25.02.2014

55 RAHMÂN SÛRESİ

55-сүрөсү, РАХМААН
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.Мээримдүү[1] (Алла)
2.Куранды үйрөткөн.
3.Инсанды жараткан.
4.Ага сүйлөөнү үйрөткөн.
5.Күн жана ай эсеп менен (айланат).
6.Жылдыз да[2], дарактар да[3] сежде кылышат.
7.Асманды көтөрүп[4], таразасын[5] орнотуп койгон,
8.Өлчөмдөгү[6] чектен чыкпооңор үчүн.
9.Өлчөөнү[7] адилеттүүлүк менен кылгыла жана таразадан кемитпегиле[8]!
10.  Жерди жандуулар үчүн төшөгөн.
11.  Анда жемиштер жана бутак-шактуу курмалар (бар).
12.  (Анда) кабыктуу урук жана жыпар жыттуу[9] өсүмдүктөр (өсөт).
13.  [10]Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
14.  Инсанды чоподой бышырылган кургак ылайдан[11] жаратты.
15.  Жиндерди түтүнсүз жалындан жаратты.
16.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
17.  Эки Чыгыш жана эки Батыш Эгеси[12].
18.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
19.  Эки деңизди кошуп агызды.
20.  Экөөсүнүн ортосунда тосмо[13] бар. Бири-бирине кошулбайт.
21.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
22.  Ал экөөсүнөн бермет менен маржан чыгат.
23.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
24.  Тоолордой болуп деңизде сүзүп жүргөн кемелер да Аныкы[14] (бийлигинде).
25.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
26.  Анын[15] үстүндөгүнүн баары жок болот.
27.  Бир гана  Берешендиктин жана Улуулуктун Ээси болгон Эгеңдин  Өзү гана калат[16].
28.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
29.  Асмандардагы жана жердегилердин баарысы Андан тилешет. Ал күн сайын иретке келтирүүдө[17].
30.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
31.  Эй, эки тайпа![18] Биз силерге[19] көңүл бөлөбүз.
32.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
33.  Эй, жиндердин жана адамдардын тайпалары! Асмандар менен жердин чектеринен чыгууга чамаңар жетсе,  чыккыла, бирок Менин кудуретимсиз[20] чыга албайсыңар!
34.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
35.  Силерге түтүнсүз жалынды жана жалынсыз түтүндү жиберебиз. Силер өзүңөргө-өзүңөр жардам да бере албайсыңар[21].
36.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
37.  Асман жарылып, түтүн сыяктуу кыпкызыл болгондо,
38.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
39.  Ал Күнү адамдар жана жиндер өз күнөөлөрү тууралуу суракка алынбайт.
40.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
41.  Күнөөкөрлөр белгилеринен таанылып, маңдай чачтары жана буттарынан алынат[22].
42.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
43.  Бул – күнөөкөрлөр жалганга чыгарган Тозок.
44.  Алар От[23] менен кайнак суунун ортосунда айланып жүрүшөт.
45.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
46.  Кимде-ким Эгесинин алдында туруудан[24] корксо ага – эки бакча[25].
47.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
48.  Экөө тең[26]  бак-шактуу жемиштүү.
49.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
50.  Экөөндө экиден аккан булак.
51.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
52.  Экөөндө ар бир мөмө-жемиштен жуп-жубу менен (болот).
53.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
54.  Алар ичи жибек жаздыктарда жөлөнгөн абалда (олтурушат). Эки бакчанын тең жемиштери ийилип жакын (жайгашкан).
55.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
56.  Ал жерде жиндер да, адамдар да мурда тийбеген, көздөрү чоочундарды карабаган[27] кыздар (бар).
57.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
58.  Алар жакут менен маржан сыяктуу.
59.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
60.  Жакшылыктын сыйлыгы – жакшылык менен гана (болот[28]!).
61.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
62.  Ал эки бактан башка дагы эки бак (бар).
63.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
64.  Экөө тең жап-жашыл!
65.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
66.  Ал экөөндө тең атырылып чыгып туруучу эки булак (бар).
67.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
68.  Анда  мөмө-жемиштер, курмалар жана анарлар (бар).
69.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
70.  Экөөндө тең жакшы мүнөздүү, танынакай кыздар[29] (бар).
71.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
72.  Чатырларда жашырылган[30] кара көз үр кыздар (бар).
73.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
74.  Аларга[31] жиндер да, адамдар да, мурда тийген эмес[32].
75.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
76.  Жашыл жаздыктардын жана кооз килемдердин үстүндө  жазданып олтурушат.
77.  Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
78.  Улуулук жана Берешенди Ээси болгон Эгеңдин ысмы Улуу!».




[1] Алланын улуу ысым-сыпаттарынын бири
[2] «жылдыз»  маанисин берген араб тилиндеги «нажм»  сөзү бир эле учурда «өсүмдүк»  деген да маанини туюнтат. Бул жерде ошол эки маани тең дал келет.
[3] Аллага баш ийет
[4] Алла Таала
[5] адилеттүүлүгүн
[6] Алланын мыйзамындагы (өлчөмүндөгү) чектен
[7] Бул жерде тараза менен тартуудагы өлчөм тууралуу кеп болууда
[8] Алдап соода кылбагыла, ар бир нерсени сатканда таразада так тартып саткыла!
[9] Райхан сыяктуу
[10] Эй адамдар жана жиндер!
[11] Топурактын угутунан
[12] Алла Таала
[13] Б.а. туздуу жана тузсуз деңизди аралыштырып жибербей турган парда бар. Ал тосмонун кандай турганына Алладан башка эч кимдин акылы жетпейт!
[14] Алланын
[15] жердин
[16] түбөлүк
[17] алардын тиричилигин, иштерин
[18] эй, жиндер жана адамдар!
[19] Силерден эсеп-кысап алуу үчүн
[20] эч качан
[21] аргасыздан Махшарга айдалып келинесиңер
[22] маңдай чач же буттарынан жазалоочу периштелер тарабынан кармалып Тозокко ыргытылат
[23] Тозок
[24] Кыямат Күнү болуучу суракта
[25] эки Бейиш берилет
[26] Жогоруда аталган эки Бейиш тең
[27] күйөөсүнө абдан берилген
[28] Кылган жакшылыгыңар үчүн сөзсүз жакшылык көрөсүңөр. Б.а. аракетиңер эч качан текке кетпейт деген мааниде.
[29] үр кыздар
[30] эч кимге көрүнбөгөн
[31] /р кыздарга
[32] Б.а. алардын колун мурда эч ким кармаган эмес

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder