25.02.2014

75 KIYÂME SÛRESİ

75-сүрө «Кыйамат»
Меккеде түшүрүлгөн. Кырк айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.           Кыйамат Күнүнө ант!
2.           Өзүн-өзү жемелеген жанга ант!
3.           Инсан Биз анын сөөктөрүн чогулта[1] албайт деп ойлойбу?!
4.           Ооба (чындыгында), Биз анын манжаларынын учунан бери өз калыбына келтирүүгө Кудуреттүүбүз.
5.           Балким ... инсан келечекте бузукулукту дагы да кыла берүүнү каалап турабы?
6.           Ал: “Кыйамат Күнү качан болот?” – деп сурайт.
7.           Качан көздөр караңгыласа,
8.           Ай (түнөрүп) тутулса,
9.           Күн менен Ай бириктирилсе,
10.      Ошол күнү инсан: “Мен кутулуучу жай кайда?” – деп сурап калат.
11.      О, жок! Качып кутулуу жок!
12.      Ал Күндө Эгеңдин алдында гана (кутулуучу) жай (бар).
13.      Ошол Күнү инсанга ал алдына эмне дайардап, (алып) келгенинен, эмнени артына калтырып койгонунан кабар берилет.
14.      Инсан (ал күнү) өзүнө-өзү күбөлүккө өтөт.
15.      Эгер ал кечирим суроону кааласа да.
16.      (Эй, Мухаммед), сен тилиңди шашкалактап кыймылдатпа,
17.      Акыйкатта аны жыйноо жана окутуу Бизге таандык.
18.      Биз аны сага окуп бергенден кийин гана окууга ээрчигин.
19.      Андан соң (аны) түшүндүрүү Биздин иш.
20.      О, жок! Силер нак дүйнөнү сүйөсүңөр да,
21.      Акыретти артка таштап коесуңар[2]
22.      Кээ бир жүздөр ошол күнү албырып,
23.      Эгесине карашат.
24.      Ал күнү (бир топтун) өңдөрү тырышып-шүмүрөйөт.
25.      Алар өздөрүнүн омуртка-белин сындырчуу азапты күтүшөт.
26.      О, жок! Жан алкымга келген кезде,
27.       “Ким дем сала алат?” – деп айтылат[3].
28.      Ошондо ал айрылуу маалы келгенин сезет.
29.      Буттары бириктирилет[4].
30.      Ал күнү Эгесинин алдына (айдалып) келет.
31.      Ал (ыймансыз) ишенген да, намаз окуган да эмес.
32.      (Куранды) четке кагып, (динден) терс бурулган,
33.      Мактана-бой көтөрүп, үй-бүлөсүнө барган.
34.      Куруп кал сен, о куруп кал!
35.      Андан соң[5] куруп кал сен, куруп кал!
36.      Пенде өзүн кароосуз[6], таштап салынган деп ойлойбу?
37.      Урук суусунун[7] бир тамчысы эмес беле?!
38.      Андан соң ал уйуган кан болгон жана аны тегиздеп[8] жараткан.
39.      Андан[9] эркек, ургаачы кылып, жупту жараткан.
40.      Бул эмне[10]? (Алла) өлүктөрдү кайра тирилте албайбы?!




[1] Кайрадан.
[2] Акырет үчүн амал кылбайсыңар
[3] Эми ким дем аркылуу шыпаа бере алар экен деп көздөрү чачырайт
[4] Өлгөндөн кийин буту колдорун түздөп жанына коет
[5] Дагы кайталайм
[6] Эч бир милдет жүктөлбөй эле
[7] Эненин курсагындагы
[8] Кооз келбетке
[9] Уруктан
[10] Ошончонун баарын жасап

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder