25.02.2014

95 TÎN SÛRESİ

95-сүрө “Тин[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Сегиз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.     Анжир менен зайтунга ант![2]
2.     Сиинаа тоосуна[3] ант!
3.     Мына ушул бейпил шаарга[4] ант!
4.     Албетте, Биз инсанды эң мыкты - тегиз турпатта кылып жараттык.
5.     Андан кийин Биз аны төмөнкүлөрдүн эң төмөнүнө кайтардык.[5]
6.     Бирок, ыйман келтирип Аллага ишенген жана жакшылык иштерди кылгандар үчүн үзүлбөгөн сыйлык бар.
7.     Мындан соң сени[6] кыйаматты жалганга чыгарууга эмне түрткү болуп жатат.  
8.     Алла өкүмдарлардын өкүмдары эмеспи?! 






[1] Тин – анжир.
[2] Эки жемиштин аталышы.  
[3] Сиинаа (Синай) тоосу Муса (а.с.)га Тоорат түшкөн жер.
[4] Мекке шаарына.       
[5] Ошондой сымбаттуу келбет бергенден кийин ага шүгүр келтирбеген кезде алардын ишинин акыбети ылдый карай кетет, келбети бузулуп, кейпи кетет. Демек, алар тозокко түшүүчүлөр. Тафсир Ал-Насафий.
[6] Эй, инсан!

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder