25.02.2014

72 CİN SÛRESİ

72-сүрө «Жин[1]»

Меккеде түшүрүлгөн. Жыйырма сегиз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Айт[2]! «Мага кабар берилди. Жиндердин бир тобу китептин окулганын угуп алышып: «Биз чындыгында кереметтүү Куранды уктук», – дешти.
2.     «Ал чыныгы түз жолго баштайт. Биз ага ишендик. Биз Эгебизге эч бирөөнү шерик кылбайбыз, Анын Өзүнө гана сыйынабыз»,
3.     Акыйкатта мартабасы бийик, аруу Эгебиздин айалы, же баласы да жок».
4.     Биздин бир нааданыбыз[3] Аллага каршы жалганды тараткан».
5.     Биз: адамдар да, жиндер да Аллага каршы эч жалган айта албайтдеп ойлогонбуз.
6.     «Албетте, кээ бир эркек инсандар эркек жиндер менен сактанышаар эле. Ошентип алар өздөрүнө адашууну гана арттырышкан».
7.     «Алар да[4] силер сыйактуу[5] эле Кудай эч кимди тирилте албайт деп ойлошкон».
8.     Биз асманга барып такалдык да, анын кубаттуу корукчу[6] жана жылдыздар менен толтура экенин[7] көрдүк.
9.     «Биз ал жерде угуу үчүн[8] бир орундарга олтуруп алар элек. Азыр ким уккусу[9] келсе, ал өзүн байкап турган жылдызды көрөт».
10.            «Акыйкатта,  бул – жердегилер үчүн жамандыкпы же аларды Алла түз жолго багыттоону каалаганбы, биз[10] билбейбиз»[11].
11.            «Биздин арабызда[12] жакшылары да, андай эместери[13] да бар. Биз ар кыл жолдордо жүргөнбүз».
12.            «Бирок биз: Алланын жердеги кудуретин алсыратууга биздин күчүбүз жетпешин жана Анын жазасынан качып кутула албашыбызды  билдик».
13.            «Акыйкатта, түз жол тууралуу угарыбыз менен биз ага дароо ишендик». Анан ким Эгесине ишенсе ал кемип[14], же көбөйүп[15] кетүүсүнөн коркпойт.
14.            «Биздин арабызда мусулмандар да жана адашкандар да бар. Ким Кудайга баш ийсе, ошолор чыныгы жолго түшүүнү максат кылыптыр».
15.            «Ал эми адашкандар[16] Тозок үчүн отун болушту».
16.            Эгерде алар түз жолдо бекем турушканда, биз аларды берекелүү суу менен сугарат элек.
17.            Биз аларды[17] ошентип сынамакпыз. Ким өз Эгесин эстөөдөн баш тартса, аны Ал катуу жазага тартат.
18.            Мечиттер – бир гана Аллага сыйынуу үчүн, андыктан ал жерлерде Аллага шерик кылып башкага сыйынбагыла!
19.            Мына, Алланын кулу[18], Ага[19] турган кезде, алар[20] аны жакындан курчап алышты.
20.           «Мен бир гана Аллага чакырам[21], Ага эч кимди шерик кылбаймын» - деп айткын.
21.           Айт: «Мен силерге бир жамандык да жеткире албаймын, жакшы жолго да сала албайм».
22.           «Мени Алладан[22] эч ким сактап кала албайт, жана Андан[23] башка коргоочу да таба албайм.
23.           Тек гана Алланын (буйругун) жана динин жеткизүүгө (милдеттүүмүн). Кимде-ким Аллага жана Анын элчисине  күнөөкөр болсо, албетте, анда ал тозок отуна (түшөт). Ал ошол[24] жерде  түбөлүккө кала берет».
24.           Аларга убада кылынган нерсени көрүшкөн кезде, ким сан жагынан аз жана алсыз экенин билет.
25.           «Мен силерге убада кылынган нерсеге[25] канча калганын билбеймин. Балким Алла узаак бир мөөнөттү белгилеп койгондур», – деп айт.
26.           Кайып Билүүчү Ал Өз сырларына эч кимди жолотпойт.
27.           Бирок Өзү тандап алган[26] элчисинин алдынан да, артынан да сакчыларды[27] жиберип койот.
28.           [28]Эгелеринин жибергенин жеткиргендигин билүү үчүн  аларды[29]  туш тарабынан курчап турат, жана бардык нерсенин санын тактап койгон.




[1][1] Жин – Адам баласы сыйактуу Алла Тааланын макулугу
[2] Эй, Мухаммед!
[3] Шайтан
[4] Адамдар да
[5] Жиндер Ислам динин кабыл алган жиндерди айтып жатат
[6] Периштелер
[7] Жин шайтандарга каршы от болуп жанып учкан метеориттер тууралуу айтууда
[8] эмнелер тууралуу сөз болорун
[9] Алланын периштелерге берген буйруктарын
[10] Жиндер билүүгө кудуретсиз
[11] Жиндердин ушинтип өз ара сүйлөшкөнүн Жараткан Өз пайгамбарына кабарлап жатат
[12] Жиндердин
[13] Жамандары да
[14] Соопторунун
[15] күнөөсүнүн
[16] Баш ийбегендер
[17] Меккелик мушриктерди
[18] Мухаммед
[19] Аллага ибадат кылыш үчүн
[20] Периштелер
[21] сыйынууга
[22] Алланын азабынан
[23] Алладан
[24] Тозокто
[25] Кыйаматка
[26] ыраазы болгон
[27] Периштелерди
[28] Пайгамбарлар
[29] Алардын кылган амалдарын

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder