25.02.2014

18 KEHF SÛRESİ

       18 –с\ръ «КАХФ[1]»
          Меккеде т\шкън. Ж\з он айаттан турат.
   Мээримд\\, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.         Ъз пендесине[2] Китепти[3] т\ш\ргън жана аны[4] эч бир кемчиликсиз кылган Аллага мактоо!
2.         Катуу азапты эскерт\\ жана жакшы амалдарды[5] жасаган момундарга жакшы сыйлык бар экенин с\й\нч\лъъ \ч\н Анын[6] алдынан т\з абалда (т\шкън). 
3.         Алар[7] Бейиште т\бъл\к турушат.
4.         Ошондой эле, «Алланын баласы бар[8]», – дегендерге[9] да эскерт\\ \ч\н т\ш\р\лд\.
5.             Алардын  ъздър\ндъ да, ата-бабаларында[10] да маалымат жок. (Алардын) оозунан чыккан съз абдан чоё (к\нъъ). Чындыгында, алар[11] жалганды гана с\йлъшът.
6.             [12]Эми алар бул Куранга ишенбесе, аларга абдан кейип, ъз\ёд\ жок кылып жибергиё келет.
7.             Биз адам баласынын кимиси жакшы амалдарды жасаарын сыноо максатында жер \ст\ндъг\ нерселерди – жердин кърк\ кылып койдук.
8.             Албетте, Биз жер бетиндеги бардык нерселерди ън\мс\з[13] топуракка айландырабыз.
9.             [14]/ёк\рдъг\лър менен (аттары) жазылган тактайды таё калаарлык белгилерден[15] деп ойлодуёбу[16]?
10.        Ошол учурда жигиттер \ёк\ргъ бекиништи да: «Оо, Эгебиз! Бизге Ъз алдыёдан ырайым ырооло! Биз \ч\н бул ишибизде[17] туура жол кърсът!» – дешти.
11.        Ошондо алардын кулактарын узак жылдар бойу парда менен тосуп койдук[18]
12.        Кийин, эки тараптын[19] кайсынысы алардын жаткан мезгилин (так) эсептегендигин аныктоо \ч\н аларды ойготтук.
13.        Биз сага[20] алардын кабарын чындык т\р\ндъ байан кылабыз. Алар Эгелерине[21] чыныгы ишенген жигиттер болчу, ошентсе да алардын такыбалыктарын арттырып койдук.
14.        Алардын ж\ръктър\н бекемдедик. Ошол убакытта алар тике туруп: «Биздин Эгебиз – асмандар менен жердин да Эгеси! Андан башка кудайга эч качан жалбарбайбыз. Андай кылсак, анда биз чектен абдан ашкан болобуз.
15.         Мына, элибиз Алладан башканы кудай тутунуп алышты. Бирок алар  ага[22] байланыштуу даана далил да келтире алышкан жок.  Аллага жалган жалаа жапкан[23] адамдан да ашкан заалым барбы?!», – дешти.
16.        (Алар ъз ара): «Адашкан элден да, алардын Алладан башка сыйынгандарынан да ж\з буруп, \ёк\ргъ бекингиле! Алла  ырайымын чачсын. Ошентип, биздин ишибизге оёойлук буйрусун, – дешти.
17.        [24]К\н чыккан мезгилде  [25]\ёк\рлър\н\н оё жагынан эёкейип[26], к\н батып баратып аларды сол жакта калтырганын[27] кърмъкс\ё. Алар \ёк\рд\н кенен жеринде (уктап жатышты). Бул – Алланын белгилеринен. Алла кимди т\зъсъ, ошол – Туура Жолдо. Ал кимди адаштырса, анда ага эч бир жардамчы да, туура жолго баштоочу да таба албайсыё.
18.        Аларды[28] ойгоо жатышат деп ойлойсуё. Чындыгында алар уктап жатышкан эле. Аларды оёго, солго оодарып турдук[29]. Ити эки бутун жазданган бойунча босогодо (жатты).  Эгер аларды[30]  къргън болсоё, алардан[31] ичиёе коркунуч толуп, бурулуп качмаксыё.
19.        Ошентип, алар бири-биринен сурашсын деп ойготтук. Алардын бири: «Канча убакыт[32] жаттык?!» – деп сурады. (Экинчиси): «Бир к\н же жарым эле к\н (уктап калыппыз)» – дешти. (/ч\нч\с\): «Канча убакыт жатканыёарды Эгебиз[33]   мыкты билет. Мына бул акчалар менен биръъб\зд\ шаарга жиберели. Тамактардын кайсынысы адал болсо ошонусун (сатып) алып, кайра келсин. Бирок этийат болуп эч кимге сездирбесин», – дешти[34].
20.        «Анткени, эгер шаар калкы силер тууралуу  билип калса, таш бараёга алышат, же болбосо ъз диндерине кайтарышат. Андай болсо[35] эч качан кутула албайсыёар» – дешти.
21.        Ошентип, Алла Ъз убадасынын чындыгын, Кыйаматтын шексиздигин адамдарга туйунтуу \ч\н аларга (элге) маалым кылды[36].  Ошол кезде алар[37] – тигилер[38] жън\ндъ талашып жатышты.  Кээ биръълър\: «Алардын \ст\нъ \й  салуу керек[39]», – деди. Алардын[40] жетекчилери болсо: «Ырасында, булардын \ст\нъ мечит куруп алалы» – дешти.
22.        (Айрымдар): «Алар \чъъ, търт\нч\с\ ити болчу», – дешсе, кээ биръълър: «Алар бешъъ, алтынчысы ити болчу», – дешти. Ал эми башкалары: «Алар жетъъ, сегизинчиси ити», ­ – деди. [41]«Алардын санын Эгем жакшы билет. Адамдардын ътъ азы гана[42] билет», – дегин. Ошол \ч\н алар жън\ндъ ътъ тереё талашып, алар тууралу эч биръъдън маалымат сураба.
23.        [43]Эч нерсени: «Ушуну эртеё жасаймын!» – деп айтпа.
24.        «Алла кааласа (жасаймын)» – дегин. Эгер[44] унутуп калсаё,  Эгеёди эстээриё менен: «Эгем мени мындан да тууралыкка жакырыраак жолго салууёдан \м\ткърм\н», – деп айткын[45].
25.         Алар[46] \ёк\рдъ \ч ж\з жыл жатышты. Дагы тогуз жыл кошулду[47]
26.        [48]«Алардын канча жатканын Алла жакшы билет. Асмандар менен жердеги  кайып-сырларды бил\\ Ага гана таандык. Ал – Кър\\ч\, Кабардар! Аларга Алладан башка бир да къмъкч\ жок. Ал ъз ък\м\нъ эч кимди шерик кылбайт», – деп айткын.
27.        Эгеёдин Китебинен сага т\ш\р\лгъндърд\ окуп бергин. Анын[49] Създър\н алмаштыруучу жок[50][51]Андан башка баш калкалаар жай да таба албайсыёар.
28.        [52] Эгеёерге таёда жана кечинде, Анын ыраазылыгын эёсеп жалбаргандар менен чогуу ъз\ё да сабыр кыл. Бул д\йнъ тиричилигинин жыргалын каалап, къздър\ёд\ (мусулмандардан) башкага[53] бурба. Анткени Биз ж\ръктър\н Бизди эстъъдън капарсыз кылып койгон жана ъз кумарданууларын гана ээрчиген, иши чектен ашкан адамдарга баш ийбе.
29.        “Бул Акыйкат (Куран) – Эгеёерден (т\шкън)!” – деп айткын. Ошондон кийин ким кааласа (Аллага) ишенсин, ким кааласа каапыр болсун. Чындыгында, Биз заалымдар \ч\н дубалдары курчап ала турган Тозок отун дайардап койгонбуз. Эгер алар суу сурап жалбарса, майдын калдыгы сыйактуу, беттерди куйкалап кет\\ч\  суу берилет. Ал кандай гана жаман суусундук жана ал жер – кандай гана жаман жер!
30.        Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандардын жана сооптуу амалдарды кылгандардын мээнетин текке кетирбейбиз.
31.         Мына ошолор \ч\н алдынан дарыйалар агып турган Адн (аттуу)  Бейиш бар. Алар анда алтындан жасалган билериктер менен жасанышат. Алар калыё жана жука  жашыл жибектен кийимдерди кийишет да, мамыктарга с\йън\п олтурушат. Бул – кандай улуу сыйлык жана кандай сонун жай!
32.        [54]Аларга эки адамдын мисалын байан кылып бер: “Биръъс\нъ ж\з\мдърдън эки бак жасадык. Ал эки бактын аралыгын курма дарактары менен курчап (койдук). Ошол эки бактын аралыгын  эгинзар кылдык.
33.        Эки бак теё жемиштерин берди. Андан эч нерсе кемитилген жок. Ортолорунан булак агызып койдук.
34.         Анын (эки бактан т\шкън) мъмълър\ бар эле.  Ошондо ал жолдошу менен с\йлъш\п жатып (мактанды): “Мен сага караганда мал-м\лк жагынан молчулукта, баш (бала-чака)  жагынан да \стъмд\\л\к кылам”[55].
35.         Ал (каапыр) ошентип, ъз\нъ зулумдук кылган тейде бакчасына кирди да: “Мунумдун жок болуп кет\\с\ ойума да келбейт[56].
36.        Анын \ст\нъ Кыйаматтын болорун да ойлобоймун[57],  Эгер чындап эле Жаратканга  кайта турган болсом, мындан да жакшы жерди (ал жактан да) съзс\з табам”, – деди.
37.        Жолдошу ага жооп берип: “Сени (оболу) топурактан, андан кийин бир тамчы суудан жаратып, анан келбет берип адам кылган Аллага каапырлык кыласыёбы?
38.        Менин Эгем – Алла.  Эгеме эч кимди шерик кылбаймын!”, – деди.
39.        Ъз багыёа кирген убагыёда эмне \ч\н: “Эгер азыр мени мал-м\лк жана бала жагынан ъз\ёдън кем кърсъё да, бул – Алланын каалоосу.  Алладан башка эч бир кубат жок!
40.        Эгемдин мага сенин багыёдан жакшыраагын бериши, сеникинин \ст\нъ къктън апаат (чагылган) жиберип, тептегиз какыр топуракка айлантышы м\мк\н.
41.        Болбосо багыёдын суусу тартылып, аны эч качан издеп таба албай каласыё”, – деп айтканыё жок?
42.        Анан анын жемиштери жок болуп[58], чатыры бузулуп, бош калган багына сарптаган нерселерине[59] ък\н\п, ал эки алаканын укалай баштады да: “Аттиё! Эгеме эч кимди шерик кошпосом болмок экен”, – деди.
43.        Ага Алладан башка жардам берээр бир да тайпа жок. Ал тургай ъз\нъ (ъз\) да жардам бере албайт.
44.         Анткени чыныгы жардам – Аллага гана таандык!  Ал – сыйлык бер\\н\н мыктысы жана натыйжа чыгаруу жагынан да эё жакшысы.
45.        [60]Аларга бул д\йнъ тиричилигинен бир мисал келтир:  Бул д\йнъ тиричилиги – Биз асмандан жаадырган жамгыр сыйактуу. (Жамгыр жааса) жердин ъс\мд\ктър\ бири-бирине оролушуп, кулпуруп, анан кургак  \й\нд\гъ айланып, андан соё шамал учуруп кеткен ъёд\\... (эле бир кър\н\ш). Чындыгында, Алла бардык нерсеге Кудуретт\\!
46.         Мал-м\лк менен бала-чакалар – д\йнъ тиричилигинин (гана) кърк\. Ал эми т\бъл\к кала турган жакшылыктар болсо – Эгеёдин алдында. Жакшы иштер – сыйлык жагынан да, \м\т жагынан да мыкты.
47.        Кыйамат К\н\ тоолорду козгойбуз да, жердин тептегиз болгонун къръс\ё.  Алардын[61] баарын, эч кимисин калтырбай жыйнайбыз. 
48.        Алар Эгесинин алдына катар-катар болуп алып келинет. Аларга: “Оболу кандай жараткан болсок, ошол кейипте (жылаёач) келдиёер. Силерге убадаланган мъънът берилбейт[62] деп ойлогонсуёар” (– деп айтылат).
49.        (Ар бир адамга) амал дептери койулат. Ошондо каапырлардын  андан коркконун къръс\ё. Алар: “О, азаптуу к\н! Бизге кандай ък\н\ч (камдалган). Мына (амал) китепте кичинени да, чоёду да калтырбай тизмелептир!” – дешет. Ошондо алар  (ъздър\) жасагандарды ъз алдынан табышат[63]. Бирок Эгеё эч кимге адилетсиздик кылбайт[64].
50.        [65]Ошол убакта[66] периштелерге: “ Адамга сежде кылгыла!” – деген элек.  Иблистен[67] башка бардык периштелер сежде кылышты. Жалындан жаратылган ал Эгесинин буйругунан (аткаруудан) баш тартты. Эми Менден башка[68] аны[69] жана анын урпактарын дос тутасыёарбы?![70] Алар[71] – силерге душман!  [72]Заалымдар \ч\н кандай жаман ъзгър\ш!
51.        Мен асмандар менен жерди жаратканда жана алардын (шайтандардын) ъздър\н жараткан кезде – аларга муктаждыктан жараткан эмесмин. Азгыруучуларды[73] къмъкч\ да кылган эмесмин[74].
52.        Кыйамат К\н\ – Алла (каапырларга): “Ъз\ёърд\н Мага шерик деп ойлогонуёарды чакыргыла!”, – деп буйурат. Ошондо аларды[75] чакырышат. Бирок алар (сълъкъттър) аларга жооп беришпейт[76]. Ошондуктан алардын ортолоруна бир азап ъръън\н жасайбыз.
53.        К\нъъкърлър Тозоктун отун кър\п, ошондо ага ъздър\ т\шъ турганын билишет. Бирок андан бурулар[77] жер таба алышпайт!
54.        Чындыгында, ушул Куранда адам баласы \ч\н бардык нерсени ачык-айрым байандадык. Бирок адам баласы къп нерселерде жаёжалчыл[78].
55.        Адам баласына туура (с\йлъгън) жетекчи[79] келсе, алардын ыйман келтир\\лър\нъ, Эгелеринен кечирим суроолоруна кедерги болгон нерсе бул  –  мурункуларга келген апааттардын ъздър\нъ да жетишин[80] же кър\нъъ азаптын ъздър\н\н дал алдына келишин[81] каалагандыктары болгон.
56.        Чындыгында, элчилерди[82]  [83]кубандыруучу жана [84]эскерт\\чу кылып жибердик.  (Бирок), каапырлар (тамыры) бош, жараксыз нерселер[85] аркылуу чындыкты[86] жокко чыгарууга аракет кылышат. Ошондуктан Менин айаттарымды жана эскерткен нерселеримди келеке кылышат.
57.        Эгеёердин айаттары аркылуу \г\ттъл\п, андан ж\з \йр\гън жана мурунку ъз колу менен жасагандарын унуткан кишиден да заалымыраак ким бар? Чындыгында, алардын ж\ръктър\нъ аны т\ш\нбъй турган тосмону жана кулактарына кереёдикти пайда кылдык.  Аларды тууралыкка чакырсаё да эч качан (ал) жолго келишпейт.
58.        Эгеё – Кечиримд\\, Ырайымдуу. Эгер аларды ъз кылыктарынан улам азапка сала турган болсо,  албетте, аларга азапты тездетмек. Алар \ч\н белгил\\ бир мъънът бар. Ошондо алар Алладан башка баш калкалар жай таппай калышат.
59.        Алар зулумдук кылган кезде ошол[87] шаарларды (дароо) жок кылмак. (Бирок) алардын жок кылынышы \ч\н да бир мъънът белгиледик.
60.        [88]Ошол убакытта Муса жардамчысына: “Эки деёиздин кошулган жерине жетмейинче  канчалаган узак жылдар ътсъ да токтобоймун”, – деди.
61.        Экъъ[89]  эки деёиз куйган жерге жеткен кезде балыктарын унутушту. Ошондо балык  ыргып чыгып, деёизди жиреп жънъд\.
62.        Экъъ илгерилеп бараткан кезде Муса жардамчысына: “Азыгыбызды алып келчи[90], ырасында, сапарда чарчадык”, – деди.
63.        “Ташка (олтуруп) дем алган жерде балыкты унутуп калыпмын. Мага аны айтууну шайтан унуттурган экен. Ал[91] таё калыштуу т\рдъ деёизге жол алган болчу”, – деди.
64.        (Муса:) “Мына, издегенибиз ушу болчу”, – деп, экъъ (келген) издери менен  ээрчишип кайра кайтышты.
65.        Ошондо экъъ, Биз тараптан жакшылык берилип, Ъз алдыбыздан илим берилген пенделерибизден бир пендени табышты.
66.        Муса ага: “Сага \йрът\лгън дааналыктан мага да \йрът\\ё \ч\н сени ээрчисем болобу?” – деп сурады.
67.        (Ал:) “Чындыгында, сен мени менен бирге болгонго чыдай албайсыё.
68.        Ички сырын билбеген нерсеге кантип чыдай аласыё?”, – деди.
69.        (Муса:) “Алла кааласа, мени сабырдуу табарсыё[92]. Ошондуктан сага эч бир иште каршы чыкпаймын”, – деди.
70.        (Ал:) “Эгер мага кошулсаё, сага (мен ъз\м) айтып бермейинче, менден эч нерсе сураба”, – деди.
71.        Ошентип экъъ жолго чыгышты да, кемеге т\ш\п[93], аны теше баштады. Муса: “Кемедегилерди сууга чъкт\р\\ \ч\н тештиёби? Чындыгында орунсуз иш кылдыё”, – деди.
72.        (Ал:) “Мен сага мени менен бирге эч качан сабыр кыла албайсыё дебедим беле?”, – деди.
73.        (Муса:) “Унутканым себепт\\ мени жазалаба. Менин ишимди оорлотпо”, – деди.
74.        Экъъ дагы жолго чыгышып, бир уул бала  жолукту эле, (ал) аны ълт\р\п салды. (Муса:) “Адам ълт\рбъгън жазыксыз эле биръън\ ълт\рд\ёб\? Чындыгында, жаман иш кылдыё”, – деди.
75.        (Ал): «Сен мени менен бирге ж\р\\гъ эч качан чыдай албайсыё дебедим беле?» ­­­­­– деди.
76.        “Эгер мындан кийин да бир нерсе сурасам, мени такыр жолдош кылба. Чындыгында, менден сага жакшы шылтоо табылды”, – деди.
77.        Ошондо экъъ дагы жол ж\р\п, бир шаардын калкына барышып, тургундарынан тамак сурашты. Алар экъъс\н конок кылуудан баш тартышты. Анан экъъ ошол жедеги жыгыла турган дубалды кър\ш\п, аны ал тикеледи[94]. (Муса:) “Эгер кааласаё буга эмгек акы алсаё болоор эле”, – деди.
78.        (Ал) “Мына ушул – мени менен сенин айрылышыбыз. Эми сага сен сабыр кыла албаган нерселериёдин сырын айтайын”, – деди.
79.        (Ал:) “Кеме – деёизде[95] тиричилик кылган жакыр адамдардыкы болчу. Аны мен жараксыз кылгым келгенинин себеби: анын артынан ар бир (мыкты) кемени тартып алып туруучу падыша (кууп) келе жаткан.
80.        А (тигил) баланын болсо, момун ата-энеси бар эле. Ал[96] ата-энесин (ыймандан) баш тартууга, каапырлыкка зордоосунан корктук.
81.        Эгеси анын ордуна ъздър\нъ андан дагы таза, андан да мээримд\\ бала бер\\с\н кааладык.
82.        Ал эми (тамдын) дубалы болсо, ошол шаардагы эки жетим балага таандык болуп, анын астында ал экъъс\нъ тиешел\\ казына бар эле. Алардын ата-энеси жакшы киши болгондуктан Эгеё, ал экъън\н эрезеге жетип, ошол казынаны чыгарып алуусун каалады. Бул – Эгеёдин бир жакшылыгы болчу. Ошондуктан муну[97] мен ъз\м билгендей эле жасап салганым жок. Мына ушулар – сенин сабыр кыла албаган иштериёдин чечмелениши”, – деди.
83.        (Эй, Мухаммед!) Алар сенден Зулкарнайн тууралуу[98] сурашат. (Сен:) “Силерге анын жайын т\ш\нд\ръй\н”, – деп айт.
84.        Чындыгында, (Биз) Зулкарнайнды жер ж\з\ндъ к\чкъ ээ кылдык. Ага ар бир иште жеёилдик бердик.
85.        Ал да бир жолго т\шт\.[99]
86.        Акыры[100], ал к\н баткан чълкъмгъ жеткенде, аны (к\нд\) кара балчыктуу булакка баткан т\рдъ кърд\[101]. Анын алдында бир элге кез келди. (Биз:) “Эй, Зулкарнайн! Каласаё ал элди азаптаарсыё, болбосо аларга жакшылык кылаарсыё”, – дедик.
87.        (Зулкарнайн) аларга: “ Эми ким зулумдук кылса, аны жазалайбыз. Ал[102] Эгесине[103] кайтат. Эгеси (мындан да) катуу жаза берет”, – деди.
88.        Ал эми ким ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаса, ага жакшы сыйлык бар. Ошондуктан ишибизди жеёил кылууну айтабыз.
89.        Андан кийин ал дагы[104] жолго т\шт\.
90.        Акыры[105] к\н чыга турган жерге жеткенде, анын (к\нд\н) бир элдин \ст\нън чыкканын кърд\[106]. Ал элге к\нд\н алдынан парда жасабаган элек[107].
91.        Ушундай болчу. Чындыгында анын эмне иш кылганын толук билебиз.
92.        Андан кийин да бир жолго т\шт\[108].
93.        Эки тоонун ортосуна жеткен кезде, създ\ т\ш\нъ албай турган бир элге кездешти.
94.        Алар: “Эй, Зулкарнайн! Йажууж, Мажууж деген эл бул жерде бузукулук кылууда. Сага тълъм берсек, алар менен биздин ортобузга бир бъгът жасайсыёбы?” – дешти.
95.        Зулкарнайн: “Эгемдин мага бергени жетишт\\. Силер мага к\чтън къмък кылгыла да, мен силер менен алардын ортосуна бъгът жасайын”, – деди.
96.        (Анан:) “Мага темир кесиндилерин алып келгиле”, – деди. Эки тоонун эки тарабы[109] теёелген кезде: “Къър\ктъг\лъ!”, – деди. Ал кызыган маалда: “Мага ээриген жез алып келгиле, \ст\нъ куйайын”, – деди.
97.        Ошондо алар[110] ътъ да, теше да алышкан жок.
98.        (Зулкарнайн:) «Бул – Эгемдин ырайымы. Эгемдин убадасы (Кыйамат) келген кезде, аны жер менен жексен кылат. Анткени, Эгемдин убадасы – акыйкат[111]! (деди).
99.        Кыйамат К\н\ аларды бири-бирине кошулган т\рдъ жън койобуз да, сурнай чалынганда, аларды толук жыйнайбыз.
100.   Ал к\н\ Тозокту каапырларга анык кърсътъб\з.
101.   Алар (Менин) насаатымдан къздър\ пардалуу жана кулактары такыр уга албай тургандар.
102.   Каапырлар Мени эмес, (Менин) пенделеримди кудай кылып алышабы[112]? Чындыгында, Тозокту каапырларга конок \й кылып дайардап койдук.
103.   [113]«Силерге кылган ишинен улам зыйанга учуроочулар ким экенин айтып берейинби?», – дегин.
104.   Алар д\йнъдъг\ аракеттери текке кеткендер[114]. (Бирок) алар ъздър\: «Чындыгында жакшы иш кылып жатабыз»,–деп ойлошот.
105.   Мына ошолор Эгелеринин айаттарына жана Эгесине жогугууну жокко чыгаргандар. Ошондуктан алардын амалдары жок болот[115]. Кыйамат К\н\ аларга эч нерсе бербейбиз.
106.   Алар каршы чыгып, айаттарыбызды, элчилерибизди келеке кылгандыгы \ч\н жазалары – Тозок (болот).
107.   Чындыгында, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар \ч\н Фирдаус[116] бактары – конок \й болот.
108.   Алар анда т\бъл\ккъ калышат да, ал жерден которулууну такыр каалашпайт.
109.   [117]”Эгер Эгеёдин създър\н (жазуу) \ч\н деёиз сыйага айланса, ага дагы бир ошончону[118] кошсок, чындыгында, Эгеёдин съз\ т\гънгъндън мурда, деёиздер т\гънмък” – деп айт.
110.   “Чындыгында, мен деле силер сыйактуу адаммын. Мага силердин кудайыёар бир гана Кудай (Алла) экени кабардалууда. Ким Эгесине жолугууну \м\т кылса, анда ал жакшы амалдарды[119] жасап, Эгесине жасаган ибадаттарында Ага эч кимди шерик кошпосун!”, – деп айткын.




[1] Кахф - /ёк\р
[2] Мухаммед алейхи саламга
[3] Куранды
[4] Куранды
[5] Сооптуу иштерди
[6] Алланын
[7] момундар
[8] «Иса,  Узайир – Алланын балдары», - деген т\ш\н\кт\ карманган диндер да бар экенин эстеёиз
[9] Тозоктун азабынын катуу болорун
[10] Алланын баласы болгону тууралуу эч бир
[11] Каапырлар, мушриктер, мунафыктар
[12] Мухаммед (а.с.) га кайрылуу
[13] Кургак, эч нерсе ъспъгън какыраган жерге
[14] Эй, Мухаммед!
[15] кереметтерден
[16] Бул айатта ъткън бир доорлордун биринде Тасус шаарындагы Дакйанус аттуу падышанын заалымдыгынан динин сактап калуу \ч\н качкан мусулман адамдар тууралуу болууда. «Кахф» – ошолор бекинген \ёк\рд\н аты, ал эми «ракым» –  алардын аты-жън\ жазылып калган тактайдын аталышы
[17] Алланын динине чакырууда
[18] Кулактары эч нерсени укпай турган кылып катуу уктатып салдык
[19] /ёк\рдъ уктап калгандар менен сыртта, шаарда жашоо кечирип жаткан адамдар ортосунда
[20] Эй, Мухаммед!
[21] Аллага
[22] Жалган кудайларына
[23] «Алланын баласы бар, же кызы бар, Иса кудай ж.б.у.с.», - деп жалган айтып, элдин башын айландырып, Аллага жок нерселерди жармаштырып
[24] Эй, Мухаммед!
[25] Алар уктап калган
[26] /ёк\ргъ нурун чачып
[27] Нурлары \з\лбъй
[28] Эгер ошентип денелери  \ч ж\з жыл бойу чирип кетпей, тир\\ адамдай бейпил жатканын кърсъё, албетте
[29] Бир жагы такай жерде калып, денеси залал тартып калбасын деп периштелер кезек-кезеги менен Алланын буйругу менен оодарып турушту
[30] Ошол кейипте
[31] Алардын т\р\нън, с\р\нън
[32] /ёк\рдъ ъл\\-тир\\ экенибизди билбестен, катуу уктап
[33] Алла Таала
[34] Бул \чъъ каапыр падышанын куугунтугунан качышып, шаар четиндеги ээн \ёк\ргъ жеткенде, Алла Таала аларды каапырлардын кыйноосунан аман  чыгарып койуш \ч\н  кирген \ёк\рлър\ндъ \ч ж\з жылга уктатып койгон болчу. /ч ж\з жылдан кийин ойгонушуп, ушинтип с\йлъш\п жатышат. Бирок алар \ч ж\з жыл уктаганын азырынча билише элек.
[35] Колго т\ш\п, мусулман экениёерди билип каласа.
[36] Ълт\р\п, тирилт\\  – Алла \ч\н т\ккъ тургабандай оёой иш экенин
[37] шаардыктар
[38] \ёк\рдъг\лър
[39] Мушриктер алардын \ч ж\з жыл жашаган \ёк\ргъ эстелик тургузуп койолу, кийинки муундар бул \чъъс\н даёктап ж\рс\н унутпай дешти.
[40] шаардыктардын
[41] Эй, Мухаммед! Сен аларга:
[42] Кайып илимден анча-мынча
[43] Эй, Мухаммед!
[44] «Алла кааласа жасаймын», - дешти кокус  унутуп калган болсоё
[45] Пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.) иудейлер сураган суроонун жообун  «Алла каалса», - дегенди унутуп калып: «Эртеё жооп берем», - дегендиктен Алладан кел\\ч\ кабар кечигип, андан улам берил\\ч\ жооп да кечигип, анан ушул айат т\ш\р\лгън.
[46] \ёк\рдъг\ \ч жигит
[47] Демек к\н календарынын эсеби бойунча 300, ал эми ай календарынын эсеби бойунча 309 жыл
[48] Эй, Мухаммед!
[49] Алланын
[50] Анын създър\н ъз съз\ менен алмаштырууга эч кимдин акысы да, укугу да жок жана колунан да келбейт. Анткени Жаратуучу Алланын създър\н жаратылган пенде -макулук алмаштырууга чамасыз! Бирок ким кара ниети менен  алмаштырууга далалат кылса ал съзс\з Алланын жазасына кабылат! (Инжил менен Тооратта алмаштыруулар бар экенин Алла Таала Куранда кабарлайт. Ошон \ч\н ал китептер Алладан т\шкън\нъ карабастан, амал кылууга тыйуу салынган. Куранды болсо ъзгърт\\с\з Кыйаматка чейин: «Ъз\м сактаймын», - деген Аллланын убадасы бар жана Алла Ъз убадасын съзс\з, шексиз аткаруучу!).
[51] Эгер Куранды ъзгърт\п, бузсаёар, Алланын каарынан качып кутула алабйсыёар жана
[52] Эй, Мухаммед!
[53] Каапырларга жана алардын бай-бардар турмушуна
[54] Эй, Мухаммед!
[55] Бул жерде  бул убактылуу д\йнън\н дъълът\нъ мас болуп, Аллага шерик кошуп, дъъг\рс\гън, акыретти унуткан каапыр Парос менен, сабырдуу, каниет\\, ток пейил мусулман Йахуза тууралуу кеп болууда
[56] “Эч качан жоголбойт. Байлыгымды коргоп калууга менин толук к\ч\м жетет”
[57] “Кыйаматтын болоруна такыр ишенбеймин”
[58] Алла жиберген апаат келип, ж\з\м бактары толук кыйратылды...
[59] Бак \ч\н жумшалган къп суммадагы акча каражаттарына ж.б.
[60] Эй, Мухаммед!
[61] Момундардын  жана каапырлардын
[62] Жердеги жашоо сыноо \ч\н гана убактылуу бир мъънът катары берилгенин ойлоп да койбой, пайгамбарлар, момундар айтса, кулак салбай..
[63] Кылган жамандык-жакшылыктарынын баары алардын къз алдына келтирилип, дапдаана кърсът\лът.
[64] Ар ким ъз колу менен жасаган к\нъъс\нъ жараша гана жазаланат. Ашыкча жазаланбайт.
[65] Эй, Мухаммед!
[66] Адам Атаны жаёы жараткан кезде
[67] Иблис– Шайтандардын т\пк\ атасы. Биздин Адам Ата сыйактуу
[68] Шайтандарды жана жалган кудайларды (айрым элдер болсо пайгамбарларды, олуйаларды, баатырларды ж.б.у.с.  кудай дешкенге чейин жетишкен)...
[69] Шайтанды
[70] “Мен  буйуруган адал иштерди кылбай, ал (шайтан) буйурган арам иштерди кыласыёарбы?!”
[71] шайтандар
[72] Чыныгы Кудай Алла турса, шайтандар менен достошуу бул –
[73] шайтандарды
[74]  шайтандар бар болгону бир нерсе жаратууга алсыз бир макулуктар гана
[75] Жалган кудайларды, айкелдерди, буддарды ж.б.у.с.
[76] Анткени алар жансыз, ары алсыз нерселер....
[77] Качып кутулаар
[78] Билип-билбей эле талашып тартыша берет. Болбосо Кыйаматтын болору эч кандай шек жаратпаган нерсе боло туруп, ушуга жерде тир\\ ж\ргън кездерине эч ишенишкен эмес, четке кагышкан, “Кыйамат шексиз болот”, - дегендерди шылдыёдашкан...
[79] Мухаммед! (а.с.) сыйактуу
[80] Пайгамбарлар айткан чындыктын ошондой жол менен далилденишин
[81] “Ъз къз\б\з менен кърмъй\нчъ эч нерсеге ишенбейбиз” - деп сокур, дудук, д\лъй болуп алыштары – алардын кыйроого учуроосуна бирден бир себеп (Бакара с\ръс\н\н 17 –айатын караёыз).
[82] пайгамбарларды
[83] Мусулмандарды Бейиш менен
[84] Каапырларды Тозок менен
[85] Жалган маалыматар
[86] Чындыктын кадырын
[87] Алар жашаган
[88] Бул жерде Алла Тааладан  Мусага  (а.с.) эки деёиз кошулган жерге барып  Кыдыр алейхи саламды к\т\п, андан илим алуу тууралуу кърсътмъ келген кез тууралуу съз болууда.
[89] Муса (а.с.) менен анын жигити
[90] Тамактанып алалы
[91] Балык. Алар азык  катары баштыктарына балык  салып алышкан болчу.
[92] «Сабырдуулугума к\бъ болосуё», - деген мааниде
[93] Дарыйадан ъткън соё
[94] Хызыр алейхи салам ылай чалып, дубал уруп, кайра тургузушту
[95] деёизден балык кармап жеп, сатып
[96] чоёойгон кезде зъък\рл\к менен
[97] жогоруда аталган иштерди
[98] Куранда аталган Зулкарнайн менен айрым окумуштуулар атын чаташтырып келе жаткан Александр Македонскийдин эч кандай окшоштугу да, жакындыгы да жок. Куранда аталган Зулкарнайн такыба момун падыша болгон. А.Македонский болсо, жън жай жаткан элдерди басып алууну кесип кылган, башка типтеги падыша. Экъъс\н\н доорлору да дал келбейт. (Зулкарнайн: кош м\й\зд\\ дегенди туйунтат.)
[99] Ал Алланын адилетт\\л\г\н орнотуу \ч\н адилетсиз жолду тандап алган жок. Согуштарда Алланын чийген чек араларынан чыкпоонун амалын тапты.
[100] Алланын Динин жайылтып ж\р\п олтуруп
[101] Деёиз жээгинде жашаган адамга к\н деёизге баткан сыйактуу кър\нгъндъй эле, Зулкарнайнга к\н балчыктуу сазга батып бараткандай болуп кър\нд\
[102] жазаланган адам
[103] Аллага
[104] чыгышка карай бет алды да, ошол жактарда жашаган динсиз элдерге каршы
[105] ж\р\п олтуруп
[106] Ал эл жер бетин бербегендей къп болчу
[107] Алардын \йлър\ да, кийимдери да жок болчу
[108] Чыгышка карай дагы ж\р\шкъ чыкты
[109] ортосу
[110] Йажууж, Мажууждар
[111] Аткарылуусу кымындай да шек жаратпаган акыйкат.
[112] Маселен, Иса Алланын пендеси болгону менен айрым топтор аны кудай катары карашат. Будда, Конфуций, Дао ж.б.у.с. баары кудай эмес. Бар болгону Алланын пенделери
[113] Эй, Мухаммед!
[114] Анткени алар ар бир аракетти эл кърс\н да мени мактасын деген ниетте жасашчу. Алар бир дагы ишти Алла ыраазычылыгы \ч\н жасашкан эмес
[115] Текке кетет, Алла тарабынан кабыл кылынбайт
[116] Фирдаус – Бейиштин кап ортосунун, же тагыраак айтканда эё бийик жеринин аталышы
[117] Эй, Мухаммед!
[118] Дагы бир ошончолук чоёдуктагы деёизди
[119] Иштерди, аракеттерди...

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder