26.02.2014

111 TEBBET SÛRESİ

111-сүрө “Масад[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Беш айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.  Абу Лахабдын эки колу куурап калсын! Ал куурады.[2]
2.  Ага анын байлыгы да, кесиби да эч жардам кыла алган жок.
3.  Ал алоологон отто азапталат.
4.  Отун көтөргөн айалы да[3]
5.  Анын мойнунда эшилген жиби (бар).




[1] Масад – эшилген жип.
[2] Пайгамбарга (а. с.) жакын туугандарына даават кылууга буйруган айат түшкөндө  Мухаммед (а.с.) бүтүндөй жакындарын топтоп, динге чакырган. Ошондо Абу Лахаб нааразылана кыйкырып: “Сен куруп кал! Ушуга бизди чакырдыңбы?” – дегенде, Алла Таала ушул сүрөнү түшүргөн.
[3] Отко түшөт. Ал тикенектүү отундарды көтөрүп, келип Мухаммед (а.с.) жолуна таштап, Пайгамбарга ызаа көрсөтчү.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder