25.02.2014

47 MUHAMMED SÛRESİ

47-сүрө «Мухаммед»

Мединада түшүрүлгөн. Отуз сегиз айаттан турат.

           Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.  Каапыр болуп, Алланын жолунан тоскондордун амалдарын текке кетирет[1].
2.  Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасап, Мухаммедге Эгеси тарабынан чындык менен түшүрүлгөнгө ыйман келтиргендердин жамандыктарын (күнөөлөрүн) Алла жоюп, акыбалын оңдойт.
3.  Буга себеп: Каршы болгондор[2] керексиз нерсени ээрчишкени. Ал эми ыйман келтиргендер Эгесинен келген Акыйкаттын жолуна түшүшкөндүктөрү. Алла ушундай  кылып адам баласына өз мисалдарын келтирет.
4.  Согушта[3] каапырлар менен силер бетме-бет келсеңер, алар толук жеңилүүгө учураганга чейин мойнуларына чапкыла! Ошондо аларды кишендеп, же ырайым кылгыла, же болбосо согуш бүтмөйүнчө  (кайра өздөрүнө) акы алып тапшыргыла[4]. Эгер Алла кааласа алардын үстүнөн[5]  жеңишке жетишмек. Бирок кээ бирөөңөрдү башка бирөөңөр аркылуу сыноо үчүн[6].  Алла жолунда курман болгондордун амалдарын (Эгеңер) жоготпойт[7].
5.  Аларды[8] туура жолго салып, абалдарын жакшыртат.
6.  Аларды өздөрүнө кабарлаган[9] Бейишке киргизет.
7.  Эй, ыймандуулар!  Эгер силер Аллага жардам берсеңер, Ал[10] да силерге жардам берет жана силердин кадамыңарды бекем кылат[11].
8.  Каапырларды болсо кыйроо күтүп турат жана алардын амалдарын текке кетирет[12].
9.  Буга себеп: Алар (каапырлар) Алланын жибергенин жек көрүшкөндүктөрүндө! Ошондуктан Ал алардын амалдарын текке кетирди.
10.Алардан мурдагылардын[13] акыбети кандай болгонун[14] жер кыдырып көрүшпөйбү? Алла аларды талкалады, башка каапырлар да дал ошондой кыйратылат!
11.Анткени, Алла Өзүнө ыйман келтиргендердин[15] Ээси. Ал эми каапырлардын Ээси[16] жок.
12.Чындыгында Алла ыйман келтиргендерди жана жакшы иштерди кылгандарды астынан дарыйалар агып турган Бактарга[17] киргизет. Каапырлар болсо айбандар сыйактуу эле жешип гана ырахаттанат[18], алардын жайы – Тозок.
13.Сени кууп чыккан шаардан мыкты канчалаган шаарлар болгон[19]. Бирок Биз аларды кыйраттык. Аларга эч ким жардам бере албады.
14.Ким Өз Эгесинен анык айандарга жана далилдерге ээ болсо, ал – жаман иштери кооздолуп көрсөтүлүп коюлган жана напсисин ээрчиген адамга  окшомок беле?
15.Такыбаларга убада кылынган Бейиштин көрүнүшү мындай: Анда   эч бузулбай[20] турган өзөн-суулар, даамы өзгөрбөй турган сүттөн бүткөн дарыйалар, ичүүчүлөргө таттуу болгон суусундуктар, таза балдан бүткөн дарыйалар жана бардык мөмө-жемиштер, ошондой эле Эгеси тараптан кечирим (бар). Тозокто түбөлүккө калып, кайнак суу ичирилип, ичегилери  кесилгендерди алар[21] менен окшоштурууга болобу?
16.Алардын арасынан сага кулак салгандар да бар. Бирок сенин алдыңдан чыгып кетишкен кезде (алар) илимдүүлөрдөн: «Азыр эмнени айтты?» – деп сурашат. Мына ушулар жүрөктөрүнө Алла мөөр баскан[22] жана өз напсисин ээрчигендер.
17.(Алла) туура жолдогулардын тууралыктарын арттырып, аларга такыбалык берет.
18.Алар (каапырлар) Кыйамат Күнүнүн капилет келишин күтүп жатышабы?  Анын белгилери келди. Кыйамат келгенде  эскертүү алуунун канчалык кажети бар?
19.Билгин: Чындыгында, Алладан башка кудай жок! Өзүңдүн күнөөлөрүңдүн, момун эркектердин жана момун айалдардын (күнөөлөрүнүн) кечирилишин сура. Алла силердин жумушчу ордуңарды да, тыныгуучу ордуңарды да билет.
20.Ыйман келтиргендер: “(Дагы) бир сүрө[23] түшсө”, – дешет. Өкүмү бар сүрө түшүп, анда күрөш[24]  тууралуу эскерилсе, жүрөгүндө оорусу барлар өлүмдөн корккон көз караш менен сага караганын көрөсүң. Эң жакшысы – угуп, ага баш ийүү эле[25].
21.(Алар үчүн) баш ийүү[26] менен жакшы сөз (пайдалуураак). Маселе толук чечилген соң[27], Аллага чынчыл болсо, ал алардын өздөрү үчүн жакшы болмок.
22.Эгер (күрөшкө) кирип, анан артыңарга кайтсаңар, анда силер  жер жүзүндө бузукулукту таратып, бир туугандык байланыштарды[28] үзөсүңөрбү?
23.Аларды Алла каргап, дүлөй жана сокур кылып салгандар.
24.Эмне үчүн алар Куран тууралуу ой жүгүртүшпөйт? Же алардын жүрөктөрүндө кулпулары[29] (барбы?)
25.Чындыгында, туура жол айкын болгон соң, (күрөштөн) артка кайткандарды шайтан азгырып, жалган элестер менен алдады.
26.Анткени алар Алланын түшүргөнүн жек көргөндөргө[30]: “Силерге кээ бир маселелерде баш ийебиз”, – дешкен. Алла алардын сырларын билет.
27.Периштелер алардын[31] беттерине жана жондоруна уруп, жандарын алса кандай болот?
28.Бул (азап) чынында, алар Алланын каарын келтирүүчү нерселерди ээрчип, Ал[32] ыраазы болгон нерселерди жек көргөндүктөрү үчүн (берилди), ошондуктан алардын амалдарын (Алла) текке кетирет.
29.Же жүрөктөрүндө дарты барлар, Алла алардын кара ниеттигин жарыкка чыгарбайт деп ойлошобу?
30.Эгер Биз кааласак эки жүздүүлөрдү сага көрсөтөөр элек, анда сен аларды маңдайындагы белгилеринен таанымаксың. Ошондой эле аларды сөзүнүн добуш-үндөрүнөн билмексиң. Алла алардын амалдарын[33] билет.
31.Биз  силердин араңардагы аракетчилдер[34]  менен сабырдууларды жана силердин амалыңарды аныктоо үчүн, албетте, сыноодон өткөрөбүз.
32.Жүз үйрүп[35], Алланын жолунан[36] тоскондор жана  өздөрүнө  Туура Жол белгилүү болгондон кийин пайгамбар менен талашкандар Аллага эч качан зыйан келтире алышпайт. Алла алардын иштерин[37] текке кетирет.
33.Эй, ыйман келтиргендер! Аллага моюн сунгула жана элчиге баш ийгиле. Амалдарыңарды жараксыз кылбагыла.[38]
34.Чындыгында (Алланын аяттарын) танышып[39], Алланын жолунан[40] тоскондор каапыр абалда дүйнөдөн өтсө, Алла аларды эч качан кечирбейт.
35.Ошондуктан алсырабагыла[41], келишимге чакырбагыла[42], силер (акыры) үстөмдүк кыласыңар! Алла силер менен бирге. Силердин амалыңарды текке кетирбейт.
36.Чындыгында, дүйнө жашоосу – оюн жана эрмек гана. Эгер ыйман келтирип, такыба болсоңор (Алла) силердин сыйлыгыңарды берет. Силердин мал-мүлкүңөрдү сурабайт.
37.Эгер Ал силерден сурай турган болсо, анда оор тийип,  сараңдык кылмаксыңар. Ал силердин сырыңарды[43] ачыкка чыгарып[44] кылып коймок.
38.Мына, силер Алланын жолунда сарптоого[45] чакырылуудасыңар. Ал эми кээ бирөөлөр (баары бир) сараңдык кылат. Кимде-ким сараңдык кылса, өзүнө гана сараңдык кылат. Анткени Алла – Бай, силер – кедейсиңер. Эгер Алладан жүз үйрүсөңөр, анда ордуңарга силерден башка элди алмаштырып койот. Ал эми алар силер сыйактуу (сараң) болбойт!




[1] Алла Таала текке кетирет, жокко чыгарат
[2] Ислам динине каршы болгон каапырлар
[3] Ыйык согушта
[4] Өткөрүп бергиле
[5] мсулмандар сөзсүз
[6] ыйманыңардын күчүн сыноо үчүн силерди Алла баары бир согуштурат
[7] Сооптору текке кетпейт
[8] Алла Таала
[9] Алла Таала кабарлаган
[10] Алла Таала
[11] Күч-кубаттуу, душмандарыңарга караганда күчтүү кылып койот
[12] Алла Таала текке кетирет
[13] ата-бабаларынын, мурдагы каапырлардын
[14] Каапыр шаарлар, элдер, коомдор, адамдар кыйратылганын
[15] ишенгендердин
[16] Колдоочусу
[17] Бейиштерге
[18] Айбандардын да эң чоң ырахаты – жеп-ичүү болгондой, каапырлардын да бул дүйнөдө жеп-ичкенден башканы билишпейт. Акырет тууралуу ойлонуп да койушпайт.
[19] тарыхта
[20] айныбай турган
[21] Жогоруда аталып, ыймандуу болгону үчүн  Алланын Бейиштеги сыйына ээ болгондор
[22] Так, (мөөр) баскан
[23] Исламдын алгачкы жалдарында каапырлар менен күрөшүүгө буйруган мындай айат түшө элек болчу
[24] Алла жолунда Ислам дини үчүн күрөш
[25] Бирок алар аны аткарган жок
[26] Алланын буйруктарына 
[27] Күрөш тууралуу өкүм чыккан соң
[28] мамилелерди
[29] Чындыкты кабыл ала албас кылып жабылып калганбы?
[30] Каапырлар менен мушриктерге
[31] Эки жүздүүлөрдүн
[32] Алла Таала
[33] иштерин
[34] каармандарды
[35] Алладан, Курандан, Чындыктан
[36] башкаларды
[37] аракеттерин
[38] Текке кетирбегиле
[39] Алладан, Курандан, Чындыктан…
[40] башкаларды
[41] алсырап, артка чегинбегие, сабыр кылгыла, күрөштү Алладан жеңиш келгенге чейин туруктуулук менен уланткыла
[42] жеңилүүдөн коркуп кетип, каапырларды тынчтык келишимин түзүүгө жана согушту токтотууга үндөбөгүлө
[43] Байлыкты жаныңардай катуу сүйгөн сараң жагыңарды
[44] ашкере
[45] Кайрымдуулук кылууга

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder