24.02.2014

2 BAKARA SÛRESİ

2-сүрө «БАКАРА[1]»
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
Мединада түшкөн. Эки жүз сексен алты аяттан турат.
1.     Алиф, лам, мим. [2]
2.     Бул эч шексиз китеп[3]. Ал такыбалар[4] үчүн туура жолду көргөзүүчү.
3.     Алар[5] кайыпка[6] ишенишет, намаз окушат жана Биз аларга берген ырыскылардан сарп кылышат.[7]
4.     Алар сага түшүрүлгөнгө[8] да, сенден мурунку түшүрүлгөндөргө[9] да, Акырет[10] күнүнө да ишенишет.
5.     Алар өздөрүнүн Эгесинин  туура жолунда. Дал ошолор ийгиликке жетүүчүлөр![11]
6.     Чындыгында, каапырларга эскертесиңби,[12] же эскертпейсиңби, баары бир – алар ишенишпейт.
7.     Алла алардын жүрөгүн жана кулагын мөөрлөп бекитип салган, көздөрүнө парда тарткан. Аларга чоң азап бар.
8.     Элдердин арасында кээ бирөөлөр:[13] “Биз Аллага жана Кыямат Күнүнө ишенебиз”,- дешет. Бирок алар ишенишпейт.
9.     Алар Алланы жана ишенген ыймандууларды алдоого аракеттенет. Бирок  алар өздөрүн  гана алдашат, муну өздөрү да сезишпейт.
10.   Алардын жүрөгүндө оору[14] (бар). Алла алардын оорусун дагы да күчөтөт. Жалган сүйлөгөндөрү үчүн аларга оорутуучу азап бар.
11.   Аларга: “Жер бетинде жамандык-бузуктукту жайылтпагыла”,- деп айтылса, алар: “Биз болгону жакшылык гана кылып жатабыз”, – дешет.
12.   Оо, дал ошолор жамандык-бузуктукту жайылтуучулар. Бирок аны алар сезишпейт.
13.    Аларга: “Башкалар ишенгендей эле ишенгиле!” – деп айтылса, “Биз эмне, кем акылдар ишенгендей ишенебизби?”, – дешет. Аныгында алар өздөрү кем акылдар. Бирок муну өздөрү билишпейт.
14.   Алар  ыймандууларга жолукканда: “Биз ишенебиз”,[15] – дешет. Бирок өздөрүнүн шайтандары менен өздөрүнчө калганда: “Биз силер мененбиз, тиякта  болгону – тигилерди шылдыңдап жатабыз”, – дешет.
15.   Алла аларды шылдыңдайт[16].  Алардын адашууларын андан бетер арбытат.
16.   Булар адашууну туура жолго[17] сатып алгандар. Алардын соодасы кирешесиз болду жана алар туура жолдо болбоочулар.
17.   Алар от жаккан бирөөнө окшойт: Качан (от) айлананы жарык кылган кезде Алла анын нурун алып салды жана ал көөдөй караңгылыкта көрө албай калды.
18.   (Булар) дүлөй, дудук, сокур жана алар туура жолго кайтышпайт.
19.   (Алар) же асмандагы жамгырлуу булут өңдүү: Анда түнөргөн караңгылык, күн күркүрөө жана чагылган (бар), алар өлүмдөн коркуп манжаларын кулактарына тыгып алышат.[18] Бирок, Алла каапырларды курчап алган!
20.   Чагылган алардын көрүүсүн (көзүн) алып кетүүгө дапдаяр: Качан “жарк” дей түшкөндө алар басып жөнөшөт, караңгыласа туруп калышат. Эгерде Алла кааласа аларды дүлөй жана сокур  кылып коймок. Акыйкатта, Алла бардыгына кудурети жетүүчү!
21.   Эй, адамдар! Силерди да, силерге чейинкилерди да жараткан Эгеңерге сыйынгыла! Мүмкүн силер коркоорсуңар.
22.   Ал (Алла) силерге Жерди килем кылып төшөдү, а асманды куруп койду. Асмандан суу жаадырып, аны менен силерге ырыскы кылып жемиштерди өстүрдү. Билип туруп, Аллага шериктерди кошпогула.
23.   Эгер силер Биздин пендебизге[19] түшүрүлгөнгө[20] шектенсеңер анда ошого окшош сүрөө келтирип бергилечи?! Эгер сөзүңөр чындык болсо Алладан башка өз күбөлөрүңөрдү[21] чакыргыла. 
24.   Эгер силер муну жасай албасаңар, чынында, силер муну эч качан аткара албайсыңар. Отуну адамдар менен таштар болгон оттон (тозоктон) сактангыла!  Ал[22] каапырлар үчүн даярдалган.
25.   Ыймандуулар жана жакшылык иш кылгандар үчүн бактар[23] бар экенин сүйүнчүлө! Бактардын алдында дарыялар агат. Аларга ырыскы катары жемиш тартууланганда алар: “Бул бизге мурун берилип жүргөндөр”, – дешет. Аларга ушуга окшоштор берилип келген[24]. Алар үчүн анда таптаза жубайлар[25] (болот) жана алар анда түбөлүккө калышат.
26.   Чынында Алла чиркей же андан чоңураак нерсени мисал келтирүүдөн уялбайт. Ыймандуулар мунун[26] Алладан экендигине толук ишенишет. Ал эми каапырлар: “Бул мисал менен Алла эмнени каалайт?” – деп айтышат. Ал (Алла) муну менен көптөрүн адашууга жана көптөрүн туура жолго алып келет. Тек гана муну менен бузукуларды жолдон адаштырат.
27.   Убадалашкандан кийин Алла менен болгон келишимди бузгандар, Алла бириктирүүнү буйурган нерсени үзгөндөр жана жер үстүндө бузуктукту жайылтуучулар, дал ушулар – зыянга учуроочулар.
28.   Силер Аллага кантип ишенбейсиңер? Мурун силер өлүк  элеңер, Ал силерди тирилтти, анан силерди өлтүрөт, андан соң кайрадан тирилтет, анан силер Ага кайтарыласыңар.
29.   Ал силерге Жер үстүндөгүлөрдүн баарын жаратты, андан соң асманга максат кылды[27], аларды жети асман кылып орноштурду. Ал бардык нерселерди Билүүчү!
30.   Ошондо Эгең өзүнүн периштелерине: “Мен Жер үстүнө орун басар жаратамын”, – деди. Алар: “Анда (жерде) бузукулук жасай турган жана кан төгө турганды жаратасыңбы? Биз сени мактоо менен аруулайбыз жана Сени улуулайбыз”, – дешти. “Акыйкатта, Мен силер билбеген нерселерди билемин”, (- деди Алла).
31.   Ал Адамга бардык нерселердин аттарын үйрөттү, анан периштелерге көрсөтүп: “Мага булардын аттарын айтып бергилечи, эгер силер туура болсоңор”, - деди.
32.   Алар айтышты: “Сени аруулайбыз! Сен өзүң бизге үйрөткөн нерселерди гана билебиз. Акыйкатта, Сен - Билүүчү жана Даанышмансың!”
33.   Ал (Алла) айтты: “Эй, Адам, аларга булардын аттарын атап бер”. Аларга (Адам)  аттарын айтып бергенде, Ал айтты: “Мен силерге Асмандарда жана Жерде болгон кайып нерселерди,  силер ашкере жана жашыруун жасагандарды да билемин” деп айтпадым беле?”
34.   Мына ошондо Биз периштелерге: “Адамга сежде[28] кылгыла!” – дедик. Алар Иблистен[29] башкасы Адамга сежде кылышты. Ал (Иблис) баш тартып, менменсинди,  ал каапырлардан болуп калды.
35.   Биз: “Эй, Адам, сен  аялың (экөөң) Бейиштен орун алгыла жана андан рахаттанып, эмнени кааласаңар жей бергиле, бирок бул даракка жакындабагыла!  Анда (эгерде жакындасаңар) заалымдардан болосуңар”, -дедик.
36.   Ошентип, шайтан аларды азгырды жана аларды орун алган жайынан чыгарды. Биз (аларга): “Бир-бириңерге душман болуп төмөн түшкүлө!  Белгилүү бир убакытка чейин жер - силер үчүн мекен жана пайдалануу жайы болот”, -деп айттык.
37.   Адам өз Эгесинен сөздөрдү жолуктурду[30] жана Ал анын[31] тообосун кабылдады. Акыйкатта, Ал тооболорду  Кабыл кылуучу жана Мээримдүү.    
38.   “Бул жактан биргеликте түшкүлө!  Эгер Менден силерге түз жол көрсөтүлүп, аны ким ээрчисе, аларга коркунуч да, кайгы-капа да болбойт”,- деп айттык.
39.   Биздин аят-белгилерибизге ишенбегендер,  ал жөнүндө жалган айткандар отту[32] ээлөөчүлөр жана алар анда түбөлүккө калышат.
40.   Эй, Исраил урпактары!  Мен силерге кылган жакшылыгымды эстегиле жана Мага берген убадаңарды туура аткаргыла. Мен да силерге берген убадамды аткарайын. Менден гана корккула!
41.   Силерде болгон нерсени[33] тастыктоо үчүн жөнөткөн нерсеме[34] ишенгиле,  ага биринчи каршы чыгуучулардан болбогула. Арзыбаган баага Менин аяттарымды сатпагыла. Менден сактангыла!
42.   Акыйкатка бузукулукту аралаштырбагыла жана билип туруп акыйкатты жашырбагыла!
43.   Намаз окугула, зекет бергиле жана тизелерин ийгендер менен бирге тизеңерди ийгиле![35]
44.   Силер  Китепти (Тооратты) окуп туруп адамдарды жакшылыкка буйруп, а өзүңөрдү унутуп койосуңарбы? Акылга келбейсиңерби?
45.   Сабырдуулук жана намаз аркылуу жардам сурагыла. Чындыгында намаз корккондордон[36] башкалар үчүн өтө оор.
46.   Алар[37] өздөрүнүн Эгесине кездеше турганына жана Ага кайрылып бара тургандыктарына ишенишет.
47.   Эй, Исраил урпактары! Менин силерге кылган жакшылыгымды, силерди ааламдагылардан[38] артык кылганымды эстегиле!
48.   Бирөө  үчүн бирөө бир нерсени төлөй албай турган,[39] андан колдоо кабыл кылынбай,  акы алынбай,  жардам берилбей турган күндөн корккула!
49.   Биз силерди Фараондун[40] элинен куткардык.  Алар силерди жаман азап менен азапташты жана силердин балдарыңарды союшуп, аялдарыңарды тирүү калтырды. Мында силер үчүн Эгеңерден зор сыноо бар.
50.   Биз силер үчүн деңизди[41] кандайча жарып бергенибизди жана Фараондун тарапкерлерин чөктүргөнүбүздү өзүңөр көрүп турдуңар.
51.   Биз Муса менен кырк түндү убадалаштык[42], ал кеткенден соң  өзүңөргө музоону кудай кылып алдып,  силер зулум кылуучулардан болдуңар.
52.   Андан соң Биз силерди кечирдик, силер буга, мүмкүн, шүгүр кыларсыңар.
53.   Биз Мусага Китеп[43] жана ажыратуучу[44] бергенбиз. Мүмкүн силер туура жолго түшөөрсүңөр.
54.   Муса өз коомуна мындай деди: “Эй, элим! Силер музоону (кудай кылып) алуу менен өзүңөргө өзүңөр жамандык кылдыңар. (Ошондуктан) өзүңөрдүн Жаратуучуңарга кайрылгыла жана бири-бириңерди[45] өлтүргүлө[46]. Ушундай кылууңар Жаратуучуңардын алдында өзүңөр үчүн жакшыраак жана Ал силерге кайрылат; анткени Ал Кайрылуучу жана Мээримдүү.”
55.   Силер[47]: “Эй, Муса! Биз Алланы ачык көрмөйүнчө сага ишенбейбиз” - дедиңер. Силерди, карап турган абалыңарда чагылган урду.
56.   Анан Биз силерди өлгөнүңөрдөн кийин тирилттик.[48] Мүмкүн шүгүр кыларсыңар.
57.   Биз силерди булут менен көлөкө кылдык,  силерге (асмандан) ырыскы жана “салваа”[49] түшүрдүк. Биз берген ырыскынын тазаларынан жегиле. Алар Бизге зыян кылышкан жок, бирок өздөрүнө зыян кылышты.
58.   Биз (аларга): “Бул айылга кирип, көңүлүңөр каалагандардан кенен жеп, ичкиле. Бирок эшигинен сежде кылган абалыңарда киргиле да: “Кечир”[50], - дегиле. Биз силердин күнөөңөрдү кечиребиз жана жакшылыктарды көбөйтөбүз”,-дедик.
59.   Ошондо бузукулар аларга айтылган сөздү башка сөзгө алмаштырышты. (Анан) Биз бузукуларга бузукулук (күнөө) кылгандары үчүн асмандан азап түшүрдүк.
60.   Муса качан өз элине ичүүгө суу сураганда, Биз: “Тайагың менен ташты ур!” – дедик жана андан он эки булак атылып чыкты. Ар бир уруу өз булактарына ээ болду[51]Алланын ырыскыларынан жегиле, ичкиле, жер үстүндө жамандык, бузукулук кылбагыла!
61.   Силер айттыңар: “Ээ, Муса! Биз бир түрдүү тамакка чыдабайбыз. Биз үчүн Эгеңе дуба кыл, жерге өскөн жашылча өсүмдүктөрдөн: бадыраң, сарымсак, буурчак жана пияз берсин”. Ал (Муса) айтты: “Силер чындап эле жакшыны төмөн нерселерге алмаштыргыңар келип жатабы? Шаарга түшкүлө, ал жерден сураганыңарды табасыңар.” Ошентип, аларга кордук, кедейлик ташталды жана алар Алланын каарына калышты. Бул алардын Алланын аят-кабарларына ишенбегендиги жана пайгамбарларды адилетсиз өлтүргөндүктөрүнөн.  Бул алардын баш ийбегендиги жана чектен ашкандыктарынан болду. 
62.   Акыйкатта, ыйманга келгендер, иудийлер,  христиандар,  сабилер[52]  Аллага жана Кыямат Күнүнө ишенишсе жана жакшылык иш кылышса, аларга Эгеси тарабынан сыйлык бар,  аларга эч кандай коркунуч да, кайгы-капа да болбойт.
63.   Биз силер менен келишим түздүк[53] жана силердин үстүңөргө тоону көтөрдүк[54]. Биз силерге тартуулаганды бекем кармагыла. Андагы нерселерди бекем эске туткула, мүмкүн силер такыба болорсуңар.
64.   Андан соң силер баш тарттыңар,  эгер Алланын жакшылыгы жана мээримдүүлүгү болбогондо силер зыян тартуучулардан болмоксуңар.
65.   Силердин араңардагы ишемби күндү[55] бузгандарды билесиңер; Биз аларды: “Кор болгон маймылдарга айлангыла!”, – дедик[56]
66.   жана Биз муну ошол убакыттагы адамдар үчүн,  келечек муундар үчүн  жана такыбаларга үлгү-насаат (болсун үчүн) кылдык.
67.   Муса өзүнүн элине: “Алла силерге уй сойууну буйурду”, – деди. Алар: “Сен бизди шылдыңдап жатасыңбы?”, – дешти. Ал (Муса): “Наадандардан болуп калбоо үчүн Алладан сурайм”, – деди.
68.   Алар айтышты: “Өзүңдүн Эгеңе[57] кайрыл (Жараткандан сура), ал кандай уй экендигин бизге түшүндүрүп берсин”. Ал айтты: “Уй карыган да, жаш кунажын дагы болбосун, ал ушулардын ортосундагы уй болсун. Өзүңөргө кылынган буйрукту аткаргыла! –деди (Муса).
69.   Алар (Мусага): “Биз үчүн Эгеңе дуба кыл, ал бизге уйдун түсү кандай болуу керегин түшүндүрсүн”,- дешти. (Муса) айтты: ”Алланын айтканына карганда: “Ал уй көргөн көздү кубандырган, ачык сары түстүү болсун”.
70.   Алар: “Өзүңдүн Эгеңе биз үчүн дуба кыл. Ал бизге уйдун кандай экенин түшүндүрсүн, анткени ал уй бизге күмөндүү болуп жатат. Эгер Алла кааласа биз туура жолдо болобуз”,- дешти.
71.   (Муса) айтты: “Алланын буйругунда:  Ал уй кордолуп жер айдабаган жана жер сугарбаган,[58] айыбы жок,[59] өз өңүнөн башка өңү болбогон болсун!” Алар: “Мына азыр сен чындыкты айттың”,[60]- дешти. Ошентип, алар бир аз кыйналышып, аны союшту[61].
72.   Бирөөнү өлтүрүп коюп, ал тууралуу өз ара талаш-тартышка түштүңөр, Алла силер жашырганды ачыкка чыгарат.
73.   Биз аларга: “Аны союлган уйдун бир бөлүгү менен ургула!” – дедик. Ошол сыяктуу эле Алла өлүктөрдү тирилтет, силер акылыңарга келүүңөр үчүн силерге өз кереметтерин көргөзөт.
74.   Андан соң силердин жүрөгүңөр таш сыяктуу, же андан да катуурак болуп калды. Анткени таштардын арасынан сызылып агып чыккан булактар бар, алардын арасында ташты жарып агып чыккандары да бар жана алардын арасында Алладан корккондугунан төмөн аккандары да бар. Алла силердин жасап жатканыңарды байкабай калбайт!
75.   Чындап эле силер[62] аларды[63] ыйман келтирет деп үмүттөнүп-каалап турасыңарбы? Акыйкатта, алардын арасында бир бөлүгү Алланын сөзүн угуп турушуп, качан акыл калчагандан[64] кийин аны өздөрү билип эле өзгөртүп ийишкен.
76.   Алар качан ыймандууларга жолуккан кезде: “Биз ишенебиз[65]”, – дейт. А качан (өздөрү) бир-бири менен өзүнчө жолуккан кезде: “Алла силерге ачкан нерселер[66] жөнүндө өз зыяныңарга Эгеңердин алдында далил кылуулары үчүн аларга[67]айтып берип жатасыңарбы? Акылыңарга келбейсиңерби?”-дешет.
77.   Ырасында, Алла алардын[68] жашырып жаткандарын жана алардын ашкере кылгандарын да билип турарын алар билишпейби?!
78.   Алардын арасында өз Китебин[69] билбеген, сабатсыздар өздөрүнүн курулай кыйалдарын гана билишет[70]. Алар тек гана божомолдошот.
79.   Арзыбаган акчага сатуу үчүн өз колдору менен китеп жазып алышып, анан аны: “Бул Алладан келген” – дегендерге азап болсун! Аларга колдору менен жазгандары үчүн азап болсун! Алар кылган кесиптери[71] үчүн азап болсун!
80.   Алар: “Бизди тозок оту бир нече күн гана күйгүзөт” -  дешет. Аларга (минтип) айт: “Чын эле силер Алладан убада алдыңарбы? А Алла убадасын такыр өзгөртпөйт. Же силер Аллага карата билбеген нерселериңерди айтып жатасыңарбы?”
81.   Ооба! Ким жамандыктан пайда тапса жана күнөөгө чырмалып батса, анда алар отту ээлөөчүлөр. Алар анда түбөлүккө калышат!
82.   А ыймандуулар, жакшылык иш кылгандар, алар Бейиш ээлери, алар анда түбөлүккө болушат.
83.   Биз Исраил урпактарынын убадаларын алганбыз: “Силер Алладан башка эч кимге сыйынбагыла; ата-энеңерге жакшылык кылгыла, намаз окугула жана зекет[72] бергиле”, – дедик. Андан соң силердин көбүңөр баш тартып, артка кетенчиктедиңер[73].
84.   Биз силерден: “Силер бир-бириңердин каныңарды төкпөйсүңөр жана бир-бириңерди турак жайыңардан  кууп чыкпайсыңар”, -деп келишим-убада алдык. Андан соң, силер  өзүңөр тастыктап, күбө болгон элеңер.
85.   Андан соң да силер бири-бириңерди өлтүрүп жатасыңар, өзүңөрдөн болгон бир жамаатты  турак жайынан чыгарып салып жатасыңар, алардын үстүнөн күнөө жана душмандык кылууда бир-бириңе жардам берип жатасыңар[74]. А эгер силерге туткундар келишсе,[75] аларга силер акча төлөбөйсүңөр[76]. Аларды кууп чыгууга силерге тыюу салынган болучу[77]. Ырас эле силер Китептин[78] бир бөлүгүнө ишенип, экинчи бир бөлүгүн четке кагасыңарбы? Силердин араңардагы мындай ишти кылганыңарга бул дүйнөдө кордук, ал эми Кыямат Күнүндө алар эң чоң азапка ташталат. Алла силердин эмне кылып жатканыңарды байкабай калбайт.
86.   Алар бул дүйнөдөгү жашоону акыреттеги жашоосунун ордуна сатып алгандар, алардын жазасы жеңилдетилбейт, аларга жардам да берилбейт.
87.   Биз Мусага Китеп бердик,  анын артынан Пайгамбарларды жөнөттүк. Биз Марйам уулу Исага ачык-айкын кабарларды бердик жана аны ыйык Жебреил менен бекемдедик. Ырас эле силерге көңүлүңөр каалабаган нерсе менен элчилер келген сайын менменсине бой көтөрө бересиңерби? Алардын кээ бирөөлөрүн жалганчы дедиңер,  бир тобун өлтүрдүңөр.
88.   Алар:[79] “Биздин жүрөгүбүз кулпуланган”[80] – дешет. Жок! Алардын каапырлыктары үчүн аларга Алланын наалаты тийди. Алардын өтө аздары гана ыйман келтиришет.
89.   А качан аларга Алладан алардагыны[81] тастыктай турган Китеп[82] келгенде, алар (иудейлер) андан мурун каапырларга каршы жеңиш суранып[83] келишкен эле, а качан аларга билген нерсе келгенде, алар буга[84] ишенишпеди. Каапырларга Алланын каргышы болсун!
90.   Алла өзү каалаган пенделерине Өзүнүн ырайымы менен аяттарын жибергенине каршы чыгып, Алла жиберген нерселерге каапырлык кылып, өздөрүн сатышы кандай жаман. Анан каар үстүнө каар алып кайтышты. Каапырлар үчүн кордоочу азап бар.


91.   Качан аларга: “Алла жөнөткөнгө ишенгиле”, – делингенде, алар: “Бизге жөнөтүлгөнгө ишенебиз”,[85] – дешти да, анын[86] артынан жөнөтүлгөндү[87] танышат. Ал[88] – алардагыны[89] тастыктоочу акыйкат.  Аларга[90]: “Эмне үчүн ыймандуу болсоңор, анда мурда[91] Алланын пайгамбарларын өлтүрөсүңөр?!” – деп айт.
92.   Муса силерге ачык-айкын кабарлар менен келди. Бирок ал кеткенденин кийин[92] силер музоого сыйынып алдыңар да, адашуучулардан болдуңар.
93.   Биз силерден убада алып, силердин үстүңөргө Тур тоосун көтөрдүк[93]: “Силерге Биз бергенди күч-кубат менен алгыла да, уккула!”[94] – дедик. Алар: “Биз уктук, бирок баш ийбейбиз”, - дешти. Өздөрүнүн каапырлыгы менен алардын  жүрөктөрү музоого ибадат кылууга[95] сугарылан эле. “Эгер силер ыймандуу болсоңор, анда ыйманыңар буйруган нерсе кандай жаман” – деп айт.
94.   “Эгерде, Алланын алдындагы акырет жайы башка адамарга эмес, силер үчүн гана болуп, чынчыл болсоңор анда өзүңөргө өлүмдү үмүт кыла бергиле,” – деп айт.
95.   Бирок алар өз колдору менен кылган иштеринен улам аны[96] эч убакта үмүт этишпейт. Акыйкатта, Алла – адашкандарды жакшы Билүүчү.
96.   Чындыгында, сен адамдардын жана (Аллага) ширк келтиргендердин[97] да жашоого өтө ач көз экенин байкайсың. Алардан бирөө ага миң жыл жашоо берилишин үмүттөнөөр эле. Бирок анчалык узун жашоо да аларды азаптан оолактата[98] албайт. Акыйкатта, Алла алардын эмне кылгандарын Көрүүчү!
97.   Айткын: “Жебреилге ким душман болсо...[99]” Анткени Алланын уруксаты менен ал аны[100] түз жол,  кубанычтуу кабар катары ыймандууларга алардын алдындагыны[101] тастыктоо үчүн сенин жүрөгүңө түшүргөн.
98.   Ким Аллага,  Анын периштелерине,  Анын пайгамбарларына, Жебреилге жана Микайилге[102] душман болсо, акыйкатта Алла – каапырлардын душманы.
99.   Биз сага ачык-айкын аяттарыбызды түргөнбүз жана ага анык адашкандар гана ишенбейт.
100.  Ар качан алар[103] убада беришкен соң, алардын бир бөлүгү аны таштап салышат[104]. Балким алардын көпчүлүгү ишенишпейт.
101.  Качан аларга, өздөрүндө болгонду тастыктоо үчүн Алладан Элчи[105] келгенде, китеп берилгендердин[106] бир бөлүгү Алланын Китебин билбеген өңдүү арт жактарына ыргытышты.
102.  Сулаймандын[107] падышалыгынын учурунда алар шайтандар окуганды ээрчишти. Сулайман каапыр эмес, бирок шайтандар каапыр болуучу. (Алар) адамдарды сыйкырга жана Бабилдеги[108] эки периште: Харут менен Марутка[109] түшүрүлгөндү үйрөтүшкөн. Бирок (алар): “Биз сыноодобуз. Каапыр болуп калбагыла!” – деп айтмайынча, ал экөө эч кимге (сыйкырды) үйрөтүшкөн эмес. Алар болсо тигилерден эркекти аялынан кантип ажыратууну үйрөнүшкөн. Бирок алар[110] Алланын уруксатысыз эч кимди ажырата алышкан эмес. Алар[111] өздөрүнө пайда келтирбей, бирок зыян келтире турган нерсени үйрөнүшкөн. Алар мындай ишти кылгандарга акыретте эч кандай үлүш жоктугун жакшы билишкен. Эгер алар[112] билишсе, сатып алгандары өз жандары үчүн кандай жаман!
103.  Эгер алар ыйман келтирип жана такыба болушса, анда Алланын алдындагы сооп – эң мыкты, эгер аны билишсе.
104.   Эй, ыйман келтиргендер! Пайгамбарга: “Рооинаа[113] – бизге көз сал”, – деп айтпагыла, “Бизди кара”, – деп айткыла жана уккула! Каапырлар үчүн оорутуучу азап бар!
105.  Китеп ээлеринен[114] болгон жана көп кудайчылардан чыккан каапырлар[115] силерге, силердин Эгеңерден жакшылык түшүүсүн жактырышпайт. Алла Өз мээримдүүлүгү менен кимди кааласа тандайт. Алла, улуу ырайымдуулуктун ээси.
106.  Биз аяттарыбызды[116] өзгөртсөк, же аны унуттурсак[117], анын[118] ордуна андан жакшысын, же ага окшошун келтиребиз. Чынында эле  Алла бардыгына кудурети жетээрин билбейсиңби? 
107.  Акыйкатта сен Асмандар менен Жердин бийлиги Аллада гана экендигин,  Алладан башка силерде тарапкер[119] да, жардамчы да жок экендигин билбедиңби?
108.  Мүмкүн силер өзүңөрдүн пайгамбарыңардан, мурда Мусадан сурагандай суроону[120] каалап жатасыңарбы? Бирок, эгер ким ыйманды ишенбөөчүлүккө алмаштырса, ал туура жолдон адашканы.
109.  Китеп ээлеринен[121] болгон бир топтор акыйкат баяндалган соң, көралбастык жана каапыр абалдарында силерди ыйманга келгениңерден кийин  каапырга айландыргылары келишет. Алланын буйругу келгенче аларды кечиргиле,  алардан жүз үйрүгүлө! Алла – баардык нерсеге кудурети жетүүчү!
110.  Намазга тургула жана зекет[122] бергиле! Ошондо өзүңөр үчүн мурда жасаган жакшылыгыңарды Алланын алдынан табасыңар. Албетте, Алла силердин эмне кылганыңарды Көрүүчү.
111.  Алар:[123] “Бейишке иудей же христиан болгондон башка эч ким кире албайт”, - дешет. Бул – алардын үмүт-тилеги гана! Аларга: “Эгер айтканыңар чын болсо, далилиңерди[124] келтиргиле!” – деп айт.
112.  Жок! Ким жүзүн Аллага арнап бурса[125] жана жакшылык кылуучу болсо, анын сыйлыгы Эгесинин алдында. Алардын үстүнөн коркунуч да, кайгы-капа да эч болбойт.
113.   Китепти окуп алып деле иудейлер: “Христиандар түз жолдо эмес”, – дешет, ал эми христиандар: “Иудейлер түз жолдо эмес”,- дешет.  Алардын ушул өңдүү сөздөрүн эч нерсени билбегендер[126] да кайталашат. Алардын ортосундагы талашып жаткан нерселери туууралуу Алла Кыямат Күнүндө өз өкүмүн чыгарат.
114.  Алланын ысымдары эскерилип, макталып жаткан Ага сыйынуучу жайларды[127] кыйратып-бузууга аракеттенгенден да ашкан адашкан бирөө барбы?![128] Алар мечиттерге кокушкан гана алабда кирүүлөрү зарыл. Алар үчүн бул дүйнөдө кордук, ал эми акыретте чоң азап бар.
115.  Чыгыш да, Батыш да Аллага гана таандык. Силер кайда гана бурулбагыла, ал жакта Алланын жүзү[129]. Албетте, Алла –Камтуучу, Билүүчү!
116.  Алла өзүнө уул алды”, -  дешти.[130] Ага – аруулук![131] Жок!” Ага Асман жана Жердеги бардык нерселер таандык. Баары Ага баш ийет!
117.  Ал – Асман менен Жердин Жаратуучусу. Ал бир нерсени кылууну кааласа: “Бол!” -  дейт, болуп калат.
118.  Алла биз менен сүйлөшпөйбү, же бизге белги (далил) келбейби?” – деп билбегендер[132] айтышат. Алардыкына окшогон сөздөрдү аларга чейинкилер да айтышкан болучу. Алардын жүрөктөрү бири-бирине окшош. Биз ишенген адамдар үчүн Өз белгилерибизди[133] баяндадык.
119.  Биз сени акыйкаттык менен кабарды жеткизүүчү,  эскертүүчү кылып жөнөттүк жана сен от ээлери жөнүндө[134]  суралбайсың.
120.  Иудейлер да, христиандар да, сен алардын динине ээрчимейинче  ыраазы болушпайт. (Аларга): “Алланын жолу  – акыйкат жол!” – деп айт. Эгер  сага маалымат[135]  келген соң алардын көңүлдөрүн ээрчисең, анда сага Алладан тарапкер да, жардамчы да болбойт.
121.  Биз Китеп бергендер аны татыктуу түрдө окушат; Алар ага ишенишет. Ага ишенбегендер болсо зыянга учурашат.
122.   Эй, Исраил урпактары! Менин силерге берген ырайымдуулугумду эстегиле, акыйкатта, Мен силерди ааламдардагылардан артык кылдым[136].
123.  Бир жан башка бир жандын күнөөсүн көтөрбөй турган, күнөөсүнө төлөм да алынбай турган жана колдоо да пайда бербей, жардам да кылынбай турган Күндөн[137] корккула!
124.  Ибрахимдин Эгеси (ага) буйруктарды берип сынады. Ал[138] аларды аткара алды. (Эгеси) ага: “Мен сени элдерге өрнөк[139] кылам!” - деди. “Менин урпактарымчы?” – деди (Ибрахим). “Менин убадам адашкандарга жетпейт”[140] – деди (Эгеси).
125.  Ошентип, Биз бул /йдү[141] адамдар жыйнала турган тынч жай кылдык жана: “Ибрахимдин ордун намаз окуучу жай кылып алгыла!” – дедик. Биз Ибрахим менен Исмаилге келишим кылдык: Менин /йүмдү айлануучулар[142] менен анда тургандар жана намаз окуучулар үчүн тазалагыла.
126.  Ибрахим айтты: “Эгем! Бул жерди тынч кыл. Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирген элин мөмө-жемиштерден ырыскылант.” Ал (Алла) айтты: “А каапырларды болсо Мен азыраак гана пайдалантам. Андан соң аларды оттун азабына аргасыз кылам. (Ал) кандай жаман – кайтып баруучу жай!”
127.  Ибрахим менен Исмайыл үйдүн[143] дубалын түптөдү. (Алар): “Оо, Эгебиз! Бизден кабыл кыла көр! Албетте Сен Угуучу жана Көрүүчүсүң!” (- дешти).
128.   “Оо, Эгебиз! Бизди Өзүңө баш ийүүчүлөрдөн кыл жана биздин урпактарыбыздан да Өзүңө баш ийүүчү кыла көр. Ибадат кылуу жолдорун үйрөт. Биздин тооболорубузду кабыл кыла көр. Албетте, Сен тооболорду Кабыл кылуучу, Мээримдүүсүң!”
129.  “Оо, Эгебиз! Аларга өздөрүнүн арасынан Сенин  аяттарыңды окуп, аларга жеткире турган,  аларга китепти (Куранды), даанышмандуулукту үйрөтө турган жана аларды (ширктен) тазалай турган бир элчи жибер. Албетте, Сен Ызаттуу, Даанышмансың!”
130.  Өзүнө наадандык кылгандан бөлөк ким Ибрахимдин дининен баш тартат? Биз аны бул дүйнөдө тандадык, ал эми акыретте, албетте, ал эң жакшы иштерди жасоочулардан.
131.  Ага анын Эгеси: “Мага моюн сун!” – дегенде, “Мен ааламдардын Эгесине моюн сундум”[144], – деди.
132.  Ибрахим да, Йакуп[145] да аны[146] – балдарына осуят кылды: “Эй балдарым! Акыйкатта Алла силер үчүн динди тандап берди. Силер мусулман болмоюнча өлбөгүлө!”
133.  Силер Йакупка өлүм келген кезинде күбө болдуңар беле?! Ал[147]  өзүнүн балдарына: “Мен өлгөндөн соң силер кимге сыйынасыңар?” – деди. Алар айтышты: “Биз сенин Эгеңе жана сенин аталарың – Ибрахимдин, Исмаилдин жана Исхактын Эгеси болгон бир Кудайга гана сыйынабыз, Биз – Ага баш ийүүчүлөрдөнбүз” – дешти.
134.   Ал эл небак өтүп кетти; Аларга[148] – өздөрү  жасаган иштери, а силерге – өзүңөр жасаган иштериңер. Силер алардын эмне кылгандыгы жөнүндө суралбайсыңар.
135.  Алар: “Иудей, же христиан болгула, туура жолду табасыңар”, – дешти. Силер: “Жок! Ибрахимдин дини таза[149], ал көп кудайчылардан болгон эмес”, – дегин!
136.  Айткыла:[150] “Биз Аллага, бизге жөнөтүлгөнгө, Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Йакупка, неберелерине жана да Муса менен Исага жөнөтүлгөнгө,  бардык пайгамбарларга, Эгесинен жөнөтүлгөн нерселерге ишенебиз. Биз алардын арасынан эч бирөөсүн да ажыратпайбыз[151] жана Ага моюн сунуучуларданбыз.”
137.  Эгер алар силер ишенип жаткандай   ишенишсе, анда  туура жолду табышкан болмок. Эгер алар моюн толгошсо, анда тек гана  талаш-тартышта  Алла сени аларга жетиштүү кылып коет. Ал – Угуучу жана Билүүчү.
138.  Алланын дини... Дин жагынан Алладан ким мыкты?! Биз Ага гана сыйынуучуларданбыз!
139.  Айткын:[152]Алла жөнүндө бизге каршы чыгасыңарбы? Ал биздин да Эгебиз, силердин да Эгеңер, бизге – өзүбүздүн жасаган амалдар,[153] ал эми силерге – төзүңөрдүн жасаган амалдарыңар (таандык). Биз Ага ыкылас кылуучуларданбыз.”
140.  Ибрахим, Исмаил, Исхак, Йакуп жана (алардын) урпактары иудейлер, же христиандар болгон деп айтасыңарбы?” “Силерби, же Алла билүүчүрөөкпү?” – дегин. Өз алдындагы күбөлүк берүүнү Алладан жашыргандан да каттуу адашкан бирөө болобу? Акыйкатта, Алла силердин эмне кылып жатканыңарды байкабай калбайт.
141.  Бул эл небак өтүп кетти; Аларга өздөрү жасаган иштери, силерге өзүңөр жасаган иштериңер (таандык). Силер алардын эмне кылгандыгы жөнүндө суралбайсыңар.
Экинчи бөлүм
142.  Адамдардын кээ бир наадандары: «Алар жүз буруп келген Кыбыласын эмне үчүн таштап койушту[154]?» – деп айтышат. Аларга: [155] «Чыгыш да, Батыш да Аллага таандык. Ал каалаганын туура жолго салат», –  деп айткын.
143.  Силер (башка) адамдарга күбө болууңар жана  пайгамбар[156] силерге күбө болуусу үчүн Биз силерди орточо[157] үммөт[158] кылдык. Артка жүз буруп кеткендердин кимиси пайгамбарды ээрчирин билүүбүз үчүн силердин Кыбылаңарды Биз өзгөрттүк. Бул – Алла оң жолго баштагандардан башкаларына абдан оор (сезилет). Алла силердин ыйманыңарды жок кылбайт. Чындыгында, Алла адамдарга Ырайымдуу, Боорукер!
144.  Биз сенин жүзүңдүн асманга бурулганын көрүп турабыз. Ошондуктан өзүң ыраазы болгон Кыбылага аны алмаштырабыз.  Эми жүзүңдү Харам[159] Мечити тарапка бур. Кайсыл жерде болсоңор да, жүзүңөрдү ошол тарапка бургула. Чындыгында, китеп берилгендер негизинен Кыбыланын алмашуусун – Эгеңден келген бир чындык экендигин билишет. Алла алардын иш-амалдарынан кабарсыз[160] эмес. 
145.  Китеп ээлерине ар кандай  кереметтерди көрсөтсөң да, алар сенин Кыбылаңа жүз бурушпайт. Сен да алардын Кыбыласына жүз бурбайсың. Алардын айрымдары башкаларынын Кыбыласына да жүз бурушпайт[161].Сага ачык кабар келген соң, сен алардын каалоосун ээрчисең, албетте, анык заалымдардан[162] (болосуң).
146.  Биз китеп бергендер аны[163] өз уулдарын тааныгандай эле таанышат. Анткени алардын бир бөлүгү[164] Чындыкты билип туруп жашырышат.
147.  Акыйкаттык  бул – сенин Эгеңден (гана). Ошондуктан эч качан шектенгендерден[165] болбо.
148.  Ар кимдин өзүнүн бурулуучу тарабы[166] бар. Жакшылыкта[167] жарышкыла. Кайда болсоңор да Алла баарыңарды чогултат[168]. Алла – бардык нерсеге Кудуреттүү.
149.  Сен кай тараптан чыксаң да жүзүңдү Харам Мечити тарапка бур.  Анткени бул – Эгеңден (келген) Акыйкат. Алла силердин амалыңардан кабарсыз[169] эмес.
150.  Сен кай тараптан чыксаң да, жүзүңдү Харам Мечити тарапка бур. Адамдардын арасындагы заалымдардан башкалары силерге каршы далил келтире албашы үчүн кайсыл тарапта болсоңор да, жүзүңөрдү ал тарапка бургула. Силерге жакшылыктарымды толук берүүм жана туура жолдо болууңар үчүн алардан коркпогула, Менден (гана) корккула! Мүмкүн силер туура жолго түшөөрсүңөр.
151.  Биздин аяттарыбызды окуп, силерди (күнөөдөн) тазалай турган, Китеп[170] менен даанышмандыкты, силер мурда билбеген нерселерди үйрөтө турган бир элчини[171] силердин араңардан жибердик.
152.  Мени эстегиле[172], (ошондо) Мен да силерди эстейм[173]. Мага шүгүр кылгыла[174]. Мага каапырдык кылбагыла[175].
153.  Эй, Ыйман келтиргендер! Сабырдуулук жана намаз менен жардам[176] сурагыла. Чындыгында Алла сабырдуулар менен бирге.
154.  Алла жолунда өлтүрүлгөндөрдү[177] «өлүктөр» деп айтпагыла. Жок! Алар – тирүү. Бирок силер сезбейсиңер.
155.  Биз силерди коркунуч жана ачкачылык сыяктуу нерсе менен[178],  ошондой эле мал-мүлкүңөрдү, жаныңарды[179], түшүмүңөрдү кемитүү аркылуу сынайбыз. Сабыр кылгандарга[180] сүйүнчүлө!
156.  Аларга кайгы-балээ келгенде   алар: «Чындыгында биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз» - деп айтышат.
157.  Аларга Эгесинен ырайым, ыраазылык (бар) жана алар туура жолдогулар.
158.  Сафа менен Марва[181]Алланын белгилеринен. Кимде-ким /йгө[182] ажылыкка келип[183], же зыярат[184] кылса, ага экөөсүн[185] (тең) айланууда күнөө жок. Анткени Алла – Шүгүрчүлүктөрдү кабыл кылуучу, Билүүчү. 
159.  Чындыгында, Биз ачык-айкын өкүмдөрдү жана туура жолду Китепте[186] адамдарга баян кылынгандан кийин, аны жашыргандарга Алла наалат айтат. Ошондой эле каргыш айтуучулар[187] да аларды каргашат.
160.  Бирок тообо кылып, абалдарын оңдогондордун жана (Чындыкты[188]) баян кылгандардын  күнөөлөрүн кечиремин. Жана Мен – Тооболорду кабыл кылуучу Мээримдүүмүн.
161.  Чындыгында, каапырлар менен каапыр абалында өлгөндөргө Алланын, периштелердин жана жалпы адамдардын каргышы (болсун!).
162.  Ал жерде[189] алар түбөлүккө калышат. Алардын азабы жеңилдетилбейт, мүмкүнчүлүк[190] да берилбейт.
163.  Кудай – Жалгыз. Мээримдүү жана Ырайымдуу! Андан башка кудай жок!
164.  Чындыгында, асмандардын жана жердин жаралуусунда, түн менен күндүн алмашуусунда, адамдарга пайдалуу болуп деңиздерде  сүзүп жүргөн кемеде, Асмандан Алла суу түшүрүп, жерди  өлгөндөрдөн (кайра) кийин тирилтүүсүндө, андагы[191] ар түрдүү жаныбарлардын таралуусунда, шамалдардын багытынын өзгөрүшүндө, жер менен асмандын ортосундагы  баш ийген[192] булуттарда – акыл-эстүү адамдар үчүн Алланын[193] белгилер[194] бар.
165.  Адамдардын айрымдары[195] Аллага өзгөнү[196] теңеп, аны[197] Алланы сүйгөндөй сүйөт. Ыймандуулардын Аллага болгон  сүйүүсү[198] күчтүүрөөк. Заалымдар  азапты көргөн кезде бүткүл кубат Аллага таандык экенин жана чындыгында Алланын азабы катуу экенин көрүшөт!
166.          (Кыямат Күнү) ээрчитүүчүлөр[199]  ээрчигендерден ажырайт жана азапты көргөндө алардын өз ара байланыштары (толук) үзүлөт. 
167.          Ал ээрчүүчүлөр: «Аттиң, бизге кайтаар[200] күн болсо кана. Алар бизден ажырагандай, биз да алардан ажырамакпыз» – дешет. Ушинтип, Алла алардын жасаган иштери өздөрүнө өкүнүчтүү экенин көрсөтөт.  Андыктан, алар –Тозоктон чыгуучулардан эмес.
168.          Эй, адамдар! Жер жүзүндө болгон адал нерселерден гана жегиле, шайтанды ээрчибегиле. Чындыгында ал[201] силерге анык[202] душман.
169.          Cилерди жамандыкка, ыпластыкка жана  Алла тууралуу силер билбеген маалыматты[203] айтууга буюрат.
170.          Аларга[204]: «Алла түшүргөндү[205] ээрчигиле!» – деп айтса, алар: «Жок, биз ата-бабаларыбыздан калган нерселерди[206] ээрчийбиз», –дешет. Ата-бабалары эч нерсеге акыл калчап, туура жолго түшпөгөн болсо да ээрчишеби?!.
171.          Каапырларлардын мисалы (мындай): үндү, кыйкырыкты угуп, (бирок анын маанисин) түшүнбөй турган (адам) сыяктуу: дүлөй, сокур[207], дудук – алар эч нерсени[208] түшүнүшпөйт[209].
172.          Эй, ыйман келтиргендер, Биз насип кылган ырыскылардан жегиле, Эгер чындап эле Ага сыйынчу болсоңор, Аллага шүгүр кылгыла!
173.          Ал[210] силерге өлүктүн этин[211], канды[212], чочконун этин, Алланын ысмы аталбастан союлган малдардын этин жешти арам кылды[213]. Ким бузуку болбогон, чектен ашпаган абалда аргасыз[214] болсо, анда – ал күнөө болбойт.  Анткени Алла – Кечиримдүү, Боорукер.
174.          Алла түшүргөн Китептеги жазууларды[215]  жашыргандар жана арзыбаган баага саткандар Отту жешет[216]; Кыямат Күнү Алла алар менен сүйлөшпөйт; аларды (күнөөлөрдөн) тазалабайт; алар үчүн – оорутуучу азап (бар).
175.          Алар туура жолдун ордуна адашууну жана кечиримдин ордуна азапты сатып алгандар. Алар Отко кандай чыдашат?
176.          Алла Китепти[217] Чындык менен түшүрдү, ал эми китеп[218] тууралуу талашкандар – албетте, [219]алыс [220]бөлүнүп-жарылууда.
177.          Жүзүн Чыгышка, же Батышка буруу эле жакшылык эмес. Жакшылык  бул – Аллага [221], Кыямат Күнүнө, периштелерге, Китептерге, пайгамбарларга ыйман келтирүү. Жакындарына, жетимдерге,  кедейлерге, жолоочуга, тилемчилерге,  күң-кулдарга жакшы көргөнүнө[222] карабай мал-дүнүйөсүн бергендер, намаздарды толук окугандар, садака бергендер; эгер убада берсе убадасына тургандар; кедейликте, кырсыкта жана согушта сабырдуу болгондор. Ушулар[223] – чынчылдар, мына ушулар – такыбалар.
178.          Эй, ыймандуулар! Өлтүрүлгөндөр үчүн өч алуу (да) силерге буйрулду[224]: азат[225] (адам) үчүн – азат (адам); кул үчүн – кул; аял үчүн – аял (жазалансын). Ким анын[226] тууганы тарабынан кечирилсе, анда, жакшылыкты[227] ээрчип, жакшылыкча[228] аткаруу зарыл. Бул – Алланын[229] жеңилдиги жана Ырайымы. Ал эми ким  андан кийин[230] чектен ашса, анда ага – оорутуучу азап (бар).
179.          Эй, акыл ээлери! Силер үчүн өч алууда – жашоо[231] бар. Балким силер коркоорсуңар.
180.          Силерди ичиңерден бирөөгө өлүм келсе, эгер ал (артында)  мурас(байлык) калтырса, ал ата-энесине жана жакындарына тууралык менен осуят кылуу парыз кылынды(буйрулду)[232]. Алладан коркуучуларга бул-милдет.
181.          Ким осуятты уккандан кийин өзгөртсө[233], анда күнөө – өзгөртүүчүдө болот.  Чындыгында Алла – (баарын) Угуучу, (баарын) Билүүчү.
182.          Ким осуят кылуучунун каталык, же күнөө ишинен коркуп, аны менен мурас алуучулардын ортосун оңдоп[234] койсо, анын күнөөсү болбойт. Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
183.          Эй, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо буйрулду. Бул орозо силердин такыба болууңар үчүн.
184.          (Орозо) эсептелүү күндөрдө гана. Силерден ким (орозо мезгилинде) ооруп калса, же сапарга аттанса – анда ал күндөрдүн[235] ордуна башка күндөрдө тоуктап берет. Орозо тута албай турган адамдар[236]  жакырдын тамагын төлөйт. Ким андан ашыкча жакшылык кылса[237] – ал өзүнө жакшы. Эгер билсеңер орозо кармооңор силер үчүн жакшы.
185.          Рамазан айы, бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбө болсо(туш келсе) орозо тутсун! Ал (бул айда) бирөө ооруп калып, же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Алла силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Санды[238] толуктагыла, силерди туура жолго салганы үчүн Алланы улуктагыла! Мүмкүн силер шүгүр келтирээрсиңер.
186.          Эгер пенделерим сенден Мен тууралуу сурашса, “[239]Мен жакынмын. Качан[240] Мага дуба кылса[241], дубасын кабыл кылам. Мага да жооп[242] кылышсын! Мага ыйман келтиришсин! Мүмкүн алар туура жолду табышаар,» (–дегин).
187.          Силерге орозо  түндөрүндө аялдарыңарга жакындоо адал кылынды[243]. Алар[244] силердин кийимиңер, силер алардын кийимисиңер[245]. Алла силер өзүңөргө кыянаттык кылып жатканыңарды билип, тообоңорду кабыл кылып, кечирди. Эми аларга[246] жакындай бергиле, Алла силерге насип кылган нерсени[247] тилегиле. Ак жип менен кара жип даана таанылган таңга чейин  тамактана бергиле. Орозону кечке чейин кармагыла! Мечиттерде туруп калсаңар[248], олтурсаңар, алар(аялыңар) менен кошулбагыла!  Булар – Алланын чектери. Ага жакындабагыла! Алла Өз белгилерин ушундай баяндайт, балким алар такыба болушар.
188.           Ортоңордогу мал-мүлк, байлыкты[249] өз ара арам жолдор менен жебегиле жана күнөө экенин билип туруп  адамдардын байлыгынын бир бөлүгүн жешиңер үчүн[250] акимдерге[251] алып барбагыла!
189.          Алар[252] сенден жаңы туулган ай тууралуу сурашат. «Ал – адамдар жана ажылык  үчүн убакыт өлчөмү», – дегин.  /йлөргө артынан кирүүңөр[253] – жакшылык эмес. Ким такыба  болсо ошол жакшылык. Ошондуктан үйлөрүңөргө эшигинен киргиле жана Алладан корккула. Балким кутулаарсыңар[254]!
190.          Силер согуш ачкандар менен Алла жолунда согушкула жана чектен чыкпагыла[255]. Чындыгында, Алла чектен чыккандарды жакшы көрбөйт.
191.          Аларды[256] кайсыл жерде тапсаңар[257], ошол жерде өлтүргүлө. Силерди алар жайдан[258] (Меккеден) кандай чыгарган(болсо), силер да аларды кууп чыккыла. Бузукулук[259] – адам өлтүрүүдөн да жаман. Алар өздөрү баштап Харам Мечитинин жанында согуш ачмайынча силер да ал жерде алар менен согушпагыла! Эгер алар согушса, силер да аларды өлтүргүлө.  Каапырлардын жазасы – мына ушундай.
192.          Эгер алар бузукулуктарын тыйышса, албетте, Алла – Ырайымдуу, Боорукер.
193.          Бузукулук токтоп, дин толугу менен Аллага таандык болгонго чейин[260] алар менен согуша бергиле! Эгер алар тыйылышса, анда душмандык жок. Душмандык – заалымдарга гана[261].
194.          Ыйык айга[262]  – Ыйык ай[263].Ыйыктарда[264] деле өч алуу бар. Ким силерге кол салса, силер да сокку ургула, бирок Алладан корккула! Алла –такыбалар[265] менен бирге.
195.          Алла жолунда (мал-мүлкүңөрдү) сарптагыла. Өзүңөрдү өз колуңар менен Отко таштабагыла. Чындыгында, Алла – жакшылык[266] кылуучуларды жакшы көрөт.
196.          Ажылыкты жана Умраны[267] Алла үчүн[268] (толук) аткаргыла. Эгер жолдо тосулсаңар[269] курмандыктын өзүңөргө жеңилин (кой) жөнөткүлө. (Ал) курмандык белгиленген жерге[270] жеткенге чейин чачыңарды[271] алдырбагыла. Эгер силерден бирөө оору болсо, же башында дарты болсо, анда (үч күн) орозо тутуу [272], же садака берүү, же курбандык чалуу (бир кой) менен акы төлөсүн. Качан коопсуз болгонуңарда[273], ким умраны ажылыкка чейин аткарган болсо[274], жеңил курмандык чалат. Ким  (курмандык) таба албаса ажылыкта үч күн, эгер кайтсаңар[275] жети күн – ошентип толук он (күн) болот[276]. Бул (шарт) – үйү Харам Мечитинин жанында болбогондор үчүн.  Алладан корккула жана билгиле: Чындыгында, Алланын азабы катуу.
197.          Ажылык (бул) – белгилүү айлар[277]. Ким ошол айлардын ичинде ажылык парзын аткарууга милдеттенген болсо, ажылыкта (аялына) кошулуу[278], күнөө кылуу, талашып-тартышуу(га болбойт).  Эй, акыл ээлери!  Жакшылыктардан эмне жасаган болсоңор Алла аны билет. (Ошондуктан) азык камдагыла[279]! Чындыгында, азыктын жакшысы – такыбалык. Менден корккула, эй, акыл ээлери!
198.          Силер Эгеңердин ырайымын көздөгөн[280]  болсоңор, силерге күнөө болбойт. Качан Арафаттан[281] кайтсаңар Машар-ьул-Харамда[282] Алланы эстегиле[283]. (Анткени) Ал силерди туура жолго чыгарды. Силер андан мурда адашкандардан болчусуңар.
199.          Андан кийин элдер (ажылар) кайткан жерден (Арафаттан) кайткыла да, Алладан кечирим сурагыла.  Чындыгында, Алла – Боорукер, Мээримдүү.
200.          Качан ажылык ибадатыңарды бүтсөңөр  Алланы атаңарды эстегендей эстегиле, же андан да артыгыраак (керек). Адамдардын[284] арасынан кээ бирөө: “О Эгем, бизге үлүшүбүздү дүйнөдө[285] бер!”-деп айтат. Ал Акыретте үлүштөн куру калат.
201.          Алардан бирөө айтат: “О Эгем,бизге дүйнөдө да жакшылык бер, Акыретте да жакшылык бер, бизди Тозок азабынан куткар!”
202.          Мына ошолор… алар үчүн өздөрү кылган[286] нерседен насип (бар).  Алланын эсеби өтө тез.
203.          Белгилүү күндөрдө[287] Алланы эстегиле. Ким шашса – эки күндө[288], ага– күнөө жок. Ким кечиксе[289] да күнөө жок. Бул (шарт) – (Алладан) корккон (мусулман)[290] үчүн.  Алладан корккула жана билгиле: Ага жыйналасыңар[291]!
204.          (Эй, Мухаммед!) Адамдардын кээ бирөөсүнүн[292] сөзү бул дүйнө жашоосунда сени таң калтырат[293]. Ал Алланы өз дилиндеги нерсеге[294] күбөгө тартат. Ал[295]- катуу талашуучу.
205.          Ал узаган соң, жер бетинде бузукулук кылуу үчүн эгиндерди, төлдөрдү[296] кыйратууга аракет кылат. Алла бузукулукту жакшы көрбөйт.
206.          Эгер, ага: «Алладан корк!» -деп айтылса, аны текеберлиги күнөө менен кармайт[297]. Анын орду – Тозок. (Ал –) кандай жаман орун!
207.          Адамдардын[298] арасында Алланын ыраазылыктарына жетүүнү көздөп өз жанын да аябай тургандары бар. Алла пенделерине[299] (абдан) Ырайымдуу.
208.          Эй, момундар! Ислам динине толук киргиле. Шайтандын жолдоруна ээрчибегиле. Чындыгында ал силер үчүн ачык душман.
209.          Силерге ачык-айкын далилдер[300] келгенден кийин жолдон кайтсаңар, билип койгула: Алла – Мартабалуу, Даанышман.
210.          Алар[301]– булуттун саябанында өздөрүнө Алла жана периштелер келип, иштер[302] аткарыларын карап турушабы?![303] Бардык иштер Аллага кайтарылат.
211.          (Эй, Мухаммед!) Исраилдин урпактарынан сура: Биз аларга канчалаган ачык белгилерди (кереметтерди) жибердик! Ким Алланын жакшылыгын (китептерин) ага[304] келгенден кийин өзгөртсө[305], албетте, Алланын азабы катуу!
212.          Каапыр болгондорго (бул) дүйнө жашоосу кооз кылынды. Алар ыймандууларды келекелешет. Чындыгында, такыбалар Кыямат Күнү алардан өйдө болушат. Ошондой эле, Алла (Өзү) каалаганын эсепсиз ырыскыга бөлөйт.
213.          (Алгач[306]) адамдар бир эл болушкан[307]. Ошондо Алла аларга кубандыруучу[308], эскертүүчү[309] пайгамбарларды жиберди. Адамдардын ортосунда келишпеген нерселерде өкүм кылуу үчүн алар (пайгамбарлар) менен бирге Акыйкат Китебин[310] жиберди. Ошол китеп берилгендер ачык далил келгенден кийин өз ара көралбастыктан улам бөлүнүштү[311].  Ошондо Алла Өз каалоосуна ылайык ыйман келтиргендерди, алар[312]  талашкан чындыкка жеткирди. Алла (Өзү) каалаганын Түз Жолго багыттайт.
214.          (Эй, Мусулмандар!) Силерден мурункулардын башынан өткөн сыяктуу (сыноолор) келбестен туруп Бейишке киребиз деп ойлойсуңарбы? Аларды ачарчылык, оорулар баскан жана  титиретишкен[313]. Ошондуктан, пайгамбар (Мухаммед а.с.), аны менен бирге ыйман келтиргендер: «Бизге качан Алланын жардамы… (келээр экен?)» – деп айтышты. Эй, чындыгында, Алланын жардамы жакын эмеспи[314]!?
215.          (Эй, Мухаммед!) Алар[315] сенден (Алла жолунда) эмнени кайрымдуулук кылууну сурашат. «Жакшылыктардан[316] кайрымдуулук кылган нерсеңер ата-энеңер, туугандар, жетимдер, кедейлер жана жолоочу үчүн[317]. Жакшылыктан эмне кылсаңар Алла аны Билүүчү»дегин.
216.          (Эй, момундар!) Силерге жагымсыз болсо да, согуш парз кылынды. Силер эмнегедир жаман көрөсүңөр, (бирок) ал силер үчүн жакшы. Силер кандайдыр-бир нерсени жакшы көрөсүңөр, (бирок) ал силер үчүн жаман. Алла  билет. Силер билбейсиңер.
217.          Алар сенден арам (Ыйык) ай жана андагы согуш тууралуу сурашат. Айткын[318]: «Ал айда согушуу – чоң күнөө. Бирок Алланын жолунан тосуу, Ага каапырдык кылуу, Харам Мечитине жолотпоо, анын жашоочуларын ал жерден кууп чыгаруу – Алланын алдында (андан да) чоңураак күнөө». Анткени бузукулук – өлтүрүүдөн да чоңураак күнөө. Эгер алардын колунан келсе силерди диниңерден кайтармайынча согуша берет, эгер алардын мүмкүнчүлүктөрү жетсе. Силерден (кимдир) бирөө дининен кайтып, каапыр абалда көз жумса, ошолордун сооп-амалдары бул дүйнөдө да, Акыретте да текке кетет. Алар – Тозок ээлери[319]. Алар анда түбөлүк[320]!
218.          Чындыгында, ыйман келтиргендер, көчкөндөр[321], Алла жолунда күрөшкөндөр – Алланын ырайымын үмүт кылышат. Алла – Кечиримдүү, Боорукер.
219.          Сенден арак жана кумар оюндары тууралуу сурашат. Ал экөөндө – чоң күнөө (бар). (Бирок) адамдар үчүн (бир аз) пайдалары да бар.  Ал экөөсүнүн пайдасынан күнөөсү  чоңураак. (Эй, Мухаммед!) Алар[322] сенден (Алла жолунда) эмнени кайрымдуулук кылууну сурашат. «Ашыкчасын[323]!» – деп айткын. Алла силерге өз аяттарын мына ушундай баян кылат. Мүмкүн силер ой жүгүртөрсүңөр.
220.          Дүйнөдө жана Акыретте да (тигил экөөнүн пайдалуурагын аласыңар). (Эй, Мухаммед!) сенден жетимдер[324] тууралуу сурашат. Айткын: «Алар үчүн  эң жакшысы – жакшы мамиле. Эгер аларга камкордук кылсаңар, анда алар силердин бир тууганыңар. Алла бузукуну  түзөөчүдөн (ажырата) билет. Эгер Алла кааласа силерди сөзсүз чарчатмак». Чындыгында, Алла – Мартабалуу, Даанышман.
221.          Мушрик аялдарга алар ыйман келтирмейинче үйлөнбөгүлө. Албетте ыймандуу күң, (азат) мушрик аялдан жакшы, эгер ал[325] силерге жакса дагы. Мушрик эркектерге[326] алар ыйман келтирмейинче турмушка бербегиле. Албетте ыймандуу кул – (азат) мушриктен жакшраак ал[327] силерге жакса да. Алар Тозокко чакырышат. Алла – Бейишке, кечиримине Өз уруксаты[328] менен чакырат. Ал адамдар (Жаратуучусун) эстөөсү үчүн Өз аяттарын баян кылат.
222.          Сенден этек кир жөнүндө сурашат. Айткын: «Ал – жагымсыз нерсе». Этек кири келген убагында аялдардан оолак болуп тургулу[329]. Алар таза болгонго чейин  аларга жакындабагыла. Эгер алар тазаланышса, аларга Алла силерди буйруган жагынан келгиле. Чындыгында, Алла тообо кылуучуларды жана тазалануучуларды жакшы көрөт.
223.       Аялдарыңар силердин эгин талааңар (болот). Эгин талааңарга каалаган тарабынан келгиле. Өзүңөр үчүн[330] аткарып койгула[331]. Алладан корккула! Чындыгында силер Ага жолугарыңарды билип койгула! Момундарга сүйүнчү кабар жеткиргин!
224.          Өзүңөрдү жакшылык кылуудагы, такыба болууңардагы жана адамдардын ортосун жараштыруудагы антыңар үчүн Алланы калкан кылбагыла! Алла – Угуучу, Билүүчү.
225.          Алла анттарыңардагы куру сөз үчүн жазалабайт[332], жүрөктөрүңөр жасаган иш үчүн жазалайт[333]Алла – Кечиримдүү, Боорукер.
226.          Аялдарына жакындашпоо үчүн ант бергендер төрт ай күтүшөт. Ал эми анттарын бузушса[334], албетте, Алла – Кечирүүчү, Мээримдүү.
227.          Ал эми алар ажырашууну (чындап) ниет кылышкан болсо[335], чындыгында, Алла –Угуучу, Билүүчү.
228.          Талак берилген (ажырашкан) аялдар үч этек кир мөөнөтүн күтүшөт. Эгер алар Аллага жана Акырет күнүнө ишенишсе курсагындагы (жатынындагы) Алланын жаратканын[336] жашыруулары (адал) эмес. Жарашууну (экөө тең) каалашса, анда аялдарын кайра алууга күйөөлөрү[337] укуктуураак.  Эркектердин аялдарында акылары болгон сыяктуу эле, аялдардын да күйөөлөрүндө белгилүү акылары бар. Аялдарга караганда эркектердин даражасы артыгыраак. Алла – Мартабалуу, Даанышман.
229.          Талак (ажырашуу) эки ирет[338]. Ошондуктан тууралык менен кармоо, же жакшылык менен ажырашуу (керек). Аларга бергениңерден[339] бир нерсени (кайра) алуу адал эмес[340].  Бирок экөөсү тең Алланын чегин сактай албай калуудан[341] коркушса, же силер да ал экөөсү Алланын чегин сактай албоосунан корксоңор[342], анда аялдын күйөөсүнө төлөм берүүсүндө[343] экөөнө тең күнөө жок. Мына ушул – Алланын чектери. Андан аша чаппагыла. Ким Алланын чегинен өтсө, мына ошолор – заалымдар.
230.          Күйөөсү аялына талак[344] берсе, андан ары ал[345] башка күйөөгө тиймейинче адал эмес. Эгер ал[346] ага талак берсе, экөөсү[347] тең: «Алланын чектерин сактай алабыз» – деп ойлошуп, кайра жарашышса анда күнөө жок. Бул – Алланын чектери. Аны[348] биле турган[349] коом үчүн баяндайт[350].
231.          Аялдарыңарга талак берсеңер, мөөнөтү жеткен учурда жакшылык менен кайра алып калгыла, же алардан жакшылык[351] менен ажырашкыла.  Аларга зыян берүү максатында кармап турбагыла[352]. Кимде-ким ушул ишти[353] жасаса, чындыгында өзүнө-өзү зулумдук кылган болот[354]. Алланын аяттарын азил кылбагыла! Ошондой эле Алланын силерге берген жакшылыктарын, силерге насаат кыла турган Китепти[355] жана даашымандыкты түшүргөнүн эстегиле! Алладан корккула, акыйкатта, Алла бардык нерсени Билүүчү экенин билгиле!
232.          Аялдарыңарды талак[356] кылсаңар, күтүү (идда) мөөнөтү бүткөн соң, алар өз күйөөсү менен (жашоого) жакшылык жолдо ыраазы болуп жарашышса жолтоо болбогула. Бул –Аллага жана Акырет күнүнө ыйман келтиргендер  үчүн айтылган насаат. Бул – силер үчүн тазалык менен аруулук. Алла билет, а силер билбейсиңер. 
233.          Эмизүүнүн толук болушун каалаган энелер балдарын толук эки жыл эмизишет. Эненин тийиштүү азык-оокатын, кийим-кечесин жакшылык менен камсыздоо атанын милдети.  Ар кимге чамасына жараша (милдет) жүктөлөт. Эне баласы себептүү, ата да баласы үчүн зыянга учурабасын. Ал эми мураскор да ушул сыяктуу (милдеттерге ээ). Эгер (наристенин) ата-энеси ыраазылык менен кеңешип ажырашууну чечишсе, анда экөөсүнө[357] тең күнөө жок. Эгер  балдарыңарды (бөтөн аялга) эмизүүнү кааласаңар, анда акысын жакшылап берсеңер – силерге күнөө болбойт.  Алладан корккула жана билгиле: Чындыгында, Алла силер жасаган иштериңерди Көрүүчү!
234.          Араңардан кайтыш болуп, аялдарын калтырып кеткендердин аялдары төрт ай он күн күтүшөт. Алардын белгилүү (күтүү) мөөнөтү бүткөндө, алар өздөрүнө жакшылык нерселерди[358] жасашса, анда силерге күнөө жок. Алла жасаганыңардан Кабардар!
235.          Ал аялдарга жуучулук сунушуңарды ачык айтсаңар, же купуя сактасаңар, андан күнөө болбойт. Алла, чындыгында, аларды эстегениңерди билет. Бирок, алар менен жашыруун убадалашпагыла.[359] Бирок жакшы сөздү сүйлөшүүңөр мүмкүн. Күтүү мөөнөтү бүтмөйүнчө никелешүүнү ниеттенбегиле. Чындыгында, Алла  – жүрөгүңөрдөгүнү[360] да билээрин унутпагыла!  Андыктан, андан[361] сактангыла. Алла – Кечиримдүү, Жумшак экенин билгиле.
236.          Силер аялдарыңарга жакындаганга[362] чейин жана калың берүүдөн мурда ажырашсаңар, анда (ажырашуу) айып эмес. Бай байлыгына жараша, кембагал алына жараша жакшылык менен аларды ыраазы кылышсын! Бул – жакшылык кылуучуларга милдет.
237.          Эгер аларга жакындоодон мурда ажырашсаңар, же калың берүүнү убада кылган болсоңор, убада бергениңердин жарымын (ага калтыргыла).  Бирок аял (эркекти) кечирсе, же колунда нике түйүнү бар (талак ээси, эркек) кечирсе – ал башка. Бири-бириңди кечирүү – такыбалыкка жакыныраак. Ортоңордогу жакшылыкты[363] унутпагыла. Алла – жасаганыңарды Көрүүчү!
238.          Намаздарга жана орто намазга[364] сак болгула. Аллага моюн сунган абалда тургула.
239.          Эгер силер корксоңор[365], унаа үстүндө, же жүрүп баратып (намаз окугула). Коопсуз болгонуңарда силерге билбегениңерди[366] үйрөткөндөй (кылып) Алланы эстегиле[367].
240.          Араңарда кайтыш болуп, аялдарын калтырып кеткендер аялдарына бир жылга чейин үйүнөн чыкпай пайдалана турган нерсени[368] осуят кылышсын.  Эгер алар[369] өздөрүнө жакшылык каалап[370] (өз каалоосу менен) чыгышса,  ал учурда силерге жоопкерчилик жүктөлбөйт. АллаЫзаттуу, Даанышман!
241.          Ажырашкан аялдардын тийиштүү (деңгээлде) (күйөөлөрү тараптан) камсыздалышы – такыбалар үчүн милдет.
242.          Алла –  акыл жүгүртүшүңөр үчүн[371] силерге аяттарын ушундай кылып баяндайт.
243.          Өлүмдөн коркуп өз үйлөрүнөн чыккан миңдеген адамдарды көрдүңбү[372]? Алла аларга: «Өлгүлө!» -деди. Андан кийин аларды (кайра) тирилтти. Чындыгында, Алла – адамдарга жакшылык кылуунун Ээси. Бирок адамдардын көпчүлүгү (Аллага) шүгүр кылышпайт.
244.          Алланын жолунда согушкула жана Алла Угуучу, Билүүчү экенин билгиле!
245.          Ким Аллага[373] жакшы карыз берсе, Алла ага көптөгөн кошумчасын кошуп берет.  Алла[374] тар кылат жана мол кылат. Ага[375] кайтарыласыңар!
246.          Мусадан кийинки Исраил урпактарынын башчыларын билбейсиңби? Алар өз пайгамбарларына: «Бизге падыша шайлап бер. Алла жолунда согушабыз», – дешти. Ал[376]: «Мүмкүн силерге согуш парз кылынса да, (баары бир) согушпайсыңар!» деп айтты.  Алар: «Биз бала-чакабыз менен журтубуздан куулуп чыгылган болсок[377], эмне үчүн Алла жолунда согушпайт экенбиз?! – дешти. Анан согушуу тууралуу (Алладан) өкүм келгенде, алардын аз бөлүгүнөн башкалары (согуштан) баш тартышты.  Алла заалымдарды Билүүчү!
247.          Аларга[378] пайгамбары: «Алла силерге Таалутту[379] падыша кылып жиберди», – деп айтты. «Биз ага караганда падышалыкка татыктуураак болсок, анан кантип ал бизге падыша болсун?! Ага байлык мол берилген эмес», - дешти. Ал: «Аны силерге Алла тандап, ага дене күчүн жана илимди мол берди» -деди. Алла өкүмдарлыкты (Өзү) каалаган адамга берет. Алла – баарын Камтуучу, Билүүчү.
248.          Аларга пайгамбары: «Анын падышалыгынын белгиси – Эгеңер тараптан көңүлгө бейпилдик жана Муса менен Харундун үй-бүлөсүнөн калган калдыктар (буйумдар) бар периштелер алып жүргөн сандыктын силерге келүүсү». Чындыгында, эгер силер ыймандуу болсоңор, ушунда – силерге белги бар.
249.          Талут аскери менен чыккан[380] кезде: «Чындыгында, Алла силерди дарыя аркылуу сынайт. Ким андан ичсе – менден эмес[381]. Ал эми кимде-ким андан ичпесе (же) колу менен кочуштап алып, аз гана алып ичсе – ал менден» -деди. «Алардын өтө азынан башкасы андан ичишти. Таалут жана аны менен (кошо) ыйман келтиргендер дарыядан өткөн соң: «Биз Жаалут жана анын аскерлерине тең келүүгө кудуретибиз жетпейт», - дешти. Алардын (ичинен) Аллага сөзсүз жолугарына ишенгендери: «Алланын каалоосу менен аз топ канчалган көп топту жеңген. Алла – сабырдуулар менен бирге» - дешти.
250.          Алар Жаалут жана анын аскерлери менен бетме-бет келген кезде: «Эгебиз бизге сабыр бер, кадамдарыбызды бекем кыл, бизге каапыр элдин үстүнөн (жеңишке жетүүгө) жардам бер!» –деп айтышты.
251.          Ошондо аларды[382] Алланын жардамы  менен жеңилүүгө дуушар кылышты. Даут Жаалутту өлтүрдү. Алла Даутка падышалык, даанышмандык жана (Алла Өзү) каалаган нерселерди үйрөттү[383]. Алла адам баласынын бирин башкасы аркылуу коргобосо – жер жүзү бузулуп кетмек[384]. Чындыгында Алла – бүткүл ааламдар үчүн (берилүүчү) жакшылыктын Ээси!
252.          Ушулар – Алланын белгилери. Биз аларды сага чындык менен окуп беребиз. Акыйкатта, сен[385]  – элчилерденсиң!

/чүнчү бөлүм

253.  Алла элчилердин[386] кээ бирин башкасынан артыгыраак жаратып,  алардын айрымдары менен сүйлөштү. Кээ бирөөсүнүн даражасын (башкасынан) жогорураак кылды. Марйам уулу Исага кереметтерди берип, аны Жебреил аркылуу күчтөндүрдүк. Эгер Алла кааласа аларга[387] далилдер (китептер) келген соң, пайгамбарлардан кийин алар согушпайт болчу. Бирок алар бири-бирине каршы чыгышты. Анан алардын кээ бирлери[388] ыйман келтирип, калган бөлүгү (ыймандан) баш тартышты. Эгер Алла кааласа алар бири-бири менен согушпайт эле. Бирок Алла  (Өзү) каалаганын жасайт!
254.  Эй, ыйман келтиргендер! Силерге берген ырыскыбыздан соодалашуу, достук, жан тартуу болбой турган Күн келгенге чейин Алла жолунда сарптагыла. Каапырлар – алар заалымдар.
255.  АллаАндан башка кудай жок. Ал – Тирүү, Түбөлүк! Аны уйкусуроо да, уктоо албайт. Асмандардагы жана жердеги нерселер Ага (гана) таандык. Анын алдында Өзүнүн уруксатысыз ким колдоочулук кыла алат?! Алардын[389] алдындагыларды[390] да, артындагыларды[391] да билет. Алар[392] Анын каалоосунан башка эч нерсе билишпейт. Анын күрсүсү (билими) асмандар менен жерди камтыйт. Ага ал экөөсүн сактоо – кыйын эмес. Ал – абдан Бийик, өтө Улуу!
256.  Динде зордоо жок. Чындыгында, тууралык менен азгырыктын ажырымы айкын болду. Кимде-ким будпарастыктан баш тартып, Аллага ыйман келтирсе, ошондо ал (эч качан) кыйрабас бекем таянычка ээ болот.  Алла – Угуучу, Билүүчү!
257.    Алла – ыймандуулардын досу. Аларды караңгылыктан жарыкка чыгарат. Каапырлардын досу – аларды жарыктан караңгылыкка алып баруучу таагуттар[393]. Алар – Тозок ээлери. Ал жерде түбөлүккө калышат.
258.        Алла падышалык (ээлик) бергендигин Ибрахим менен анын Эгеси жөнүндө[394] талашкан (адам)[395] тууралуу билесиңби? Ошондо Ибрахим: «Эгем өлтүрөт жана тирилтирет», -деди. Ал: «Мен да тирилте да, өлтүрө да алам[396]», -деп айтты. Ибрахим: «Чындыгында, Алла күндү Чыгыштан чыгарат, сен аны батыштан чыгарчы?!» –деди. Ошондо каапыр (Намрут) осол[397] болду. Алла заалым элди Туура Жолго түшүрбөйт,
259.        Же чатырлары кулаган кыштактан өткөн (адамды)[398] билесиңби?  «Буларды[399] өлгөн соң Алла кантип тирилтет?!» – деп ойлоду. Алла аны жүз жылга өлтүрүп, анан тирилтип: «Канча (убакыт) жаттың?!» - деп сурады. Ал: «Бир күн же жарым күн (гана жаттым)» – деди. (Алла): «Андай эмес! Сен жүз жыл (өлүп) жаттың.  Тамагыңа, суусундугуңа бир көз салчы: өзгөргөн эмес.  Эшегиңди кара[400]... Сени адамдарга үлгү кылуу үчүн[401]. Сөөккө кара[402], анын сөөктөрүн (мына) кандай кураштырып,  эт менен каптадык»,–деди[403].  Качан ага айкын болгондо[404] ал: «Билем, чындыгында, Алла бардык нерсеге Кудуреттүү», – деди.
260.        Ибрахим: «Эгем, өлүктү кантип тирилтесиң? Мага көргөзчү» - деген учурда, (Алла) айтты: «Ишенбейсиңби?». (Ибрахим) айтты: Албетте (ишенем), бирок жүрөгүмдүн тынчтануусу үчүн (билгим келет). (Алла)  айтты: «Канаттуулардан төрттү алып, (союп), этин аралаштырып, ар бир тоого алардын (этинен)  бирден үзүм ташта. Андан кийин аларды чакыр. Алар сага дароо (жетип) келишет. Билгин: Чындыгында Алла – Мартабалуу, Даанышман».
261.        Мал-мүлкүн Алла жолунда сарптагандар – ар сабагында жүздөн дан (урук) алган, жети баш өндүргөн бир даана данга окшош.  Алла кимге кааласа көбөйтүп берет.  Алла – Жоомарт, Билүүчү.
262.        Мал-мүлкүн Алла жолунда сарптагандарын кийин колко (милдет) кылууну, жагымсыздыкты эрчитпегендердин сооптору Эгелеринин алдында. Аларга коркунуч да[405],  кайгы да жок[406].
263.        Жакшы сөз жана кечиримдүүлүк, ыза ээрчитип келген садакадан жакшы[407]. Алла – Бай жана Жумшак.
264.         Эй, ыйман келтиргендер!  Мал-мүлкүн  элдер көрсүн үчүн сарптаган, Алла менен Акырет күнүнө ишенбеген (адамга) окшоп, садакаңарды колко кылып, же ыза менен[408] бузуп албагыла. Ал – үстүндө топурагы бар жылма ташка окшош.  Ага[409] катуу жамгыр жааса, аны (түшүмүн жууп кетип) таш боюнча калтырат. Алар өздөрү кылган иштин эч бирине ээ боло алышпайт.  Алла – каапыр элдерди туура жолго салбайт.
265.        Мал-мүлкүн[410] Алланын ыраазылыктарын көздөп сарптагандар жана өз  напсилерин бекемдегендер – дөңсөөдөгү бакчага окшош:  Ага нөшөр жааса эки эселеп түшүм берет.  Эгерде жаабаса, (ага) себелеген жамгыр  (деле жетиштүү). Алла – эмнени жасасаңар (да баарын) Көрүүчү. 
266.        Алдынан дарыялар агып турган бардык жемиштери бар курма жана жүзүм бакчасы болуп, балдары алсыз, өзү картайган кезде, бакчасын оттуу бороон каптап, өрттөнүп калышын силерден бирөө каалайт беле[411]? Ой жүгүртүүңөр үчүн Алла силерге  аяттарын ушундай түрдө түшүндүрөт.
267.        Эй, ыйман келтиргендер! Өзүңөр иштеп тапкан жакшылыктардан жана Биз силерге жерден чыгарып берген нерселерден сарптагыла.  Өзүңөр көздөрүңөрдү жумуп араң гана кармай турган (жаман) нерселерди сарптоо үчүн тандабагыла[412]. Алла – Бай, Макталуучу экенин билип койгула!
268.        Шайтан кедейликти убада кылып, бузукулукка буйруйт. Алла силерге Өзүнүн кечиримин жана ырайымын убада кылат. Чындыгында, Алла – баарын Камтуучу, Билүүчү!
269.        Ал даанышмандыкты кимге кааласа берет. Кимге даанышмандык берилсе, демек ага жакшылык мол берилди. Бирок муну акыл ээлери гана түшүнө алат.
270.        (Алла жолунда) сарпталган ар бир садаканы, назир[413] кылган ар бир сооп иштериңди Алла билет. Заалымдардын колдоочусу жок.
271.        Эгерде садаканы ашкере кылып берсеңер- ал кандай сонун. Ал эми аны жашыруун жасап, кедейлерге берсеңер-ал силер үчүн андан да жакшы. Ал[414] силердин жамандыктарыңарды өчүрөт. Алла – жасап жаткан ишиңерден Кабардар!
272.        (Каапырларды) Туура жолго түшүрүү – сенин милдетиң эмес. Бирок, Алла кимди кааласа туура жолго салат. Жакшылыктан эмне сарптасаңар да[415], өзүңөр үчүн. Алланын ыраазылыгын гана көздөп сарптагыла! Жакшылыктан эмне сарптасаңар (ал) силер үчүн толук берилет[416] жана силер адилетсиздикке кабылбайсыңар.
273.        Алла жолунда курчалган[417] кедейлердин[418] Жер бетинде сапарга[419] чамалары жетпейт. (Алар) каниеттүү болгондуктан билбеген киши бай деп эсептейт. Алардын (кедейликтерин) жүздөрүнөн[420] тааныйсың. Алар адамдардан суранышпайт. Жакшылыктан эмнени сарптабагыла, чындыгында, Алла – аны Билүүчү!
274.        Мал-мүлктөрүн күнү-түнү жашыруун да, ачык да сарптагандардын сооптору (алардын) – Эгелеринин алдында. Аларга (эч кандай) коркунуч жок, алар кайгырышпайт.
275.        Сүткорлук кылгандар (Кыямат Күнү) мүрзөлөрүнөн жин тийген киши сыяктуу турушат. Ага – алардын: “Чындыгында соода сүткорлукка[421] окшош”,-дегени себеп. Алла сооданы адал, бирок сүткорлукту арам кылды. Кимге Эгесинен насаат Сөз[422] келген кезде,  өздөрүн тыйышса, мурункулары[423] (кечирилет), а иши Аллага таандык. Кимде ким (сүткорлукка) кайтса, алар – Тозок ээлери. Алар анда – түбөлүккө калышат.
276.        Алла – сүткорлукту жокко чыгарып, садаканы арттырат. Алла ар кандай күнөөкөр-каапырларды жакшы көрбөйт.
277.        Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасап,  намазын орундатып[424], зекет бергендердин сооптору Эгелеринин алдында. Аларга коркунуч да, кайгыруу да болбойт.
278.        Эй, ыйман келтиргендер! Алладан корккула, эгер ишенсеңер[425] сүткорлуктан калган нерсеңерди таштагыла[426]
279.        Эгер (сүткорлукту таштоону) каалабасаңар,  муну – Аллага, анын элчисине каршы согуш деп билгиле. Эгер (сүткорлукту таштап) тообо кылсаңар ошол учурдагы  (бар болгон адал)  мүлкүңөрдүн башы (пайдасы) өзүңөргө. Зулумдук[427] кылбагыла, (ошондо) зулумдукка кабылбайсыңар!
280.        Ал эми эгер ким кедейчиликтин кыйынчылыгында болсо, ал байыганга чейин күткүлө[428]. Ал эми билсеңер: кайрымдуулук[429] кылууңар – өзүңөр үчүн жакшыраак.
281.        Аллага кайтып келе турган Күндөн корккула (сактангыла).  (Ал Күнү) ар бир жанга, ар бир кылган иши үчүн толук акысы берилип, аларга[430] зулумдук[431] кылынбайт.
282.        Эй, ыйман келтиргендер! Белгилүү бир мөөнөткө бири-бириңерден карыз алсаңар (берсеңер), аны жазып койгула![432] Анан да ортоңордо бир катчы адилеттүүлүк менен жазсын. Катчы Алланын ага үйрөтүүсү боюнча[433] жазуудан баш тартпасын. (Карызды кайтаруу) милдеттендирилген (адам) айтып, ал (катчы) жазсын.  (Жазган) Эгеси болгон Алладан корксун жана андан[434] эч нерсе кемитпесин.  Эгер карыз  (киши) акылсыз, алсыз[435], же  ал жазууга кудуретсиз болсо, андай учурда өкүлү[436] адилеттүүлүк менен жазсын. Эркектерден эки күбөнү күбө катары катыштыргыла. Эгер эки эркек болбосо, андай учурда күбөлүккө өтүүгө өзүңөр ылайык көргөн бир эркек менен эки аял[437]. (Аялдын) бирөөсү адашса, экинчиси аны түзөйт (эскерет). Күбөлөр чакырылган кезде баш тартышпасын[438].  (Карыздын) аз же көп экенине карабастан белгилүү мөөнөткө жазып койуудан эринбегиле. Мына ушул – Алланын алдында адилеттүүрөөк жана күбөлүк үчүн бекемирээк, күмөнсүрөбөшүңөргө жакыныраак. Бирок өз ара кол алышып, жасалган нак соода болсо, аны жазуунун кажети жок.  Соодалашкан кезде күбөлөндүргүлө.  Катчы да, күбө да зыянга учурабасын.  Эгер андай кылсаңар[439] ал силер үчүн күнөө. Алладан корккула. Ошондуктан Алла силерге үйрөттү[440]. Алла – бардык нерсени Билүүчү.
283.        Эгер сапарда болуп, катчы таба албасаңар, андай учурда күрөө алынат. Эгер бири-бириңерге ишенсеңер ишенилген тарап аманатын[441] тапшырсын. Ошону менен бирге Эгеси болгон Алладан корксун[442]. Күбөлүктү (көргөнүңөрдү) жашырбагыла. Ким аны жашырса, жүрөгү күнөөкөр (болот). Алла – силердин жасаганыңарды Билүүчү!
284.        Асмандардагы жана жердеги нерселердин баары Аллага таандык. Силер көңүлүңөрдөгүнү жашырсаңар да, ашкере кылсаңар да, Алла ал тууралуу силерден (баары бир) сурак алат. Ал кимди кааласа кечирип, кимди кааласа  азаптайт. Алла – бардык нерсеге Кудуреттүү!
285.        Элчи менен момундар Эгеси тарабынан түшүрүлгөнгө[443] ыйман келтиришти. Баарысы Аллага, Анын периштелерине, Анын Китептерине, Анын элчилерине ишеништи. Алар: “Анын элчилеринин эч кимисин биз бөлбөйбүз”[444], “угуп, моюн сундук”, –дешти. Оо Эгем, Сенин кечиримиңди тилейбиз жана Сага гана кайтып барабыз.
286.        Алла ар бир жанга мүмкүнчүлүгү жеткен гана милдетти жүктөйт. (Ар бир жандын) жасаган жакшылыгы – өз пайдасына, ал эми жамандыгы – өз зыйанына. “Оо Эгем, эгер унутуп, же жаңылып калсак бизди азаптай көрбө! Оо Эгем, бизге мурункуларга жүктөгөнүңдөй оор жүк [445]жүктөй көрбө!  Оо Эгем, бизге күчүбүз жетпегенди жүктөбө! Бизди (Оттон) куткар! Бизди кечир! Бизге ырайым кыла көр! Сен – биздин Кожоюнубузсуң! Каапыр коомдорго каршы[446] бизге жардам бер!








[1] Бакара-Уй
[2] Бул аяттын мааниси жалгыз Жаратканга гана маалым.
[3] Куран.
[4] Такыбалар – Кудайдан коркон, тили, колу  же жүрөгү менен жамандык кылбагандар .
[5] Такыбалар.
[6] Кайра тирилүү, Бейиш.
[7] Алла жолуна.
[8] Ыйык Куранга.
[9] Сенден мурун Тоорат менен Инжилде убадаланган, пайгамбарлардын тилинде байандалган Куран (Тафсир Ал-Багавий).
[10] Кыямат күнү.
[11] Алардын сыйлыгы Бейиш болот.
[12] Динге чакыруу.
[13] Эки жүздүүлөр - мунафыктар.
[14] Шек, рия -  мактаныч, эки жүздүүлүк.
[15] Аллага.
[16] Алардын шылдыңынын жазасын берет.
[17] Туура жолду берип, адашууну алгандар.
[18] Кудайга жана Анын жазасына ишенбегендердин ал-абалы да дал ушундай.
[19] Мухаммед (а.с)га
[20] Куран аяттарына
[21] Кудайларыңарды.
[22] Тозоктон.
[23] Бейиш бакчалары.
[24] Жалган дүйнөдө деле ушундай жемиштерди жегенин эскерет. Бирок даамы окшобойт.
[25] Хур кыздары.
[26] Курандын
[27] Андан соң каалоосун асманга багыттады(Сафват-Аттафаасир). Өзүнүн каалоосунун негизинде асманга максат кылды(Тафсир Ал-Байзавий). Ибну Аббас(р.а.) жана оболку Куранды чечмелөөчүлөрдүн көпчүлүгү:»Асманга көтөрүлдү...»-деп айтышкан(Тафсир Ал-Багавий).Истиваа:Барабар болуу,Түзөлүү. М: «Тайак(жыгач) түздөлдү»-деп айтылат…(Тафсир Ал-Насафий). Жерди жараткан соң өзүнүн(Алланын)улуктугуна ылйык абалда…(тафсир Ал-Жалалайн).»Асманга максат кылды».Истиваа – бул жерде максат кылуу,бет алуу маанисинде …(Тафсир Ибну Касиир). Абу Жаафар айткан:»Бул айаттын чечмелөөсүндө кайчы пикирлер бар.»Иставаа илас-Самаа»нын маанисин айрымдар: Ага бет алды»-деген»(Тафсир Ал-Табарий).


[28] Таазим кылуу.
[29] Шайтандардын атасы, чоңу.
[30] алды
[31] Адам атанын.
[32] Тозокту
[33] Тооратты.
[34] Куран.
[35] Намазды жамаат менен окугандар; намазды жамаат менен окугула.
[36] Алладан корккондор
[37] Алладан корккондор.
[38] Башка элдерден(мурунку замандарда).
[39] Берген төлөмүнүн пайдасы жок. Аны эч ким албай турган күн.
[40] Египеттин каапыр падышасы.
[41] Кызыл деңизди.
[42] Тооратты бериш үчүн
[43] Тоорат.
[44] Адал менен арамды.
[45] Күнөөсүздөрү  күнөөлүүлөрдү өлтүрсүн.( Сафат ал-Тафасир).
[46] Музоого сыйнып, Алланын алдында оор күнөөгө баткандыктары үчүн жөөттөр бирин-бири өлтүрүп, 3000 киши өлтүрүлгөн.
[47] Муса(а.с.)дын коомундагылар.
[48] Бул тууралуу айтылган кабарлар эки түрдүү: 1. Өлүмгө учурагандар кайра тирилген; 2. Эс-учун такыр жоготуп жатып калгандар кайрадан эсине келтирилген.
[49] бөдөнө
[50] Хиттатун.
[51] Йакуптан таралган Исраил урпактарынын он эки уруусу.
[52] Иудейлердин, же христиандардын бир тайпасы
[53] Бул келишим боюнча алар өздөрүнүн Эгесинин бардык эреже, буйруктарын аткарууга тийиш болушкан.
[54] Тур тоосу, б. а. Синай тоосу. Азирети Муса пайгамбар Алладан кабар-буйруктарды ошол Тур тоосунда туруп элине алып келген, ал эми Мусанын коому ошол тоонун түбүндө жашап турушкан.
[55] Иудейлердин мыйзамы боюнча ал күнү эч кандай жумуш кылбай, аң улоого да барбай, күндү жалаң гана Кудайга сыйынуу менен өткөрүүгө тийиш болушкан. Тигилер  аны бузушкан.
[56] Алар маймылдарга айлантылып салынган.
[57]  Алардын Эгеси эмес, жеке гана Мусаныкы өңдүү кайрылышканы байкалууда.
[58] Аны менен суу ташылбаган. Ошол доордо уйга артып суу ташып келип жер сугарган учурлар болгон
[59] Кемчилиги жок (мисалы:кулагы кесилбеген, таноосу жырылбаган, жоору жок ж.б. айыбы жок уй).
[60] Буга чейин Муса калп айтып жаткан өңдүү мамиле кылгандары байкалууда.
[61] Эгерде алар буйрук келер менен  белгилерин сураштырып отурбай эле бир уйду сойгондо мынчалык убара болушпас эле.
[62] Мусулмандар.
[63] Иудейлер
[64] Акылдары жетип туруп деле
[65] Алла Таалага, Анын пайгамбарына жана Куранга
[66] Тооратта айтылгандарды.Мисалы, Пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.)дын сыпаттарын
[67] мусулмандарга
[68] иудейлердин
[69] Тооратты
[70] Алардын дин кызматкерлери алардын көзүн будамайлап, жалган үмүт каалоолорун козутушкан.
[71] Китебин сатып.
[72] Жетим-жесир, кедей, оорукчан, жолоочу, муктаж адамдарга милдеттүү түрдө берилүүчү салык – жардам.
[73] Келишимден.
[74] Сөз мында Мединалык иудейлерге да тиешелүү.
[75] Колго түшкөндөрдү сатуу үчүн кайра алып келишсе.
[76] Тооратта көргөзүлгөндөй.
[77] Тооратта көргөзүлгөн боюнча.
[78] Тоораттын.
[79] Иудейлер.
[80] Кулпу салынып бекитилген.
[81] Тооратты.
[82] Куран.
[83] “О Жараткан, болочок Пайгамбарың менен бул каапырларга каршы жеңиш алып кел”, – деп, дуба кылышаар эле.
[84] Пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.)га, Куранга. Тооратта Мухаммед (а.с.)дын келе турганы жана анын сыпаттары баяндалган.
[85] Тооратка
[86] Тоораттын
[87] Куранды
[88] Куран
[89] Тооратты
[90] Иудейлер
[91] Мурунку доорлордо алар бир нечелеген Алланын пайгамбарларын өлтүрүшкөн жана куугунтукка алышкан, алардын ичинде азирети Иса да бар.
[92] Муса (а.с.) тур тоосуна кеткенде
[93] Тур тоосун үстүңөргө таштап жиберүү үчүн
[94] Алланын буйругун
[95] Ага сыйынууга.
[96] Өлүмдү
[97] Ширк келтиргендер – Алладан башкага сыйынуучулар
[98] куткара
[99] Ал – Аллага душман!»
[100] Куранды
[101] Забурду, Тооратты, Индилди
[102] Микайил – периштенин аты
[103] Иудейлер
[104] Убадага турбайт
[105] Мухаммед (а.с.)
[106] Иудейлердин
[107] Сулайман (а.с.) Алланын элчиси жана падыша болгон
[108] Байыркы Вавилон шаары, падышалыгы. Тигр менен Ефрат дайраларынын боюнда жайгашкан.
[109] Эки периште. Алар чоң илимдүү болушкан жана Бабил (Вавилон) шаарына, адамдарды сыноо үчүн жиберилген. Алар адам кебетесинде болушкан. Өздөрүнөн илим үйрөнүүнү суранып келгендерге илим үйрөтүшкөн,  илимди жаман максаттарга колдонууга болбостугун, эгер антишсе каапыр болуп, Алланын азабына кабылышаарын адамдарга катуу эскертишкен; шайтандар болсо адамдарды ошол илимдерди жаман максаттарга, сыйкырга пайдаланууга  азгырышкан.
[110] Эркек менен аялды ажыратып салгандар
[111] адамдар
[112] Каапыр болгондор
[113] Бул сөз арабча, бирок иудейлер тилинде тилдөө үчүн колдонулган. Иудейлер бул сөздү Пайгамбарга колдонуп, ичинде тилденүү ниет кылышаар эле. Ошондуктан Алла бул сөздү колдонбоого буйрук берген.
[114] Иудейлерден жана христиандардан
[115] Тигилери да, булары да Куранга ишенишпеген жана мусулмандарга карата көрө албастык, же душмандык маанайда болушкан.
[116] Куран аяттарын
[117] Алла айрым аяттардын өкүмүн өзгөрткөн. Айрым аяттарды пайгамбардын жүрөгүнөн алып салган.
[118] Аяттардын
[119] Сактоочу, Коргоочу, Болушуучу
[120] Кычы, керексиз, талаш, же оңтойсуз суроолорду берүүнү
[121] Иудейлер жана христиандар
[122] Милдеттүү түрдөгү жардам; ал жетим-жесир, жакыр, оорукчан ж.б.у.с. муктаждарга берилет.
[123] Иудейлер жана христиандар
[124] Алардын ыйык китептеринде да бул өңдүү мааниде сөздөр жок.
[125] Ага моюн сунуп, буйруктарын аткарса.
[126] Буддарга (айкелдерге), б. а. жалган кудайларга сыйынгандар
[127] Мечиттерди
[128] Көп кудайчылар мусулмандарды Каабага, мечитке барып, Аллага сыйынууга түрдүү тоскоолдуктарды жасашкан.
[129] Бардык жерде Алланын болуп туруусу; ааламда Ал болбой калган эч бир боштук, тарап жок.
[130] Христиандык түшүнүк боюнча Иисус, же Иса “Ыйык Троицадагы” (Ата, Уул, Рух) экинчиси, б. а. Уул болуп саналат дешет. А иудейлер болсо Узайр пайгамбарды кудайдын уулу деп эсептейт. Ал эми Көп кудайчылар периштелерди кудайдын кыздары деген наадандык түшүнүктө болушкан.
[131] Алла балага , же аялга ж.б.у.с. нерселерге муктаж эмес
[132] Мекке каапырлары
[133] Далилдерди
[134] Тозокко түшкөндөр
[135] Вахий - кабар
[136] Мусанын учурунда  Алла аларды улуктап, аларга Муса пайгамбарды жана Тооратты жөнөтүп, аларды артык кылган. Бирок, алар ошондо эле, андан кийинки доорлордо да улам-улам күнөө жана жаңылыштыктарга бата беришип, кийинки доорлордо дүйнө жүзүнө таратылып салынган. Ошентип, Кудай берген артыкчылыкты тутуна алышпады.
[137] Кыямат
[138] Ибрахим.
[139] Имам.
[140] Аларга берилүүгө тийиш эмес.
[141] Ыйык Мекке шаарындагы Каабаны
[142] Аллага сыйынуучулар
[143] Кабаны.
[144] Ибрахим Аллага чексиз берилгендигин эки жолу далилдеген. Биринчиси: Ибрахим өз колу менен буддарды (айкелдерди) талкалап салганы үчүн каапырлар аны отко ата турган болушканда да, Аллага болгон берилгендигинен кайтпастан отко барган, каапырларга моюн сунган эмес. Экинчиси: өзүнүн эң жакшы көргөн уулу Исмаилди курмандыкка чалуу жөнүндө Алладан буйрук-сыноо келгенде, ал уулун Алланын ыраазылыгы үчүн курмандыкка чалган. Бирок, Алланын буйругу менен бычагы өтпөй калып, анын ордуна курмандык кылуу үчүн кочкор түшүрүлүп берилген.
[145] Йакуп – Ибрахимдин небереси жана Алланын атактуу пайгамбарларынын бири.
[146] Мойун сунууну
[147] Йакуп.
[148] Иудейлерге тиешелүү.
[149] Ибрахим “ханиф” болгон. “Ханиф” деген сөз “ханафа” деген этиштен чыгат. Жакшы иштерди кылуучу,  такыба жакшы адамдар болгондуктан, Ибрахим пайгамбардын коомуна карата да “ханиф” деген термин колдонулган.
[150] Эй , ыймандуулар!
[151] Бирине ишенип, бирине ишенбей койбойбуз.
[152] Эй,  Мухаммед.
[153] Кылган иштери
[154] Башка кыблага карап калышты
[155] Эй, Мухаммед!
[156] Мухаммед (а.с.)
[157] Адилеттүү, мыкты.
[158] Эл, тайпа, коом, жамаат…
[159] Мекке шаарында.
[160] кайдыгер эмес
[161] Б.а. бир динде болуп туруп, ар кимиси ар кыл кыбыланы карманышат.
[162] Өз напсине заалымдык кылуучу
[163] Куранды
[164] айрым аалымдарыдан
[165] Курандын Алладан экендигинен
[166] Кыбыласы. Маселен  христиандардын өзүнчө. 
[167] Дин амалдарын аткарууда, Аллага жагуу үчүн.
[168] Кыямат Күнү  Махшар майданына
[169] Кайдыгер эмес
[170] Куран
[171] Мухаммедди (а.с.)
[172] Ибадат кылгыла
[173] Кыйын күндөрдө жардам берем, оор абалдан абийирдүү  алып чыгам…
[174] Менин жакшылыктарымды  чанбай, ибадатыңар аркылуу ыраазылык билдиргиле
[175] Менин аяттарымды чанбагыла, Менин жакшылыктарымды танбагыла, Мага шүгүр келтиргиле.
[176] Менден б.а. Алла Тааладан
[177] Шейит кеткендерди
[178] кыйынчылык, балээ, кырсык ж.б.у.с.
[179] Мис. жакындардын жанын алуу менен
[180] Жогоруда аталган Алланын сыноолорун сабыр менен жеңгендерге
[181] Сафа менен Марва – Ажар эне чуркаган Меккедеги эки дөңсөөнүн аты. (Пайгамбарлар тарыхын караңыз)
[182] Меккедеги Алланын /йүнө
[183] Бул жерде парз ажылык тууралуу сөз болууда
[184] Бул жерде кичи ажылык, тагыраак айтканда умра тууралуу сөз болууда
[185] Сафаны жана Марваны
[186] Куранда
[187] периштелер
[188] Курандагы чындыкты
[189] Тозокто
[190] Каапырлардын кайра бул дүйнөгө келип ибадат кылууну суранган суранычы  орундалбайт.
[191] Жер бетиндеги
[192] Аллага
[193] Б.а. Алланын бирлигин жана барлыгын шексиз кылып далилдеген
[194] Эскертүү.
[195] Мушриктер – Аллага шерик кошуучулар
[196] Мисалы, Иса пайгамбарды, Будданы…,  буддарды ж.б.у.с «шерик» кылышат
[197] «Шериктерди» – буддарды
[198]  мушриктердин, Аллага шерик кошуучулардын сүйүүсүнөн алдаганча күчтүүрөөк
[199] Жалган кудайлар, буддар ж.б.у.с.
[200] Бул дүйнөгө кайра кайтаар
[201] шайтан
[202] эки дүйнөдө элдешкис
[203] Мисалы, Алла Таалага шерик кошуууну, Алла арам кылган несрелерди «адал» катары кабылдоону үйрөтөт ж.б.у.с.
[204] Мушриктерге
[205] Куранды
[206] мисалы: дин, ишеним, ырым-жырымдарды ж.б.у.с. нерселерди
[207] Кулактары, тилдери, көздөрү соо туруп, акыйкат үчүн колдонушпайт.
[208] Алла Таала, Куран, Акырет, сооп, күнөө, Бейиш, Тозок ж.б. тууралуу жаңылыш түшүнүктү карманышат
[209] Баардык жандуулардын аккан канын, ал тургай Алланын Ысмы аталып, мууздалган, адал малдыкы болсо да.
[210] Алла Таала
[211] Алланын ысмы аталып мууздалбастан өзү арам өлүп калган малдардын жана жеш арам болгон баардык айбандардын этин
[212] Баардык жандуулардын канын, ал тургай Алланын ысмы аталып мууздалган адал малдыкы болсо да
[213] тыйуу салды
[214] бир аз жеп, убактылуу мөөнөткө, жан сакташ үчүн
[215] Забур, Тоорат, Инжил
[216] Курсактарына  жалын-от  жедирилет
[217] Куранды
[218] Куран жөнүндө
[219] Акыйкаттан алыс
[220] Ошондуктан өз ара
[221] Алланын бар экендигине  жана жалгыз экендигине чын жүрөгү менен ишенип
[222] Өзүнө керек болсо да
[223] Ушул айтылгандарды аткаргандар
[224] Алладан
[225] азат – кул эмес, эркин адам
[226] Өлтүрүлгөн адамдын бир тууганы
[227] кунун алууда орой мамиле кылбай
[228] кунду өз мөөнөтүндө толук берип
[229] силерге, адамдарга Алла тарабынан берилген жеңилдик
[230] Өлтүрөлгөн адам үчүн же башка бирөө өлтүрүлүп өч алынып, же кун алынгандан кийин да күнөөкөр тарапка зулумдук кылып, Алла белгилеген чектен ашса
[231] Анткени өч алуудан коркуп, бирөөнүн өмүрүнө кол салбай, өзүнө да, өзгөгө да жашоо берет.
[232] Алла Таала тарабынан
[233] Өзүнүн напсине ылайыктап өзгөртүп, милдеттенмени аткаруудан качса
[234] Көзү өткөн адамдын мурастарын бөлүштүрүүдөгү  катачылыктарды шарыйатка ылайыктап оңдоп койсо
[235] Б.а. орозодон кийин болсо да башка күндөрдө орозону сөзсүз тутуу буйрулду
[236] Маселен, катуу оорудан улам, же карылыктан
[237] Кайыр садаканы көбүрөөк берип
[238] Орозонун тутулбай калган күндөрүнүн санын
[239] Мен аларга ар дайым
[240] Качан да болсо, ар дайым
[241] Тилек тилеп, бир нерсе сурап дуба кылышса
[242] Буйруктарымды аткарышсын!
[243] Жакындоого уруксат берилди.
[244] Аялдарыңар
[245] Бири бириңе муктажсыңар
[246] Аялдарыңарга
[247] Уул-кызды
[248] Иьтикаф-өзүн чектеп олтуруп мечиттен чыкпай жасалуучу ибадат
[249] бири-бириңердин акыңарды  пара берип, пара алып, арамдан  жебегиле
[250] Пара берип, маселе чечиш үчүн
[251] сот, прокурор, чоңдор, башчылар, жетекчилер, акимдер, өкмөт мүчөлөрү, президент… сыяктууларга
[252] Эй, Мухаммед!
[253] Ислам келгенге чейинки караңгы  (жаахилия) доордо кээ бир ажылар адылыктан келген соң үйлөрүнүн эшигинен эмес, артынан киришкен
[254] Тозоктон
[255] Куранда белгиленген чектерден
[256] Мусулмандарга, силерге каршы согушуп жаткан каапырларды
[257] көрсөңөр
[258] Мекениңерден
[259] Жалган айтып бүлгүн салуу, тополоң чыгаруу
[260] Ислам дини дүйнө жүзүнө толук орногонго чейин
[261] Заалымдар менен гана душмандашуу, согушуу туура.
[262] Шариатта согушууга тыйу салынган айлардын ортосунда бири-бирин өзгөчөлөгөн эч кандай айырма жок
[263] Алар ыйык айда согушса, силер да согуша бергиле.
[264] Согуш тыюу салынган Ыйык айлар.
[265] Алладан коркуучулар
[266] Берешендик, кол ачыктык, кең пейилдик
[267] Кичи ажылык
[268] Алланын ыраазычылыгына жетүү үчүн
[269] Ажылыкка бараткан жолдо тоскоолдуктар пайда болсо
[270] Харам Мечитине
[271] башыңардагы чачыңарды
[272] алты  кедейге
[273] Бараткан жолдогу тоскоолдук жойулуп коопсуз абал түзүлгөн соң, Меккеге келип
[274] Эгер умра-ажылыкты  парз-ажылыктан мурда аткарып, ихрамдан чыгып, анан кайра парз-ажылыкка ихрам байланган болсо
[275] аман-эсен үйүңөргө келген соң
[276] орозо тутсун
[277] Белгилүү айларда гана аткарылат
[278] ажылык учурунда никелүү аялына да кошулууга болбойт
[279] Сапарга аттанган ар бир адам күл азыгын камдагандай эле, силер да Акыретте сөзсүз кереги тийүүчү азык-соопторуңарды азыртан камдагыла!. Акыреттин азаптуу узак жолуна  кур кол чыкпагыла!…
[280] Күндөлүк зарылдыктарыңарды канааттандыруу үчүн бираз соода-сатык кылсаңар
[281] Мекке шаарына жакын өрөөн. Ал жерде туруу ажылыктын бир парзы.
[282] Муздалифанын аяк жагында жайгашкан тоо.
[283] зикир кылгыла, алкагыла, даңктагыла
[284] ажылардан
[285] гана жакшылык
[286] дуба кылып сураган нерселердин баары болот
[287] Ташрик күндөрү
[288] ибадатын бүтүрсө болот
[289] үч күндөн көп кармалып калса да
[290] Такыба адамдар
[291] Кыяматта тирилип келип Алланын  алдында жыйналып, сурак бересиңер
[292] Ахнас ибн Шарийктин сөзү
[293] Анткени алар мусулман болбой туруп «мусулман болдум!» деп кымындай да уялбастан Алланын аты менен касам ичет. Бирок дилинде мусулмандарды душманындай жек көрөт… Ахнас ибн Шарийк сыяктуу
[294] жок ыйманына
[295] Сага душман болгон
[296] Адамдарды жана айбанаттарды
[297] Б.а. анын текеберленип ого бетер күчөп, күнөөгө андан бетер батат
[298] Такыба мусулмандардын арасында
[299] өзгөчө мусулман адамдарга
[300] Курандагы аяттар
[301] Исламга толук кирбегендер
[302] Бул жерде эки маани бар: 1) Кыйаматтын болушун күтүү, 2) өздөрү эмгек кылбай, алардын иштерин Алла келип бүтүрүп беришин күтүү
[303] күтүп жатышабы?!
[304] пайгамбарга
[305] пайгамбарлардын көзү өткөн соң ыйык китептерди оңдошсо. Забур, Тоорот , Инжилди  ошентип өзгөртүшкөн
[306] Дүйнө алгач жаратылган кездерде
[307] бүткүл адамзат бир эле динди (б.а. Алланын динин)  карманышкан
[308] Бейиш кабары менен
[309] Тозок азабы менен
[310] Забур, Тоорат, Инжил, алар адам колу менен өзгөртүлгөн соң, өзгөрбөс кылып Куранды жиберген
[311] Карама-каршы тараптарга айланышты
[312] Христиандар жана иудейлер өздөрү да билбей эле  талашышкан Чындыкка, Хидайат Жолго жеткирди
[313] Бул жерде эки маани камтылган 1) жер титирөөнүн азабы; 2) каапырлар менен согуштагы өлүм  коркунучунан титирөө
[314] Тез эле келет
[315] Мусулмандар
[316] Алла силерге насип кылган ырыскылардан кайсынысын болсо да…
[317] Б.а. эң оболу ушу аталган адамдарга кайрымдуулук кылуу (жардам берүү)  керек.
[318] Эй, Мухаммед! (а.с.)
[319] Б.а. алардын жайы -Тозокто
[320] Б.а. алар Тозокто түбөлүк калышат, эч качан чыгарылбайт
[321] Меккеден Мединага Ислам динин сактап калуу үчүн Алланын буйругу менен жер которгондор
[322] Мусулмандар
[323] Б.а. өзүңөрдөн ашканын
[324] Жетимдердин ата-энесинен калган мүлкүн кантип туура пайдалнгуу  жана аларга кандай мамиле кылуу  керектиги жөнүндө Алла  Тааладан кандай буйруктар бар экенин
[325] азат мушрик  аял
[326] кызыңарды, карындашыңарды, ж.б. аял жакындарыңарды
[327] азат мушрик эркек
[328] Б.а. Бейиш кекирүү, Алланын кечиримине ээ болуу – адамдын акылдуулугунан эмес, Алланын каалоосу менен гана болуучу нерсе
[329] Жыныстык катнаш кылбагыла
[330] Акыретте керек болуучу соопту
[331] Кошулуунун алдында: “Бисмилланы” айтуу сыяктуу сооп амалды
[332] Чын жүрөктөн эмес, ооз учунунан гана айтылымыш болгон сөздөр үчүн
[333] чын дилиңер менен айтылган сөз үчүн жазалайт
[334] Кафаарат төлөө менен гана бузулат
[335] Төрт  айдан кийин да ажырашуу ниетинен жанышпаса, же төрт айга чейин ажырашуу тууралуу берген антын бузбаса
[336] Эне өз  курсагындагы түйүлдүктүн бар экенин билип-сезип турап, ажырашууну жеңилдетүү максатында «боюмда жок» деп жашырып койсо
[337] мындай учурда аялына караганда күйөөсүнүн укугу чоңураак
[338] Экиден ашпоосу тийиш
[339] Маселен: төлөнгөн калың, белек ж.б.у.с.
[340] Бир да нерсени алууга болбойт. Тескерисинче калтырып коюу – чоң сооп. Аялыңа бир эле жолу кирип чыккан соң, эмне берген болсоң анын баары ага адал болуп саналат жана кайта алынбайт
[341] Бирге жашап кетүүгө каалоо- ишенимдери болбосо
[342] Алардын чогуу жашай аларына көзүңөр жетпесе
[343] Эгер аял өзү күйөөсү менен ажырашууну каалап, күйөөсүнөн талак талап кылса, анда аялы алган калыңды кайтарып берүүсү мүмкүн
[344] үч талак берилсе
[345] аялы
[346] экинчи күйөөсү
[347] Биринчи күйөөсү экөө
[348] Бул Алланын мыйзам-чектерин
[349] Шариятты түшүнө турган, Алланын жолундагы коом үчүн
[350] баяндоодо, айтып берүүдө
[351] Жакшы мамиле жасап, адептүүлүк менен
[352] талагын бербей, же чогуу жашабай, аялыңарды «асылган абалда» арасат (же ары эмес, же бери эмес) калтырып кыйнап, зулумдук кылбагыла
[353] Аялына таш боордук кылса, кыйнаса, чектен ашса
[354] Аны Алла Таала сөзсүз кыйнайт
[355] Куранды
[356] бир же эки талак
[357] күйөөсүнө да, аялына да
[358] Шариятты бузбай, кайрадан үй бүлө күтүү максатында кийинсе, өзүн оңдоп-түзөсө
[359] зина-ойноштук кылбагыла
[360] Ой, кыял, максат, ниеттериңерди да
[361] Ойноштук кылуу тууралуу ойлонуудан да сактангыла
[362] Жыныстык катнаш
[363] Башыңардан чогуу өткөргөн Алланын жакшы күндөрүн, ортоңордо бала-чаканын бар экенин эске алып кечиримдүү болууну
[364] “Орто намаз” – деп айрым аалымдар дигерди, айрымдары бешимди белгилешет. Чындыгын бир гана Алла Таала билет.
[365] Согуш учурунда душмандын зыяныдан
[366] Силер мурда намаз тууралуу илимиңер жок кезде Алла Таала кантип туура намаз окууну, ибадат кылууну үйрөткөн болсо, ошол калыпты, тартипти жана эрежени бузбастан намаз окугула
[367] Өз эрежеси менен зикир кылгыла
[368] Күйөөсүнүн мүлкүнөн кийим-кече, тамак-аш
[369] аялы (же аялдары)
[370] кайра турмушка чыгып, шарият жолунда үй-бүлө күтүү максатында
[371] Пенделерине түшүнүктүү болсун үчүн
[372] Өткөн замандарда
[373] Алла жолунда сарптаса
[374] Алла Өзү каалаганынын ырыскысын, же кең,  же тар кылат
[375] Алла Таалага
[376] Пайгамбар
[377] Жаалуттун адамдары аларды кууп чыккан болчу
[378] Израил урпактарына
[379] Талут, кедей жана карапайым адам болгон. Аны тоотпогондор бай болушкан.
[380] Өзү жашаган шаардан
[381] менин аскериме таандык эмес, аскериме кошула албайт.
[382] Жалутту жана анын аскерлерин
[383] Темирден соот жасоону, куштардын тилин түшүнүүнү
[384] Жердеги жашоо ырааты жана тиричилик өткөрүү  ирээти кыйрап,  зулумдук гана гүлдөп өнүгүп, жакшы адамдарга жерде жашоо мүмкүн болбой калмак
[385] Эй, Мухаммед!
[386] Алланын элчилери Жана пайгамбарлары тууралуу сөз болууда
[387] Муса,  Иса…ж.б. пайгамбарлардын үммөттөрү  өз пайгамбарларынын көзү өткөн соң диндеринен кайтышып, же өзгөртүшүп, карама-каршылыкка барышмак эмес
[388] Кээ бир пайгамбарлардын үммөттөрү
[389] планеталардын, ай-ааламдардын, жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн ж.б. баарынын
[390] алардын алды жаккы келечегинде боло турган окуяларды да
[391] өткөн тарыхын да 

[392] Пенделер, жан-жаныбарлар, планеталар….ж.б.у.с. баары
[393] Тагуттар – Алладан башка сыйынылган нерселер. М: шайтандар, буддар ж.б.у.с.
[394] Алла бийлик берген караңгы падыша Намрут: «Мен кудаймын» - деп, Ибрахим пайгамбар аны «сен кудай эмессиң, боло да албайсың!» – деп талашканы тууралуу кеп болууда
[395] Өзүн Кудайга теңеген Бабыл (Вавилон) падышасы Намрутту
[396] Намрут өзүнүн бул сөзүн далилдөө үчүн, өлүмгө өкүм кылынган бирөөнү бошотуп жиберип, анын ордуна башка бирөөнү өлтүртөт.
[397] Өзүн уят болгонун сезип, ыңгайсыз абалда калды
[398] Узайр алейхи салам тууралуу
[399] Жер титирөөдө  өлгөн адамдарды
[400] Сөөктөрү да чирип кеткен
[401] Өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө
[402] Эшегиңдин сөөгүн
[403] Алла Таала Узайрдын көз алдында анын эшегин тирилтип берет
[404] Алланын өлүктү тирилтүү кудурети
[405] дүйнөдө да, акыретте да
[406] кыяматта
[407] кемсинте сунулуп, колко-милдет кылынып, алуучуну ыза кылган
[408] Садака берген адамды кемсинтип, ыза кылып
[409] Садаканы милдет кылып берген адам
[410] Материалдык байлыктарын
[411] Б.а.эл көрсүнгө жасалган иштер ошол күйүп кеткен бакча сыяктуу
[412] Өзүңөр жаман көргөн нерселерди Алла жолунда садака, зекет, ж.б. түрүндө бербегиле
[413] Алла жолунда сооптуу амалды аткарам деп убада кылынган ниет
[414] Алла таала
[415] Сообун силерден башка эч ким алалбайт
[416] Балким эки эселеп берилет.
[417] Согуш менен алектенгендер
[418] Садака ээлери ушулар
[419] Соода-сатык, тиричилик кылууга убактылары жок.
[420] Топуктуу-сабырдуулугунан
[421] Экөө тең дурус
[422] Куран
[423] Сүткорлуктан жегендери
[424] Чын ыкласы менен толук окуп
[425] Алла Таала менен Кыяматта жолугарыңарга ишенсеңер
[426] Карызды кечкендей (б.а. пайызын албагыла)
[427] Адилетсиздик
[428] Доолабай тургула
[429] Акыңарды садака кылып, кечип жиберсеңер
[430] Эч бир адамга
[431] адилетсиздик
[432] Абдурахман ибн Наасир Ал-Саьдийдин “Тайсир ал-Карим Ар-Рахман фи Калам Ал-Маннан” аттуу тафсир китебинде бирөөгө карыз берүүдөн мурда элүү шарт аткарылуусу берилген.
[433] Курандагы шарият эрежесин бузбастан
[434] Айтып берип жаткан адам айткан сандардын ордуна  башка сандарды жазбасын
[435] Балагатка жетелек жаш бала
[436] Маселен, атасы, атасынын жана өзүнүн бир туугандары
[437] күбө катары катышсын
[438] Суракка келүүдөн жана чындыкты айтуудан
[439] күбө менен  катчыга зыян кылынса
[440] Иштериңердин эрежесин
[441] Өз учурунда, кемитпестен, алмаштырып койбостон
[442] Карыз берген да, алган да
[443] Куранга
[444] Бирине ишенип, бирине ишенбей
[445] Милдет, жоопкерчилик,
[446] Каапыр коомдордун үстүнөн жеңишке жетүү үчүн бизге жардам бер!

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder