25.02.2014

37 SÂFFÂT SÛRESİ

37-сүрө «Сааффат[1]»
Меккеде түшүрүлгөн, Жүз сексен эки айаттан турат.
Ырайымдуу, Мээримдүү Алланын  аты менен!
1.           Сапка тизилип турган (периштелерге) ант!
2.           Айдаган айдоочуларга (периштелерге) ант!
3.           Эскертүүнү окуп берүүчүлөргө (периштелерге) ант[2]!
4.            Акыйкатта, Кудайыңар[3] бирөө гана!
5.            Асмандар менен жердин, алардын ортосундагылардын Эгеси жана Чыгыштын да Эгеси (– Алла)!
6.           Чындыгында, бул дүйнөнүн асманын жылдыздар менен кооздоп койдук.
7.           Бардык чектен чыккан шайтандан коргодук.
8.           Алар жогорку ааламды[4] тыңшай алышпайт. Алар[5] туш-туштан[6] атылат.
9.           (Аларды[7]) кубалап туруучу үзгүлтүксүз азап бар.
10.      Эгер алардан[8] бирөө бир сөз уурдай турган болсо, аны  күйгүзүүчү жылдыз кубалайт.[9]
11.      Эми алардан сура: “Аларды жаратуу кыйынбы? Же  башка жараткандарыбыз кыйынбы? Чындыгында аларды (адам баласын) жабышкаак ылайдан жаратканбыз.
12.      (Эй, Мухаммед!) Албетте, сен бул табиатка[10] таң калдың. Алар (шайтандар) болсо[11] келекелешет.
13.      Аларга эскертүү келсе да, алар (баары бир) эстерине келишпейт.
14.       Бир керемет көрүшсө, аны шылдыңдашат.
15.      “Бул ачык сыйкырчылык”, – дешет.
16.      “Биз өлүп топуракка жана  сөөкө айланган кезде кантип тирилмек элек”.
17.      “Оболку ата-баларыбыз дагы тирилишеби?”,–дешет.
18.      (Сен аларга): “Албетте, силер кор болуп тирилесиңер!”,–дегин.
19.       Чындыгында, ал үрөй учурган добуш[12]. Ошондо алар карап калышат.
20.      “Аттиң. Ушул эсеп күнү экен да!”,–дешет.
21.      “Бул – силер жалганга чыгарган  Ажыратуу күнү[13]”.
22.      “Заалымдарды да, алардын жандоочуларын да, алардын сыйынгандарын (кудайларын) да топтогула!”
23.      “Алар Алладан башкага сыйынышкан. Ошондуктан аларды тозоктун жолуна багыттагыла!”
24.       (Бирок азырынча) аларды токтоткула. Анткени алар суралуучулар!” (– деп айтылат).
25.      Алардан: “Эмне үчүн бири-биринен сурамжылашат?”,– деп суралат.
26.      Албетте, алар бүгүн аргасыз баш ийген кейипте.
27.      Алар бири-бирине каршы суроо беришет.
28.      (алар[14] жол башчыларына): ”Силер бизге оң жактан келчү элеңер го[15]”, – дешет.
29.      Алар: “Андай эмес. Өзүңөр ыйман келтирген эмессиңер!”, – дешет.
30.      “Анткени силерге биздин бийлигибиз өтчү эмес. Албетте, өзүңөр адашкан эл болчусуңар”.
31.      “Эгебиздин бизге жиберген сөзү чындык болуп чыкты. Биз чындыгында (азап) даамын татуучуларданбыз”.
32.      “Ошондо силерди азгырганбыз. Чындыгында, өзүбүз да адашкандардан элек”.
33.      Ошентип, алар ал күндүн[16] азабына шериктеш болушат.
34.      Чындыгында, күнөөкөрлөрдү ушундай кылабыз.
35.      Акыйкатта, аларга: “Алладан башка Кудай жок”, – деп айтылса деле, текеберленишкен.
36.      Алар: “Бир жинди акын[17] үчүн өз кудайларыбызды таштайлыбы?”,–дешкен.
37.      Чындыгында, ал чындыкты алып келген жана элчилерди тастыктаган.
38.      Албетте, мына эми силер куйкалоочу азап даамын таткыла!
39.      Силер өз колуңар менен жасаган иштериңердин гана жазасын тартасыңар.
40.      Бирок, Алланын момун пенделери  башка (. Аларга жаза жок).
41.       Мына ошолор үчүн белгилүү бир ырыскылар бар.
42.      Мөмө-жемиштер да (ошолор үчүн). Алар урматка  бөлөнүшөт,
43.      жакшылык бактарында,
44.      (Алар) мамыктардын үстүндө бетме-бет олтурушат.
45.      Аларга суусундук булагынан чынылар менен тегерете сунулат.
46.       Ал ичүүчүлөр үчүн аппак жана таттуу.
47.      Анда акылдан адашуу болбойт[18], андан мас да болушпайт.
48.      Алардын кашында[19] капкара көздүү сулуулар болот.
49.      Чындыгында, алар оролгон[20] жумуртка сыйактуу[21].
50.      Алар бетме-бет олтурушуп (ал-абал) сурашат.
51.      Алардын бири: “Чындыгында, бир таанышым бар болчу.
52.      Ошол мага: “Сен чындыгында эле ишенүүчүлөрдөнсүңбү?
53.      Өлүп, топуракка жана сөөккө айлансак да жазаланабызбы?”
54.      (деп, анан) жанында тургандарга карап: “Аны[22] көргүңөр келеби?”,– деп айтчу.
55.      Ошондо өзү чыгып[23] карап, аны[24] Тозоктун ортосунан көрөт да:
56.      “Аллага ант! Мени да жок кыла жаздадың”,– дейт.
57.      “Эгер Эгемдин жакшылыгы болбогондо, албетте, мен да тозокко жөнөтүлгөндөрдөн болмокмун”.
58.      “Биз өлбөйбүзбү?”
59.      “Оболку өлүмүбүз гана (жетиштүү). Биз  (эми) азапка да дуушар болбойбуз”, – (дешип Бейиштегилер өз ара маектешет).
60.      Чындыгында Бейиш – өтө зор ийгилик!
61.      Амал кылуучулар мына ушундайча амал кылышсын.
62.      Ушул (Бейиштеги) сыйлуу орун жакшыбы? Же (Тозоктогу) Заккум[25] дарагы жакшыбы?
63.      Чындыгында, заккум дарагын заалымдар үчүн балээ кылдык.
64.      Чындыгында, ал Тозоктун түбүнөн чыккан дарак.
65.      Анын чанагы[26] шайтандардын башы сыйактуу.
66.      Албетте, алар[27] ошондон жеп курсактарын толтурушат.
67.      Анан аларга кайнап турган суудан аралашма берилет.
68.      Андан соң, кийин алардын кайтар жери, кайра эле Тозок болот[28].
69.      Ырасында, алар ата-бабаларын адашкан абалда табышкан (жана ошолорду ээрчишкен)..
70.      Ошондо алар ата-бабаларынын (адашкан) жолу менен шашылып кетишкен болчу.
71.      Алардан мурун да, алгачкы адамдардын көбү адашкандар эле.
72.      Чындыгында, аларга да эскертүүчү (пайгамбар) жиберген элек.
73.      Эскертилгендердин акыбети кандай болгонун көрүп ал![29]
74.      Бирок, Алланын ыкластуу пенделери үчүн башка (орундар камдалган).
75.      Акыйкатта, Нух Бизге жалбарды. Биз кандай жакшы жооп берүүчүбүз!
76.      Аны да, үй бүлөсүн да зор кайгыдан куткардык.
77.      Нухтун урпактарын (аман) калуучулардан кылдык.
78.      Аны[30] кийинкилерге калтырдык.
79.      Нухка бүткүл ааламдардан салам болсун!
80.      Чындыгында, Биз жакшы иштерди жасагандарды ушинтип сыйга бөлөйбүз.
81.      Анткени ал Биздин ыйман келтирген пенделерибизден болчу.
82.      Анан, калгандарын (топон) сууга чөктүрүп жибердик.
83.      Ырасында, Ибрахим да анын (Нухтун) туура жолунда (жүрдү).
84.      Анткени, Ибрахим Эгесине таза жүрөк менен келген болчу.
85.      Ошол убакта, ал[31] атасына да, элине да: “Эмнелерге сыйынып жатасыңар?”,–деди:
86.      “Алладан башка, жалган кудайларга сыйынууну каалайсыңарбы?”
87.      “Ааламдардын Эгеси тууралуу эмне ойдосуңар?” (деди).
88.      Ошондо Ибрахим жылдыздар жакка назар таштап,
89.      “Мен оорулуумун”, – деди.
90.      Эл андан бурду да, кетип калды.
91.      Ибрахим тигилердин кудайларынын[32] жанына жакын барып: “Жебейсиңерби?”, – деди:
92.      “Эмнеге сүйлөбөйсүңөр?”.
93.      Анан акмалап барып, оң колу менен урду[33].
94.      Алар[34] ага чуркап келишти.
95.      (Ибрахим): “Кол менен жасап алганыңарга сыйынасыңарбы?”,–деди:
96.      “Алла силерди да, силер жасап алгандарды[35] да жараткан”.
97.      Алар: “Ага бир курулуш кургула да, отко таштагыла!”, – дешти.
98.      Ошондо алар ага бир айлакерлик кылууну ойлошту эле, Биз аларды төмөн (шерменде) кылып койдук.
99.      Ибрахим: Эгем жакка кетемин. Ал мага жол көрсөтөт” , – деди.
100. (Ал): “Эгем! Мага бир жакшы уул бер”, – деди.
101. Аны назик бир уул менен кубанттык.
102. Уулу (Исмайил) аны менен бирге жүрүүгө жарап калган кезде: “Уулум! Сени түшүмдө мууздап жатыпмын. Ойлонуп көрчү. Буга кандай карайсың?”, – деди. Ал: “Оо, Атаке! Сага (Алладан) кандай буйрук келсе, ошону аткар. Алла кааласа, менин сабырдуулардан экенимди табасың[36]”, – деди.
103. Ошентип экөө тең  Аллага мойун сунушуп, атасы аны чекеси менен жаткызды[37].
104. Биз ага: “Эй, Ибрахим!”, – деп үн салдык.
105.             “Ырасында сен, түшүңдү чындыкка чыгардың. Албетте, Биз жакшы иштерди жасагандарды ушундай сыйлайбыз”(дедик).
106. Чындыгында, бул ачык сыноо эле.
107. Аны[38] бир чоң курмандык менен алмаштырдык[39].
108. Кийинки муундарга ал тууралуу жакшы атак калтырдык.
109.  Ибрахимге тынчтык!
110. Акыйкатта, жакшы иштерди жасагандарды ушундай кылып сыйлайбыз.
111. Анткени ал (Аллага) ыйман кетирген пенделерибизден болчу.
112. Аны (келечекте) пайгамбарлардын жакшыларынын бири (боло турган) Исхак аттуу уулу менен кубанттык[40].
113. Анын өзүнө да, Исхакка да береке бердик. Ошентип, экөөнүн урпактарынын арасында  жакшылары[41] да, өздөрүнө ачык зулумдук кылгандары[42] да бар.
114. Чындыгында, Мусага да, Харунга да жакшылык[43] бердик.
115.  Экөөнү жана алардын элин чоң кайгыдан куткардык.
116. Аларга жардам бердик эле, алар жеңүүчүлөрдөн болушту.
117. Экөөнө түшүнүктүү Китеп[44] бердик.
118. Экөөнү түз жолго багыттадык.
119. Экөө тууралуу кийинки урпактарга (жакшы даңк) калтырдык.
120. Муса менен Харунга тынчтык!
121. Чындыгында, жакшы амалдарды жасагандарды ушинтип сыйга бөлөйбүз.
122.             Анткени, экөө тең (Аллага) ыйман келтирген пенделерибизден болчу.
123. Албетте, Илйас да элчилерден[45] эле.
124. Ал ошондо өз элине: “Алладан коркпойсуңарбы?”, – деди.
125. “Мыкты Жаратуучуну таштап, “Багылга[46]”  сыйынасыңарбы?!”
126.             “Алла силердин да, мурунку өткөн ата-бабаларыңардын да Эгеси!”, – деди.
127.             Ошондо эли аны жалганчыга  чыгарды. Ырасында, алар Отко кирүүчүлөр .
128. Бирок, Алланын такыба пенделери башка.
129.  Кийинки муундарга ал тууралуу (жакшы атак) калтырдык.
130. Илйаска тынчтык!
131. Чындыгында, жакшы иштерди жасагандарды Биз ушинтип сыйга бөлөйбүз.
132. Анткени, ал (Аллага) ыйман келтирген пенделерибизден болчу.
133. Акыйкатта, Лут – элчилерден[47] болчу.
134. Ошондо[48] аны да, үй бүлөсүн да куткардык.
135. Бирок (жер астында) калгандардын ичиндеги кемпирден[49] башкаларын.
136. Анан башкаларын кыйраттык.
137. Албетте, силер таңга маал алардын (көмүлүп жаткан жеринин) жанынан өтөсүңөр.
138. Түндө да (ошол жерден өттүңөр). Ошондо да түшүнбөйсүңөрбү?!
139. Акыйкатта, Йунус  элчилерден болчу.
140. Ошондо ал толо кемеге чыгып качкан болчу[50].
141. Чүчү кулак[51] кармаганда ал жеңилүүгө учурады[52].
142.             Ошондо балык аны айыпталган абалда жутуп алды. Ал анткени (Алла тарабынан) айыпталган болчу[53].
143. Эгер ал Алланы[54] улуктагандардан болбогондо (жок кылынмак).
144.             Анда кайра тириле турган (Кыйамат) күнгө чейин балыктын ичинде калмак.
145.             Ошондо аны (балыктын ичинен) жээкке чыгарып таштадык. Ал ооруга чалдыккан эле.
146. Ал үчүн ашкабактан жалбырактуу бир дарак өстүрдүк.
147.             Аны Биз жүз миңдеген, же андан да көбүрөөк (сандуу) элге[55] жиберген болчубуз.
148.             Ошондо алар ыйман келтиришип, белгилүү бир мөөнөткө чейин (бул дүйнө жыргалчылыктарынан) пайдаландырдык[56].
149.             Эми алардан[57] сура: “Кыздар Эгеңдики, ал эми уулдар алардыкы бекен?”[58]
150.             Же периштелерди ургаачы кылып жаратканыбызга алар күбө болушуппу?
151. Алар жалганчылыктарын ушинтип айтышат.
152. “Алланын баласы бар”, – деп жалган айтышат[59].
153. Алла эмне, уулдардан кыздарды тандап алыптырбы[60]?.
154. Силерге эмне болгон? Кандай (калпыс) өкүм чыгарасыңар?!
155. Эсиңерге келбейсиңерби?!
156. Же силердин[61] ачык далилиңер барбы?
157. Чынчыл болсоңор китептериңерди[62] алып келгиле.
158.             Алар Аны менен периштелердин ортосунда туугандык пайда кылышты[63]. Чындыгында, периштелер Алланын алдына келишерин билишет[64].
159. Алла алар сыпаттаган нерселеринен (шериктеринен) аруу!
160.             Бирок, Алланын чыныгы пенделери (момундар) антип айтышпайт.
161. Албетте,[65] силер да, силер табынган нерселер да
162. Аллага каршы бузукулук кыла албайсыңар[66].
163. Бирок ким Тозокко түшө турган болсо, ал башка...
164.             (Периштелер): “Биздин арабызда орду белгиленбеген эч ким жок”,– дешет.
165. “Чындыгында эле, биз катар тизилип туруучуларданбыз!
166. Албетте, биз – Алланы аруулоочуларданбыз”, – дешет.
167. Алар[67] мындай дешчү:
168. “Эгер бизде мурункуларга берилген насаат[68] болгондо,
169. Албетте, Аллага берилген пенделерден болоор элек”.
170.             Кийин алар келген Китепке[69] дароо каршы чыгышты. Жакында (анын натыйжасын) көрүшөт!
171.  Чындыгында  элчи пенделерибизге сөзүбүз мурда эле[70] өткөн[71].
172. (Алар): “Албетте, алар[72] жардам берилгендерден”.
173.  “Чынында, жеңишке ээ боло тургандар –  биздин аскерлер”, – дешкен.
174.             (Эй, Мухаммед!) Ошондо алардан (белгилүү) бир мөөнөткө чейин[73] жүз буруп тур.
175. Аларды карап тур. Алар да жакында көрүшөт!
176. Алар эмне азабыбыздын тез келишин каалашабы?
177.             Аларга азап келгенде[74] эскертүү берилгендердин таңы кандай жаман!
178. Ошондо алардан (белгилүү) бир учурга чейин оолактап тур[75].
179. Анан да көз салып тур. Жакында алар (азапты) көрүшөт!
180.  Улуу Эгең алардын  кошкон[76] шериктеринен аруу!
181. Алланын элчилерине тынчтык!
182. Мактоо бүткүл ааламдардын Эгеси – Аллага таандык!



[1]  Сааффат – Сапка тизилүүчүлөр
[2] Мусулмандарга Алланын атынан башка нерсе менен ант берүүгө, карганууга болбойт. Бирок Алла Өзү каалаган макулугун ант катары күбөгө тартат. Алла –Улуу, Теңдешсиз, Чыныгы Өкүмдар!
[3] Алла Таала – Жалгыз, Теңи жок, Окшошу жок,
[4] Аллага гана белгилүү болгон кайып дүйнө сырларын биле алышпайт
[5] Жылдыздар  Алланын сырларын тыңшоого далалат кылган кезде
[6] Жылдыздар менен
[7] шайтандарды
[8] шайтандардан
[9] Ислам дини келгенге чейин жин-шайтандар асманга көтөрүлүп, периштелерден болочокту угуп келип, анан көзү ачыктарга кабарлашкан. Ислам дини келгенден кийин, алар асманга көтөрүлгөндө, Алланын буйругу менен жылдыз учуп келип күйгүзүп жибере турган кылып койгон.
[10] Бул табиатты, жаратылышты Алланын кандай керемет кылып кынаптап, укмуштай шайкеш келтирип,  адам акылын тумандаткан улуу айкалыш ичинде жаратканына
[11]Сен алардан Аллага жакын экендигиңе карабастан, сенин ылайдан жаратылгандыгыңа
[12] Кыйаматка адамдарды тирилтүү үчүн тартылган сурнайдын үнү
[13] Мусулман менен каапырды, Бейиш эли менен тозок элин…
[14] Шайтандын жетегинде калган
[15] “Ушул туура жол деп айтчу элеңер” – деген мааниде
[16] Кыйаматтын
[17] Каапырлар сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.)ды “Акын”, “жалганчы”, “сыйкырчы”, – деп аташкан. Бул жерде ошол үчүн алар катуу жазаланышары тууралуу сөз болууда
[18] Бул дүйнөнүн арагындай эмес
[19] Бейиште
[20] Аздектелип сакталган
[21] Таптаза жана туптунук
[22] Бейишти, Тозокту
[23] айланасын
[24] Ошол сөз болуп аткан таанышын
[25] Заккум – тозоктогуларга жемиши бериле турган  уулуу, сасык дарактын бир түрү.
[26] Жемишинин чанагы
[27] тозоктогулар
[28] Демек, бул суу Тозоктун сыртында, аны ичүү үчүн чыгарылып, анан кайра киргизилет
[29] Эскертүүчүгө кулак салбаганы үчүн аларды кыйратып, жер менен жексен кылып салдык
[30] Нух тууралуу байандарды
[31] Ибрахим
[32] Буд-сөлөкөттөрүнүн
[33] Сөлөкөттөрдү оң колундагы балта менен барчалап чаап таштады
[34] Буд-сөлөкөттөргө сыйынган мушриктер
[35] Буд-сөлөкөттөрдү
[36] Көрөсүң
[37] Пайгамбарлар тарыхын караңыз
[38] Исмайилди
[39] Ордуна кочкор түшүрдүк
[40] Уулдуу болору тууралуу кабар жибердик
[41] момундары
[42] каапырлары
[43] пайгамбарлык
[44] Тооратты
[45] пайгамбарларыбыздан
[46] Буд-сөлөкөттүн аты
[47] Алланын элчилеринен, пайгамбарларынан
[48] Жерди титиретип, Аллага ыйман келтирбеген каапырларды кыйратып
[49] Лут (а.с.)дын кемпири каапыр бачабаздар менен ынтымак мамиледе болгон жана Лут (а.с.)га сымбаттуу жигит кейпинде периштелер келген кезде, каапырларга дароо жетип барып кабарлагандыктан, каапырлар  Лут (а.с.)га келишип, меймандарды аларга салып берүүсүн талап кылышкан. Алла  Таала аларды ошол түндүн таңында таш-талканын чыгарып, жерди үрөй учура силкинтип туруп, оодарып, баарын көмүп салган.
[50] Эли анын пайгамбарлыгын чанып, келекелеп, сөзүн такыр укпай койушканда, башка элге кетүү үчүн камынып
[51] Сөздүн маанисин билүү үчүн: Кыргызча түшүндүрмө сөздүктөрдү карасаңыз болот
[52] Кеме жүктүн оорлугунан чөгө баштаганда, кеменин башчысы: “Арабызда кимдир бирөөнүн күнөөсү абдан оор экен. Ошону таап, деңизге ыргытсак, калгандарыбыз аман калабыз”, – деп, чүчү кулак кармаганда, ал Йунуска туура келип, аны кемеден деңизге ыргытып жиберет да, ал жерден аны кит жутуп алып, 40 күндөн кийин Алланын буйругу менен аны, өз элине жакын жерге кайра алып келип, кургак жерге кусуп таштайт.
[53] Өз элинде Жалгыз Аллага сыйынууга чакырууну  (дааватты) Алланын чечимин күтпөстөн токтоткону үчүн
[54] Киттин ичинде жатып да Йунус тообо келтирип, тынбастан  Алланы улуктай берген
[55] пайгамбар кылып
[56] Өмүрүн узартып койдук
[57] Меккелик мушриктерден
[58] Дүйнөдөгү эң улуу дин Ислам келгенге чейин бүткүл адамзат караңгылыкта жашаган жана Мекке мушриктери да периштелерди: “Алланын кыздары”, – деп түшүнүп, ал эми өздөрүнө Алла тарабынан берилген кыздарды бала катары да санашкан эмес.
[59] Узайир да, Иса да Аланын балдары эмес! Бул мушриктер ойлоп тапкан  жалган
[60] Артык көрөт бекен?
[61] Айтып аткан сөзүңөрдү далилдей турган
[62] Забурду, Тооратты, Инжилди...
[63] Жалган айтып: «Туугандык мамилелер  бар”, – дешти.
[64] Айрым надаан мушриктер Алла менен жиндер ортосунда туугандык байланыш бар дегенге чейин жетишкен. Бул айат алардын кандай жалганчы экенин далилдеп турат
[65] Кыйамат күнү
[66] Анткени силер жаратылган жансыңар,  Алла болсо Жаратуучу!
[67] Мушриктер жана китеп ээлери
[68] Алланын Китеби
[69] Куранга
[70] “Мужадала” сүрөсүнүн 21-айатын караңыз
[71] Ортобузда келишим түзүлгөн
[72] пайгамбарлар
[73] Бизден жаза келгенге чейин
[74] Жер титиреп кыйрагандардын абалы
[75] Бизден бир белги-керемет түшүп алардын үрөйүн учурганга  чейин
[76] жармаштырган

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder