25.02.2014

53 NECM SÛRESİ

53- сүрө  «Нажм[1]»  
Меккеде түшүрүлгөн. Алтымыш эки айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.           Батып бараткан жылдызга[2] ант!
2.           Жолдошуңар[3] адашкан да, жолдон чыккан да жок.
3.           Ал өз көңүлүнөн[4] чыгарып айтпайт.
4.           Болгону ал[5] – түшүрүлгөн айан.
5.           Ага[6] аны күч ээси[7] үйрөттү.
6.           Ал кубаттуулук ээси; анан да турук тапты[8].
7.           ал жогорку мейкиндикте[9].
8.           Анан жакындап келип, өтө жакын  болду.
9.           Ошентип[10] жаанын өлчөмүндөй болду[11] же андан да жакыныраак (келди)
10.      Айандарды Алланын кулунун[12] көкүрөгүнө салды[13].
11.       Жүрөк[14]  көргөнүн жалган деген жок[15].
12.      Анын көргөн нерсеси тууралуу силер жаңжалдашасыңарбы?
13.      Чындыгында ал[16] аны[17] экинчи ирет көрдү.
14.      “Сидратул-Мунтаханын”[18] жанында,
15.      Анын жанында «Маьва»  аттуу Бейиш (бар).
16.      Ошол учурда даракты каптоочу[19]  каптап калды.
17.      Көз[20] алаңдаган да, чектен ашкан да жок.
18.      Чындыгында, Эгесинин улуу кереметтерин көрдү.
19.      Лат[21] менен Уззанын[22] көрдүңөрбү?
20.      Алардан башка, үчүнчүсү – Манаттычы[23].
21.      Эркек силердики болуп, ал эми ургаачы[24] Алланыкыбы?
22.      Андай болсо, мунуңар – адилетсиз бөлүштүрүү!
23.      Бул[25] – силер жана силердин ата-бабаңар эле койуп алган ысымдар. Алла алар[26] тууралуу эч бир далил[27] түшүргөн эмес! Алар[28] өз көңүлдөрү каалаган нерселерди гана ээрчишти. Чындыгында аларга Эгелеринен Туура Жол[29] келди!
24.      Же инсанга өзү каалаган нерсенин баары боло береби?
25.      Чындыгында, Акырет да, дүйнө[30] да Алланын ээлигинде!
26.      Асманда канчалаган периштелер бар! Алла каалаганына[31], ыраазы болгонуна гана уруксат бермейинче алардын колдоосу эч нерсеге жарабайт.
27.      Чындыгында, Акырет жашоосуна ишенбегендер периштелерди ургаачы ысымдары менен аташат.
28.      Бирок аларда бул тууралуу[32] илим жок. Алар өз күмөндөрүн гана ээрчишет. А күмөн болсо – Акыйкаттан эч нерсени тосо албайт[33]!
29.      Ким Бизди эстөөдөн баш тартса жана дүйнө жашоосунан башка жашоону каалабаса, сен да алардан баш тарт.
30.      Алардын илимден алчу үлүшү ушунчалык эле! Чындыгында, Эгең жолунан адашканды жана туура жолдогуну да Билүүчү.
31.      Асмандардагылар да, жердегилер да бир гана Аллага таандык. (Алла) жамандык кылгандарды (кайра өзүнүн) жамандыгы менен жазалайт, жакшылык кылгандарды жакшылыгы менен сыйлайт.
32.       Оор күнөөлөрдөн[34] жана ыпластыктардан[35] сактангандардын бир аз күнөөлөрү болсо да, аларга Эгеңдин кечирими шексиз кең. Силер топурактан (алгач ирет) жаратылган кезде жана энеңердин курсагында түйүлдүк болуп жаткан учурда эле Ал[36] силерди жакшы билген[37]. Ошондуктан өзүңөрдү өзүңөр актабагыла. Ал[38] ким такыба экенин мыкты билет.
33.      Жүз үйрүгөндү карабайсыңбы?
34.      (Ал[39]) аз гана берип, токтотту[40].
35.      Анын кайыпты көрсөтө турган[41] илими барбы?
36.      Же ага Мусанын барактарындагы нерселер тууралуу кабар жеткен эмеспи?
37.      Ошондой эле убаданы аткарган Ибрахимдин[42] дагыбы?
38.      Эч бир күнөөкөр башканын күнөөсүн көтөрбөйт.
39.      Ар бир инсанга жасаган жакшылыгы гана болот (пайдасын берет).
40.      Албетте анын эмгеги, натыйжасы жакында көрүнөт[43]!
41.      Андан кийин амалы үчүн[44] толук сый менен сыйланат.
42.      Албетте, жыйынтыктоо[45] – сенин Эгеңе гана (таандык).
43.      Чындыгында, Ал[46] – кубанып, ыйлатат.
44.      Чынында, Ал – өлтүрүп, тирилтет.
45.      Ал – эркек жана ургаачы кылып, (кош) жупту жаратты:
46.      куйулган[47] бир тамчы суйуктуктан.
47.      Экинчи жолу жаратуу да – Анын эркинде.
48.      Албетте, Ал – байытып, өнүктүрөт.
49.      Албетте, Ал – Шиьра жылдызынын[48] Эгеси.
50.      Ал – оболку Аад элин жок кылды.
51.      Самуд элин да жок кылып, (бирин да) калтырбады.
52.      Андан мурда Нухтун элин (жок кылган). Алар[49] акыйкатта заалым жана чектен чыккандар болчу.
53.      Ал – төңкөрүлгөн шаарды (да) жексен кылды.
54.      Жана аларды апаат басып калды[50].
55.      Андай болсо сен Эгеңдин жакшылыктарынын кайсынысынан шек санап жалганга чыгара аласың?!
56.      Бул[51] – мурдагылар[52] сыйактуу эле эскертүүчү[53].
57.      Кыйамат жакындады.
58.      Алладан башка эч ким аны[54] ашкере кыла албайт!
59.      Ушул Сөзгө[55]  эмнеге силер таң каласыңар?!
60.      Ыйлабастан, (эмнеге) күлөсүңөр?
61.      Силер кабарсызсыңар[56].
62.      Аллага гана сежде кылып[57], сыйынгыла!




[1] Нажм – Жылдыз
[2] Бул жерде Сириус жылдызы тууралуу айтылууда
[3] Мухаммед (а.с.) тууралуу айтылууда
[4] Ойунан
[5] Куран
[6] Мухаммед алейхи салам
[7] Жебреил (а.с.)
[8] орун алды
[9] орун алган. Адамдарга, жиндерге жана айрым периштелерге салыштырганда.
[10] экөөсүнүн ортосундагы аралык кыскарып
[11] Мухаммед (а.с.) пайгамбарга
[12] Б.а. Куран Мухаммед (а.с.)га Жабриал (а.с.) аркылуу түшүрүлгөн
[13] Эгесинин буйругу менен
[14] Мухаммед пайгамбардын (а.с.) жүрөгү туйганын шексиз чындык катары
[15] кабыл алды
[16] Мухаммед (а.с.)
[17] Жебреилди( а.с.)
[18] Нилуфар дарагынын

[20] Мухаммеддин (а.с.) периштеден коркуп
[21] Ислам келгенге чейинки караңгы (жахилийа) доорунда «кудай»  эсептелген  сөлөкөт
[22] Мекке менен Таифтин ортосундагы караңгы (жахил) курайшиттер сыйынып, ыйык санашкан дарак-сөлөкөт.
[23] Мекке менен Мединанын ортосундагы Худайда деген жерде жайгашкан «тагдыр жана өлүм кудайы»  саналган сөлөкөт
[24] кыз
[25] жогоруда аталган сөлөкөттөрдын аталыштары
[26] сөлөкөттөр
[27] айан
[28] мушриктер (б.а. Аллага шерик кошуучулар)
[29] Куран
[30] Бул жалган дүйнө да
[31] Бул жерде, кыйазы инсандар тууралуу кеп болууда
[32] периштелер тууралуу
[33] Күмөндөр дайым жалганга чыгып, кыйрап, чындык болсо бекем бойдон кала берет.Б.а. күмөн Чындыкка чындап жетүүнү каалаган адамга тоскоол эмес.
[34] Анткени майда күнөөлөр – ибадаттар жана намаздар аркылуу кечирилет
[35] айагы суйуктук сыйактуу ыплас иштерди
[36] Алла
[37] кандай адам болоруңарды
[38] Алла
[39] Валид ибн Мугийра
[40] Валид ибн Мугийра бир курайш мушриги менен өз күнөөсүн ал өз мойнуна алышы үчүн акча төлөөгө келишим түзүп, ал сумманын  жарымын гана берип, калганын бербей койот. Кеп ошол жалганчы каапыр тууралуу болууда.
[41] Аныгына жеткире турган
[42] баракчалары
[43] Акыретте ар ким бул дүйнөдө жасаган жакшылыгынын үзүрүн сөзсүз көрөт.
[44] Бул дүйнөдөгү
[45] (Чек, чектөө), же ар бир иштин үзүрүн, же жазасын берүү
[46] Алла
[47] жатынга
[48] Сириус жылдызынын
[49] Нухтун доорунда жашаган адамдар
[50] Алардын апаат артынан апаат басып, кетпес кырсыктарга туш болушту
[51] Мухаммед (а.с.)
[52] мурдакы пайгамбарлар сыйактуу
[53] адамзатка Аллах Таала, Кыйамат, дин, пайгамбарлар, ибадат, өмүр, өлүм, сурак, адилеттүүлүк, чынчылдык, такыбалык, туура жол, күнөө, сооп ж.б. тууралуу  эскертүүчү
[54] Кыйаматтын болушун
[55] Куранга
[56] Кыйаматтан
[57] Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder