25.02.2014

60 MÜMTEHİNE SÛRESİ

60-сүрө «Мумтахана[1]»
Мединада түшүрүлгөн. Он үч айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.     Эй, ыймандуулар! Менин душманымды да, өзүңөрдүн да душманыңарды дос кылып албагыла. Силер аларга сүйкүмдүүрөк мамиле жасап жатасыңар, а алар болсо силерге келген акыйкатка ишенбей жатышат. Алар пайгамбар менен силерди Эгеңер болгон Аллага ишенип жатканыңар үчүн (мекениңерден) чыгарышууда. Силер Менин жолумда күрөшүү үчүн жана Менин ыраазылыгымды табуу үчүн чыкканыңарда, Менин душмандарымды жашыруун болсо да сүйбөгүлө. Мен силердин жашыруун кылганыңарды да, жарыйа кылганыңарды да жакшы билүүчүмүн. Силердин араңардан ким бул ишти жасаса, анда анын түз жолдон адашканы анык.
2.     Эгер алар силерди жеңип алса, анда алар силерге душман болушат. Силерге жамандык менен, колдору менен тилдерин[2] суна башташат. Алар силердин да каапыр болууңарды каалашат.
3.     Силердин туугандарыңар да, балдарыңар да Кыйамат Күнүндө силерге жардам кыла алышпайт. Ал силердин араңарды ажыратып (бөлүп) койот. Алла силердин эмне кылганыңарды көрүп турат.
4.     Чындыгында Ибрахим пайгамбарда жана аны менен бирге болгондордо силер үчүн жакшы өрнөк бар. Алар элине: “Биз силерден жана Алланы койуп (таштап) сыйынып жаткан нерсеңерден[3] да алыспыз. Биз силерди тандык, Жалгыз Аллага ишенгениңерге чейин түбөлүк душмандык, жек көрүү биз менен силердин ортоңордо анык сакталат”, – дешти. Ибрахим атасына: “Мен сен үчүн (Алладан) кечирим сураймын, (бирок) Алладан (келчү) бир нерсени сен үчүн кайтарууга бийлигим жок“, – дегени (үлгү эмеспи).[4] “Биздин Эгебиз! Биз Сага гана тобокел кылабыз, Сага гана кайттык. Кулдук жана бир гана Сага кайтуубуз бар.
5.     Биздин Эгебиз! Каапырлардын жолуна түшүп бизди адашуучу (азгырылуучу) кылбагын жана биздин күнөөлөрдү кечир; албетте Сен Улуу, Даанышмансың!
6.     Аллага жана Акырет күнүнө ишенгендер үчүн мында[5] мыкты үлгү бар. Ал эми ким баш тартса, (анда) албетте Алла абдан Бай жана Мактоого татыктуу!
7.     Балким Алла силердин ортоңор менен каршы болуп жаткандардын ортосунда достук орнотоор;[6] Алла Кудуреттүү, Алла Кечиримдүү, Мээримдүү.
8.     Алла диниңер үчүн силер менен согушпагандарга жана мекениңерден кууп чыкпагандарга жакшылык кылууңарга жана аларга адилеттүү болууңарга тыйуу салбайт. Акыйкатта, Алла адилеттүүлөрдү сүйөт.
9.     Алла силердин диниңер үчүн силер менен согушкандар жана силерди үй-жайыңардан кууп чыккандар жана да силерди кууп чыгууда бири-бирине жардам бергендер менен достошууңарды тыйат. Ким алар менен достошсо, анда алар Алланын алдында – адашкандардан (болот).
10.      Эй, ыймандуулар! Силерге момун айалдар[7] келген кезде аларды текшерип көргүлө! Алардын ишенич-ыйманын Алла жакшы билет. Эгер силер алардын момун экенин билсеңер, каапырларды көздөй[8] жөнөтпөгүлө. Анткени каапырлар үчүн алар адал[9] болбойт. Каапыр да тигил айалдарга адал эмес. Бирок аларга бергиле.[10] Тигилерге акыларын[11] берип үйлөнсөңөр да күнөөсү жок. Каапыр айалдарды өзүңөрдө кармап отура бербегиле[12] жана бергениңерди кайра өзүңөргө кайтарып берүүсүн талап кылгыла. Ошондой эле, алар[13] да тигилерден кеткен айалдары үчүн бергендерин талап кылса болот. Бул Алланын силердин араңарда жүргүзө турган өкүмү. Алла – Билүүчү, Даанышман.  
11.      Эгер силердин айалдарыңардан кимдир бирөөсү каапырларга өтүп кетсе, а силер алардан[14] өч алсаңар[15], анда айалдары[16] таштап кеткендерге, алар ошол айалдарына канча төлөшкөн болсо, ошончолукту[17] бергиле. Өзүңөр ыйман келтирген Алладан корккула!
12.      Эй, пайгамбар! Эгерде сага момун айалдар келишип, Аллага бөлөк бирөөнү шерик кылбоого, уурулук кылбоого, айагы суйук – бузукулук кылбоого, өз балдарын өлтүрбөөгө, өз колу-буттарыбыз алдында болду[18] деп жалган жалааны айтышпоого жана жакшылык иштерде сага каршы болбоого убада-ант беришсе, анда алардын антын кабыл ал! Алар үчүн Алладан кечирим сура. Албетте, Алла Кечиримдүү, Боорукер.
13.      Эй момундар! Алланын каарына калган элдер менен дос болбогула! Каапырлар мүрзөлөрдөгү өлүктөрдөн үмүт үзгөн сымал, алар да Акыреттен үмүттөрүн чындап үзүшкөн.




[1] Мумтахана – сыналуучу (айал)
[2] Жамандап, ушактап, шылдыңдап.
[3] Сөлөкөттөргө – колдон жасап алып, “кудай” деп аташкан нерселерине.
[4] Андан соң алар – Ибрахимдин жакындары минтип сыйынышты:.
[5] Жогоруда байандалган, Ибрахим жана анын жакындары жөнүндө байанда.
[6] Ислам тынчтык, амандык жана сүйүүнүн дини.
[7] Меккеден качып чыккан.
[8] Меккедеги сөлөкөттөргө табынуучуларга.
[9] Никеленүүгө болбойт.
[10] Алардын Меккеде калган күйөөлөрү берген нерселерин (калыңдарын).
[11] Калыңдарын. Каапырлар мусулман айалга үйлөнүүгө укугу жок.
[12] Эгер силердин айалдарыңар каапыр болуп, башка бир каапырга никеленүүнү кааласа.
[13] Каапырлар
[14] Каапырлардан.
[15] Жана олжого ээ болсоңор.
[16] Айалы исламды кабылдап, каапыр күйөөсүнөн мусулмандар тарапка кетип калгандар.
[17] Кайтарып.
[18] Төрөлгөн баласы башкадан болсо, күйөөмдүкү деп жалаа жаппасын.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder