25.02.2014

70 ME'ÂRİC SÛRESİ

70-сүрө «Маариж[1]»

Меккеде түшүрүлгөн. Кырк төрт айаттан турат.

Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Суроо берүүчү[2] сөзсүз болуучу жазанын[3] келүүсүн сурап жатты.
2. Ал[4] каапырлар үчүн сөзсүз болот. Эч ким аны токтото албайт.
3.     Ал[5] бардык тепкичтердин Ээси[6] болгон Алла тараптан.
4.     Периштелер менен Рух[7] Аллага ошол өлчөмү элүү миң жыл болгон Күндө Аллага көтөрүлүшөт.
5.     Эң мыкты сабыр кылып, чыдамкай бол.
6.     Албетте, аны[8] алыс деп ойлошот.
7.     Биз аны жакын деп билебиз[9].
8.     Ал күнү асман ээритилген жездей болот.
9.     Тоолор жүн сымал болот.
10.      Ал кезде жакын[10] жакынынын абалын сурабай калат.
11.      Алар[11] бири-бирине көрсөтүлүшөт. Ошол Күнү каапыр азаптан улам балдарын деле төлөп жиберүүгө ниеттенип калат.
12.      Айалын жана бир тууганын деле[12]
13.      Аны коргоп жүргөн тууганын да…
14.      Жердегилердин[13] баарын (берип), анан[14]  кутулгусу[15] келет.
15.      Жок![16] Бул  – абдан ысык (от!)
16.      Анын баш терисин шылып салат.
17.      Ага терс бурулуп, чегинген[17] адамды да өзүнө чакырат.
18.      Байлык топтоп, казыналарга каткан эле…
19.      Чындыгында инсан сабырсыз жаратылган
20.      Эгер ага жамандык келсе айабай тынчы кетет.
21.      Байлык келсе сараң болуп калат.
22.      Намаз окугандар гана андай эмес;
23.      Алар ар дайым намаздарында болушат;[18]
24.      Жана алардын байлыктарында белгилүү үлүш бар:[19]
25.      Тилемчи менен колунда жокторго[20].
26.      Кыйамат Күнүнө ишенгендерге,..
27.      Эгесинин жазасынан корккондорго,..
28.      Анткени Алланын жазасынан эч ким качып кутула албайт.
29.      Өз денесин сактагандарга[21]
30.      Бирок өздөрүнүн айалдары, же күңдөрү менен чектелгендер[22] күнөөлүү эмес.
31.      Кимде-ким мындан башканы талап кылса, анда алар чектен ашуучулар.
32.      Аманаттарын жана убадаларын сактагандар;
33.      Берген күбөлүктөрүндө так болгондор;
34.      Намаздарын өз убагында окугандар;
35.      Мына ушулар Бейиш бакчаларында сый көрүшөт.
36.      Каапырларга эмне болгон, сен тарапка тигилишет?..
37.       Оңдон да, солдон да жамаат-жамаат (болушуп),
38.      Алардан ар бир адам Бейишке кирүүнү үмүт кылып жатышабы?
39.      Бирок. Жок! Биз аларды кантип жаратканыбызды билишет.
40.      Чыгыштар менен Батыштардын Эгесине ант болсун! Чындыгында Биз кудуреттүүбүз:
41.      Аларды мыктыраагына алмаштырып койууга алсыз эмеспиз. Жана Бизден эч ким озуп кете албайт.
42.      Аларга убада кылынган Күн келгенче пайдасыз сөздөргө батып, ойноп жүрө беришсин..
43.      Алар мүрзөлөрүнөн[23] чыккан Күнү шашкалактап чуркап калышат.
44.      Алардын[24] көздөрү төмөн карап, кордук ороп алат. Аларга убада кылынган Күн дал ошондой (оор!).




[1] Маариж - Тепкичтер
[2] Назр ибну Хаарус
[3] Кыйаматтын качан болорун, анын болорунан шектенип
[4] Жаза
[5] Кыйамат
[6] Асмандар
[7] Жебреил
[8] Кыйаматты
[9] Болоору шексиз
[10] Маселен, жакын адамдар, же бир туугандар…
[11] Ошондо
[12] берүүгө дайар
[13] Адамдардын баарын
[14] Ошол төлөм менен
[15] Тозок азабынан
[16] Бул жерде антип кутулууга болбойт!
[17] Ыймандан терс бурулуп чегинген
[18] ошол адам гана андай эмес
[19] зекет берүүгө дайар
[20] Алардын эч нерсеси жок болсо да бирөөдөн бир нерсе үмүт кылбай, өздөрүн кармашат.
[21] Күнөө кылуудан (ойноштуктан)
[22] Каниет кылып
[23] Тирилтилип.
[24] Ошондо.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder