25.02.2014

28 KASAS SÛRESİ

28-сүрө «Касас[1]»
Меккеде түшүрүлгөн. Сексен сегиз айаттан турат.
  Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     То, син, мим[2].
2.     Бул ачыктоочу[3] Китептин[4] айаттары.
3.     (Эй, Мухаммед!) сага Муса менен Фараондун байанын ишенүүчү эл үчүн жакшылап окуп беребиз.
4.     Чындыгында, Фараон жер бетинде үстөмдүк кылып, элин топторго бөлдү. Алардын бир тобун эзип, уул балдарын мууздап, айалдарын тирүү калтырчу. Анткени ал бузукулардан болчу.
5.     (Биз) ал жердеги эзилгендерге камкордук кылууну, аларды[5] жол башчы кылып, өздөрүн мураскор[6] кылууну каалайбыз:
6.     Аларды жерге (Мисирге) отурукташтырууну; Фараонго, Хаманга жана ал экөөсүнүн аскерлерине өздөрүнүн корккон нерселерин көрсөтүүнү кааладык.
7.     Мусанын апасына[7]: “Аны эмиз да, ага бир нерсе болот деп корксоң[8], анда аны дарыйага салып жибер. Коркпогун да, кайгырбагын. Чындыгында аны сага кайтарып, пайгамбарлардан кылабыз” деп айан бердик.
8.     Ошондо Фараондун үй бүлөсү өздөрүн кайгыртып душман боло турган баланы[9] таап алышты. Акыйкатта, Фараон менен Хаман жана алардын аскерлери (оор) күнөөгө батышкан.
9.     Фараондун айалы: “Менин да, сенин[10] да көзүңдү кубанычка бөлөсүн. (Ошондуктан) аны өлтүрбөгүлө. Балким бизге пайдасы тийээр, болбосо бала кылып алаарбыз”,–деди. А алар[11] сезишкен жок.
10.     Мусанын апасы пайдасыз санаага батып, таң атырды. Эгер анын жүрөгүн (Аллага) ишенүүчүлөрдөн кылып бекемдебеген болсок, анда аны[12] билдирип коймок.
11.     Апасы Мусанын тайэжесине: “Анын (Мусанын) артынан барчы”, –деди. Ал алар[13] байкабаган жактан акмалап жүрүп олтурду.
12.      Мурда ага эмизүүчүлөрдү тыйуу салып койгон элек[14]. Ошондо анын[15] эжеси[16]: “Аны силер үчүн багып бере турган, ага камкор бир үйдү көрсөтөйүнбү?”, – деди.
13.     Ошентип Алланын убадасы акыйкат экенин  билүүсү үчүн аны апасынын көзүн кубантып, кайгыртпай турган кылып (кайра) кайтардык. Бирок алардын көбү билишпейт.
14.     (Муса) эрезеге жетип, теңелген[17] кезде ага даанышмандык жана илим бердик. Жакшылык кылуучуларды ушинтип сыйлыкка бөлөйбүз.
15.     (Муса) эл капарсыз жаткан убакта шаарга кирди да, анда мушташып жаткан эки адамды көрдү. (Алардын) бири өз тобунан[18], бири душман тараптан[19] эле.  Ошондо өз тобунан болгону душманына каршы Мусадан жардам сурады. Ошондо Муса аны муш менен урганда, ага өлүм келди. (Муса): “Бул – шайтандын иши. Анткени ал даана адаштыруучу душман” (деди).
16.     Оо, Эгем!  Чындыгында мен өзүмө (күтүүсүздөн) жамандык кылып алдым. Мени кечире көр!”, – деди.  Ошондуктан, Алла аны кечирди. Анткени,  Ал – Кечиримдүү, Ырайымдуу!
17.     (Муса): “Оо Эгем! Мага берген ырыскыңа ант! Эми күнөөкөрлөргө жардам бербеймин”, – деди.
18.     (Ошол түнү Муса) шаарда коркуп, алаңдап таң атырды. Ал эми кечээки андан[20] жардам сураган неме дагы жалбарып (жардам сурап) жатат[21]. Муса ага: “Сен чындап адашкан неме  экенсиң”,–деди.
19.     Ошондо (Муса) экөөнүн тең душманын[22] чапчыгысы келген кезде ага: “Эй, Муса! Кечээ бир адамды өлтүргөндөй, бүгүн мени өлтүрөсүңбү? Сен бул жерде тынчтыкты каалоочулардан болбой, зомбулардан болууну каалайсыңбы?”,–деди.
20.     Шаардын четинен бир киши чуркап келип: “Эй, Муса! Төбөлдөр сени өлтүрүү тууралуу кеңешип жатышат. Дароо (шаардан) чыгып кет! Чындыгында, мен сага насаат айтуучуларданмын”,–деди.
21.     Ошол учурда Муса корко баштады да, шаардан чыгып: “Оо Эгем! Мени заалым элден куткара көр!”,–деди.
22.     Ал Мадйан жакка жөнөгөн кезде: “Оо, Эгем! Мага туура жолду көрсөтүүңдү үмүт кыламын”, – деди.
23.     Мадйан суусуна жеткенде, ал жерде мал сугарган бир топ адамды көрдү. Анан, алардан обочолонуп, малдарын суудан тосуп турган эки айалды көрдү да: “Экөөңөрдүн тартынганыңар эмне?”, – деди. Экөө: “Малчылар малын алып кеткенге чейин (биз малдарыбызды) сугара албайбыз. Атабыз болсо улгайган карыйа”, – дешти[23].  
24.     Муса алардын малдарын сугарып берди да, анан көлөкөгө бурулуп: “Оо, Эгем!  Сен мага эмне жакшылык жиберсең да муктажмын”,–деди.
25.     Ошентип эки айалдын бири келип, уйалган түр менен: “Атам бизге мал сугарып берген акыңды берүү үчүн сени чакырып жатат”,–деди. Муса  ага[24] келгенде, болгон окуйаны айтып берди. Шуайп: “Коркпо! Заалым элден кутулдуң!”,–деди.
26.     Эки кыздын бири: “Ата, аны (ишке) жалдап алып кал. Чындыгында, ал жалданган адамдардын мыктысы, күчтүүсү жана ишенимдүүсү”,–деди.
27.     (Кыздардын атасы Мусага): “Мага сегиз жыл жалданып иштеп берсең, мына бул эки кызымдын бирин сага никелеп берээр элем. Эгер онду толуктасаң, ал сенин өз ишиң[25]. Сага машакат пайда кылууну каалабаймын. Алла кааласа менин жакшы адам экенимди көрөөрсүң”,–деди.
28.     (Муса): “Ушул сени менен менин ортобуздагы келишим бойунча (сен атаган) эки мөөнөттүн кайсынысын аткарсам да, мага каршылык жок (болсун). Айтканыбызга Алла күбө”,–деди.
29.     Муса (жалданган) мөөнөтүн бүтүрүп, жубайы менен жолго чыкканда, Тур жактан бир от көрүп, жубайына: “Туруп тургула. Ырасында, бир от көрдүм. Балким, бир кабар, же силер жылынышыңар үчүн (ошол) оттон бир шамана алып келермин”,–деди.
30.     Ал жерге[26] келген кезде кут даарыган жердеги өрөөндүн оң жагындагы дарактын жанынан: “Эй, Муса! Акыйкатта, Мен – ааламдардын Эгеси, Алламын!”, – деген үн чыкты:
31.     “Тайагыңды ташта!”- дедик. (Ал таштады да) ошондо аны[27] ийрелеңдеген жылан таризинде көрүп[28], бурула калып, артын карабастан жолго түштү.  “Эй, Муса! Бери бурул, коркпо! Чындыгында, сен амандыкта болуучулардансың!
32.     Колуңду койнуңа сал. Оорусуз, аппак болуп чыгат. Коркуудан салбыраган[29] колдоруңду жыйна. Бул экөөсү – Фараонго да, анын адамдарына да Эгеңден (түшкөн) эки далил (болот). Анткени, алар бузуку эл...” (– дедик).
33.     (Муса): “Эгем! Чындыгында, алардын бир адамын өлтүрүп койгон элем. Ошондуктан алар мени өлтүрүп койушунан коркомун.
34.     Бир тууганым Харун мага караганда сөзгө чеченирээк. Ошондуктан, аны мени менен бирге жардамчы кылып жибер, тайаныч болсун. (Анткени) алардын мени жалганчыга чыгарышынан коркомун”,–деди.
35.     (Алла): “Тууганың аркылуу билегиңди күчтүү, экөөңдү алар жете албай тургандай, үстөм кыламын. (Биздин) айаттарыбыз менен  экөөң да, силерди ээрчигендер да жеңишке ээ болосуңар”,–деди.
36.     Муса, аларга[30] ачык-айкын айаттарыбыз менен келген кезде алар: “Бул жасалма сыйкырчылык гана. Муну мурда өткөн ата-бабаларыбыздан укканбыз”, – дешти.
37.     Муса: “(Алланын) Өзүнүн алдынан ким тууралыкты алып келгенин жана акыркы конуштун акыбети[31] кимдики болорун Эгем жакшы билет. Чындыгында, (силер сыйактуу) заалымдар[32] кутулушпайт!”,– деди.
38.     Фараон: “Эй,  төбөлдөр! Мен силердин менден бөлөк кудайыңар бар экенин билбеймин. Эй, Хаман! Мен үчүн балчыкка от жагып[33], бир мунара жаса. Балким, ошондо Мусанын Кудайын көрөрмүн. Чындыгында, аны[34] жалганчы деп ойлоймун”,–деди.
39.      Ал жана анын аскерлери жер бетинде өздөрүн орунсуз орой алып жүрүшөт. Чындыгында, алар өздөрүн Биз жакка кайтарылбайбыз деп ойлошот.
40.     Аны[35] да, анын аскерлерин да колго алып[36], деңизге (чөктүрүп) таштадык. Заалымдардын (аракетинин) акыбети кандай болгонун[37] көр!
41.     Аларды[38]  Тозокко чакыра турган жолбашчы кылып койдук[39]. Ошондой эле кыйамат күнү алар жардам көрүшпөйт.
42.     Алардын артынан бул дүйнөдө да каргыш ээрчитип койдук. Андан сырткары, кыйамат күнү да көрүнүксүздөрдөн[40] болушат.
43.     Чындыгында, оболку муундарды[41] жок кылгандан кийин, адамдар Мусага түшүнүшү үчүн Китепти[42] көрүнөө далилдер жана тууралык менен, ырайым түрүндө бердик.
44.     Биз Мусага буйрук берген кезде сен Батыш тарапта эмес элең[43]. Ошондуктан көрүп тургандардан эмессиң[44].
45.     Канчалаган муундарды (элди) жараттык. Аларга узун өмүрлөр берилди[45]. (Сен[46]) айаттарыбызды окуп берүү үчүн Мадйан элинин ичинде да болгон эмессиң[47]. Бирок (ал кабарларды) сага жөнөтүүчү үүчү – Бизбиз.
46.     Биз Мусага сүйлөгөн кезде Тур жакта эмес элең. Бирок, сага ырайым түрүндө сенден мурун өздөрүнө эскертүүчү (пайгамбар) келбеген элди[48] эскертүү үчүн жиберилдиң. Мүмкүн, алар түшүнүшөөр.
47.      Эгер аларга өз колдору менен жасагандарынын айынан бир балээ келе турган болсо, анда алар: “Оо, Эгебиз!  Эмне үчүн бизге бир пайгамбар жибербедиң? Ошондо айаттарыңа мойун сунуп, момун болоор элек”, – деп айтышат.
48.     Ал эми аларга Өз алдыбыздан Акыйкат[49] келген кезде, алар: “Мусага берилген нерсе (кереметтер) эмне үчүн буга[50] берилген жок?”,–дешти. Алар мурда Мусага берилгенге[51] да каршы чыгышкан эмес беле?  (Муса менен Харунду) “Бири-бирине жардамдашкан сыйкырчылар”, – дешип: “Биз экөөсүнө тең[52] каршыбыз”,– дешкен.
49.     (Сен[53]): “Эгер чын айтуучулардан болсоңор, Алла тараптан ал экөөсүнөн[54]  туурараак бир китеп алып келгиле, ошондо мен аны ээрчиймин”,– деп айт.
50.     Ошондо да сага жооп бербесе, анда чындыгында, алардын өз каалоолору сүйрөгөн жакка кетти деп биле бер. Алланын көрсөтмөсүн ээрчибестен, өз каалоолору оогон жакка ээрчигендерден да адашкан  адам барбы? Албетте, Алла заалым элди туура жолго салбайт.
51.     Акыйкатта, аларды эскертүү үчүн сөзүбүздү[55] улаштырып айттык.
52.     Мурун өздөрүнө китеп берилгендер  ага[56] ишенишет.
53.     Аларга[57] окулганда: “Биз буга ишендик. Чындыгында, ал Эгебиз тараптан түшүрүлгөн Акыйкат Сөз. Ырасында, мурда эле мойун сунган элек”,– дешти[58].
54.     Мына ошолорго сабыр кылгандыгы[59] себептүү сыйлыктары[60] эки эсе кылып берилет. Ошондой эле алар жамандыкты  жакшылык менен жойуп[61], өздөрүнө берген ырыскыларыбыздан тийиштүү жерлерге[62] жумшашат.
55.     Алар пайдасыз сөздөрдү уккан кезде, андан жүз үйрүшүп: “Биздин жасаганыбыз өзүбүзгө, силердин кылганыңар – өзүңөргө таандык.  Аман эле болгула![63]. (Силердей) наадандарды (дос кылууну) каалабайбыз”,–дешет.
56.     Чындыгында, жакшы көргөндөрүңдү эле туура жолго сала албайсың[64]. Бирок, Алла кимди кааласа, аны туура жолго салат. Анткени, Ал –туура жолду таба тургандарды жакшы билет.
57.     (Курайш тобу): “Эгер сени менен бирге туура жолго түшсөк, жерибизден куулуп кетебиз”,–дешти. Аларды Өз алдыбыздан[65] өсүмдүктөрү ырыскы түрүндө өсүп чыга турган ары кастарлуу, ары бейпил жерге (Меккеге) Биз жайгаштырбадык беле? Бирок, алардын көпчүлүгү түшүнбөйт.
58.     Турмушуна[66] мактанган канчалаган калааларды жок кылдык. Мына, алардан кийин конуштарында аз гана адам жашап, журттары бош калды[67]. Алардын жерине Биз мураскор болдук.
59.     (Эй, Мухаммед!) Эгең, калааларга[68] Биздин айаттарыбызды окуп бере турган элчилерди (элдин) негизги бөлүгүнө жибербей туруп, жок кылган эмес. Калкы заалым[69] калааларды гана жок кылабыз.
60.     Силерге берилген нерселер – бул дүйнө тиричилигинин буйумдары жана кооздуктары гана. Ал эми Алланын алдындагы нерсе – ары мыкты, ары түбөлүктүү. Акыл калчабайсыңарбы?
61.     Ал эми Аны[70]  менен жолугуусу[71] убада кылынган адам[72] –  Биз  бул дүйнө тиричилигинде пайдаландырып[73], анан өзү Кыйамат күнү жазага кабылуучулардан болгон адамга[74] кантип эле окшош болсун?
62.     Алла ал күнү аларга: “Силердин Мага кошкон шериктериңер кайда?” – деп сурайт.
63.     Өздөрүнө сөз берилгендер[75]: “Оо, Эгебиз!  Булар – биз адаштыргандар. Аларды өзүбүз адашкандай адаштырдык. Алардан качып, Сага[76] келдик. Алар чындыгында бизге деле сыйынышчу эмес”,– дешет.
64.     Ал аларга: “(Мага) кошкон шериктериңерди чакыргыла!”,–дейт. Ошондо алар[77] чакырышат. Чакыргандары жооп бербейт[78]. Ошентип, алар Тозокту көрүшөт.  Алар туура жолдо[79] жүргөн болсочу... (Тозоктон кутулушаар эле)!
65.     Алла ал күнү аларга: “Элчилерибизге[80] кандай жооп бердиңер?!” – дейт.
66.     Ал күнү аларга кабарлар да берилбейт, өз ара да сүйлөшүшпөйт.
67.     Ал эми ким тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаган болсо, анда алардын (Тозоктон) кутулуучулардан болушу күтүлөт.
68.     Эгең Өзү каалаганын жаратат да, (Өзү) каалаганын (Бейиш үчүн) тандап алат. Аларда[81] болсо тандоо ыктыйары жок. Алла – алар кошкон шериктерден Аруу  да, Бийик да!
69.     Эгең алардын көөдөндөрүндө жашырган нерселерин да, көрүнөө жасаган нерселерин да билет!
70.      Ал – Алла.  Андан башка Кудай жок. Оболкуда да, акыретте да бардык мактоолор Ага!  Өкүм чыгаруу – Ага гана таандык. Ага  кайтарыласыңар.
71.     Аларга: “Көрдүңөрбү: Эгер Алла силерге Кыйамат күнүнө чейин түбөлүктүү караңгылык кылып койсо, аны жарык кылып берээр кудайыңар ким? Укпайсыңарбы[82]?”,–деп айт[83].
72.     “Көрдүңөрбү: Эгер Алла силерге Кыйамат Күнүнө чейин түбөлүктүү күндүз кылып койсо, Алладан башка силерге дем алдыруучу түндү жарата турган кудайыңар кайсы? Көз жүгүртөйсүңөрбү[84]?”, –деп айт.
73.     Алла силерге Өз ырайымы менен түндү тыныгышыңар, ал эми  күндүздү  Анын жакшылыгын[85] издешиңер үчүн жараткан. Албетте, (Аллага) шүгүр кылаарсыңар.
74.     Ошол күнү (Алла) аларга: “Менин шеригим деп ойлогонуңар кайда?”,–деп айтат.
75.     Ал күнү ар бир коомдон бирден күбө (ортого) чыгарылып: “Далилдериңерди  көрсөткүлө!”,– дейбиз. Ошондо, алар чыныгы Акыйкат Аллага таандык экенин билишет да, алардын ойдон чыгарган нерселери[86] жок болот.
76.     Чындыгында, Карун Мусанын элинен болчу, бирок аларга каршы чыкты. Ага[87] ачкычтарын күчтүү бир топ араң көтөрүп жүрө турган казыналарды берген элек. Ошондо ага анын эли: “Кубанба! Чындыгында, Алла көпкөндөрдү жакшы көрбөйт!”,–деди.
77.     “Алланын сага берген дөөлөтү аркылуу акырет конушуна  жетүүгө умтул да, бул дүйнөдөгү ырыскыны да унутпа[88]. Алла сага жакшылык кылгандай, сен да жакшылык кыл. Жер бетинде бузукулук кылууну көздөбө. Алла бузукуларды сүйбөйт.
78.     (Карун): “Чындыгында, муну (байлыктарды) мен өз илим-билимим менен таптым[89]”,– деди[90]. Чындыгында, Алла андан[91] мурун, андан да күчтүү, андан да бай коомдорду[92] кыйратканын билбедиби? Күнөөкөрлөр күнөөлөрү тууралуу суралбайт[93].
79.     Ал (Карун) коомунун алдына шаңдуу салтанат менен чыккан кезде, бул дүйнө жашоосун сүйгөндөр: “Аттиң! Бизде да Карунга берилгендей (байлык) болсо, анткени, Ал зор үлүштүн ээси!”,–дешти[94].
80.     Өздөрүнө (Алладан) илим-билим берилгендер: “Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандардын Алла берүүчү сыйлыгы мындан да мыкты! Ал эми ага сабырдуулар гана жетет!” –дешти.
81.     Акыры, аны[95] да, анын турагын да жерге жуттуруп жибердик. Алладан башка ага жардам берээр бир да тайпа болгон жок, ары көмөк көрсөтүүчүлөр да болгон жок[96].
82.     (Ошондо) кечээ эле анын ордунда болуп калууну[97] көксөгөндөр: “Мына азап! Алла пенделеринен кимди кааласа, ошонун ырыскысын кенен кылып, (кимдикин кааласа) тар[98] кылып койот тура. Эгер Алла бизге камкордук кылбаганда, албетте, бизди да жерге жуткузуп салмак. (Алланын) айткандарынан каапырлар кутула алышпайт”, – (дешти).
83.     Мына, акырет журту[99]. Аны жер бетинде менменсинбегендерге, бузукулук кылбагандарга насип кылып койобуз. Чындыгында, (жакшы) акыбет –такыбалардыкы.
84.     Ким бир жакшылык жасаса, ага[100] андан жакшыраак сыйлык бар. Ал эми ким бир жамандык жасаса, ал жамандыкты жасагандарга, ошол кылган иши үчүн гана жаза берилет.
85.     (Эй, Мухаммед!) Куранды сага түшүргөн  – Алла. Албетте, (Ал) сени кайтар жериңе[101] кайтарат. (Сен): “Эгем – туура жүргөн кишини да, ачык адашкан адамды да жакшы Билүүчү!” –дегин.
86.     Сен өзүңө Китеп түшүрүлө тургандыгын үмүт кылган эмес элең. Бирок, бул – Эгеңдин ырайымы. Каапырларга жардам берүүчү болбо!
87.     Алланын айаттары сага түшүрүлгөндөн кийин, алар сени андан[102] тосушпасын. Аларды Эгеңе[103] чакыр да, эч качан Ага шерик кошуучулардан болбо.
88.     Алла менен катар[104] башка нерселерге сыйынба.  Андан башка Кудай жок! Анын Өзүнөн башка бардык нерселер жок болуучу. Өкүмдарлык – Ага гана таандык. Ага гана кайтасыңар!



[1] Касас – Аңгемелер, болгон окуйалар
[2] Мааниси бир гана Аллага белгилүү
[3] Белгисиз нерселерди ачыкка чыгаруучу, ачык-айкын кылуучу, байандоочу
[4] Ак менен караны, адал менен арамды, жаман менен жакшыны ажыратуучу Китеп (Куран)
[5] эзилгендерди
[6] Фараондун  байлыгына
[7] Муса (а.с.) жаңы төрөлгөн саатта
[8] Фараондун  буйругу бойунча ар бир жаңы  төрөлгөн жөөт наристелер өлтүрүлүүүгө тийиш болгон.
[9] Наристе Мусаны (а.с.)
[10] Фараонду айтып жатат
[11] Бул бала келечекте пайгамбар болуп Фараонго каршы күрөшөрүн жана акыры Алланын буйругу менен ал бардык аскерлери менен кошо Кызылдеңизге чөгүп өлүшүнө себеп болоорун
[12] Фарарондүн үй бүлөсү дарыйадан таап алган наристе, алар жек көргөн душманы экенин
[13] Фараондор
[14] Муса төрөлгөндө эле башка айалдарды эмбей турган кылып койгон болчубуз. Ошондуктан ал өз апасынан башка эч бир айалдын эмчегин эмбей ыйлай берди.
[15] Муса (а.с.) дын
[16] Ал баарын байкап, билип тургандыктан, Фараондун айалына:
[17] Акыл-эс жагынан, өздөрүн акылдуу санаган Фараонго жанан анын төбөлдөрүнө
[18] Исраил урпактарынан
[19] кыптийлерден
[20] Мусадан (а.с.)
[21] Дагы мушташып, жардам сурап жатат
[22] кыптийди
[23] Булар Шуайп пайгамбардын кыздары эле.
[24] Шуайп (а.с.)га Муса (а.с.)
[25] “Ал өз эркиң, бирок анын да акысын толук беремин”, – деген мааниде.
[26] От күйгөн
[27] тайагын
[28] Чоочуп кетти да
[29] Калтыраган, титиреген, сөлбүрөгөн
[30] Фараонго жана төбөлдөрүнө
[31] Акыретте жакшы акыбет кимдики болоорун
[32] Тозок азабынан
[33] Өтө бышык бышкан кыш жасап,
[34] Мусаны
[35] Фараонду
[36] азаптап
[37] ушундан
[38] Каапырларды
[39] Аларды ээрчигендер Тозокко түшөт
[40] Жек көрүлгөндөрдөн
[41] Нух (а.с), эли, Аад, Самуд элдери, ж. б.у.с.
[42] Тооратты
[43] Алла Таала сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедге (а.с.) айтып жатат
[44] Анткени, сени алардан кийин бул дүйнөгө алып келдик
[45] Алла тараптан
[46] Алла Таала сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедге (а.с.) айтып жатат
[47] Будда динине сыйынгандай, чаташып айтып жүрүшкөндөй, Алла бир эле рухтан кайра-кайра пайгамбар жарата бербейт. Ар бир пайгамбар бир гана жолу жаратылат жана жер бетинде бир гана жолу өмүр кечирип, бир гана жолу өлөт. Буддизм дининдеги жандардын, рухтардын улам бир денеден экинчи денеге көчүп жүрүүсү тууралуу илим жалган илим.  (Иса (а.с.)  гана пайгамбарлардан жерге эки жолу келүүсү аркылуу бир аз айырмаланып турат, бирок ал өлтүрүлбөй тирүү бойдон Алланын алдына чыгарылып кеткен үчүн жерге кайра түшүрүлөт. Ал Куранда эскертилгендей өлүм даамын тата элек…) Ошол үчүн Алла Таала Мухаммед (а.с.)га  өзүнөн мурдагы бир да пайгамбардын тагдыры тууралуу эч нерсе билбесин, алардын арасында болбогондугун ушундай  касиеттүү сөздөр аркылуу туйунтууда
[48] Тозок жана Бейиш тууралуу
[49] Куран
[50] Мухаммедге (а.с.)
[51] Тооратка
[52] Тооратка да, Куранга да
[53] Алла Таала сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедге (а.с.) айтып жатат
[54] Тоорат менен Курандан
[55] Курандын айаттарын
[56] Куранга
[57] Куран
[58] Бул айат иудейлерден жана христиандардан мусулман динин кабыл алгандар тууралуу
[59] Өз коомунун кысым-кугунтуктарына ж.б.
[60] Бейиштен
[61] Эгер кокус бир жамандык кылып койушса, артынан дароо жакшылык кылышып, күнөөлөрдөн тазаланышат
[62] Садака, зекет, үшүр сыйактуу шарийат буйруган жактарга
[63] Кыйаматка чейин өз билгениңерди кыла бергиле
[64] Бул айат сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.)дын атасынын бир тууганы Абу Талиптин ислам динин кабыл албай койгону тууралуу
[65] Буйругубуз менен
[66] Байлык менен дөөлөткө
[67] Бул жерде эч ким, эч качан жашабагандай тыптыйпыл болуп жатат!
[68] Калаа тургундарына
[69] Алланын айаттарын, (Куранды) четке каккан коомдорду гана
[70] Алла Таала
[71] Бейиште
[72] Момун мусулман
[73] Өзүн турмуштук кемчиликтерден арылтып, жанын, напсисин жыргатып
[74] каапырга
[75] Тозокко кирүүгө татыктуу болгондор
[76] Алла Таалага
[77] Аллага кошкон шериктерин
[78] Анткени, алар жансыз сөлөкөттөр...
[79] Ислам динин тутунуп, момун болуп...
[80] Алардын Алланын динине чакыруусуна
[81] мушрик адамдарда
[82] Пайгамбардын сөзүнө дыкат көңүл бур. Ошондо балким акылыңардын көзү ачылмак...
[83] Алла Таала сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедге (а.с.) айтып жатат
[84] Алла Таала жаратып, силерге кызмат кылдырып койгон айланаңардагы сансыз белгилерге
[85] ырыскыларын
[86] Кудайлары, сөлөкөттөр...
[87] Карунга
[88] Бул дүйнө ырыскыларында да акың бар экенин унутпай, керегинче, ысырап кылбай пайдалан
[89] Кантип байуунун жолун мен мыкты билемин. Анткени мен акылдуумун. Акылдуулар гана бай болот...”
[90] Көзүн май баскан Карун...
[91] Карундан
[92] Алардын текеберлигинен, көпкөндүгүнөн, өз Жаратуучуларын тоотпой калгандыгынан...
[93] Алардын бардык күнөөлөрү алардын амал-китептеринде жазылуу, Ошондуктан суралбастан эле дароо Тозокко ыргытылат
[94] Суктанышты, көз артышты...
[95] Карунду
[96] Кыргыздарда:  “Кара жер жуткан Карынбай”, – деген лакап сөз ушул тарыхтан улам жаралган. Карун зекет да, садака да,үшүр да берген эмес.. Өтө сараң, абдан зыкым бай болуп, кедейлерди кемсинткен. Теги жагынан жөөт.
[97] Абдан бай болууну
[98] жакыр
[99] Бейиш
[100] Бейиште, Алланын алдында
[101] Бул жерде эки маани жатат: 1) Мединадан Меккеге 2) Алланын алдына
[102] Курандагы буйруктарды аткаруудан
[103] Алла Таалага, Анын алдында кабыл болуучу жалгыз дин Исламга...
[104] Мушриктердей, Ага шерик кошуп

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder