25.02.2014

90 BELED SÛRESİ

90-сүрө “Балад[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Жыйырма айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.     Ушул шаар менен ант!
2.     Сага[2] бул шаарда тыйуу жок.
3.     Атага[3] жана урпактарына ант!
4.     Биз инсанды түйшүккө жараттык.
5.     Инсан – эч ким аны жеёе албайт деп ойлойбу?
6.     Ал: “Мен эсепсиз көп байлыктарды короттум”, – дейт[4].
7.     Ырас эле, ал пенде өзүн эч ким көргөн жок деп ойлойбу?
8.     Биз ага (пендеге) эки көз жаратып бербедик беле?!
9.     жана да тили менен эки эриндеринчи?
10.    жана аны эки жолго[5] багыт алдырдык.
11.    Ал[6] ашуудан өтпөй койду.
12.    Сен “Ашуу” эмне экенин билесиёби?
13.    Ал ашуу дегени кулду азаттыкка чыгаруу,
14.    же ачкачылык күндөрдө тамак берүү,
15.    өз туугандарынан болгон жетимдерге,
16.     же бир чаёга булганган кедейге[7].
17.    Андан соё ал ыйман келтирген, сабырдуулукка үндөгөн жана ырайымдуулукка чакыргандардын арасында болот.
18.    Мына ушулар (жогоруда сыпатталган момундар) оё тараптын ээлери!
19.    Ал эми биздин айаттарыбызга ишенбегендер, алар - сол тарап ээлери.
20.    Алардын үстүндө каптаган тозок оту.




[1] Балад – шаар.
[2] Эй, Мухаммед.
[3] Адам ата.
[4] Мухаммедге (а.с.) каршы душмандык үчүн (Тафсир Ал-Жалаалайн).
[5] Жаман, жакшы.
[6] Пенде.
[7] Кедейликтин айынан.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder