25.02.2014

65 TALÂK SÛRESİ

65-сүрө «Талак[1]»
Мединада түшүрүлгөн. Он эки айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!

1.           Эй пайгамбар! Силер  айалдарыңарды талак кылсаңар алардын белгилүү мөөнөтүндө талак кылгыла жана убакытты так эсептегиле, Эгеңер Алладан корккула. Аларды өз үйлөрүнөн кууп чыгарбагыла. Алар ачык-айкын бузуктук[2] жасамайынча үйлөрүнөн чыгышпасын. Алланын чектери (мына ушул). Кимде-ким Алланын чектеринен чыкса, албетте ал өз жанына зулум кылганы. Мүмкүн Алла тигинден соң бир иш пайда кылаар. (Аны) сен билбейсиң.
2.           Белгиленген мөөнөтү айактаган кезде аларды (айалды) жакшы абалда артка кайтарып алгыла[3], же жакшы абалда ажырашкыла. Жана да араңардан эки адилеттүүнү[4] күбө кылгыла, (ал) күбөнү Алла үчүн өтөгүлө! Мындан Аллага жана Кыйамат Күнүнө ишенгендер үлгү алат. Ким Алладан корксо, ага чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.[5]
3.           Жана да ага эч күтпөгөн тараптан ырыскы тартуулайт. А кимде-ким Аллага тобокел кылса, Ал өзү ага жетиштүү. Анткени Алла Өз ишин Жеткирүүчү. Ар бир нерсеге ченем койгон.
4.           Этек кирден үмүт үзгөн (айызы карылык себептен токтогон) айалдарыңардан шектенсеңер, анда (“идда” – күтүү) мөөнөтү үч ай. Ал эми этек кир көрбөгөндөрдүн[6] мөөнөтү да ушундай эле. А кош бойлуу айалдардын мөөнөтү болсо, жүктөрүн койгонго[7] чейин. Ким Алладан корксо, Ал анын иштерин жеңил кылып койот.
5.           Алланын силерге түшүргөн буйруктары мына ушундай. Кимде-ким Алладан корксо, Ал анын күнөөлөрүн кечет жана сыйлыктарын чоң кылат.
6.           Аларды[8] өзүңөр жашаган үйдө колуңардан келишинче жашаткыла жана аларды үйдөн чыгаруу үчүн кысымга албагыла. Эгер алардын боюнда бар болсо, алар төрөгөнгө чейин аны камсыздап тургула. Ал эми эгер алар силердин балдарыңарды эмизсе, аларга акысын төлөп бергиле жана алар менен жакшылыкча кеңешип, сүйлөшкүлө. А эгер сүйлөшүүдө кыйынчылыктар болсо, анда балдарды башка айал эмизсин.[9]
7.           Бай адам байлыгына жараша жардам берип турсун; ал эми кимдин ырыскысы (байлыгы) чектелүү болсо, анда ал Алланын ага бергенине жараша сарптасын. Алла өзү белгилегенден артык бир да жанды башка нерсеге буйрубайт, жакында Алла кыйынчылыктан соң жеңилдик берет.
8.           Канчалаган шаар-кыштактар[10] Кудай менен Анын пайгамбарынын буйругандарынан жүз үйрүп, баш тартышты. Ошол себептен Биз аларга эсеп-кысапты катуу жүргүзүп, аларды оор жазага тарттык[11].
9.           Ошондо алар өздөрүнүн кылып келген бузуку иштеринин натыйжасында оор жазаны татышты жана ал иштеринин жыйынтыгы ойрон болду.
10.      Алла алар үчүн катуу азап дайардап койгон. Ошондуктан Алладан корккула, эй, акыл ээлери! Албетте, Алла силерге эскертме[12] түшүрдү.
11.      Ал ыйманга келген жана жакшылык иш кылгандарды караңгылыктан жарык нурга чыгаруу үчүн силерге Алланын ачык-айкын айаттарын окуп берүүчү элчини жөнөттү. Анан да кимдер Аллага ишенсе, жакшылык иштерди кылса, аларды алдынан дарыйалар агып турган Бейиш бактарына киргизет[13]. Алар анда түбөлүк болушат. Чынында Алла аларга эң жакшы ырыскы дайардап койгон.
12.      Ал Алла - жети[14] асманды жана ошондой эле[15] жерди да жаратып койгон. Силер Алланын бардык нерсеге кудуреттүү экендигин жана Ал өзүнүн илими менен баарын камтып турарын билүүңөр үчүн Анын буйруктары алардын[16] ортосунда түшүп турат.




[1] Талак - талак, ажырашуу
[2] Айагы суйуктук.
[3] Жарашкыла.
[4] 2 эркек же 1 эркек 2 айал.
[5] Түрдүү кыйынчылыктардан чыгып кетүүгө жол ачып берет.
[6] Жашы жете электер.
[7] Төрөгөнгө.
[8] Талак берилген айалдарды.
[9] Ислам шариатында  эмчек эмизүүнүн зарыл эрежелери бар. Андыктан тийиштүү маалымат алуу үчүн  “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосундагы  эмчек эмүү бөлүмүн карасаңыз болот.
[10] Шаар-кыштактардын тургундары.
[11] Бул дүйнөдө.
[12] Куран.
[13] Алла.          
[14] Кабат.
[15] Жети кабат.
[16] Асман Жердин.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder