25.02.2014

91 ŞEMS SÛRESİ

91-сүрөШамс[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Он беш айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.        Күн жана анын жарыгына ант,
2.        жана анын (Күндүн) артынан ээрчиген Айга ант,
3.        жарыгын жайылткан күндүзгө ант!
4.        Күндүздү каптап, жаап калган түнгө ант!
5.        Асман жана аны Жаратканга ант!
6.        Жер жана аны төшөөчүгө ант!
7.        Напсыга жана аны жайгаштырганга ант!
8.        Напсыга бузулууну да, такыба болууну да илхам салды[2].
9.        Кимде-ким аны[3] тазаласа, ал ийгилике жетишет.
10.   А кимде-ким аны адаштырса, зыйан тартат.
11.   Самуд [4] жолдон адашып, жалганга чыгарышты[5],
12.   (Алардын ичинен) бир бактысызы суурулуп чыккан кезде,
13.   Ошондо Алланын элчиси тигилерге: “Алланын төөсүнө жана анын суу ичүүсүнө[6] (тийбегиле)!” - деди.
14.   Ошондо (алар) аны жалганчы дешип, төөнү сойуп салышты эле, алардын күнөөлөрүнө жараша, тигилердин Эгеси (азапты) үстөк-босток кылып, аны теңеди.
15.   Ал[7] тигинин акыбетинен коркпойт.





[1] Күн.
[2] /йрөттү.
[3] Напсыны.
[4] Салих (а.с.)дын коому.
[5] Пайгамбарларын.
[6]
[7] Алла.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder