургандыгын көрүшөт.
7.     Каапырлар: “Силерге, качан (өлүп) биротоло тытылып[3] кеткениңерден соң, жаңыдан жаралып каласыңар деген кишини көрсөтөлүбү?
8.     Ал Аллага жалаа жаап жатабы же жинди болгонбу?” – дешет. Жок! Акырет жашоосуна ишенбегендер азап чегишет жана узак адашууда.
9.     Чын эле алар өздөрүнүн алдындагы жана артындагы асмандар менен жерден болгондорду көрүшпөдүбү? Эгер Биз кааласак аларды жерге жуткузабыз, же  аларга асмандын кесимин (үзүмүн) таштайбыз. Акыйкатта, өкүнүп кайрылган ар бир пенде үчүн мында белгилер бар.
10.       Даудка Биз өзүбүздөн артыкчылык ыроолодук: “Эй, тоолор! Аны менен бирге Мага (аруулоо менен) кайткыла. Куштар дагы. Ага Биз темирди жумшак кылдык.
11.       Кең-кесири соот[4] жаса, аны жакшылап өлчө. Жакшылык иштер кылгыла. Анткени Мен кылгандарыңды көрүп турам.
12.       Сулайманга шамалды (баш ийдирдик), анын эртең мененки жолу бир ай, кечки жолу бир ай эле; Биз ал үчүн эрип куйулган жез булагын агыздык. Эгесинин буйругу бойунча анын алдында жиндерди иштей турган кылдык. Алардын кимиси Биздин буйругубуздан баш тартса, ага Биз тозок азабын таттырабыз.
13.       Алар анын каалагандарын: бийик сарайларды, айкелдерди, көл сыйактуу табактарды, жерге бекемделген чоң казандарды (жана башкаларды) жасашты. “(Эй) Дауддун урпактары! Бизге шүгүрчүлүк кылгыла!” Бирок, пенделеримден шүгүр кылуучулар аз.        
14.       Биз аны[5] өлтүргөнүбүздү аларга билдирген эмеспиз, анын өлгөндүгүн жерден чыккан жаныбар[6] – тайагын жеп, көргөзүп койду[7]. Ал жерге кулаган кезде, эгерде алар[8] өздөрү жашыруун кайыптарды (мурунтан) билишкенде, анда кордоочу жазанын[9] ичинде турмак эместиги[10] белгилүү болду.
15.      Саба[11] эли үчүн алардын турак-жайларында белгилер болгон: оң жана сол тараптан эки бак. “Эгеңердин берген ырыскыларынан жегиле жана Ага шүгүр кылгыла! (Бул өлкө) сонун өлкө. (Алла) Кечиримдүү Эге”.
16.      Алар баш тарткан кезде Биз аларга тосмону[12] жарчу сел жибердик да, алардын бактарын ачуу мөмөлүү жылгын жана азыраак суу өсүмдүктүү[13] эки бакка алмаштырдык.
17.      Муну Биз алардын каапыр болгондугу үчүн жаза кылдык. Биз каапырларды гана жазалайбыз.
18.      Аны менен Биз кут даарыткан калаалардын арасына[14] (бирине-бири) көрүнүп турган айылдар жана өтө турган жолдорду жасадык. “Андан түндө да, күндүз да аман-эсен өтө бергиле”[15], (делинген эле).
19.      Алар: “Эгебиз, биздин сапарыбыздын аралыгын узарт,”[16] – дешти. Ошентип өздөрүнө кесир кылышты. Биз аларды байанга айлантып, быт-чыт кылып баардык жакка бөлүп салдык. Акыйкатта, мында сабырдуулар жана шүгүр кылуучулар үчүн үлгү бар.
20.      Иблис кээ бир момундардан гана башкасын өзүнө ээрчитип, өз ойлорун туура көрүүгө мажбурлады.
21.      Анда[17] акыретке ишенгендер менен ага ишенбегендерди ажыратуу үчүн алардын үстүнөн укук жок эле.  Эгең бардык нерселерди сактоочу.
22.      “Силер Алланын ордуна ойлоп тапканыңарды чакыргыла. Алар асмандар менен жерде кыпындын салмагындай да үлүшкө ээ эмес. Алар мында тиешеси да жок. Алардын арасынан Ага жардамчы да жок”, – дегин.
23.      Анын алдында ал уруксат бергендерден башка эч ким колдоо[18] көрсөтө албайт. Алардын жүрөгүнөн коркунуч алынган[19] соң:  “Сенин Эгең эмне деди”, – дешет. Тигилер: “Акыйкатты”, – дешет.  Ал – Бийик, Улуу.
24.      “Силерди асмандардан жана жерден ким ырыскыландырат?” –  деп сура да: “Алла”, – дегин. “Чындыгында, биз, же силер туура жолдо, же анык адашуудабыз”.
25.      “Силерден биз кылган күнөөлөр тууралуу сурабайт, бизден да силердин кылганыңарды сурабайт”, – дегин.
26.      “Эгебиз бизди жыйнайт, анан ортобузда акыйкат өкүм кылат. Ал – Өкүмдар, Билүүчү”, – дегин.
27.      “Ага кошкон шериктериңерди мага көргөзгүлөчү”, – дегин. Жок! Алла – Ызааттуу, Даанышман.
28.      Биз сени бардык адамдарга кубанычты кабарлоочу жана эскертүүчү кылып жөнөттүк. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну билишпейт.
29.      Алар[20]: “Эгер силер чынын айтып жатсаңар, анда бул убада качан  ишке ашат?” – дешет.
30.      “Силерге убада кылынган Күн бар. Силер бир аз убакыт артка да кечиге албайсыңар, бир аз убакытка алдыга да озуп кете албайсыңар”, – дегин.           
31.      Каапырлар: “Биз Куранга да, ага чейинки түшүрүлгөндөргө да ишенбейбиз”, – дешет. Эгерде сен заалымдардын Эгесинин алдында тургузулганын көргөн болсоң! (Ошондо) алардын ичинен алсыз болгондору[21], алдуу болгондоруна кайрылып: “Эгер силер болбогондо биз ыймандуу, момун болоор элек”, – деп айтышат.
32.      Текебер болгондор[22], алсыз болгондорго кайрылып: “Кантип, ал[23] силерге келген соң, биз силерди түз жолдон (зордоп) чыгарып ийдикпи? Жок! Өзүңөр күнөөкөр болдуңар”, – дешет.
33.      Алсыздар текеберлерге: “Ооба! Силер түндө да, күндүзү да алдап, амалкөйлүк менен бизди Аллага ишенбөөгө жана Ага шериктерди кошууга буйрудуңар”, – дешет. Алар жаза келген кезде өкүнгөндүктөрүн жашырышат. Биз каапырлардын мойнуна богоо[24] тактык. Алар кылган нерселери үчүн гана жазаланышат.
34.      Биз эч бир кыштакка (андагы) дөөлөтүнө чиренгендер: “Силер аркылуу жөнөтүлгөнгө биз ишенбейбиз”, – демейинче, эскертүүчүнү (элчини) жөнөтпөдүк.   
35.      Алар: “Биздин мал-мүлк жана бала-бакырабыз көп. Биз жазага тартылбайбыз”, – дешти.
36.      “Эгем кимге кааласа ырыскысын көбөйтөт жана тарытат[25], бирок адамдардын көпчүлүгү билишпейт”,  – дегин.
37.      Силердин байлыгыңар жана балдарыңар Бизге силерди жакындата албайт. Ыйман келтирип, жакшылык иш кылгандардан башка. Аларга иштери үчүн  эселенген сыйлыктар, аларга бийик жайларда тынчтык жана амандык (болот).
38.      А Биздин белгилерибизди начарлатуу үчүн жан үрөп аракеттенгендер - алар азапка тартылышат.
39.      “Акыйкатта, Эгем Өз пенделеринен кимге кааласа ырыскыны кенен берет жана аны ченеп да койот. Эгер силер бир нерсени кайыр-садака кылсаңар, Ал анын ордуна башкасын берет. Ал ырыскы берүүчүлөрдүн эң мыктысы”, – дегин.
40.      Ошол Күнү Ал алардын баарын жыйнайт да, андан соң периштелерге: “Чын эле булар силерге сыйынчу беле?” – дейт.
41.      Алар: “Сени аруулайбыз! Биздин коргоочубуз алар эмес, Сенсиң. Ооба, алар жиндерге сыйынышкан, алардын көбү аларга ишенишкен эле”, – дешет.
42.      Ал Күнү силердин бириңер башкаларыңар үчүн пайда да, зыйан да келтире албайсыңар. Биз зулум кылгандарга: “Силер жалганга чыгарган тозоктун азабын таткыла”, – дейбиз.
43.      Аларга Биздин айкын айаттарыбыз окулганда, алар: “Бул биздин ата-бабаларыбыз сыйынып келгендерден[26] силерди кайтарганы жаткан гана киши[27]!” – дешет. Алар: “Бул ойлонуп табылган гана калп”, – дешет. Аларга акыйкат келгенде ага ишенбей каапыр болгондор: “Бул анык сыйкыр”, – деп айтышат.
44.      Биз сага чейин алар окуганга Китеп берген жана эскертүүчү жөнөткөн эмеспиз.  
45.      Аларга чейинкилер да жалганга чыгарышкан. Биз аларга ыроологондордун ондон бир бөлүгүнө да жетишпеди жана алар Биздин пайгамбарларыбызды жалганга чыгарышты. Менин каарым кандай!
46.      “Мен силерге бир гана нерсени эскертемин, силер Алла үчүн экиден, бирден туруп, ой жүгүрткүлөчү: Силердин жолдошуңар жинди эмес.[28] Акыйкатта, ал катуу азапты алдын ала силерге эскертүүчү гана”, – дегин.
47.      “Мен силерден өзүм үчүн акы сурабаймын, ал силердин өзүңөргө. Мен үчүн Алланын алдындагыдан башка сыйлык жок. Ал бардыгынын үстүнөн күбө болуучу”, – дегин.
48.      Акыйкатта Эгем чындыкты гана айан кылат. (Ал) кайыптарды Билүүчү.
49.      “Акыйкат[29] келди, эми жалган[30] көрүнбөйт да, кайтып да келбейт!” – дегин.
50.      “Эгер мен адашсам, анда өз жанымдын зыйанына адашам; а эгер туура жолдо барсам, ал менин Эгемден берилген айан. Акыйкатта, Ал – Угуучу, Жакын”, – дегин.
51.      Эгер сен алардын качып кетүүгө мүмкүндүктөрү болбой[31] жана жакынкы бир орундан кармалышканда корккондорун[32] көргөн болсоң!     
52.      Алар: “Биз Ага ишенгенбиз”, – дешет, бирок алар кантип өтө алыс жерден (ыйманды) кабылдашсын.[33]
53.      Алар Ага мурун да ишенген эмес жана кайып тууралуу өтө алыс орундан[34] ой жорушкан.
54.      Мурун да алар сыйактуулардын топтору менен болгон өңдүү эле, алардын жана алардын каалоолорунун ортосуна тосмо койулган. Акыйкатта, алар чаташкан шектенүүдө болушкан!  




[1] Сабаө – бүгүнкү күндөгү Йемендин борбор шаарына тиешелүү анын байыркы аталышы.
[2] Периштелерди, айаттарды, кабарларды.
[3] Биротоло чирип…
[4] Темирден согулгган аскер кийими.
[5] Сулайман (а.с.)ды.
[6] Курт.
[7] Сулайман (а.с.) өлгөндө Алланын амири менен тайагына сүйөнгөн абалда тура берген. Алланын амири менен жер алдынан шамир аттуу курт чыгып, тайагын жеп, кесип салган. Ошондо Сулайман кулап түшкөн.
[8] Жиндер.
[9] Дауддун тукумдары ал жумуштарды кубануу менен аткарып, Аллага шүгүрчүлүк кылып жатышса, а жиндер өздөрү аткарып жаткан жумушту жаза катары түшүнүшкөн.
[10] Эгер Сулайман өлгөнүн билген болсо, жумуштарды мүмкүн ошол замат токтотмок.
[11] Саба – Араб урууларынын биринин аты. Чоң аталарынын атынан аталып калган.  Ошондой эле, Йемен падышалыгынын титулу болгон. Сулайман (а.с.)дын доорунда, Билкыс падыша да ушулардан.
[12] Алла Тааланын амири менен жаралган эң сонун, ыңгайлуу жерде жашашкан жана суу токтоткуч зор тосмо болгон. Жерлер ошону менен сугарылып, гүлдөгөн.
[13] Сууда өскөн өсүмдөктөр
[14] Йеменден Сирийага кеткен жолдо. Бул жол Аравийаны Сирийа менен бириктирген. Ушинтип ал бир тарабынан Евфратты жана Тигрди, экинчи тарабынан Египетти; дагы бир тарабынан Жер Ортолук Деңизинин бойундагы Рим империйасынын аймактары менен бириктирип жана ошондой эле Йемендин экинчи тарабынан Индийа, Малайзийа, Кытайга чыга турган деңиз жолуна кошулган.   
[15] Йеменден Сирийага бараткан жолдо киши-кара өтө көп болгондуктан анда эс алчу, тамактанчу жайлар да өтө көп болуп, каракчылардын жолоочуларга кол салуу коркунучу дээрлик жокко эсе болгон.
[16] 1) Алар Алланын жолдогу аманчылык-коопсуздугуна шүгүр кылышпастан, тескерисинче жолдон элдүү калааларды көргүлөрү келбеди.
2) Өзүмчүлдүк жана ач көздүктүн күчөөсүнүн себебинен Сабанын эли ошол жолдордогу эс алуу жайларын менчиктештирип, ээлеп алышкан. Мунун кесепети соодагерлердин нары-бери эркин өтүүсүнө чоң тоскоол болгон. Жол тартуунун мөөнөтү жасалма түрдө узартылып, кечиктирилген. Кийин бул соода жолу жабылган.
[17] Иблисте.
[18] Мекке каапырлары: “Биз сыйынып жаткан сөлөкөттөр тиги дүйнөдө шапаат кылат (колдойт)”, – дешкенде, Алла аларга жооп кылып, бул айатты түшүргөн. Демек, айатта айтылгандай, шапаат кылуучулар каалагандай эле колдоо көрсөтө алышпайт. Шапаат Алланын уруксаты менен гана болот. Алла уруксат бербесе, эч ким колдоо көрсөтө албайт. А сөлөкөттөр болсо, дегеле колдоо көрсөтө албайт. Анткени, алар болгону таш, же жыгач, ж.б.у.с. 
[19] Шапаат кылуучуларга уруксат берилген соң....
[20] Меккенин мушриктери – сөлөкөттөргө сыйынуучулар.
[21] Бул дүйнөдө жашап жүргөндө.
[22] Бул дүйнө жашоосунда.
[23] Туура жол.
[24] Кишен, мойунтурук.
[25] Аз кылат.
[26] Сөлөкөттөрдөн, жалган кудайлардан.
[27] Мухаммед (а.с.).
[28] Каапырлар Мухаммед (а.с.)ды “жинди болду” деген сыйактуу ушактарды таратышкан. Жогорудагы айатта ар ким бирден, экиден болуп, өз алдынча ой жүгүртүп, чындыкты салмактап, өздөрүнөн өздөрү бул чынбы, же жалганбы деп сурашса, анда мунун жалган ушак экендигине, ал эми пайгамбардын сопсоо экендигине ишенүүгө аргасыз болооруна ишаарат кылынууда.
[29] Куран.
[30] Каапырлык. Сөлөкөттөргө жана жалган кудайларга сыйынуу.
[31] Өлүмдөн, ажалдан.
[32] Каапырлар Кыйамат күнүндө.
[33] Өлүм алдында, же Кыйамат башталып калганда кылган тообо кабыл болбойт.
[34] Бул дүйнөдө жүрүп, тигил дүйнөгө бара элек кезде.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder