25.02.2014

24 NÛR SÛRESİ

24-сүрө, «Нур»
Мединада түшүрүлгөн. Алтымыш төрт айаттан турат.
      Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!

1.     Бул сүрөнү түшүрдүк да, анын өкүмдөрүн (аткарууну) парз кылдык. Насаат алышыңар үчүн мында ачык-айкын айаттарды түшүрдүк.
2.     Айагы суйук[1] айал менен айагы суйук эркектин ар бирине жүз балак ургула. Эгер Аллага жана акырет күнүнө ишенсеңер, анда аларга жумшактык кылбагыла. Албетте, экөөсүнүн жазасына момундардын бир тобу күбө болсун (көрүп турсун).
3.     Айагы суйук эркек – айагы суйук айал менен, же болбосо мушрик[2] айал менен үйлөнүшү керек. Айагы суйук айал да, айагы суйук эркек, же болбосо мушрик эркек менен гана баш кошот. Бул[3] момундарга арам кылынды[4].
4.     Таза айалдарга «айагы суйуктук кылды» деп жалган жалаа жапкандар эгер төрт (адамдан турган) күбө келтире албаса, анда алардан сексен балак алынсын. Мындан соң[5] алардын күбөлүктөрүн эч качан кабыл албагыла[6].  Мына ушулар[7] –бузукулар.
5.     Бирок андан кийин тообо кылып, түзөлгөндөргө Алла –Кечиримдүү, Мээримдүү!
6.     Өз жубайларына «айагы суйуктук кылды», деп жалаа жаап, өздөрүнөн башка эч бир далилдери, (күбөлөрү)  болбогондордун ар биринин күбөлүгү – чын айтып жаткандары тууралуу  төрт жолу Алланын аты менен карганат.
7.     Бешинчи жолкусунда (эркек): «Эгер жалган айтуучулардан болсом, мага Алланын каргышы тийсин!», (дейт).
8.     Күйөөсүнүн жалган жалаа жаап жатканы жөнүндө айалы да төрт ирет Алланын аты менен ант ичип, өзүнөн жазаны кетире алат[8].
9.     Бешинчи жолкусунда айал: «Эгер анын айткандары чын болсо мага Алланын каары  тийсин!», (дейт).
10.                       Эгер силерге Алланын кең пейилдиги жана ырайымы болбогондо… (эмне деген гана азапты тартпайт элеңер!). Чындыгында, Алла – тооболорду кабыл кылуучу, Даанышман.
11.                       Чындыгында, силердин ичиңерден жалган айткан топтун сөзүн (өзүңө келген) жамандык катары түшүнбөгүлө. Тескерисинче, ал силер үчүн жакшылык (болуп саналат). Алардын ар бири күнөөгө ээ болду. Алардын башчылык кылган чоңуна зор азап бар[9].
12.                       Эгер аны укканыңарда момун эркек менен момун айалдар дилдеринде жакшылыкты гана ойлоп: «Бул даана жалаа»,– деген болсо (өздөрүнө жакшы болор эле).
13.                       Алар ага төрт күбө келтириши керек болчу. Албетте, алар күбө (далил) келтирише алган жок. Мына ушулар – Алланын алдында жалганчы болгондор.
14.                       Эгер силерге бул дүйнө менен акыретте Алланын жакшылыгы[10], ырайымдулугу болбогондо, албетте, жалган жалаа жапканыңардын айынан зор азапка дуушар болмоксуңар.
15.                        Ошол убакта өзүңөр билбеген нерсени (жалааны) оозеки  жайылтып, ага жеңил карадыңар. Ал (жалаа), чындыгында, Алланын алдында чоң күнөө.
16.                       Аны угуп жаткан кезде: «Мындайды биздин айтуубузга болбойт. Оо, Алла, Сени аруулайбыз. Бул – чоң жалаа»,– дебедиңер беле?!
17.                       Эгер момун болсоңор, анда Алла мындайды эч качан кайталабашыңарды эскертет.
18.                       Алла силерге айаттарын ачык байан кылууда. Анткени, Алла – Билүүчү, Даанышман!
19.                       Ырасында, ушундай момундардын ичинде  чагымчылык, жалаа таркалуусун жактыргандарга дүйнөдө жана акыретте оорутуучу азап бар. Алла – билет, силер – билбейсиңер!
20.                       Эгер силерге Алланын жакшылыгы, ырайымдуулугу болбогондо… (кандай гана катуу жазаланмаксыңар). Чындыгында, Алла – Боорукер, Мээримдүү!
21.                       Эй, момундар! Шайтандын жолу менен жүрбөгүлө! Ким шайтандын жолу менен жүрсө[11], ал шайтан, албетте, уйатсыздык жана тыйуу салынган иштерге буйруйт. Эгер силерге Алланын жакшылыгы, мээрими болбогондо, эч бириңер, эч качан (күнөөдөн) тазалана албайт элеңер. Бирок, Алла Өзү каалаган пендесин (күнөөдөн) тазалайт. Алла – бардык нерсени Угуучу, Билүүчү!
22.                       Силерден кеңчилик, молчулукка ээ болгондор[12], (өзүнүн) жакындарына, карып-мискиндерге, Алла жолунда көчкөндөргө[13]  Алла жолунда бербөөгө ант ичпесин. Кечиришкиле жана элдешкиле. Алланын силерди кечиришин  каалабайсыңарбы?! Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
23.                        Акыйкатта, абийирдүү, ак ниеттүү момун айалдарга жалаа жапкандар – бул дүйнөдө да, акыретте да, каргышка  калышат. Албетте, алар үчүн чоң азап бар.
24.                       Кыйамат Күнү аларга тилдери, колдору, буттары эмне иш кылгандарына күбө болушат.
25.                       Ошол Күнү   Алла аларга ылайыктуу жазасын  толук берет. Анткени алар Алланын (бар экени)  ачык Акыйкат экенин билишет.
26.                       Бузулган айалдар –  бузулган эркектерге;  Бузулган эркектер – бузулган айалдарга.  Таза[14] айалдар – таза эркектерге; таза эркектер – таза айалдарга ылайык. Булар[15], алардын[16] айткандарынан ак. Алар үчүн кечирим[17] жана улуу ырыскы бар.
27.                       Эй, момундар! Өз үйлөрүңөрдөн башка үйлөргө уруксат алмайынча жана үй ээсине салам бермейинче кирбегиле. Бул[18] – силер үчүн жакшы. Мүмкүн эсиңерге келээрсиңер.
28.                       Эгер үйдө эч ким жок болсо, (кирүүңөргө) уруксат берилмейинче кирбегиле. Эгер силерге: “Кайткыла”, – делсе, анда кайткыла.  Бул силер үчүн жакшыраак. Алла  эмне кылганыңарды жакшы Билүүчү!
29.                       Ичинде жашоого болбой турган, буйумдарыңар сакталган  үйгө[19] уруксатсыз кирүүдө силерге такыр күнөө болбойт. Алла – ачык жасаганыңарды да, жашыруун кылганыңарды да Билүүчү!
30.                       (Эй, Мухаммед!) Момундарга айткын: “(Ар кайсыл айалдарды карай берүүдөн) көздөрүн сакташсын жана уйаттуу жерлерин[20] (айагы суйуктук кылуудан) сактасын.  Бул – алардын өздөрү үчүн абдан жакшы. Чындыгында, Алла эмне жасагандарынан Кабардар!
31.                        Момун айалдарга айт: “(Ар кайсыл эркекти кароодон) көздөрүн сакташсын жана уйаттуу жерлерин (айагы суйуктук кылуудан) сакташсын. [21]Сулуулуктарын көрсөтпөсүн, көрүнүп тургандан башкасын[22].  Жоолуктарын көкүрөктөрүнө чейин  жаба салынышсын.  Сулуулугун көрсөтүшпөсүн. Бирок, өз күйөөсүнө, аталарына, кайын аталарына, өз уулдарына, өгөй уулдарына,  (бир тууган) ага-инилерине, алардын уулдарына, эже-сиңдилеринин уулдарына, мусулман айалдарга, кол алдындагы күңдөргө, айалга муктаждыгы (кумардануусу) болбогон[23] кызматкерлерге, же болбосо айалдардын уйаттуу жерлерин билбеген[24] наристелерге көрсөтсө болот.  Анан да, көмүскө кооздуктарын башкаларга көрсөтүү үчүн  буттарын жерге катуу уруп жүрүшпөсүн[25]. Эй, момундар! Баарыңар Аллага гана тообо кылгыла! Балким (азаптан) кутулаарсыңар.
32.                       Араңардагы бойдокторду, кол алдыңардагы  кул-күңдөрдүн такыбаларын[26], дурустарын үйлөндүргүлө. Ал тургай алар кедей-жакыр болсо да.  (Анткени) аларды Алла Өз берешендиги менен[27] байытат.  Алла – Берешен, Билүүчү!
33.                       /йлөнө албагандар, Алла Өз берешендиги менен байытканга чейин жаман жолдон[28] сактансын. Кол алдыңардагылардын  (күңдөрдүн ичинен) кимиси боштондукту кааласа, алардын жакшы адам экенин билсеңер, боштондук бергиле.  Андан сырткары силерге Алла берген мал-мүлктөн аларга да бергиле.   Өздөрү абийирдүү болууну каалаган  күңдөрүңөрдү дүйнө тиричилигиңердин пайдасы үчүн жамандыкка[29] зордобогула.  Ким аларды (жамандыкка) аргасыз кылса, анда ал аргасыз кылгандан кийин деле...[30] Алла –Кечиримдүү, Боорукер.
34.                       Акыйкатта, силерге айкын айаттарды, силерден мурунку өткөндөрдөн  өрнөктөрдү жана такыбалар үчүн насааттарды түшүрдүк.
35.                        Алла – асмандар менен жердин нуру! Анын нурунун мисалы – ичинде нуру бар шамдан[31] сыйактуу. Нур айнектин ичинде (жайгашкан). Ал айнек  бермет жылдызындай. Ал Чыгышта да, Батышта да жок, кут даарыган зайтун менен тамызылат. От тийбестен күйгөн анын майы абдан жарык нур чачат. Ошентип, нур үстүндө нур...  Алла Өзү каалаган адамды нурга бөлөйт. Алла адамдарга ушинтип мисал келтирет. Алла – бардык нерсени  Билүүчү!
36.                        (Бул нур) Алла кадырлаган, ичинде Өз  ысымынын (ар дайым) аталып турушун буйруган үйлөрдө[32]  гана болот. Анда[33] Аны[34] эртели-кеч аруулашат.
37.                       (Ал үйлөрдө) Алланы эстөөдөн[35], намазды окуудан, зекет берүүдөн аларды соода-сатык да тосо албай турган адамдар бар. Алар жүрөктөр менен көздөр калтырай турган Күндөн[36] коркушат.
38.                       Ошондуктан Алла аларга өздөрү жасаган (жакшылык) иштеринин сыйлыгын, Өз жакшылыгынан ашыгы менен берет. Алла – каалаган пендесин эсепсиз ырыскыга бөлөйт.
39.                        (Аллага) каршы болгондордун[37] иштери чөлдөгү закым сыйактуу. Чөлдө бараткан адам аны суу деп ойлойт. Акыры ага жеткен кезде болсо эч нерсе таба албай, дал алдынан Алланы (гана) табат.  Ал[38] анын эсебин толук алат[39]. Алланын эсеби абдан тез[40]!
40.                       Же алардын  мисалы: Түбү терең деңиздеги караңгылык сыйактуу. Толкун үстүндө толкун (уйулгуп), анын үстүнөн булут каптаган, бири-биринин үстүнөн чүмкөгөн[41] караңгылыктар[42]. Адам колун чыгарса, аны көрө алышпайт. Алла жарык бербеген адамда жарык болбойт.
41.                        Асмандар менен жердеги ар бир заттын, а түгүл катар-катар учкан куштардын да Алланы аруулаганын көрбөйсүңбү? (Алардын) баары өздөрүнө таандык намаздарын жана тасбихтерин[43] билишет.  Алла – алардын эмне жасап жатышканын Билүүчү!
42.                        Асмандар менен жердин казынасы – Аллага гана таандык. Анан да, (алардын) кайта турган жагы да – Алла тарап.
43.                        Карабайсыңбы:  Чындыгында, Алла булуттарды  айдайт да, анан алардын ортолорун бириктирип, аларды кабат-кабат кылат. Ошондо булуттун араларынан жамгыр төгүлгөнүн көрөсүң. Асмандан ичинде мөндүрү бар (булутту) тоолордон түшүрөт да, ал аркылуу каалаган пендесине апаат алып келип, каалаганынан[44] буруп кетет. (Көрбөйсүңбү:)  Чагылгандын жаркылдагы көздөрдү алып кете жаздаганын[45]!
44.                       Алла – күндүз менен түндү алмаштырат. Акыйкатта, мында акылы тунук[46] адамдар үчүн, албетте, далилдер[47] бар.
45.                       Алла ар бир жандыкты суудан[48] жаратты. Алардын айрымдары боору[49] менен жылат, айрымдары эки буттап басат жана кай бирлери төрт айактап жүрөт. Алла – Өзү каалагандай жаратат. Акыйкатта, Алла – баардык нерсеге Кудуреттүү!
46.                       Чындыгында, ачык-айрым байан кылуучу айаттарды түшүрдүк. Ошентип, Алла – Өзү каалаганын туура жолго салат.
47.                       Алар: “Алла менен Анын пайгамбарына ыйман келтирдик да, мойун сундук”,– дешип, кийин кайра алардын бир бөлүгү жолдон тайат. Мына ошолор (чындап) ыйман келтирбегендер.
48.                       Алардын араларында өкүм чыгаруу үчүн Аллага жана Анын пайгамбарына чакырылган кезде[50], алардын бир бөлүгү андан баш тартышат[51].
49.                       Эгер аларга бир тиешеси боло турган болсо[52], ага шашылып келишет.
50.                       (Эмне) алардын жүрөктөрүндө дарты барбы? Болбосо күдүктөнө[53] турган эмне бар? Же аларга Алла менен Анын пайгамбары адилетсиздик кылат деп коркушабы? Андай эмес! Алар өздөрү заалым.
51.                        Чындыгында, момундардын араларында өкүм[54] берүү үчүн Аллага жана Анын элчисине чакырылганда, алардын сөзү: “Уктук, мойун сундук”,– деген (гана) сөз болот. Ошолор – ийгиликке жетүүчүлөр.
52.                       Кимде-ким Алла менен Анын пайгамбарына баш ийсе, ошентип, Алладан коркуп,  такыба болсо, мына ошолор –жеңишке[55] жеткендер.
53.                       (Эй, Мухаммед! Мунафыктар): “Эгер буйрук берсең, албетте, (согушка) чыгабыз”, –деп Алланын аты менен ант ичишет.  Аларга: “Ант ичпей эле койгула! (Канчалык) мойун сунганыңар маалым. Чындыгында, Алла эмне жасап жатканаңарды жакшы Билүүчү!”, – деп айткын.
54.                       [56](Аларга): “Алла менен Анын пайгамбарына мойун сунгула!”, – деп айт. Эгер мойун сунуудан баш тартсаңар, чындыгында, пайгамбар өзүнө жүктөлгөнгө, а силер өзүңөргө жүктөлгөндөргө гана (жооп берүүгө) милдеттүүсүңөр. Ал эми пайгамбарга мойун сунсаңар, анда туура жолду табасыңар. Ошентип, [57]ачык-айрым кылып силерге жеткирүү гана пайгамбарга милдет.
55.                       Алла силердин араңардан ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарга, өздөрүнөн мурунку элдерди орун басар[58] кылгандай эле жер жүзүндө силерди да (Өзүнө) орунбасар кылууну убада кылды. Ошентип, алар үчүн (Алла) Өзү ыраазы болгон динин бекем орнотуп, аларга коркунучтан кийин бейпилдикти алмаштырып берди[59]. (Анткени) алар Мага сыйынышат; Мага эч кимди (жана эч нерсени) шерик кыллышпайт. Ким мына ушундан кийин (Аллага) каршы чыкса[60], мына ошолор – бузукулар.
56.                       Намазды толук аткарып, зекет бергиле жана пайгамбарга мойун сунгула. Ошондо мээримге[61] бөлөнөсүңөр.
57.                       Ошентип, (Аллага) каршы чыккандар[62]; “жер жүзүндө бизди алсыратты”, – деп ойлобо[63]!  Алардын (бараар) жайы – Тозок. (Ал) кандай жаман жай!
58.                       Эй момундар! Кол алдыңардагы кул-күңдөрүңөр жана али бой жете элек балдарыңар,  үч мезгилде (бөлмөңөргө) уруксат сурап киришсин: Таң намазынын[64] алдында, чак түштө кийимиңерди (чечип) койгон учурда жана куптан намазынан кийин. Силер үчүн мына ушул үч мезгил уйала турган убакыт[65]. Булардан кийин[66] силерге да, аларга да айып эмес. Анткени силер бири-бириңерге[67] кирип-чыгып турушуңар керек.  Алла силерге Өз айаттарын  ушундай (ачык) байан кылат. Алла – Билүүчү, Даанышман!
59.                       Эр жеткен балдарыңар, мурункулар уруксат сурап киргендей[68] эле (уктоочу бөлмөңөргө) уруксат сурап киришсин. Алла (Өз) айаттарын силерге ушинтип айкын байан кылат. Алла – толук Билүүчү, Даанышман!
60.                       Никелешүүдөн күдөр үзүп, үйдө олтурган кемпирлер[69] сулуулугун көрсөтпөстөн, сырт кийимдерин чечип олтуруусу – айып эмес. Эгер мындан да сактанса[70], алар үчүн ого бетер жакшы. Алла – баарыдан толук Кабардар, бардык нерсени Билүүчү!
61.                       (Силер менен бир үйдө тамак жеген) сокурга күнөө жок, аксакка күнөө жок, оорулууга күнөө жок. Ошентип, силерге өз үйлөрүңөрдөн (айалдарыңардын, балдарыңардын),  аталарыңардын үйлөрүнөн, энеңердин үйлөрүнөн,  ага-инилериңердин үйлөрүнөн, эже-карындаштарыңардын үйлөрүнөн, же аталарыңар менен бир тууган алагарыңардын үйлөрүнөн, аталарыңар менен бир тууган  эжелериңердин үйлөрүнөн, бир тууган тайакелериңердин үйлөрүнөн,  бир тууган тайэжелериңердин үйлөрүнөн, же силер ачкычтарына ээ болгон [71]досторуңардын үйлөрүнөн тамак жесеңер айып жок. Аталгандар менен чогуу тамактансаңар да, бөлөк-бөлөк тамактансаңар да күнөө болбойт. /йлөргө[72] кирген кезде  өзүңөргө[73]  Алла тараптан мыкты берекелердин түшүрүлүшүн тилеп, салам айтып киргиле.  Ушинтип, Алла силерге  (Өз) айаттарын ачык-айкын байан кылат. Балким, акыл калчаарсыңар...
62.                       Акыйкатта, момундар – Аллага, Анын пайгамбарына ыйман келтиришип,  эгер алар пайгамбар менен бирге  бир жыйналышта болушса, пайгамбардан уруксат алмайынча кетишпейт.  Ырасында, [74]сенден уруксат сурагандар – мына ошолор Аллага, пайгамбарга ыйман келтиргендер. Алар кээ бир жумуштары үчүн уруксат  сурашса, каалаганыңа уруксат бер жана алар үчүн Алладан кечирим сура. Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү!
63.                       [75]Пайгамбардын чакырыгын өз ара бири-бириңердин чакырыгыңарга окшотпогула[76]. Акыйкатта, Алла силердин араңардагы жашырынып, билгизбей[77] чыгып кетүүчүлөрдү билет. Андыктан, Анын[78] буйругуна каршы чыккандар[79] өздөрүнө (Алладан) бир апаат келеринен, же болбосо жан чыдагыс азап келеринен сактанышсын.
64.                       Эсиңерде болсун:  Асмандар менен жердеги нерселер – Алланыкы! Чындыгында, Ал[80]  силердин кандай абалда экениңерди (ар дайым) билип турат. Ошондуктан, Ал Өз тарабына[81] кайткан күнү[82], алар эмне иш кылгандарынан кабар берет. Алла – бардык нерселерди Билүүчү!




[1] Никесиз бузукулук  жасаган
[2] Көп кудайга сыйынуучу
[3] Айагы суйуктар менен баш кошуу
[4] Тыйуу салынды
[5] Жалганчылар билингенден кийин
[6] Алардын сөзүнө эч качан ишенбегиле
[7] Таза айалдарга жалган жалаа жапкан жалганчылар
[8] Өзүнө буйрулуучу жазаны четке кагып, (эгер чындыгында эле айалы таза болсо) жазадан кутулууга болот
[9]  сүйүктүү  пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.) Бану Мусталык согушунан кайткан кезде түнөгөн бир жерде Айша  апабыз (Алла андан ыраазы болсун) түзгө олтуруп келсе, мойнундагы  шурусу жок. Кайра барып алып келгенче көч жүрүп кетет. Журтка короолчулук кылып калган Сапувван Мугтал  Айша  апабызды өз төөсүнө мингизип алып келген кезде, Абдулла Убай башында турган мушриктер Айша апабыз тууралуу жалган жалааларды жайылтууга аракет кылышат. Кеп ошолор тууралуу болууда.
[10] Кең пейилдиги
[11] ээрчисе
[12] Алла Таала байлык насип кылып койгондор
[13] Меккеден Мединага  Ислам дини үчүн көчкөндөр
[14] Такыба, момун,
[15] момундар
[16] каапырлардын
[17] Алланын кечирими
[18] Ушундай кылуу
[19] Маселен уктоочу бөлмөгө
[20] Жыныстык мүчөсүн
[21] Башка эрекектерге
[22] Бети, колу, бутунун томуктан ылдый жагы
[23] Абдан картайган, өтө жаш, же дагы башка (маселен; эч нерсенин түшүнбөй калган, кумардануусу такыр жок жинди...)
[24] Ага азырынча баам-парасаты жете элек наристе
[25] Айалдар буттарына мончокторду, же башка жасалгаларды тагып алып, анын үнү угулсун үчүн буттарын жерге урбасын, же бийлебесин
[26] момундарын
[27] Учур келген кезде бай адамга айландырат
[28] айагы суйуктуктан
[29] Айагы суйуктукка, зинакорлукка
[30] Эгер чындап тообо кылса...
[31] Чырактын астына койулуучу идиш
[32] Момундардын үйүндө, мечиттерде
[33] Ал үйлөрдө
[34] Алланы
[35] Зикр кылуудан (зикир чалуудан)
[36] Кыйаматтан
[37] Каапырлардын
[38] Алла Таала
[39] Адилет сурак кылып, татыктуу жазасын берет
[40] Алла тез жазалайт жана тез сыйлайт
[41] Ороп алган, каптап калган, тумчулаган...
[42] /ч кабат караңгылык: 1) булуттун караңгылыгы, 2) деңиздин карңгылыгы, 3)  кабатталган толкундардын караңгылыгы
[43] Алла Тааланы эстөөнүн жана сыйынуу ыкмаларынын бири болгон зикир чалууну
[44] Апаатты, кырсыкты…
[45] Эй, пенделер! Жок дегенде ушул чагылганды жараткан Улуу Алла тууралуу бир саамга болсо да ой жүгүрпөйсүңөрбү?!
[46] Акылы зирек, сезимтал, өз Жаратуучусун акылы менен таанууга умтулган
[47] Ой жүгүртүүгө, сабак алууга түрткөн өрнөктөр, окуйалар…
[48] Аталык жана энелик уруктан
[49] сойлоп
[50]  Ислам дини үчүн согушка аттанууга буйрук чыкса
[51] Барбай койуунун шылтоосун табышат
[52] Маселен, аларды олжо, зекет, садака алууга чакырса
[53] күмөнсүп, шек санай турган
[54] Алла ыраазылыгына жетүү үчүн күрөшкө аттанууга чакырылган кезде
[55] Бейишке
[56] Алла Таала Өз пайгамбары Мухаммед алейхи саламга кайрылып жататат
[57] Алланын айаттарын, Куранды, шарийатты…
[58] Алла Таала жердеги жан-жаныбарлардын ичинен өзгөчө акылдуу кылып жаратып жана ошого жараша өзгөчө жоопкерчилик да жүктөп...
[59] Кооптуу мезгилдин артынан бейпил заман жиберди
[60] Каапырлык кылса
[61] Алланын мээримине
[62] каапырлар
[63] Алла Таала Өз пайгамбары Мухаммед (а.с.)га кайрылып жатат
[64] багымдаттын
[65] Анткени бул үч мезгилде адамдар жеңил кийимчен болушу мүмкүн
[66] Мындан башка мезгилдерде силердин уктоочу бөлмөңөргө  уруксатсыз  кирсе
[67] Бири-бириңердин бөлмөңөргө
[68] Силерден мурдакы мусулмандарга да мына ушундай кылуу буйурулган.
[69] Айызы токтоп, төрөөдөн калган...
[70] Сырт кийимин деле чечинбей. (Бул жерде «сырт кийим» деп көйнөк аталууда).
[71] Ачкычтарын силерге ишенип берген
[72] Мусулмандар - бири-бириңердин үйлөрүңөргө
[73] мусулмандарга
[74] Алла Таала Өз пайгамбары Мухаммед (а.с.)га кайрылып жатат
[75] Эй, момундар!
[76] Анткени, пайгамбардын чакырыгы, Алланын буйругу менен болот
[77] Пайгамбардан уруксат суроонун ордуна, тымызын чыгып кетүүчү эки жүздүүлөрдү
[78] Алланын
[79] Каапырлар, мушриктер, мунафыктар
[80] Алла Таала
[81] Алла Таала тарапка
[82] Кыйамат Күнү

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder