26.02.2014

104 HÜMEZE SÛRESİ

104-сүрө “Хумаза[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Тогуз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Тили жана кыймыл-аракети менен кайбат[2] кылуучуга азап болсун!
2.     Ал мал-дүйнө топтоп, аны санаган.
3.     Топтогон мал-дүйнөсү аны түбөлүктүү кылат деп ойлойт.
4.     Жок! (Андай болбойт) ал сөзсүз “быркыратуучуга” [3] (тозокко) ыргытылат.
5.     “Быркыратуучу” эмне экенин билесиңби?
6.     Ал Алланын жагылган оту[4] (тозогу).    
7.     Ал (денени көзөп өтүп) жүрөктөргө чейин жетет.
8.     Албетте, ал алардын үстүнө жабылат.[5]
9.     Тартылган устундардын ичинде (болушат). 





[1] Хумаза – кайбатчы.
[2] Башкалардын түзүлүшүндөгү жана мүнөзүндөгү кемчиликтерди айтып көзү жокто жамандоо.       
[3] Тозокко.
[4] Тозогу.
[5]  Чыга алышпайт.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder