25.02.2014

40 MÜ'MİN SÛRESİ

40-сүрө  “Гаафир[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Сексен беш айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.   Ха, Мим. [2]
2.   Китеп түшүүсү – Ызааттуу, Даанышман Алладан.
3.   Күнөөлөрдү кечирүүчү, тообону кабыл кылуучу, жазалоодо күчтүү жана жоомарттыктын ээси. Андан башка кудай жок. Кайтуу – Ага. 
4.   Алланын айаттары тууралуу каапырлар гана талашат. Сени алардын өлкөлөрдө кыдыруусу алдабасын.
5.   Аларга чейин Нухтун коому да, андан кийинки топтор да (өз элчилерин) жалганга чыгарышкан. Ар бир коом өздөрүнүн элчилерин кармап алууга[3] тырышкан, жалган сөздөрдү айтып андагы чындыкты бузуу үчүн талашып-тартышкан. Бирок Мен аларды кандайча туттум. Менин жазам кандай болду?!
6.   Ушинтип, каапырлардын үстүнөн Эгеңдин сөзү[4] акыйкатталды. Албетте, алар – от ээлери.
7.   Тактыны көтөрүп жана анын айланасында Эгеңе мактоо айткандар, Ага ишенгендер жана кечирим сураган ыймандуулар: “Оо, Эгебиз! Сен баарын Өзүңдүн мээримиң жана илимиң менен курчап турасың. Тообо кылгандарды жана Сенин жолуңда жүргөндөрдү кечир, аларды Тозок азабынан сакта!”
8.   Оо, Эгебиз! Аларды жана алардын аталарынан, жубайларынан жана тукумдарынан такыбаларды Өзүң убада кылган Адн[5] бактарына киргиз. Акыйкатта, Сен Ызааттуу, Даанышмансың.
9.   Аларды жамандыктардан[6] сакта. Сен ал Күндө жамандыктан коргогондоруңду Өз Мээримиңе аласың. Бул улуу ийгилик.
10.        Ыймансыз каапырларга: “Өзүңөргө ачууланганыңардан Алланын силерге болгон ачуусу улуу! Анткени, силер ыйманга чакырылганда каапыр бойдон калдыңар”, – деп үн салынат.
11.        Алар: “Эгебиз! Сен бизди эки жолу өлтүрүп, эки жолу тирилттиң. Биз өз күнөөлөрүбүздү толук мойунга алабыз. Артка чыгууга[7] жол барбы?” – дешет.
12.        Бул силердин бир гана Алланын динине чакырылганда, ишенбей каапыр болгонуңардан. А Ага шериктерди кошкондо ишенчүсүңөр. Өкүм – Бийик жана Улуу Алланын өзүнө таандык.
13.        Ал силерге Өз белгилерин көргөзүп, силер үчүн асмандан ырыскы түшүрөт. Бирок мындан кайтуучулар[8] гана насаат алат.
14.        Каапырлар муну жаман көрсө да, Анын алдында диниңерде берилип, Аллага сыйынгыла.
15.        Даражаны көтөрүүчү – Арштын Ээси. Ал Өз буйругу менен кездешүү күнү жөнүндө кабарды эскертүү үчүн пенделеринен кимге кааласа жөнөтөт.
16.        Алар мүрзөлөрүнөн чыккан күнү Аллага эч нерсе жашыруун болбойт. Ошол күндө падышалык кимдики? Жалгыз Каардуу Алланыкы.
17.        Ал күнү ар бир жан кылган нерселери себептүү жазаланат. Ал күндө адилетсиздик болбойт. Акыйкатта, Алла тез эсеп алуучу.
18.        Аларга жакындап келе жаткан күн[9] жөнүндө эскерт. Жүрөктөр алкымга келип, кайгыга баткан абалда болот. Заалымдарга мээрим кылуучу да, баш ийген колдоочу да болбойт.
19.        Ал көздөрдүн кыйанатын да, көкүрөктөрдөгү катылгандарды да билет.
20.        Алла акыйкаттык менен өкүм кылат.  Анын ордуна табынылгандар[10] эч нерсеге өкүм кыла алышпайт. Акыйкатта, Алла – Угуучу, Көрүүчү.
21.        Алар жер үстүндө жүрүшпөдүбү жана аларга чейинкилердин акыбети кандай болгондугун көрүшпөдүбү? Алар күч-кубаты бойунча жана өздөрүнүн калтырган издери жагынан артыгыраак эле. Алла аларды күнөөлөрү үчүн кыйратты. Аларга Алладан башка коргоочу болбоду.
22.        Бул аларга Биздин элчилер ачык-айкын айаттарыбыз менен келишкенде ишенбегендиктеринен болду. Алла аларды кыйратты. Ал Күч-кубаттуу, жазасы Катуу.
23.        Биз Мусаны белгилер[11] жана айкын далил менен жөнөттүк,
24.        Фараонго[12], Хаманга[13] жана Карунга.[14] Алар (аны): “Сыйкырчы, жалганчы”, – дешти.
25.        Ал аларга Биздин алдыбыздагы акыйкат менен келгенде, алар:     “Аны менен бирге ишенгендердин эркек балдарын өлтүргүлө, а айалдарын тирүү калтыргыла”, – дешти. Бирок, каапырлардын айла-амалы – бүтүндөй адашуу.
26.        Фараон: “Мени жөн койгула, мен Мусаны өлтүрөм. Мейли, ал өз Эгесин чакырсын. Ал биздин динибизди өзгөртөрүнөн, же жер үстүндө жамандыкты таркатуусунан коркомун”, – деди.
27.        Муса: “Мен Кыйамат күндө болуучу эсепке ишенбеген текеберлерге каршы силердин жана менин Эгемден сактоону сурадым”, – деди.
28.        Фараондун үй-бүлөсүнөн өз ыйманын жашырган бир киши айтты: “Чын эле силер “Менин Эгем Алла”, дегени жана силерге ачык-айкын айаттар менен келген кишини өлтүрөсүңөрбү? Эгер ал жалган айтып жатса, жалганы өзүнө кайтат[15]. А эгер ал чындыкты айткан болсо, ал убада кылып жаткандардын кээ бири болсо да силерге жетет. Акыйкатта, Алла аша чапкандарды жана жалганчыларды туура жолго багыттабайт.
29.        Эй, элим! Силерде бүгүн жер үстүндө үстөмдүк кылган бийлигиңер бар. Эгер бизге Алланын кырсыгы келип жетсе, анда бизге ким жардам бере алат?” Фараон: “Мен силерге өзүм көрүп жаткандарды гана көрсөтөм. Мен силерди туура жолго гана алып барам”, – деди.
30.        Ыйман келтирген киши:  “Оо, элим! Мен байыркы элдер менен болгондор (силерге да) болбосо экен деп коркомун,
31.        Нухтун элинин, Аад, Самуд жана алардан кийинкилердин кылган адаттары өңдүү. Акыйкатта, Алла пенделерине адилетсиздик[16] кылууну каалабайт.
32.        Оо элим! Мен силерди бири-бириңди чакырчу күндөн[17] коркомун.
33.        Силер артка качуучу ал Күндө[18] силерге Алладан коргоочу болбойт. Алла кимди жолдон чыгарса, аны туура жолго жетектөөчү жок.
34.        Мурун Йусуп силерге ачык-айкын айаттар менен келген. Бирок, силер анын эмне менен келгендигине шектенүүңөрдү токтотподуңар. Ал өлгөн кезде силер: “Алла андан кийин пайгамбар жөнөтпөйт”, – дедиңер. Алла аша чапкандарды, шектенүүчүлөрдү ушинтип жолдон чыгарат.
35.        Аларга берилген укугу жок туруп, Алланын айаттары тууралуу талашып жаткандар, Алланын жана ыймандуулардын чоң жек көрүүсүнө татыйт. Ушинтип, Алла ар бир текебердин, зордукчулдун жүрөгүнө мөөр басып салат[19].
36.        Фараон: “Эй, Хаман! Мага мунара кур. Мүмкүн мен себептерге[20] жетемин,
37.        асман жолдору менен Мусанын Кудайына көтөрүлөм. Чынында, мен аны жалганчы деп ойлоймун”, – деди. Ушинтип, Фараонго да анын жаман иштери кооздолуп көрсөтүлдү жана ал туура жолдон тосулду. Фараондун бардык айла-амалдары зыйанга учурады.
38.        Ошол ыймандуу киши: “Оо, элим! Мени ээрчигиле. Мен силерди туура жолго алып барам”.
39.        “Оо, элим! Бул дүйнө жашоосу убактылуу пайдалануу гана, ал эми акырет, ал – түбөлүктүү жай”.
40.        “Ким жамандык кылса ага ошондой гана жаза берилет. Эркек жана айалдардан момун болгон абалда ким жакшылык иштерди кылса, алар бейишке кирип, анда эсепсиз ырыскыга бөлөнөт”.
41.        “Оо, элим! Эмне үчүн силерди мен кутулууга чакырсам, а силер мени отко чакырасыңар?”
42.        “Силер мени Аллага ишенбөөгө жана менде алар тууралуу илим жок нерселерди Ага шерик кошууга чакырасыңар. Мен силерди Ызааттуу, Кечирүүчүгө чакырамын”.
43.        “Акыйкатта, силер мени чакырып жаткандар бул дүйнөдө да, акыретте да татыксыз нерселер. Бардыгыбыз Аллага кайтабыз. Чектен чыккандар – алар от ээлери”.
44.        “Мен силерге айтып жатканды жакында эстейсиңер. Мен иштеримди  Аллага тапшырамын. Акыйкатта, Алла пенделерин көрүп туруучу”.
45.        Алла аны тигилердин[21] айла-амалдарынын жамандыктарынан куткарды. Фараондун коомуна жаман[22] азап түштү.
46.        Алар анда эртели-кеч күйө турган – отко (куйкаланат). Кыйамат болгон күнү: “Фараон коомун катуу жазага киргизгиле!” – (делинет),
47.        Алар отто жаңжалдашат. Алардын алсыздары текеберденгендерине: “Чындыгында биз силерди ээрчигенбиз. Силер бизди оттун үлүшүнөн куткара аласыңарбы?” – дешет.
48.        Текеберлери: “Биз баарыбыз андабыз[23]. Чындыгында, Алла пенделеринин арасында өкүм кылып койгон”, – дешет.   
49.        Оттогулар тозоктун сакчыларына: “Биздин жазабызды бир күнгө болсо да жеңилдетсин, Эгеңерди чакыргылачы?” – дешет.

50.        Алар[24]: “Силерге пайгамбарларыңар ачык-айкын айаттар менен келбеди беле?” – дешет. (Тигилер): “Ооба келген”, – дешет. Алар (сакчылар): “Анда (өзүңөр) чакыргыла”, – дешет. Каапырлардын чакыруулары адашуу гана.
51.        Биз элчилерибиз менен ыймандууларга бул дүйнөдө да жана күбөлөр турган Күндө да жардам кылабыз.
52.        Ал Күндө заалымдарга алардын шылтоолору эч жардам бербейт. Аларга наалат! Алар үчүн эң жаман жай болсун.
53.        Биз Мусага туура жол жана Исраил урпактарына мураска Китеп[25] калтырдык,
54.        акыл жүгүртүүчүлөр үчүн туура жолду көргөзүүчү жана эскертүүчү.
55.        Сабыр кыл! Албетте, Алланын убадасы акыйкат. Күнөөлөрүң үчүн кечирим сура жана Эгеңди мактоо менен эртели-кеч аруула.
56.        Аныгында, аларга келген Алланын айаттары тууралуу укуксуз түрдө талашып-тартышкандардын жүрөгүндө текеберлик гана. Алар ага[26] жете алышпайт. Алла менен сактан! Акыйкатта, Ал – Угуучу, Көрүүчү.
57.        Албетте, асмандар менен жерди жаратуу адамдарды жаратууга караганда оорураак. Бирок, адамдардын көбү муну билишпейт.
58.        Сокур менен көзү соо бирдей эмес жана ыйман келтирип, жакшылык иш кылгандар менен жамандык кылуучулар да тең эмес. Силер аз гана эскересиңер!
59.        Аныгында, Кыйамат күнү келээринде эч шек жок. Бирок, адамдардын көбү буга ишенбейт[27].
60.        Эгеңер: “Мени чакыргыла. Мен силерге жооп берем. Акыйкатта, Мага сыйынуудан текеберленгендер, кор болуп тозокко киришет”, – дейт.
61.        Алла, силер эс алууңар үчүн түндү кылган жана көрүүңөр үчүн күндүздү кылган. Акыйкатта, Алла адамдар үчүн мээрим ээси. Бирок, адамдардын көбү шүгүр кылышпайт.
62.        Бул Алла – силердин Эгеңер, бардык нерселерди жаратуучу. Андан башка кудай жок. Кайда баратасыңар? 
63.        Алланын айаттарынан баш тарткандар да мына ушундай бузукулар.   
64.        Алла силерге жерди турак-жай, а асманды шып кылды. Силерди турпатка келтирип, көркөм келбет берди. Силерге жакшы ырыскыларды берди.  Бул Алла – силердин Эгеңер. Ааламдардын Эгеси болгон Аллага улуктук болсун!
65.        Ал тирүү, Андан башка кудай жок. Анын алдында диниңерди тазартып[28], Ага жалынгыла. Ааламдардын Эгесине – мактоо!
66.        “Мага Эгемден ачык-айкын айаттар түшүп жана ааламдардын Эгесине сыйынууга буйрулган соң, силердин Алладан башка чакырып жаткандарыңарга сыйынууга тыйуу салынган”, – дегин.
67.        Ал силерди топурактан, анан бир тамчыдан, анан уйуган кандан жаратты, анан силерди ымыркай кылып чыгарып, анан эр жетүүңөргө, анан – картайууга жеткизет. Белгиленген чекке жетүүңөр үчүн[29] силердин араңардан эрте өлгөндөр бар.  Мүмкүн акыл калчаарсыңар.
68.        Ал тирилтет жана өлтүрөт. Ал кайсы бир ишти кылууну каалаганда, анда ага: “Бол!”, – дейт. Ал болуп калат.
69.        Сен Алланын айаттары тууралуу талашып жаткандарды көрбөдүңбү? Алар кандай адашкан!?
70.        (Булар) Биздин Китептерибизди жана пайгамбарларыбыз аркылуу жөнөткөндөрүбүздү жалган дегендер, бирок алар жакында билишет,
71.        алардын мойундарындагы богоо жана чынжыр менен сүйрөлгөндө[30],
72.        кайнап турган сууга, анан отко күйгүзүлгөндө,
73.        андан соң аларга айтылганда: “Силердин (Аллага) шерик кылгандарыңар кайда,
74.        Алладан башка? Алар: “Алар бизге көрүнбөй жок болушту. Ооба, (балким) биз мурда эч кимге сыйынган эмеспиз”, – дешет. Алла каапырларды ушинтип адаштырат.
75.        Бул силерге, силердин жер үстүндө орунсуз түрдө кубанганыңар жана менменсингениңер үчүн.
76.        Түбөлүк болуу үчүн тозоктун эшигинен киргиле! Текеберлер үчүн кандай жаман жай.
77.        Сабыр кыл. Албетте, Алланын убадасы акыйкат. Биз сага аларга убада кылынгандардын бөлүгүн көргөзөбүз, же сени мурда кайтыш кылабыз. Алардын кайтуулары Бизге гана.
78.        Биз сага чейин да пайгамбарларды жөнөткөнбүз. Алардын кээ бирлери жөнүндө Биз сага айтканбыз, айрымдары жөнүндө айткан жокпуз. Эч бир пайгамбар Алланын уруксатысыз керемет келтире алган эмес. Алланын өкүмү келген кезде, акыйкаттык менен өкүм кылынат. Анда жалганга чыгаргандар зыйанга учурайт.
79.        Алла силерге минүүңөр жана жешиңер үчүн малдарды жаратты.
80.        Аларда силерге (түрдүү) пайдалар бар. Алардын үстүндө кургактыктагы көңүлүңөргө керектүү жерге жетүүңөр үчүн алардын үстүлөрүндө жана кемеде ташыласыңар. 
81.        Ал силерге Өз айаттарын көргөзөт. Силер Алланын кайсы айаттарын четке кагасыңар?
82.        Чын эле алар жер үстүндө жүрүшпөдүбү жана аларга чейинкилердин[31] кандай болгондугун көрүшпөдүбү? Алар булардан көп, күч-кубаттуурак жана жер үстүндөгү издери бойунча мыктыраак эле. Бирок, тапкандары[32] аларды куткара албады.          
83.        Аларга элчилерибиз ачык-айкын айаттар менен келген кезде, алар өздөрүндө болгон илимге[33] кубанышты. (Анан) аларды шылдыңдагандары себептүү азап түштү.
84.        Алар күч-кубатыбызды көргөндө[34]: “Биз бир Аллага ишендик жана Ага шерик кошуп жүргөндөрүбүздөн баш тарттык”, – дешти.
85.        Бирок, Биздин күч-кубатыбызды көргөн кезде алардын ишене калганы, Алланын пенделерине байланыштуу келе жаткан жолу бойунча, аларга эч жардам кылбады. Каапырлар мында зыйанга учурашат.



[1] Гаафир – кечирүүчү.
[2] Мааниси бир Аллага маалым.
[3] Өлтүрүүгө аракет кылышкан.
[4] Аөраф сүрөсүнүн, 18-айатын караңыз.
[5] Бейиш.
[6] Азаптан.
[7] Бул дүйнөгө кайтып келүүгө.
[8] Ширктен кайтуучулар.
[9] Кыйамат.
[10] Сөлөкөттөр ж.б.у.с.
[11] Кереметтер.
[12] Фараон – Байыркы Египеттин каапыр падышасы.
[13] Хаман – Фараондун увазири.
[14] Карун – эсепсиз байлыгы бар, бирок эч кимге кайыр-садака бербеген сараң киши болгон. Ал тирүүлөй жерге жуткурулган.
[15] Азабын өзү тартат.
[16] Зулумдук.
[17] Кыйамат күнүндө элдер бири-биринен жардам сурайт, бирок эч ким жардам бере албайт. Ал күндө Алланын өкүмүнүн негизинде заалымдар, ыймансыздар тозокко карай айдалат.
[18] Кыйамат күнүндө.
[19] Бүтөп салат.
[20] Жолго чыгамын.
[21] Каапырлардын.
[22] Чөгүү
[23] Тозоктобуз.
[24] Тозоктун сакчылары.
[25] Тоорат.
[26] Өздөрүнүн аткарылбас максаттарына.
[27] Ыйман келтиришпейт.
[28] Калыс кылып.
[29] Мына ушунун баары Алла Тааланын өзү алдын ала белгилеп койгон чектерине пендесин жеткирүү үчүн. Ошол чектен жаш курагы узарып да, кемип да калбайт.
[30] Тозокто.
[31] Ойрондолгон мурунку коомдордун.
[32] Мансап-бийликтери, күч-кубаты, мал-мүлкү, бала-чакасы ж.б.д.у.с.
[33] Каапырлар өздөрүнүн билгендерине, ой-пикирлерине ж.б.у.с.
[34] Биз жана элчилерибиз тарабынан эскертилип-айтылган, убада кылынган  нерселерди өздөрү көрүп билишкенде.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder