25.02.2014

21 ENBİYÂ SÛRESİ

Он жетинчи бөлүм
21-сүрө  “Анбийа[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Жүз он эки айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!

1.     Адамдарга алардын эсеп берээр маалы жакындады. Алар болсо бейкапар терс бурулууда.
2.     Аларга Эгесинен жаңы нерсе келген жок! Угуп, анан алар  мазакка айланткан эле нерсе.[2]
3.     (Алар) бейкапар жүрөктөрү менен өз ара шыбыраша: “Чын эле бул[3] силер өңдүү киши эмеспи? Кантип эле силер аны көрүп туруп сыйкырланып калдыңар?” (дешет).
4.     “Эгем асмандар менен жерде болгон сөздөрдүн баарын билет. Ал - Угуучу, Билүүчү”, – деди.
5.     Алар[4]: “Жок! Бул чаташкан түш.[5] Жок! Албетте, ал аны[6] өзү ойлоп тапты! Жок! Ал акын! Ал бизге мурунку пайгамбарларга берилген кереметтер менен келсин!” – дешти.
6.     Биз жок кылган мурунку калаалардан эч кимиси ишенген эмес эле. Эми булар ишенеби?
7.     Сага чейин Биз эркектерди гана[7] аларга айан берип жөнөткөнбүз: Эгер билбесеңер, анда илим ээлеринен[8] сурагыла.
8.     Биз алардын денесин тамак татпагыдай жана аларды түбөлүккө өлбөс кылган эмеспиз.
9.     Андан соң Биз аларга берген убадабызды чынга чыгарып, каалагандарыбызды куткардык жана чектен чыккандарды ойрон кылдык.
10.       Биз силерге насааты бар Китепти жөнөттүк. Акыл калчабайсыңарбы?
11.      Биз канчалаган калааларды жок кылдык. Алар  адашкан заалымдар болушкан. Биз алардан соң башка элдерди пайда кылдык.
12.      Биздин кыйратуубузду сезген мезгилде, алар андан качып жөнөшөт.
13.      Качпагыла! Силерге берилген молчулукка жана турак-жайыңарга кайра кайтып келгиле – мүмкүн силер суралаарсыңар.
14.      Алар: “О биз куруп калалы! Чындыгында биз заалымдардан болгон экенбиз!” – дешет.
15.      Алардын өздөрүнө кыйроону тилөөсү, Биз аларды орулуп-бастырылган эгин талаасындай кылганга чейин[9] токтободу.
16.      Биз асмандарды, жерди жана алардын ортосундагыларды ойноп жараткан жокпуз.
17.      Эгерде Биз көңүл ачууну кааласак, анда аларды өз алдыбыздан деле жаратып алар элек.[10]
18.      Жок! Биз акыйкат менен жалганды кыйратабыз, ал аны быркыратып жок кылат. Силерге шерик кошконуңар үчүн азап болсун!
19.      Ага асмандар менен жердегилердин баары таандык. Анын алдындагылар текеберденишпейт жана ибадат кылуудан чарчашпайт.
20.      Алар Аны түндө жана күндүзү чарчабастан аруулашат.
21.      Чын эле алар өздөрүнө жерден кудай таап алыштыбы? Алар[11] өлгөндү тирилте алышабы?
22.      Эгерде асмандар менен жерде Алладан башка кудайлар болсо, анда (алар) бузулуп кетээр эле. Арштын Эгеси болгон Алла алардын сыпаттаган нерселеринен таза.
23.      Ал (Алла) эмне кылганы суралбайт, а алар суракка алынат.
24.      Же алар Алладан башкаларды кудай (кылып) алыштыбы? “Далилдериңерди келтиргиле! Бул (Куран) мени менен болгондорго жана мага чейин болгондорго эскертүү”, – дегин. Жок! Алардын көпчүлүгү акыйкатты билишпейт жана терс бурулушат.     
25.      Биз сага чейин да: “Менден башка Кудай жок, Мага гана сыйынгыла!” – деп айтпай туруп, бир да пайгамбар жөнөтпөдүк.
26.      Алар: “Мээримдүү Өзүнө уул алды”, – дешти. Ал кемчиликтерден аруу! Жок. Алар[12] (Анын) ардактуу пенделери гана.
27.      Алар Андан сөздө[13] өтүп кете алышпайт. Анын буйругу менен гана иш кылышат.
28.      Ал аларга чейинки болгондорду да, андан кийинки боло турганды да билип турат, а алар кудайдын алкышына татыгандардан башка, эч кимге ортомчу боло алышпайт. Алар Андан коркконунан калтырашат.
29.      Алардын арасынан кимиси: “Андан башка мен Кудаймын!” – деп айта алат? Ким антсе, аны Биз тозокко жөнөтөбүз. Адашкан заалымдарды Биз мына ушинтип жазалайбыз.
30.      Чын эле каапырлар асмандар менен жер бирге болгондугун, а Биз аларды бөлгөнүбүздү жана бардык жандууларды суудан жараткандыгыбызды көрүшпөйбү? Эми алар ыйман келтиришпейби?    
31.      Биз жер үстүндө алар аны менен бирге термелбесин үчүн бекем туруучу тоолорду жайгаштырдык жана алар туура жолдо баруусу үчүн капчыгайларды жараттык.
32.      Асманды сакталган шып кылдык. Алар Анын айаттарынан баш тартышууда.
33.      Ал түн менен күндүздү, Күн менен Айды жараткан. Баарысы асман алкактарында[14] сүзүшөт.
34.      Биз сага чейин эч кимге түбөлүктүүлүктү берген жокпуз. Кантип эле сен да өлсөң, алар түбөлүк өлбөс болуп калышсын.
35.      Ар бир жан ээси өлүмдү татат. Биз силерди жакшылык менен да, жамандык менен да сынап көрөбүз жана Бизге кайтарыласыңар.
36.      Ыймансыз каапырлар сени көргөн кезде, шылдыңдашып: “Силердин кудайларыңар жөнүндө айтып жаткан ушулбу?” – дешет. Мээримдүүнү эскерүүдө алар каапырлык кылышат.
37.      Инсан шашма болуп жаратылган. Мен силерге белгилеримди көрсөтөмүн, Мени шаштырбагыла!
38.      Алар: “Эгер сен чын болсоң (айтчы), анда бул убадалар качан аткарылат?” – дешет.
39.      Эгерде каапырлар беттерин, аркаларын оттон коргой албаган жана аларга эч жардам да көрсөтүлбөй турган кезди билген болсочу!
40.      Ооба! Ал аларга капысынан келет да, аларды таң калтырат, алар аны кайтара да алышпайт жана аларга мөөнөт да берилбейт!
41.      Сага чейинки пайгамбарларды да шылдыңдашкан, бирок шылдыңдагандардын шылдыңдаган нерселери өз баштарына жеткен.
42.      “Силерди түндө жана күндүзү Мээримдүүдөн ким сактай алат?” –дегин. Ооба, алар өз Эгесин эскерүүдөн баш тартышат.
43.      Чын эле алардын Бизден сактай турган кудайлары барбы? Алар[15] өздөрүнө өздөрү жардам кыла албайт жана Бизден да коргоно алышпайт.
44.      Ооба, Биз аларга жана алардын аталарына узак жашоодо жакшы үлүш бергенбиз. Чын эле алар Биздин буйругубуз менен жерди ар тарабынан кыскартканыбызды[16] көрүшпөйбү? Ошондо алар[17] жеңүүчү болушабы?     
45.      “Мен силерге жашыруун кабарды гана эскертүүчүмүн”, – дегин. Бирок, дүлөйлөр[18] эскертилгендеги чакырыкты угушпайт.
46.      Аларга Эгеңден азаптын эпкини жеткен кезде, алар: “Оо биз куруп калалы! Биз адашкан экенбиз”, - дешет.
47.      Биз Кыйамат Күнү үчүн туура таразаларды жайгаштырабыз. Бир да жан зулум кылынбайт. А эгерде сары кычынын[19] данынын салмагындай эле (амал) болсо, анысын келтирер элек. Биз толук жетээрлик эсепчибиз.
48.      Биз мурун Муса менен Харунга Фурканды[20], нурду[21] такыбалар үчүн эскертме катары бердик.
49.      Алар Эгесин көрбөй туруп коркушуп, Кыйамат Күнүнөн кооптонушат.
50.      Бул (Куран) Биз силерге түшүргөн кут даарыган эскертме. Чын эле силер аны четке кагасыңарбы?
51.      Биз мурун Ибрахимге туура жолду ыроолодук жана Биз аны билгенбиз.
52.      Ал атасына жана өз коомуна: “Бул силер табынып жаткандар эмне деген айкелдер?”, – деген эле.
53.      Алар: “Биздин аталарыбыз да аларга табынганын биз билебиз”, – дешти.
54.      Ал: “Силер да, силердин аталарыңар да анык адашууда болуп келишкен”, – деди.
55.      Алар: “Чын эле акыйкат менен келдиңби, же сен ойун-тамаша кылуучулардансыңбы?” - дешти.
56.      “Ооба, силердин Эгеңер – асмандар менен жердин Эгеси, аларды Ал жараткан. Мен болсо бул тууралуу күбө болуучумун”, – деди.
57.      “Алланын ысымына ант! Мен силер алардан алыстаган кезде силердин сөлөкөттөрүңөргө[22] каршы айла-амал табамын”.   
58.      Ал, мүмкүн ушуга кайрылышаар (деп), алардын[23] эң чоңунан башкасынын баарын талкалап салды.
59.      Алар: “Биздин кудайларыбызга бул ишти ким кылды? Ал нагыз заалым экен!” – дешти.
60.      Алар: “Биз Ибрахим аттуу жаш жигиттин аларды айыптаганын уккан элек”, – дешти.
61.      Алар: “Аны элдин көз алдына алып келгиле. Мүмкүн алар күбөлүккө өтүп беришээр”, – дешти.
62.      Алар: “Эй, Ибрахим! Биздин кудайларга бул ишти сен кылдыңбы?” – дешти.
63.      Ал: “Жок! Муну булардын[24] эң чоңу кылды. Эгер сүйлөй алса, алардан сурап көргүлө!” – деди.
64.      Алар өздөрүнө өздөрү кайрылып: “Силер өзүңөр адашкансыңар”, – дешти.
65.      Андан соң алар кайрадан каапырдыгына кайтышып: “Алар сүйлөй албасын сен билесиң да?!” – дешти.
66.      (Ибрахим): “Силер чын эле Алланын ордуна силерге эч кандай жардам да, зыйан да келтире албай турган нерселерге табынасыңарбы(?),
67.      силерге жана силердин Алланын ордуна сыйынганыңарга –  “түф-ф”! Эмнеге акылыңарга келбейсиңер?” – деди.
68.      Алар: “Эгер бул ишке жарасаңар, аны өрттөгүлө жана кудайларыңарга жардам бергиле”, – дешти.
69.      Биз: “Эй от! Ибрахимге салкын жана саламат бол”, – дедик.
70.      Алар ага каршы айла-амал кылышты, а Биз аларды зыйан тартуучулардан кылдык.
71.      Аны жана Лутту куткарып, Биз ааламдар үчүн берекелүү кылган жерге[25] (жайгаштырдык).
72.      Ага Исхакты жана кошумча Йакупту бердик. Алардын баарын таза-такыбалардан кылдык.
73.      Аларды Биздин буйругубуз бойунча туура жолду көрсөтө турган башчы кылдык жана аларга жакшылыктарды кылууга, намаз окуп, зекет берүүгө жашыруун айан[26] бердик. Алар Бизге сыйынуучулардан болушту.
74.      Лутка Биз даанышмандык жана илим бердик. Аны бузукулукка баткан калаадан[27] куткардык. Анткени, алар жаман иш жасаган бузуку коом эле.
75.      Биз аны ырайымыбызга бөлөдүк. Анткени, ал жакшылардан.
76.      Мурун Нух да Бизге үн салган[28]. Биз ага жооп кылып, анын үй-бүлөсүн улуу кайгыдан куткардык.
77.      Аны айаттарыбызды жалганга чыгарган адамдардан коргодук. Анткени алар өтө жаман адамдар болгондуктан, Биз аларды чөктүрүп ийдик.
78.      Дауд менен Сулайман  алардын коомунун малдары майкандап салган[29] эгин талаасына байланыштуу өкүм чыгарып[30]  жатышканда, Биз өкүмдөрүнө күбө болуп турдук.
79.      Биз Сулайманга бул тууралуу түшүндүрдүк. Алардын ар бирине Биз даанышмандык жана илим бердик. Даудка аны менен бирге Бизди даңктасын үчүн тоолорду жана куштарды баш ийдирдик. Муну Биз кылдык.
80.      Биз ага согушта силер коргоонууңар үчүн соот[31] (кийим) жасоону үйрөттүк. Силер шүгүр кылбайсыңарбы?
81.      Сулайманга анын буйругу менен Биз кут даарыткан жерге жүрсүн (соксун) деп катуу шамалды баш ийдирдик. Биз бардык нерселерди билебиз.
82.      Суу түбүнө чумкуй турган жана андан башка иштерди кыла турган шайтандарды (жиндерди ага баш ийдирдик). Аларды өзүбүз сактаган элек.
83.      Айуп Эгесине (жалбарып) үн салды: “Мага бир балээ келди, а Сен боорукерлердин боорукерисиң!”
84.      Биз тараптан ырайым иретинде, пенделерге эскерме[32] үчүн, анын тилегин кабыл кылып, андан балээлерди кетирдик, ага өз үй-бүлөсүн жана мурункусун эселентип бердик.
85.      (Эстегин) Ысмайыл, Ыдрыс, Зул-Кифл баарысы сабырдуулардан эле.
86.      Алардын баарын Биз ырайымыбызга бөлөдүк. Анткени алар жакшылардан эле.
87.      Зун-Нунду[33] (эсте). Биздин аларга[34] алыбыз жетпейт деп ойлоп, ал ачуулана кетип калган эле. Ал караңгылыктарда[35] Бизге жалынды: “Сенден башка Кудай жок! Сен аруусуң! Албетте, мен адашкандардан болдум!”
88.      Биз аны уктук жана аны кайгыдан куткардык. Момундарды ушинтип куткарабыз.
89.      Закарийа Эгесине: “Эгем, Сен мураскорлордун эң мыктысысың,  мени жалгыз[36] калтырба”, – деп жалынды.
90.      Биз ага да жооп кылып, Йахйаны бердик жана анын айалын (төрөөгө) жарамдуу кылдык. Акыйкатта, алар[37] жакшы иштерге шашылышкан, Бизге үмүт жана коркуу менен дуба кылышкан. Алар Бизге мойун сунуп, баш ийишкен.
91.      Ал (Марйам) өз абийирин сактаган эле, Биз ага Өз рухубуздан[38] үйлөдүк, аны жана уулун[39] бүткүл ааламдар үчүн белги[40] кылдык.
92.      Акыйкатта үммөтүңөр бир эле үммөт.[41] Мен силердин Эгеңермин. Мага гана сыйынгыла! 
93.      Алар өз иштеринде ажырап-бөлүнүштү. Баарысы Бизге кайтарылат.
94.      Ким жакшы иштерди жасап момун болсо, анын аракети жокко чыгарылбайт. Биз аныкын жазып койобуз.[42]
95.      Биз ойрондогон калаалардын жашоочулары кайра кайтуусу[43] тыйуу салынган,   
96.      Йажуж, Мажуж ар бир дөбөдөн агылып келгенге чейин.
97.      Ошентип, убада кылынган чындык жакын келет, каапырлардын көздөрү алайып: “Оо куруп калалык! Биз мындан капарсыз жана заалым болгон экенбиз” – дешет.
98.      Акыйкатта, силер жана Алланын ордуна силердин табынып жаткандарыңар тозок үчүн отун гана. Силер ага киресиңер.
99.      Эгерде алар[44] кудайлар болсо, анда ага[45] киришпес эле. Алар анда түбөлүккө калышат.
100.       Алар[46] анда онтолошот, а тигилер эч нерсе угушпайт.
101.       Акыйкатта, Бизден жакшылык өткөн адамдар андан[47] алыс болушат.  
102.       Алар анда анын дабышын да угушпайт жана алардын напси[48] эмнени кааласа ошонун арасында түбөлүккө болушат.
103.       Аларды чоң коркунуч кайгыртпайт жана периштелер тосуп чыгышат: “Бул силерге убада кылынган Күн” (дешет алар).
104.       Ошол Күндө Биз асманды жазылган барак оролгондой түрөбүз. Биз алгачкы жаратууну кантип кылган болсок, аны убадабыз бойунча кайрадан ишке ашырабыз. Акыйкатта, Биз кылуучубуз.
105.       Эскертүүбүздөн[49] соң Забурда[50]: “Жакшы[51] пенделерим жерге мураскор болушат”, – деп жаздык.
106.       Акыйкатта, мында[52] (Аллага) сыйынган коом үчүн кабар бар.
107.       Биз сени бүткүл ааламдарга мээрим катары жөнөттүк.
108.       “Акыйкатта, Силердин Кудайыңар – жалгыз Кудай экендиги мага кабар кылынды. Силер мойун сунуп мусулман болосуңарбы?” - дегин.
109.       Эгерде алар баш тартышса, айт: “Силердин баарыңа бирдей эле кабарладым. Бирок, силерге убада кылынган нерсе жакынбы, же алыспы, биле албаймын;
110.       Акыйкатта, Ал ачык сүйлөгөндү да, жашырганыңарды да билип турат.
111.       Мен силер үчүн мүмкүн бул сыноо жана бир мөөнөткө чейинки пайдалануу экендигин биле албаймын.”
112.       “Оо, Эгем! Акыйкаттык менен өкүм кыл! Биздин Эгебиз Мээримдүү! Силер сыпаттап жаткан нерсеге[53] каршы Андан гана жардам суроо ылайык”, – деди (ал).              



[1] Анбийа – Пайгамбарлар.
[2] Биздин замандын жетинчи кылымында Мухаммед пайгамбарга жаңы дин келген жок. Алланын дини бирөө гана. Ал ислам дини. Демек, Адам атадан бери келе жаткан дин – бул Ислам дини гана. Бир нече дин болгон эмес, болбойт дагы. Анын ичинде Муса пайгамбардын да, Иса пайгамбардын да дини – ислам дини болгон. А Мухаммед(а.с.) кезектеги, бирок акыркы пайгамбар. Мындан кийин пайгамбар келбейт. Ошондой эле жаңы дин да келбейт. Бирок адамдар ар кайсы динди өздөрү ойлоп табышат. Албетте, бул туура эмес. 
[3] Мухаммед (а.с.) тууралуу айтып жатышат
[4] Каапырлар, мушриктер.
[5] Пайгамбардын айтып жаткандары.
[6] Куранды.
[7] Периштелерди эмес.
[8] Тоорат, Инжилди мыкты билген аалымдардан.
[9] Биз балээ жиберип кырып салганга чейин.
[10] Түбөлүк ааламдагы башка нерселерден деле.
[11] Сөлөкөттөр – жалган кудайлар.
[12] Периштелер
[13] Алар өздөрүнө өздөрү буйрук беришпейт. Аларга Жараткан өзү гана буйрук берет.
[14] Орбиталарында. Күндүн да орбитасы бар экендиги аныкталды.
[15] Сөлөкөттөр, жалган кудайлар.
[16] Ислам Мединанын айланасында таралып, Меккенин айланасынан кысып келген.
[17] Меккенин мушрик каапырлары.
[18] Алланын буйругун угуп туруп амал жасабаса дүлөй деп эсептелет.
[19] Сары кычы – эгиндин арасына чыгуучу сары гүлдүү отоо чөп (Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнөн).
[20] Жакшы-жаманды ажыратуучуну (Тооратты).
[21] Тооратты.
[22] Идолдор. Ойлоп таап, колго жасалган жалган кудайлар, ар нерсенин түспөлдөрү.
[23] Сөлөкөттөрдүн (идолдордун).
[24] Сөлөкөттөрдүн
                                                
[25] Палестина жана Ханаан жерин өз кучагына алган байыркы гүлдөгөн Арамейа жана Сирийа аймактарынан...
[26] Буйрук.
[27] Содом, Гоморра калааларынан
[28] Алладан суранып дуба кылган.
[29] Тебелеп, тепсеп
[30] Окуйа мындайча болот: Бир адамдын койлору экинчи бир кишинин эгин талаасына кирип, тебелеп, көп зыйанга учуратат. Зыйан тарткан киши Дауд (а.с.)га арызданып келет. Дауд (а.с.) тараптарды катыштырып, ишти териштирет да, койлордун баарын эгини тебеленгенге берүүгө чечим кылат, анткени тебеленген эгиндин болжолдуу наркы койлордун жалпы санына туура келет. Бирок Сулайман (а.с.) атасынан чечимди кайра карап, өзгөртүп: койлорду зыйан тартканга бир жылга гана берүүнү, а эгин талаасын кайрадан иштетүү үчүн койлордун ээсине бердиртүүнү, бул арада эгини тебеленген киши койлордун козуларын, жүнүн жана сүтүн толук өзүнө пайдаланып алып калууга укуктуу болуусун, ал эми койлордун ээси эгин талаасын иштетип, эгин эгип калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берилүүсүн жана бир жылдан кийин ар ким өзүнүкүн өзү алуусуна чечим чыгаруусун суранат. Ошентип иш калыс чечилип, эки тарап тең ыраазы болот. Мындай акылмандуулук, албетте Алла тарабынан Сулайман (а.с.)га берилген эле.  
[31] Темирден жасалган
[32] Сабак болуусу үчүн.
[33] Йунус (а.с.) жүнүндө сөз болууда.
[34] Ассирийадагы Ниневийа шаарынын күнөөлүү иштерди кылып жаткан коомуна. 
[35] Түндүн караңгылыгы, деңиздин караңгылыгы жана киттин ичиндеги караңгылык.
[36] Мураскорсуз.
[37] Жогорку пайгамбарлар.
[38] Жебрейил (а.с.) аркылуу.
[39] Иса (а.с.)ды.
[40] Керемет.
[41] Бардыгыңардын диниңер бирөө эле.
[42] Периштелер жазып койот.
[43] Биз аларды Кыйаматка тирилгенге чейин кайрадан келбегидей кылып ойрондодук.
[44] Сөлөкөттөр.
[45] Тозокко.
[46] Сөлөкөттөргө сыйынгандар.
[47] Тозоктон.
[48] Көңүлү.
[49] Тоорат.
[50] Даудга (а.с.) түшүрүлгөн китеп.
[51] Такыба – таза.
[52] Куранда.
[53] “Алланын баласы бар” – деп айткандары.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder