25.02.2014

77 MÜRSELÂT SÛRESİ

77-сүрө «Мурсалат[1]»
Меккеде түшүрүлгөн. Элүү айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.       Удаа-удаа жиберилген шамалдарга ант!
2.       Катуу бороондорго ант!
3.       Чар тарапка жайылтуучуларга ант!
4.       Даана ажыратып берүүчүлөргө ант!
5.       Эскертмени алып келүүчүлөргө ант!
6.       Себеп менен коркутуп эскертүүнү.
7.       Силерге убада кылынган нерселер жакында сөзсүз болот:
8.       Жылдыздар караңгылап өчкөн кезде;
9.       Асман жарылган кезде;
10.  Тоолор чаң-тозоңго айланган кезде;
11.  Пайгамбарларга мөөнөт так белгиленген кезде.
12.  Анда (дагы) качанга чейин узартылмак?!
13.  Ажырап-бөлүнүү күнүнө чейин.
14.  Сен бөлүнүү күнү эмне экенин билесиңби?
15.  Жалган дегендерге[2] – ал Күнү азап болсун!
16.  Биз (силерден) мурункуларды да жок кылган эмес белек?!
17.  Анан, алардан кийинкилерин да[3] жок кылбадыкпы?
18.  Биз күнөөкөрлөрдү мына ушундай кылабыз.
19.  Жалган дегендерге – ал Күнү азап болсун!
20.  Биз силерди көрүмсүз начар суудан жаратпадыкпы?!
21.  Аны[4] (сууну) Биз ишеничтүү орунга (жатынга) жайгаштырдык,
22.  белгилүү бир убакытка чейин.
23.  Биз мөөнөттү белгилейбиз жана Биз мөөнөт белгилөөчүлөрдүн эң кудуреттүүсүбүз.
24.  Жалган дегендерге – ал Күндө азап болсун!
25.  Биз Жерди топтоочу орун кылбадыкпы
26.  Тирүүлөрдү жана өлүктөрдү.
27.  Анын (үстүнө) Биз бийик тоолорду жайгаштырдык жана силерге таттуу сууну ичирдик.
28.  Жалган дегендерге – ал Күндө азап болсун!
29.  Өзүңөр жалган дегениңерге барып көргүлөчү!
30.  /ч бөлүк болуп түтүндөгөн көлөкөгө баргыла,
31.  алар көлөкө да кылбайт жана (тозоктогу) жалындан да коргой албайт.
32.  (Ал) үйдөй-үйдөй чоң учкундарды чачыратат,
33.  сары түстүү төөлөр өңдүү.
34.  Жалган дегендерге – ал Күндө азап болсун!
35.  Алар ал Күндө ооз ачып сүйлөй албайт.
36.  Аларга сүйлөөгө да уруксат берилбейт.
37.  Жалган дегендерге – ал Күндө азап болсун!
38.  Бул “бөлүнүү” күнү, Биз силерди жана силерден мурункуларды да топтодук.
39.  Эгер силердин – айла-амалыңар болсо, анда Мага айлаңарды көрсөткүлө.
40.  Жалган дегендерге – ал Күндө азап болсун!
41.  Акыйкатта такыбалар көлөкөлөрдө[5] жана булактарда болушат,
42.  каалаган мөмө-жемиштердин арасында болушат,
43.  кылган амалыңар үчүн. Куттуу болсун, жегиле, ичкиле!
44.  Биз жакшы иш жасагандарды мына ушинтип сыйлайбыз.
45.  Жалган дегендерге – ал Күнү азап болсун!
46.  Бир аз жеп, ичип пайдаланып тургула. Албетте, силер күнөөлүүсүңөр.
47.  Жалган дегендерге – ал Күнү азап болсун!
48.  “Кудайга жүгүнгүлө”, – деп айтылганда алар жүгүнө алышпайт.
49.  Жалган дегендерге – ал Күндө азап болсун!
50.  Алар андан[6] соң башка дагы кайсы сөзгө ишенишет?!













[1] Мурсалат – Жиберилгендер (Шамалдар)
[2] Чындыкты.
[3] Коомдорду.
[4] Сууну.
[5] Бейиш бактарынын арасында.
[6] Курандан.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder