25.02.2014

19 MERYEM SÛRESİ

Он алтынчы бөлүм
19-сүрө «МАРЙАМ»
Мединада түшүрүлгөн. Токсон сегиз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!

1.     Каф, Ха, Йа, `Айн, Сод[1].
2.     (Бул) Эгесинин өз пендеси Закарийага ырайымы (жөнүндө) эскерме.
3.     Ал Эгесине купуйа үн менен жалбарган эле:
4.     “Эгем! Менин сөөктөрүм бошоду, чачтарым агарды. Бирок менин Сага кылган тилектерим кабыл болбой калчу эмес эле.
5.     Мен өзүмдөн кийинки жакындарымдан[2] коркомун. Менин жубайым төрөбөс. Антсе да, мага өз тарабыңдан бир перзент бере көр!
6.     Ал мага жана Йакуп урпактарына да мураскор болсун. Эгем, аны Өз ыраазылыгыңа бөлө.”
7.     Эй Закарийа! Биз сени уулдуу боло тургандыгың жөнүндө сүйүнчүлөйбүз, анын аты Йахйа болот, мындай ат менен мурун эч кимди атаган эмеспиз.
8.     Ал[3]: “Эгем! Менин айалым төрөбөсө, а мен өзүм карып калсам, кантип балалуу боломун?” - деди.
9.     Ошондо Ал[4]: “Бул ушундай. Эгең үчүн бул өтө эле жеңил. Анткени, сен эч нерсе эмес экениңде сени жараткам”, – деди.
10.      (Закарийа): “Эгем! Мага бир белги бер”, – деди. Ал: “Себепсиз үч түн бойу эл менен сүйлөшө албай каласың, (ошол) сенин белгиң”, – деди.
11.      Ошондо (Закарийа) михрабдан[5] (өз) коомуна чыгып, эртели-кеч (Алланы) аруулоого чакырды.
12.      “Эй Йахйа! Китепти бекем карман” деп жаш кезинен ага акылмандык берген элек.
13.      Жана ага Өз алдыбыздан мээримдүүлүк, тазалык бердик. Өзү да такыба эле.
14.      Ата-энесине да жакшылык кылуучу эле. Зордукчул, күнөөкөр эмес эле.
15.      Андыктан туулган, өлгөн жана кайрадан тириле турган күнү ага тынчтык болсун.      
16.      Китептеги[6] Марйам тууралуу билдир. Ал өз жакындарынан алыстап, чыгыш тараптагы бир жайга барды.
17.      Ал алардан[7] парда менен жашырынды.  Биз ага Рухубузду[8] жөнөттүк. Ал анын алдына киши келбетинде келди.
18.      (Марйам): “Эгер сен такыба болсоң да, мен сенден да Мээримдүүдөн коргоо издейм,” - деди.
19.      Ал: “Акыйкатта, мен сага таза уул берүүгө жиберилген Эгеңдин элчисимин”, – деди.
20.      (Анда Марйам): “Мага бир да эркек жакындабаса, ары мен айагы суйук да болбосом, кантип мага бала бүтсүн”, – деди.
21.      (Жебрейил а.с.): “Ал ошондой”. Анткени Эгең: “Бул Мага оңой. Ал – Бизден адамдарга бир белги жана ырайым. Бул чечилген иш”, – деди.
22.      Марйам ал балага кош бойлуу болуп, аны менен алысыраак бир жерге кетти.
23.      Ошондо анын толгоосу келип, курма дарагынын түбүнө барды да: “Аттиң-ай! Мен мындан мурун өлүп, таптакыр эле унутулуп калсам кана”, – деди.
24.      Ошондо төмөндөн үн угулду: “Кайгырбагын. Эгең сенин алдыңдан арык (суу)[9] чыгарып берет
25.      Курманын бутагын өзүңө карай силк. Сага жаңы курма түшөт.”
26.      Жеп, ичип – көңүлүңдү көтөр. Эгерде бир кишини көрсөң: “Акыйкатта, мен Мээримдүүгө[10] орозо кармоого сөз бергем жана бүгүн эч ким менен сүйлөшпөймүн”, – дегин.
27.      Ал аны[11] колуна көтөрүп алып элине келди. Алар: “Эй, Марйам! Сен өтө чоң иш[12] алып келдиң.
28.      Эй, Харундун карындашы! Сенин атаң жаман киши эмес эле, апаң бузуку эмес болучу!” – дешти.
29.      Ал аны (бөбөктү) көргөздү[13]. Алар: “Биз бешиктеги бөбөк менен кантип сүйлөшмөк элек”, – дешти.
30.      Ал (бала)[14]: “Акыйкатта, мен Алланын пендесимин. Ал мага китеп берди жана мени пайгамбар кылды,
31.      Ал мага кут даарытты, мен кайда гана болбойун тирүү турганымда мага намаз окууга, зекет берүүгө тапшырма берди.
32.      Ал мени (мүнөзү) кекирейген, күнөөкөр да эмес жана энеме ыйбаалуу кылды.
33.      Андыктан, төрөлгөн, өлгөн[15] жана кайрадан тириле турган күнү мага тынчтык болот” – деди.     
34.      Марйам уулу Иса мына ушундай. Бул акыйкат сөз. Алар буга шектенишет.
35.      Алла Өзүнө уул күтүүгө ылайык эмес. Ал (андан) аруу. Ал бир нерсени жасоону каалаганда ага: “Бол!” – деп айтары менен, ал болот да калат.
36.      Акыйкатта Алла менин Эгем жана силердин да Эгеңер. Ага сыйынгыла. Туура жол мына ушул гана.
37.      Алар[16] өз ара пикирлери келишпей бөлүнүшөт. Каапырларга Улуу Күн келгенде азап болсун.
38.      Алар алдыбызга келген күнү: алардын угуулары жана көрүүлөрү кандай улуу![17] Бүгүнкү заалымдар анык адашууда.    
39.      Ошондуктан, азыр кайдыгер болуп, ишенбегендерге бардыгы чечиле турган, катуу өкүнүч боло турган Күн тууралуу айтып эскерт.
40.      Чынында, жер менен анын үстүндөгүлөрдүн баарын Биз мурастайбыз жана алар Бизге гана кайтарылат.
41.      Китептеги Ибрахим тууралуу эскерт. Ал такыба-чынчыл пайгамбар эле.
42.      Ал атасына айтты: “Атаке! Сен эмнеликтен көрбөй, укпай жана эч кандай пайда келтире албагандарга сыйынып жатасың?”
43.      “Атаке! Мага сага келбеген илим келди. Мен сени туура жолго алып чыгуум үчүн мени ээрчи.”
44.      “Атаке! Шайтанга мойун сунба. Акыйкатта, шайтан Мээримдүүгө күнөөкөр болгон.”
45.      “Атаке! Акыйкатта, мен сага Мээримдүүдөн жаза келеринен жана сен шайтандын досу болуп каласыңбы деп коркомун.”
46.      Ал (атасы): “Эй Ибрахим! Сен менин кудайларымды айыптап жатасыңбы?  Эгер сен мунуңду токтотпосоң мен сени ташбараң кыламын. Узак убакыт менден оолак болгун”, – деди.
47.      Ал: “Сага тынчтык болсун. Мен сага Эгемден кечирим сурайм. Анткени, Ал мага жакшылык кылуучу,
48.      мен Алладан башка сен сыйынып жаткандардан алыстаймын жана өзүмдүн Эгеме сыйынамын. Менин кылган дубаларымды Эгем кабыл кылбай койот деп ойлобоймун”, – деди.
49.      Ал алардан[18], Алланын ордуна алар сыйынып жаткандардан алыс кеткенде, Биз ага Исхакты, Йакупту берип, баарын пайгамбар кылдык.
50.      Биз алардын баарына өз мээримдүүлүгүбүздү жана бийик чынчыл тилди[19] тартууладык.
51.      Китептеги Мусаны эскер. Акыйкатта, ал тандалган пайгамбар жана элчи эле.
52.      Биз аны Турдун[20] оң тарабынан чакырдык жана шыбырап сүйлөшүү үчүн жакындаттык.
53.      Биз ага ырайым кылып, бир тууганы Харунду пайгамбар кылып бердик.
54.      Китептеги Ысмайылды эскер. Ал ар дайым өз убадаларын аткарган, пайгамбар, ары элчи болгон.
55.      Ал өз элине намаз окууну, зекет берүүнү буйруган жана Эгесинин мээримине татыган.
56.      Китептеги Ыдрысты[21] эскер. Акыйкатта, ал чынчыл такыба элчи болгон.
57.      Биз аны жогору жайга көтөрдүк.
58.      Бул пайгамбарлар, Алла өз мээримдүүлүгүн көргөзгөн Адамдын жана Нух менен бирге (кемеде) ташыгандарыбыздын урпактарынан, Ибрахим менен Исраилдин урпагынан туура жол көрсөтүп, тандаган кишилерибизден. Аларга Мээримдүүнүн айаттары окулган кезде алар эт-бетинен кетип ыйлаган абалда  сежде кылышат[22].
59.      Бирок алардын артынан намаздарын таштаган жана өздөрүнүн кумарданууларына ээрчиген урпактар келди. Ошондуктан алар жамандыкка кабылышат,[23]
60.      алардын тообо кылгандары, ыйман келтиргендери, жакшылык иштерди кылгандарынан башкалары. А алар (жакшылар)  Бейишке киришет жана аларга эч кандай адилетсиздик кылынбайт.    
61.      (Алар) Мээримдүү, өз пенделерине көрсөтпөй туруп убада кылган, Адн[24] бейишинде (болушат). Акыйкатта, Ал убадасын сөзсүз орундоочу.
62.      Алар анда тынчтыктан[25] башка маанисиз сөздөрдү угушпайт, аларга эртели-кеч ырыскылар берилип турат.
63.      Бул бейишти Биз пенделерибиздин ичинен такыбаларына ыйгарабыз.
64.      Биз Эгеңдин буйругу бойунча гана түшүп турабыз. Ага биздин алдыбыздагы да, артыбыздагы да жана анын да, мунун да арасындагы бүт бардыгы таандык. Эгең эч нерсени унутпайт.
65.      (Ал) асмандар менен жердин жана алардын арасындагылардын Эгеси. Андыктан Ага гана сыйын, Ага ибадат[26] кылууда сабырдуу бол. Ал сыйактуу аталыш бар экенин билесиңби?![27]
66.      Инсан: “Мен өлгөндөн соң кайра жакында тирилемби?” – деп сурайт.
67.      Инсан Биз аны мурун жаратканыбызды эстебейби? Ал такыр жок эмес беле?!
68.      Эгеңдин атына ант!  Биз аларды жана шайтандарды сөзсүз чогултабыз. Биз аларды тозоктун айланасына чөгөлөтүп[28] алып келебиз.
69.      Ошондо Биз ар бир топтон Мээримдүүгө көбүрөөк каршы болгондорун (өзгөчө) терип алабыз.
70.      Анткени, Биз гана ага[29] кирүүгө ким көбүрөөк ылайык экендигин жакшы билебиз.
71.      Силердин ичиңерден эч ким анын[30] алдында болбой кала албайт. Бул Эгеңдин (шексиз болуучу) милдеттүү өкүмү.
72.      Андан соң такыбаларды куткарабыз, а заалымдарды анда чөгөлөтүп калтырабыз.
73.      Аларга айаттарыбыз ачык-айкын окулган кезде, каапырлар момундарга: “Эки топтун кайсынысы орду (бойунча) жакшы жана тобу жагынан көркөм?” – дешет.
74.      Булардан мурдагы муундардан далайын жок кылдык. Алар байлык жана көрүнүштөрү жагынан булардан артык эле. 
75.      “Ким адашуунун жолунда болсо, аны Мээримдүү[31] аларга убада кылынган нерсе же жазалоочу саат келмейин анда (адашуусунда) мөөнөтүн узартып койот. Ошондо алар кимдердин абалы жаман экендигин жана кимдердин жардамчылары алсыз экенин билишет”, – дегин.
76.      Алла кутулуу үчүн Ага умтулгандарга тууралыгын көбөйтөт. Калган жакшылыктар Эгеңдин алдында сооп жагынан да,  кайтуу жагынан[32] да эң мыкты.
77.      Биздин айаттарыбызга ишенбеген каапырдын: “Албетте, мага байлык менен балдар берилет”, - дегенин көрдүңбү?
78.      Ал эмне кайыпты билип, же Мээримдүүдөн убада алдыбы?
79.      Жок! Биз анын айткандарын сөзсүз жазып койобуз жана анын азабын күчөтөбүз.
80.      Ал айткандардын баарын Биз мураска алабыз. Ал Бизге жалгыз өзү келет.[33]
81.      Алар өздөрүнө Алладан башка кудайларды күч-кубат үчүн алышты.[34]
82.      Ооба! Алар[35] өздөрүнө тигилердин табынгандары тууралуу эч нерсе билишпейт, (кайра) тигилердин душмандарына[36] айланат.
83.      Сен чын эле Биз каапырларды күнөөгө тукуруу үчүн аларга шайтандарды жөнөткөнүбүздү көрбөдүңбү?
84.      Андыктан, алардын жазасын күчөтүүгө шашылба. Алардын эсебин өзүбүз гана алабыз.
85.      Ал Күндө Биз такыбаларды Мээримдүүнүн алдына расмий өкүл кылып алып келебиз.
86.      Күнөөкөрлөрдү тозокко жан талаштыра айдайбыз!
87.      Мээримдүүдөн келишим[37] алгандан башка эч кими колдоого ээ боло алышпайт.
88.      Алар: “Мээримдүү өзүнө уул алды”, – дешкен.
89.      Акыйкатта, өтө ыплас нерсени айттыңар!
90.      Андан[38] асман жана жер жарылып, тоолор быркырап кетүүгө жакын калат,
91.      алар Рахманга[39] бала ыроологондо[40].
92.      Мээримдүү Өзүнө бала алуусу[41] ылайык эмес!
93.      Асмандар менен жердегилерден ар бири Мээримдүүгө пенде абалда гана келет.
94.      Ал алардын баарысын эсептеп, санын алып койгон.[42]
95.      Кыйамат күнү баары жалгыз өздөрү[43] гана келишет.
96.      Акыйкатта, ыймандууларга жана сооптуу иш кылгандарга Мээримдүү жакшы көрүү сезимин тартуулайт.[44]
97.      Ушинтип, такыбаларга кубанычты кабарлооң жана катуу талашып жаткандарга эскертүүң үчүн Биз аны[45] сенин тилиңе жеңил кылдык.
98.      Биз алардан мурун канчалаган муундарды ойрон кылдык! Сен алардан бирөөн да таппайсың, же алардын дабышын да уга албайсың!



[1] Маанилери бир Аллага маалым.
[2] Мураскор боло албайт деп.
[3] Закарийа.
[4] Алла Таала.
[5] Мечиттен.
[6] Курандагы.
[7] Адамдардан, жакындарынан.
[8] Жебрейилди.
[9] Булак, мурун кургап калган эле.
[10] Аллага.
[11] Жаңы төрөлгөн баланы.
[12] Атасыз бала
[13] Муну менен сүйлөшкүлө дегендей ишаарат кылып.
[14] Иса (а.с.).
[15] Иса крестке кадалып өлтүрүлгөн эмес. Исанын шакирти болгон Варнаванын жазган Инжили бойунча крестке кадалып өлтүрүлгөн чыккынчы Иуда болгон. Ал Алланын амири менен кадимки эле Исанын дал өзүнө опокшош болуп кубултулган. Иса периштелер тарабынан алынып кеткен.
[16] Иудейлер жана христиандар.
[17] Алар коркунучтуу улуу нерселерди көрүп – угушат.
[18] /йүнөн жана элинен.
[19] Чын сүйлөөнү.
[20] Тоонун аты.
[21] Ыдрыс (а.с.) Нух (а.с.)дын үчүнчү атасы (Тафсир Аль-Жалалайн). Шис (а.с.) Нух (а.с.)дын бешинчи атасы. Ыдрыс (а.с.) өзүнүн аты “Ахнух” – болгон. А Ыдрыс деп аталып калуусу – билимге болгон умтулуусу жогору болгон. Жер бетиндеги алгачкы калем менен жазууну баштаган адам. Математика жана астрономия илимдерине да көз чаптырган. “Ыдрыс” сөзү өзү “дарс – сабак” деген араб сөзүнөн алынган. (Тафсир Аль-Байзавий). 
[22] Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.
[23] Тозоктун бир өрөөнүнө түшүшөт. (Тафсир Аль Жалалайн).
[24] Түбөлүк жаштыктын, ырахат-жыргалдардын бейиши.
[25] Саламдашуу жана жакшы сөздөрдөн башканы.
[26] Табынуу.
[27] Жок, билбейсиң. Андан башка Кудай жок.
[28] Тизелетип, мойнун төмөн ийдирип
[29] Тозокко.
[30] Тозоктун.
[31] Алла.
[32] Кылган сооп иштери текке кетпей акыбети кайтат. Ал эми каапырлар андай болбойт.
[33] Байлыгына, мансабына, балдарына ээ чыга албайт.
[34] Алланын алдында бизди колдойт деп ойлоп.
[35] Буддар – сөлөкөттөр
[36] Буддар - сөлөкөттөр тигилерге каршы сөздөрдү сүйлөшөт.
[37] “Лаа илааха иллаллооху Мухаммад расуулуллаахи” – деп, күбөлүк берүү.
[38] Алланын баласы бар деген сөздүн кесепетинен.
[39] Мээримдүү Алла.
[40] Алар Иса Кудайдын уулу дешет.
[41] Балага, же аялга муктаж эмес.
[42] Демек эч нерсе илиминен сыртта эмес.
[43] Коколой гана башы, жылаңач абалда, мал-дүйнө, бийликсиз.
[44] Бири-бирине болгон жакшы көрүү күчөп, натыйжада Алланын сүймөнчүлүгүнө ээ болушат.
[45] Куранды.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder