25.02.2014

58 MÜCÂDELE SÛRESİ

Жыйырма сегизинчи бөлүм
58-сүрө «Мужаадала[1]»
Мединада түшүрүлгөн. Жыйырма эки айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.     Чынында, Алла сени менен өзүнүн күйөөсү тууралуу сүйлөшүп жана Аллага арызын айтып жаткан айалдын[2] сөзүн укту. Ошентип, Алла силердин сүйлөшүп жатканыңарды уккан эле. Албетте, Алла – Угуучу, Көрүүчү.
2.     Силердин араңардагы өз айалдарын (энелерине) окшоткондордун (айалдары алардын) энелери эмес. Алардын энелери өздөрүн (эркектерди) төрөгөндөр гана. Акыйкатта алар тыйылган жана жалган сөздү айтып жатышат. Албетте, Алла – (күнөөнү) Кечүүчү[3], Кечирүүчү.
3.     Өзүнүн айалын[4] окшоштургандар кийин айткан сөздөрүнөн кайтышса, айткан сөздөрү үчүн адегенде бир кулду азаттыкка чыгарып, андан соң гана өз түгөйүнө кошулууга акылуу. Алла силердин эмне кылганыңардан кабардар.
4.     Кимде-ким (бир) кулду азат кыла албаса, анда айалы менен кошулганга чейин  эки ай бойу үзгүлтүксүз орозо тутууга тийиш! Ал эми ким муну да аткара албаса, анда алтымыш жардыны тойгузсун! Бул Алла менен Анын элчисине ишенүүңөр үчүн; ушул Алланын чектери. Каапырлар үчүн зор азап бар.
5.     Аллага жана Анын Элчисине каршылашкандар акыйкатта өздөрүнөн мурдагылар ойрон кылынгандай эле, алар да ойрон кылынат. Анткени, Биз ачык-айкын айаттарыбызды жөнөтүп койгонбуз, а каапырлар үчүн оорутуучу азап бар!
6.     Алла алардын баарын кайрадан тирилткен күнү алардын жасаган нерселеринен өздөрүнө кабар берет, анткени Алла алардын (жасаган иштерин) эсептеп койгон, алар (өздөрү) унутуп калышкан (болсо да). Алла – бардык нерсенин үстүнөн күбө болуучу!
7.     Ырас эле сен Алланын Асмандар менен Жердегилердин баарын билээрин билбейсиңби? /чөө шыбырашып сүйлөшүп жатса, Ал алардын төртүнчүсү; же бешөө (шыбырашып сүйлөшсө) алтынчысы ал – Алла. (Шыбырашып сүйлөшкөндөр) мындан аз болобу, же көп болобу, алар каерде болушса да, Ал (Алла) алар менен бирге. Андан кийин Ал аларга кылган нерселеринен Кыйамат күнү кабар берет. Акыйкатта, Алла – бардык нерсени Билүүчү!
8.     Ырас эле сен жашыруун сүйлөшүүгө тыйуу салынгандарды билбедиңби? Бирок, алар тыйуу салынганга кайрадан барышууда жана да алар бири-бирине күнөө, душмандык жана Пайгамбарга баш ийбөө жөнүндө сөздөрдү шыбырашып сүйлөшүүдө. А алар качан сага келишсе сага Алла (өзү) дагы саламдашпаган сөз менен саламдашышат. А өздөрүнчө (ичтеринен): “Биз айткан сөздөр үчүн Алла бизди эмне үчүн азаптабайт”, – дешет. Аларга өздөрү бара турган тозок жетиштүү. Кандай жаман кайтуу.
9.     Эй момундар! Силер жашыруун сүйлөшүп жатканыңар да күнөө, душмандык жана Пайгамбарга баш ийбөө жөнүндө шыбырашып сүйлөшпөгүлө. А жакшылык, такыбалык жөнүндө шыбырашып сүйлөшкүлө. Силер алдына чогулуп бара турган Алладан корккула!
10.      Жашыруун сүйлөшүү[5] ыймандууларды гана кайгыртуу үчүн купуйа сүйлөшүүлөр шайтандан (болот). Бирок ал Алланын уруксаты болмойунча эч зыйан келтире албайт. Андыктан ыймандуулар Аллага бекем тобокел кылышсын!
11.      Эй, ыймандуулар! Качан силерге: “Жыйналышта орун бергиле” – делинсе орун бергиле[6], Алла силерге Бейиштен (орун) берет. А качан: “Тургула!” – деп айтылса, тургула![7] Алла силерди араңардагы ыймандуулардын жана илим берилгендердин даражаларына көтөрөт. Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.
12.      Эй, ыймандуулар! Силер пайгамбар менен жашыруун сүйлөшүүнү качан кааласаңар (анда) садака бергиле[8], бул силер үчүн жакшыраак, ары тазараак. Эгер таба албасаңар, анда Алла Кечиримдүү, Мээримдүү.
13.      Силер эмне, аны менен сүйлөшүүдөн мурун садака берүүдөн корктуңарбы? Эгер силер муну кылбасаңар жана Алла силердин тообоңорду кабыл кылса (кечирсе), анда намаз окугула жана зекет бергиле, Алла менен Анын элчисине баш ийгиле. Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.
14.      Сен Алланын каарына кабылгандар менен достошкондорду билбейсиңби?[9] Негизинен алар силерден да, тигилерден да эмес. Алар билип туруп да (калп) ант ичишет.
15.      Алла аларга катуу азапты дайардады. Акыйкатта алардын жасаган иштери кандай жаман.
16.      Алар өздөрүнө жалган анттарын калкан кылып алышты жана анысы менен башкаларды да Алланын жолунан тосушту. Алар үчүн кордоочу азап бар.
17.      Алардын байлыктары да, балдары да Алланын азабынын бир да нерсесинен куткара албайт. Алар тозоктун ээлери жана анда түбөлүккө калышат.
18.      Алла алардын баарын кайрадан тиргизген күнү силерге ант бергендей эле Ага да ант беришет. Алар албетте бул жардам кылат деп ойлошот. Байкагыла, чынында, алар анык жалганчылар!
19.      Аларга шайтан башчы болуп алган жана Алланы эстөөнү аларга унуттурган. Алар шайтандын тобу. Билгиле, аныгында алар шайтандын тарапкерлери, алар – зыйанга учуроочулар.
20.      Алла менен Анын элчисине каршы чыккандар – өтө кор болуучулар.
21.      Алла: “Мен жана пайгамбарларым жеңип чыгабыз”, – деп жазып койгон.[10] Акыйкатта, Алла Күч-кубаттуу, Ызаттуу.
22.      Сен Аллага жана Кыйамат Күнүнө ишенген коомдун арасынан Алла менен Анын элчисине каршы чыккандарды дос кылгандарын таппайсың.  Эгер алар өздөрүнүн аталары, же балдары болушса да. Алла мына ушулардын жүрөгүнө ыйманды жазып койгон, ары аларды Өзүнөн болгон нур менен кубаттады. Алла аларды алдында дайралар агып турган Бейиш бактарына киргизет. Алар анда түбөлүккө калышат. Алла алардан ыраазы. Алар Андан[11] ыраазы. Мына ушулар Алланын тобу (жамааты). Акыйкатта, Алланын жактоочулары[12], алар ийгиликке жетүүчүлөр.   











   





[1] Мужаадала - талкуу
[2] Будпарастык салт бойунча аялдарын “зихар” деп, т. а. “энемдин бир мүчөсүнө окшошсуң”, - деп талак беришкен.
[3] Күнөөсүн өтүп жиберүүчү.
[4] Энесине.
[5] Күнөө жана душмандык жөнүндө.
[6] Мечитке жаңы келгендерге.
[7] Кары-картаң аксакалдарга, же улууларга кичүүлөрдүн орун берүүсү.
[8] Муктаждарга.
[9] Мединадагы, өздөрүн мусулманбыз деп койуп, бирок иудейлер менен жашыруун келишим кылышкан эки жүздүүлөр жөнүндө сөз болууда.
[10] Тагдыр жазылган тактайда.
[11] Алладан.
[12] Тобу.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder