25.02.2014

66 TAHRÎM SÛRESİ

66-сүрө «Тахрим[1]»
Мединада түшүрүлгөн. Он эки айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Эй, пайгамбар! Сен эмне үчүн өзүңдүн айалдарыңдын көңүлүнө карап Алла сага адал кылып берген нерселерге тыйуу саласың?  Алла – Кечиримдүү, Боорукер.
2.     Алла силердин берип койгон ант-убадаңарды бузууга буйрат. Ал силердин кожойунуңар, Ал – Билүүчү, Акылман!
3.     Пайгамбар өз айалдарынын бирөөнө сыр айтканда, ал аны башка бирөөгө айтып койгон эле. Бул тууралуу Алла ага билгизген болучу. Пайгамбар[2] (ал айтылган кабардын) кээсин (дагы бир айалына) айтып, кээсин болсо айтпай койгон. Ал качан бул тууралуу айалына кабарлаган кезде ал (айалы): “Муну сага ким айтты?” – деп сурады. Ал: “Баарын билүүчү, Кабардар[3] (мунун баарын) кабарлаган”, – деди. 
4. Экөөңөр Аллага тообо келтирсеңер. (Анткени) чынында эле силердин жүрөгүңөр байыгандай болду.  А бирок силер экөөңөр ага каршы болсоңор, анда Алла Өзү ага жардамчы. Андан соң[4] ага[5] Жебрейил да, жакшы момундар да, периштелер да пайгамбарга жардамчы.
5. (Эгер пайгамбар) силерди[6] талак кылса, анда балким анын Эгеси ага силерден жакшыраак мусулман, момун, баш ийүүчү, тообо кылуучу, ибадат кылуучу, орозо тутуучу айал-кыздарды алмаштыраар.
6. Эй, момундар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар (болгон) тозоктон сактагыла! Анын үстүндө таш боор жана каардуу периштелер болот. Алар Алланын буйругуна эч каршы болушпайт жана өздөрүнө буйрулган нерселерин кынтыксыз орундатышат.
7. Эй, каапырлар! Бүгүн силер шылтоо издебегиле. Андыктан жасаган амалыңарга жараша жазаланасыңар.
8. Эй ыймандуулар! Аллага чындап тообо кылгыла! Балким Эгеңер күнөөңөрдү кечирип, силерди астынан дарыйалар агып турган Бейиш бактарына киргизээр. Ошол Күндө Алла пайгамбарды жана аны менен бирге ыймандууларды кейитпейт. Алардын нурлары алдыларында да, оң тарабында да кошо жүрөт. Ошондо алар: «Эгебиз! Биздин нурларыбызды толукта жана бизди кечир. Анткени Сен бардык нерсеге Кудуреттүүсүң», деп айтышат.
9. Эй, пайгамбар! Каапырлар, эки жүздүүлөр менен күрөшкүн жана аларга бекем тур. Алардын (баруучу) жайы Тозок жана ал кандай жаман.
10. Алла каапырларга Нухтун айалы менен Луттун айалын мисал келтирди. Алардын экөөсү тең Биздин жакшы пенделерибизден эки пенденин никесинде болуучу. Экөө тең кыйанаттык кылышканда экөөсү[7] аларды Алланын азабынан куткара алышпады, аларга: «Тозокко кирүүчүлөр менен бирге киргиле», делинди.
11. Алла момундарга Фараондун айалын мисал катары келтирди. Ал (айал): «Эгем! Өзүң мага Бейишиңден үй тургуз жана мени Фараондон жана анын иштеринен, ошондой эле заалым коомдон куткар» деди.
12. Имрандын кызы Марйам өз абийирин[8] таза сактады жана Биз ага Өз рухубуздан[9] үйлөдүк. Ал[10] өз Эгесинин сөздөрүн жана китептерин тастыктап, мойун сунуучулардан болду.




[1] Тахриим - арам кылуу
[2] Ал айтылган кабардын.
[3] Мунун баарын.
[4] Алланын жардамынан кийин
[5] Пайгамбарга
[6] Пайгамбардын айалдары
[7] Нух менен Лут а.с.
[8] Кыз белгисин
[9] Адам пендесине берилүүчү жан
[10] Марйам – Иса (а.с.)дын энеси.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder