25.02.2014

49 HUCURÂT SÛRESİ

49-сүрө «Хужурат[1]»
Мединада түшүрүлгөн. Он сегиз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Эй, ыймандуулар! Алладан жана Анын  элчисинен алдыга умтулуп[2] кетпегиле! Алладан корккула! Чындыгында Алла – Угуучу, Билүүчү.
2.     Эй, ыймандуулар! /нүңөрдү пайгамбардын[3] үнүнөн бийик көтөрбөгүлө. Өз ара бири-бириңерге кыйкыргандай, пайгамбарга кыйкырып сүйлөбөгүлө! (Анткени) амалыңар жокко чыкканын силер сезбей каласыңар.
3.     Чындыгында, пайгамбардын алдында үнүн акырын чыгаргандардын жүрөктөрүн такыбалык үчүн Алла сынаган эле.  Аларга – кечирим жана улуу сый (бар).
4.     Чындыгында, бөлмөлөрдүн артынан сага кыйкыргандардын көбү акыл калчашпайт[4].
5.     Эгер сен алардын алдына чыкканга чейин[5] сабыр кылышса, анда өздөрүнө жакшы болоор эле. Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
6.     Эй, ыймандуулар! Эгер силерге бир бузуку[6] (адам) кабар алып келсе, кайсыл бир коомго байкабастык[7] кылып, кийин өкүнүп калбаш үчүн оболу[8] аныктагыла!
7.     Араңарда Алланын элчиси[9] бар экенин билгиле. Эгер ал көптөгөн иштерде силерге моюн сунса, анда силер кыйынчылыкка сөзсүз кабылмаксыңар.  Бирок Алла силерге ыйманды жакшы көрсөтүп, аны менен жүрөктөрүңөрдү кооздоду[10]. Ошону менен бирге каапырлыкты, бузукулукту жана баш ийбестикти[11] жек көрсөтүп койду. Ошолор[12] туура жолдогулар.
8.     Бул – Алланын силерге ырайымы жана жакшылыгы!  Алла – (баарын) Билүүчү, Даанышман!
9.     Ыймандуулардан эки коом бири-бири менен согуша турган болсо, алардын ортосун түзөгүлө. Эгер бири-экинчисине зомбулук кылса, анда баш тарткан[13] тарабы менен Алланын эркине алар баш ийгенге чейин согушкула. Ал эми баш ийишсе, адилеттүүлүк менен элдештирип, адилет болгула! Чындыгында, Алла адилеттүүлөрдү жакшы көрөт.
10.Чындыгында ыймандуулар – бир тууган. Ошондуктан бири-бириңердин ортоңорду[14] түздөгүлө! Алланын ырайымына ээ болуу үчүн Андан корккула![15]
11.Эй, ыймандуулар! Бир эл экинчи (башка) бир элди шылдыңдабасын:  (Анткени) балким, алар[16]  тигилерден[17] мыктыраактыр; ошондой эле айалдар да башка бир айалдарды шылдың кылышпасын: мүмкүн тигилер[18] беркилерден[19] мыктыраак. Өзүңөрдү (бири-бириңерди) жемелебегиле![20]. Бири бириңди жакпаган[21] аттар[22] менен атабагыла! Ыйманга келгенден кийинки бузукулук – кандай ыплас! Кимде-ким тообо кылбаса[23], демек, алар – заалымдар.
12.Эй, ыймандуулар! Шектенүүлөрдүн көпчүлүгүнөн   арылгыла. Анткени, айрым шек саноолор – күнөө. Бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири бириңерди артыңардан[24] тилдебегиле. Силердин араңардан ким өлгөн бир тууганынын[25] этин жешти жакшы көрсүн?![26] Силер аны жактырбайсыңар! Алладан корккула. Чындыгында Алла – тооболорду Кабыл Кылуучу, Боорукер.
13.Эй, адамдар! Биз силерди эркек[27]-ургаачыдан[28] жараттык. Ошондой эле бири бириңерди таанып-билишиңер үчүн урууларга жана элдерге бөлүп койдук. Алланын алдында силердин эң сыйлууңар[29] – такыбараагыңар[30].  Чындыгында, Алла – (баарын) Билүүчү, (баарынан) Кабардар!
14.Араб көчмөндөрү айтышты: «Биз ыйман келтирдик». (Сен): «Силер ыйман келтиргениңер жок. Андан көрө «Биз Алланын эркине баш ийдик», – дегиле. Бирок азырынча силердин жүрөгүңөргө ыйман (толук) кире элек», – деп айткын. Эгер силер Аллага жана Анын элчисине[31]  моюн сунсаңар, Ал[32] силердин соопторуңарды эч кемитпейт. Чындыгында Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
15.Момундар – Аллага жана Анын элчисине[33] ыйман келтирип, шектенбестен[34], Алла жолунда өз мал-мүлктөрү жана жандары менен согушка чыккандар. Мына ошолор – (нагыз) чынчылдар[35].
16.Айткын: «Диниңер тууралуу Аллага билдиргиңер келип жатабы[36]? Алла – асмандагыларды жана жердегилерди (мыкты) билет.  Алла – баарын Билүүчү».
17.Алар сага мусулман болгондугун айтышат.   (Сен) аларга: «Мусулман болгонуңарды мага милдет кылбагыла. Тескерсинче, эгер силер чынчыл болсоңор…,  силерди ыйманга келтиргендиги үчүн Алла силерге милдет кылат[37]!» - дегин.
18.Чындыгында, Алла  асмандардагы жана  жердеги кайыпты билет. Алла силер эмне кылып жатканыңарды Көрүүчү!



[1] Хужураат – бөлмөлөр,
[2] Озуп, чектен чыгып, аша чаап кетпегиле
[3] Мухаммеддин (а.с.)
[4] Кимге кыйкырып жатышканын аңдашпайт, сезишпейт, өз абалдарына маани беришпейт
[5] Пайгамбарыбыз үйүнөн сыртка чакырган кишиге, чыкканга чейин кайра-кайра кыйкырбай, сабыр кылып турса
[6] каапыр, же мушрик
[7] адилетсиздик
[8] ал кабардын чын-төгүнүнө жетип
[9] Мухаммед (а.с.)
[10] Ыйман аркылуу жүрөгүңөрдү  кооз, сулуу кылып койду.
[11] текеберчиликти
[12] Жүрөгү ыйман менен кооздолуп коюлган мусулмандар
[13] 1) Аллага моюн сунуудан; 2) согушту токтотуу тууралуу келишим  түзүүдөн
[14] өз ара мамилеңерди
[15] Такыба болгула
[16] шылдың болгон эл
[17] шылдың кылган элден
[18] шылдың кылган айал
[19] шылдың болгон айалдан
[20] Өзгөчө кылып көрсөтүүгө аракет кылбагыла
[21] келекелүү
[22] Маселен кайсыл бир инсанды, же  коомду алардын кемчилигинен улам бир лакап атка кондуруп келекелебегиле
[23] Башкаларды шылдыңдоо, келекелөөдөн баш тартып
[24] мусулманды өзү жок жерде ушак кылбагыла
[25] Анткени мусулман – мусулманга бир тууган
[26] Ушактоо – ушакталган адамдын этин жеген менен барабар оор күнөө
[27] Адам-Ата
[28] Обо-Энеден
[29] Алланын сыйына, Алланын Бейишине татыктууңар
[30] Такыба – Алланын  буйруктарын бузуудан корккон, б.а. ыйманы (абдан) күчтүү мусулман
[31] Мухаммед (а.с.)ге
[32] Алла Таала
[33] Мухаммед (а.с.) ге
[34] Алланын жалгыздыгынан, Мухаммеддин (а.с.) пайгамбарлыгынан, Кыйамат Күнүнүн болушунан ж.б.
[35] Ислам дининдеги чыныгы чынчылдар
[36] Алла силер айтпасаңар да жүрөгүңөрдө катылган күкүмдөй сырлардан бери билип турат
[37] Анткени, эгерде,  Алла Өзү каалабаса силер эч качан ыйманга келип, эки дүйнөдө бактылуу боло албайт элеңер. Ошол үчүн, акыйкатта, ыймандуу болгонуңар  үчүн Алла силерге эмес, ыйманга алып келгени үчүн силер Аллага карызсыңар!

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder