25.02.2014

59 HAŞR SÛRESİ

59-сүрө «Хашр[1]»
Мединада түшүрүлгөн. Жыйырма төрт айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.     Алланы асмандар менен жерде болгондордун баары даңктайт. Ал Ызааттуу , Даанышман.
2.     Ал китеп ээлери[2] болгон каапырларды алардын турак жайларынан биринчи жолку жыйында[3] эле алып чыккандын дал Өзү (Алла). Силер[4] алар чыгып кетет экен деп ойлогон эмес элеңер, а алар болсо өздөрүн Алладан сепил-коргонубуз сактайт деп ойлошту. Алла (Алланын азабы) болсо аларга күтпөгөн тараптан келди жана алардын жүрөгүнө коркунуч таштады. Алар өздөрүнүн жайларын өз колдору менен жана да момундардын колдору менен талкалап-бүлүнтүштү. Эй, акыл-эс жүгүрткөндөр! Мындан үлгү-сабак алгыла!
3.     Эгерде Алла аларга[5] мекенди таштап кетүүнү жазбаганда,[6] аларды бул дүйнөдө жазалаар эле. Алар үчүн акыретте оттун азабы (бар).
4.     Мына ушул алардын Аллага жана Анын Элчисине кылган каршылыктары үчүн, кимде-ким Аллага каршы чыкса, акыйкатта Алланын азабы катаал.
5.     Силер курма дарагын[7] кесип салдыңар, же аны өз тамырында калтырдыңарбы, ал – бузукуларды мыскылдоо үчүн Алланын буйругу менен болгон (иштер).
6.     Жана да Алла алардан[8] Өзүнүн элчисине олжо берди, ал олжого силер ат да, төө да минип барган жоксуңар.[9]  Бирок, Алла кааласа Өз элчисин кимдин үстүнө (болсо да) үстөм кылып койот. Алла бардык нерселерге кудуреттүү.
7.     Алла Өз элчисине айланадагы калаалардан берген нерселер: ал – Аллага, Анын элчисине, пайгамбардын жакын туугандарына, жетимдерге, жарды-жакырларга жана жолоочуларга гана таандык; мунун себеби, силердин араңардагы байлардын гана колунда болуп калбашы үчүн.[10]  Пайгамбар силерге эмне алып келген болсо, аны алгыла; ал эмнеден тыйган болсо, андан тыйылгыла; Алладан корккула. Албетте, Алла жазалоодо – катаал.
8.     Жана да кедейлерге, жер которгондорго[11]; алар Алланын ырайымын жана ыраазылыгын издешет, өз жерлеринен, малы-мүлкүнөн ажыраган жана алар Алла[12] менен Анын элчисине жардамдашышат. Мына ушулар чынчылдар.
9.     Жер которгондор келгенге чейин орун дайардашып, ыйманын бекем кармап, көчүп келгендерди сүйүшөт. Аларга берилген нерселер үчүн жүрөктөрүндө бир да кызганыч табышпайт. Жана өздөрүнө караганда өзгөлөрдү жогору койушат, өздөрүндө жетишсиздик болуп турса да. Ким өз напсисин сараңдыктан сактаса, алар аныгында кутулуучулар[13].
10.      Алардан кийин келгендер мындай дешет: “Эгебиз, бизди жана бизден мурун ыйманга келген туугандарыбызды кечир. Биздин жүрөгүбүзгө ыйман келтиргендерге кек салба. Эгебиз, Сен албетте Мээримдүү, Боорукерсиң”.
11.      Көрбөйсүңбү[14] эки жүздүүлөрдү.  Алар китеп ээлеринен болгон каапыр туугандарына: “Эгер силер куулуп чыгарылсаңар, анда биз да силер менен бирге чыгабыз жана силер үчүн эч кимдин буйругуна баш ийбейбиз. Эгер силерге каршы согуш болсо, анда биз силерге сөзсүз жардам беребиз”, – дешти. Бирок, Алла алардын анык жалганчы экендигине күбөлүк берет.
12.      Эгер алар куулуп чыгарылса, анда тигилер алар менен бирге чыгышпайт. Эгер аларга согуш ачылса, алар тигилерге жардам беришпейт, а эгер жардам беришсе, анда артын көздөй качып жөнөшөт. Анан эч жардам берилбейт.
13.      Алардын жүрөктөрүндө Аллага караганда силерден коркуу көбүрөөк. Анткени, алар түшүнбөй турган коом.
14.      Алар биргелешип алып силер менен согуша алышпайт. Согушса да курчалган коргондун ичинен же дубалдын артынан[15] гана. Алардын ортосунда айыгышкан душмандык (бар). Сен алар ынтымакта экен деп ойлойсуң. А алардын жүрөктөрү ар башка. Себеби алар акыл калчабаган коом[16].
15.      Өздөрүнөн бир аз мурдараак өтүп кеткен коом сыйактуу эле, алар кылган иштеринин азабын тартышты. Аларга катуу азап бар.
16.      Шайтан сыйактуу. Себеби ал[17] инсанга: “Каапыр бол!” - дейт. Каапыр болгон[18] соң, ал: “Мен сенден алысмын.[19] Мен ааламдардын Эгеси болгон Алладан коркомун” – дейт.
17.      Бул иштин натыйжасы ал экөө тең түбөлүк тозокко кирип, түбөлүккө калышат. Адашкандардын[20] жазасы мына ушундай.
18.      Момундар! Алладан корккула! Жан ээси эртеңкиге эмне дайардаганын карасынчы?! Алладан корккула! Анткени Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.
19.      Алланы унуткандардан болбогула. Алла алардын өздөрүн унуттуруп салган. Дал ошолор бузукулар.
20.      Тозок ээлери менен Бейиш ээлери тең эмес. Бейиштин ээлери алар – ийгиликке жетүүчүлөр.
21.      Эгерде Биз бул Куранды бир тоого түшүрсөк, анда сен ал тоонун баш ийген (абалда), Алладан коркконунан жарылып кеткенин көрөт элең. Буларды адамдарга мисал келтирип жатабыз. Мүмкүн алар ойлонушаар.
22.      Ал – Алла! Андан башка кудай жок. Ал жашыруунду да, ашкерени да Билүүчү. Ал Мээримдүү, Ырайымдуу!
23.      Ал – Алла! Андан башка эч кудай жок, (Ал) Падыша, Эң Ыйык, Тынчтык ээси, Амандык ыроолоочу[21], Көзөмөлдөөчү[22], /стөмдүк Кылуучу[23]. Алар шерик кылган нерселерден Алла аруу (таза)!
24.      Ал Алла, Жаратуучу, Түзүүчү, Келбет берүүчү. Ал көркөм аттарга ээ. Аны асмандар менен Жердегилердин баары аруулап, даңазалайт. Ал – Ызааттуу, Даанышман!




[1] Хашр – чогултуп сүргүн кылуучу
[2] Мусулмандарга чыккынчылык кылган Бану Надр аттуу, иудейлер уруусу жөнүндө сөз болууда.
[3] Мусулман аскерлеринин биринчи жолку топтолуп-чогулушунда.
[4] Момун мусулмандар.
[5] Бану Курайза уруусуна.
[6] Тагдырда
[7] Лина
[8] Бану Назиир уруусу.
[9] Бани Курайзанын сепилин алууда аттар да, төөлөр да пайдаланылган эмес.
[10] Кедейлер, алсыздар кур калбастыгы үчүн.
[11] Меккеден Мединага көчүп келген алгачкы мусулмандарга.
[12] Алланын дини үчүн күрөш жүргүзүшүп.
[13] Ийгиликке жеткендер.
[14] Эй, Мухаммед!
[15] Жашынып алып.
[16] Эл.
[17] Шайтан.
[18] Инсан.
[19] Мен тазамын, сен үчүн күнөөм жок.
[20] Каапырлардын.
[21] Элчилерине керемет берип, аларды тастыктоочу.
[22] Пенделерине көзөмөл жасап, алардын кылган амалдарына күбө болуу.
[23] Аллага эч ким тең келе албайт. Ал баарынан Улук, баарынан Чоң.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder