26.02.2014

107 MÂ'ÛN SÛRESİ


107-сүрөМаауун[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Жети айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Динди жалганга чыгарганды сен көрдүңбү?
2.     Дал ошол жетимдерди кууган,
3.     жана да ал жардыларга тамак берүүгө үндөбөгөн(үгүттөбөгөн) неме.
4.     Азап (болсун) намаз окуучуларга.[2]
5.     Анткени алар намаздарын унутуп койушкан. 
6.     (Анан да) алар (намаздарын) эл көрсүнгө жасашат, 
7.     жана да алар үй шаймандарын (башкаларга) бербегендер.[3]





[1] Маауун – үй шаймандары.
[2] Намазга маани бербей, намазды эсинен чыгарып койуп, анан да окуган намазы рийа үчүн гана болгон адам жөнүндө сөз болууда.
[3] Башкаларга күнүмдүк майда керектөөлөрдү, адамдар (же коңшулар) бири-бирине берип турууну билдирет. Сөздүн кенен маанисин алганда “колдоо, жардамдашуу” дегенди түшүндүрөт.  

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder