25.02.2014

81 TEKVÎR SÛRESİ

81-сүрө “Таквир [1]
Меккеде түшүрүлгөн. Жыйырма тогуз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.            Күн (өчүп), караңгылаганда,
2.            Жылдыздар төгүлгөн кезде,
3.            Тоолор сүрүлүп тозуганда,
4.            Он айлык баласын курсагында көтөргөн төөлөр кароосуз калганда,[2]
5.            Жырткычтар топтолуп жыйылганда,
6.            Деңиздер от болуп жагылганда,
7.            Жандар денелерге кошулганда,
8.            Тирүүлөй көмүлгөн кыздар суралганда:
9.            Кайсы күнөөсү үчүн[3]  өлтүрүлгөн?
10.        (Амалдар жазылган) барактар ачылып койулганда,
11.        Асман чечилип, сыйрылганда,
12.        Тозок катуу кызытылганда,
13.        Бейиш жакындатылганда,
14.        (Мына ошондо) ар бир жан өзү эмне алып келгенин (дайардаганын) анык билет.
15.        Жок! Жылдыздарга ант!
16.        Жашынма[4] жылдызга,
17.        Караңгысы келип кеткен түнгө ант!
18.        Агарып аткан таңга ант!
19.        Бул чынында улук элчинин айткандары,
20.        (Ал) арштын Ээсинин алдында күч-кубаттуу жана мартабалуу.[5]
21.        (Ал) баш ийилген[6] ишенимдүү.
22.        (Эй, инсандар!) Силердин жаныңардагы[7]  жинди эмес:
23.        Ал аны (Жебрейилди) асмандын ачык мейкиндигинде көргөн эле.
24.        Ал[8] кайыпка (Алладан келген кабарларды таратууда) ичи тардык кылбайт.
25.        Жана да, бул[9] куулган шайтандын сөзү эмес.
26.        Силер кайда баратасыңар?
27.        Акыйкатта, (Куран) бул бүт ааламдар үчүн[10] эскертме.
28.        Силерден туура жол менен жүрүүнү каалагандар үчүн.
29.        Бирок силер ааламдардын Эгеси, Алла кааламайынча эч нерсени каалай албайсыңар.





[1] Таквир – оролуу.
[2] Айы-күнү жетип турган 10 айлык бооз инген. Арабдар үчүн төө эң кымбат унаа. А мына тууйт деп күтүп жаткан төө андан бетер. 
[3] тигил наристе кыз.
[4] кээде көрүнөт, кээде жок
[5] Жебрейил (а.с.).
[6] башка периштелер ага баш ийет
[7] Мухаммед (а.с.).
[8] Мухаммед (а.с.).
[9] Куран.
[10] адамдарга да, жиндерге да...  

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder