25.02.2014

29 ANKEBÛT SÛRESİ

29-сүрө  “Анкабут[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Алтымыш тогуз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Алиф, Лам, Мим[2].
2.     Адамдар: “Биз ыйман келтирдик”, – дешсе эле, сыналбай калып калабыз деп ойлошобу?
3.     Биз аларга чейинки болгондорду да сынаганбыз. Албетте, Алла чынчылдарды да, жалганчыларды да билет.
4.     Же жамандык иштерди кылып жаткандар Бизден ашып кетебиз деп ойлошобу? Алар чыгарган өкүм кандай жаман.
5.     Ким Алла менен кезигүүнү кааласа, албетте, Алланын белгилеген мөөнөтү[3] келет. Ал – Угуучу, Билүүчү.
6.     Ким күрөшүп аракеттенсе, ал өз жаны үчүн аракеттенип умтулат. Акыйкатта Алла ааламга муктаж эмес.
7.     Ыйман келтиргендердин жана жакшылык иштерди кылгандардын жамандыктарын жойуп салабыз[4], аларга жакшылыктары үчүн жакшыраак кылып сыйлык беребиз.
8.     Биз инсанга ата-энесине жакшылык жасоону буйрудук. Эгер ал тууралуу сенде илим жок болсо да, алар Мага шерик кошууга сени түрткүлөй башташса, анда аларга баш ийбегин.[5] Мага кайтасыңар жана Мен силердин эмне кылганыңардан кабар берем.
9.     Ыйман келтиргендерди жана жакшылык иш кылгандарды Биз жакшы иш жасоочулардын катарына киргизебиз.
10.       Адамдардын ичинде: “Биз Аллага ишенебиз”, – дегендер бар. Качан аларга Алланын жолунда зыйан жетсе, адамдардын сыноосун Алланын жазасындай көрүшөт. А Эгеңден жеңиш келген кезде алар: “Биз силер менен болгонбуз”, – дешет. Чын эле Алла ааламдардын көкүрөгүндө эмне бар экенин жакшы билбейби? 
11.       Алла ыйман келтиргендерди да, эки жүздүүлөрдү да билет.
12.       Ишенбеген каапырлар ыйман келтиргендерге: “Биздин жолубуз менен баргыла. Биз силердин күнөөңөрдү өзүбүзгө алабыз”, – дешет. Алар алардын күнөөлөрүнүн эч нерсесин алышпайт.  Алар жалганчылар.
13.       Алар өздөрүнүн жүктөрүн (күнөөлөрүн) өздөрүнө ээрчигендердин күнөөлөрү (жүктөрү) менен бирге[6] көтөрүшөт жана Кыйамат күнүндө өздөрүнүн эмнени ойлоп тапкандары тууралуу сурак беришет.
14.       Биз Нухту анын коомуна жөнөттүк, ал алардын арасында элүүсү кем миң[7] жыл турду. Аларды топон суу каптады. Алар адилетсиз заалымдар болушкан эле.
15.      Биз аны жана аны менен кемеде бирге жүргөндөрдү куткардык. Аны ааламдар үчүн белги кылдык.
16.      Ибрахимди (эстегин). Ал өз элине: “Аллага сыйынгыла жана Андан корккула! Эгер билсеңер, бул силер үчүн жакшы”, – деди.
17.      Силер Алланын ордуна сөлөкөттөргө табынып, жалганчылыкты жасап жатасыңар. Акыйкатта, Алланын ордуна силер сыйынып жаткандар – силер үчүн ырыскы бере албайт. Ырыскыны Алладан гана талап[8] кылгыла. Ага сыйынгыла жана Ага шүгүр кылгыла. Силер Ага кайтарыласыңар.
18.      Эгер силер муну жалганга чыгарсаңар, анда силерге чейинки коомдор да жалганга чыгарып келген. Элчинин милдети – айкын (кабарды) жеткирүү гана.
19.      Чын эле алар Алла жаратууну алгач ирет баштап, андан соң аны кайталаарын көрүшпөйбү? Акыйкатта, бул Алла үчүн жеңил.
20.      “Жер үстүндө жүрүп, Ал алгачкы жаратууну кандайча баштагандыгын карап көргүлө. Анан Алла акыркы жаратууну пайда кылат. Алла бардык нерсеге кудурети жетүүчү”, – дегин.
21.      Ал кимди кааласа жазалайт, кимди кааласа ырайымдуулук кылат жана силер Ага кайтарыласыңар.
22.      Силер асмандар менен жерде эч нерсени алсыздандыра албайсыңар жана силерге Алладан башка коргооочу да, жардамчы да жок.
23.      Алланын айаттарына жана Аны менен кездешүүгө ишенбеген каапырлар – Менин мээримимден үмүттөрүн үзгөндөр. Алар үчүн оорутуучу азап бар.        
24.      Ошондо анын элинин айткан жообу: “Аны[9] өлтүргүлө, же өрттөп ийгиле”, – гана болду. Алла аны оттон куткарды.[10] Акыйкатта ыймандуулар үчүн мында белгилер бар.
25.      (Ибрахим): “Силер бул дүйнө жашоосунда өз араңардагы сүйүү үчүн Алладан башка сөлөкөттөрдү өзүңөргө алдыңар. Андан соң Кыйамат күнүндө бириңер экинчиңерден баш тартасыңар жана бириңер экинчиңерди каргап-шилейсиңер. Силердин жайыңар тозок болот. Силерге жардамчылар жок”, – деди.
26.      Аны Лут[11] тастыктады. “Мен өзүмдүн Эгеме көчүүчүмүн, анткени Ал Ызааттуу, Даанышман”, – деди[12].
27.      Биз ага Исхакты жана Йакупту бердик. Анын урпактарына пайгамбарлыкты жана китепти ыроолодук. Ага бул дүйнөдө сыйлык ыйгардык, а акыретте албетте ал жакшылардан (болот). 
28.      Лут (өз) элине: “Албетте, Силер өтө бузук иш кылып жатасыңар, мындайда ааламда эч ким силерден ашкан эмес,
29.      чын эле силер эркектерге барасыңар[13] жана жолдорду кесесиңер,[14] чогулуштарыңарда жаман иштерди кыласыңар[15]. Анын элинин айткан жообу: “Эгер сен чынчылдардан болсоң, анда бизге Алланын азабы менен келгин”, – деген гана болду.
30.      Ал: “Эгем! Бузулган элге каршы мага жардам бер!” – деди.
31.      Биздин элчилер кубанычтуу кабар менен Ибрахимге барган кезде, алар: “Биз бул калаанын[16] жашоочуларын жок кылабыз. Чындыгында ал калаанын ээлөөчүлөрү заалымдардан болушкан”, – дешти.
32.      Ал: “Албетте, анда Лут бар”, – деди. Алар[17]: “Биз анда кимдер барын жакшы билебиз. Биз аны жана үй-бүлөсүн – айалынан башкаларын куткарабыз. Ал[18] болсо анда калуучулардан”, – дешти.   
33.      Биздин элчилерибиз ага келген кезде, ал алар үчүн кайгыра түштү[19] жана аларды[20] (айап) көкүрөгү кысылды. Алар: “Коркпо да кайгырба. Биз сени жана үй-бүлөңдү – айалыңдан башкасын куткарабыз, ал[21] мында калуучулардан”, – дешти.
34.      “Биз бул калаанын жашоочуларына бузулгандыктары үчүн асмандан азап түшүрөбүз”.
35.      Биз мындан акылы бар адамдар үчүн ачык белги[22] калтырдык.
36.      Мадйандыктарга алардын тууганы Шуайпты (жөнөттүк). Ал: “Эй элим! Аллага сыйынгыла жана Кыйамат күнүнө ишенгиле. Жер үстүндө бузукулуктарды таратпагыла”, – деди.
37.      Алар аны жалганга чыгарышты, аларга жер титиреп, кыйроо жетти. Алар эртең менен өз үйлөрүндө кыймылсыз, бүк түшүп кала беришти.
38.      Аад, Самуд (коомдору) да... Силерге алардын калган журттарынан ачык байкалат. Шайтан алардын иштерин кооз көргөзүп, аларды жолдон чыгарды. А алар көрүп туруучулар[23] эле.
39.      Карун, Фараон жана Хаман...[24] Муса аларга ачык белгилер менен келди, а алар жер үстүндө менменсине бой көтөрүп  жүрүштү жана алар (антип) узакка кете алышпады.
40.      Алардын баарын Биз күнөөлөрү үчүн туттук. Алардын бирине бороондуу куйунду жөнөттүк,[25] бирине кыйраткыч үн[26] жетти, бирин жерге жуткуздук,[27] кээ бирин чөктүрүп салдык.[28] Алла аларга заалымдык кылуу үчүн минткен жок, алар өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты.
41.      Өздөрүнө Алладан башканы жакын кылып алгандардын мисалы, өзүнө үй курган жөргөмүш өңдүү. Анткени, эгер алар билишкен болсо, үйлөрдүн эң начары жөргөмүштүн үйү.
42.      Акыйкатта, Алла Анын ордуна, Андан башканы чакырып[29] жаткандарды билет. Ал – Ызааттуу, Даанышман.    
43.      Бул мисалдарды Биз адамдарга келтиребиз, бирок муну билгендер гана түшүнөт.    
44.      Алла асмандар менен жерди акыйкат менен жаратты. Албетте, мында момундар үчүн белги[30] бар.
45.      Аларга китептен сага кабар берилгендерди окуп бер да, намаз оку. Анткени намаз бузукулуктан жана күнөөдөн тыйат[31]. Ал эми Алланы эскерүү андан да чоң.[32]  Алла силердин эмне кылып жатканыңарды билип турат.
Жыйырма биринчи бөлүм
46.      Алардын заалымдарынан башка китеп ээлери менен жакшы абалда гана талашып-тартышкыла.[33] Жана: “Биз өзүбүзгө түшүрүлгөнгө да, силерге түшүрүлгөнгө да ишенебиз. Биздин Кудай да, силердин Кудай да бир. Биз Ага мойун сунгандарданбыз”, – дегин.
47.      Ушинтип Биз сага Китеп жөнөттүк. Биз Китеп ыроологондор[34] ага ишенишет. Булардын арасынан да[35] ага ишенгендер бар. Биздин айаттарыбыздан каапырлар гана баш тартат.
48.      Сен ага чейин эч кандай китепти окуган жоксуң жана аны өз колуң менен жазган да эмессиң.[36] Эгер антпегенде муну болбогон нерсе деп жаткандар (катуу) шектенишмек.
49.      Ооба, бул илим берилгендердин көкүрөгүндөгү ачык-айкын айаттар. Биздин айаттарыбызды заалымдар гана четке кагат.
50.      Алар: “Ага эмне Эгесинен белгилер[37] түшүрүлбөйт” – дешет.  “Акыйкатта кереметтер Алланын гана алдында, а мен болсо  эскертүүчү ганамын”, – дегин.
51.      Чын эле аларга окулуп жаткан, Биз сага жөнөткөн Китеп жетишсизби? Акыйкатта мында ырайым жана ыйман келтирген коом үчүн насаат бар.
52.      Менин жана силердин араңарда Алла жетиштүү күбө. Ал асмандардагы жана жердегилерди билет. Ал эми жалганга ишенип, Аллага ишенбегендер болсо, алар зыйанга учурагандар.
53.      Алар сени азап келтирүүгө шаштырышат. Эгерде белгиленген мөөнөт болбогондо, анда аларга азап келер эле жана ал аларга күтүүсүздөн, алар билбеген учурда келет.
54.      Алар сени азап келтирүүгө шаштырышат. Акыйкатта, тозок каапырларды курчап алган.[38]
55.      Азап алардын үстүнөн да, айак астыларынан да туткан кезде, Ал: “Кылганыңарды таткыла!” – деп айтат.
56.      Эй, Менин ыймандуу пенделерим! Албетте Менин жерим кенен, Мага гана сыйынгыла!
57.      Ар бир жан өлүмдү татат.[39] Андан соң силер Бизге кайтарыласыңар.
58.      Ыйман келтирип, жакшылык иш кылгандарды Биз алдында дарыйалар агып турган, Бейиштин бийик жайларына жайгаштырабыз, алар анда түбөлүккө калышат. Амал кылгандардын сыйлыгы кандай жакшы.
59.      Алар сабырдуу болушкан жана  Эгесине тобокел[40] кылышат.
60.      Канчалаган айбандар өздөрүнө азыгын камдай алышпайт. Алла аларга да, силерге да ырыскы берип жатат. Ал – Угуучу, Билүүчү. 
61.      А эгер сен алардан: “Асмандар менен жерди ким жараткан, күн менен айды ким баш ийдирген?” – деп сурасаң, алар албетте: “Алла”, – дешет. Алар кандай алысташкан?![41]
62.      Алла өз пенделеринен кимди кааласа ырыскысын кеңейтет жана өлчөп берет. Акыйкатта, Алла баарын Билүүчү.
63.      А эгер сен алардан: “Асмандан жаан жаадырып жана аны менен жериңер өлгөндөн кийин кайра тирилткен ким?” – деп сурасаң, алар албетте: “Алла”, – дешет. “Аллага мактоо!” – дегин. Бирок, алардын көпчүлүгү акыл калчашпайт.
64.      Бул дүйнөдөгү жашоо ойун-күлкү гана, а акыреттеги – анык жашоо, эгер алар муну билген болсо.
65.      Качан алар кемеде келе жатышканда ыймандарын тазалап, Аллага кайрылып дуба кылышат. А качан кургакка чыкканда алар Ага шериктерди кошот.
66.      Биз бергендерге ишенбөө үчүн жана алар ырахаттанып алыш үчүн ушуну жасашат. Алар жакында билишет[42].
67.      Анын айланасындагы элдерге кол салып, туткундап турганда, Биз (Меккени) ыйык жана тынч[43] жай кылганыбызды алар көрүшпөдүбү? Кантип эле алар жалганга[44] ишенишет да, Алланын жакшылыгын танышат?!
68.      Акыйкат келген кезде Аллага каршы жалганды жаап, же акыйкатты калпка чыгаргандан ашкан заалым барбы? Баса, каапырлардын жайы – тозок эмеспи?
69.      Биз үчүн умтулуп аракеттенгендерди, Биз туура жолдо алып барабыз. Акыйкатта, Алла жакшылык кылуучулар менен бирге.





[1] Анкабут – жөргөмүш.
[2] Мааниси бир Аллага маалым.
[3] Алла менен жолугуу мөөнөтү.
[4] Алардын жакшылык иштеринин натыйжасында жаман иштери таптакыр өчүрүлүп салынат (Сафат ат-Тафасир).
[5] Эгерде, инсандын ата-энеси кудайсыз, же сөлөкөттөргө табынган инсандар болсо да, аларга жакшылык кылып, камкордук көрүү керек.
[6] Башкаларды да туура жолдон бузук жолго үндөгөндөрү үчүн.
[7] Нух пайгамбар 950 жыл элин динге чакырган.
[8] Сурануу,өтүнүү
[9] Ибрахим (а.с.)ды.
[10] Алла отко салкын жана жагымдуу болууга буйруду. Ибрахим андан эч зыйансыз чыкты.
[11] Лут Ибрахимге от эч зыйан келтирбегенин көргөндө Ибрахимди...
[12] Ибрахим.
[13] Бачабаздык кулач жайган эле.
[14] Келген, же ары-бери өтүп бара жаткан жолоочуларды кармап, тоноп алышып, бир топторун зордукташкан.
[15] Бачабаздыкты алар чогулуштарда да бири-биринен эч уйалбай эле көз-көрүнөө жасашкан.

[16] Лут (а.с.)дын айылы.
[17] Жебрейил (а.с.) баш болгон периштелер.
[18] Айалы.
[19] Анткени, периштелер келишимдүү жаш жигиттердин түспөлүндө келишкен. Лут, бузулган коом келип, аларды бузукулук ишке зордойт деп ойлоп, кайгыра баштады.
[20] Татынакай конокторду.
[21] Луттун айалы. Ал айал бузулган коомго жан тарткан.
[22] /лгү.
[23] Алар көрүп тургандан кийин, жаман жолдон кайтып, туура жолго түшүүлөрү керек эле. Алар антишпеди.
[24] Баары ойрон кылынган эле.
[25] Лут (а.с.)дын эли.
[26] Самуд эли.
[27] Карун.
[28] Нух (а.с.)дын жана Фараон.
[29] Алладан башкага сыйынгандарды.
[30] Алла Тааланын кудуретине далил бар.
[31] Намазды чын ыкластан, эрежелерин толук аткарып, окуган болсо ыплас иштерден, күнөөлөрдөн алыс болот. А эгерде намаз окуп, бирок күнөөлөрдөн, бузукулуктан арылбаса, анда анын намазынын кабыл болбой жатканынын белгиси. Туурасын Алла билет.
[32] Биз Алланы эстесек, Алла бизди эстейт (Бакара сүрөсүнүн 152-айатын караңыз). Эгерде Алла бизди эстесе, анда толук жардамдын келгени. Анткени Алла Таала биздин муктаждыгыбызды жакшы билет. Демек, эмнеге муктаж болсок, Алла Таала аны токтоосуз чечип койот.
[33] Алла Тааладан тилеп, айаттарды, далилдерди келтирип, жылуу-жумшак сөздөр менен.
[34] Иудейлер менен христиандардын ичиндеги чыныгы момундары. Алар пайгамбарлардын баарына, анын ичинде Мухаммед (а.с.)га да ишенишкен.
[35] Меккеликтердин арасынан.
[36] Пайгамбарыбыз окуганды да, жазганды да билген эмес.
[37] Кереметтер.
[38] Тозок отунда азапталышат.
[39] Өлбөй тирүү калган жан калбайт.
[40] Эгесине гана тайанышат, Андан гана жардам сурашат.
[41] Бул жеткен наадандык. Баарын жараткан Алла экенин тастыкташат да, кайра ыйман келтиришпейт.
[42] Кылмыштарынын акыбетин
[43] Ал жерде (Меккеде) өлтүрүүгө, тилдөөгө тыйуу салынган.
[44] Сөлөкөткө.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder