25.02.2014

32 SECDE SÛRESİ

32-сүрө  “Сажда[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Отуз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Алиф, Лам, Мим[2].
2.     Китептин түшүрүлүүсү ааламдардын Эгесинен экенинде шек жок[3].
3.     Кантип эле алар: “Аны[4] ойунан чыгарды” – дешет? Ооба, сага чейин аларга эскертүүчү келбеген элди сен туура жолго чакырууң үчүн, сенин Эгең тарабынан жөнөтүлгөн акыйкат. Мүмкүн алар туура жолду табышаар.
4.     Алла асмандар менен жерди, алардын ортосундагыларды алты күндө жараткан, анан Аршка ээлик кылган. Силерде Андан башка коргоочу да, жардам берүүчү да жок. Чын эле силер эсиңерге келбейсиңерби?
5.     Ал асманда жана жерде ишти башкарат. Андан соң силердин эсебиңер бойунча миң жылга созулган бир күндө,[5] ал[6] Ага көтөрүлөт.
6.     Ал жашыруундарды жана ачыктарды билүүчү, Ызааттуу, Мээримдүү.
7.     Ал бардык нерселерди сонун кылып жараткан. Ал инсанды оболу чоподон жараткан.
8.     Андан соң анын тукумун жарамсыз суудан (айланган) уйуган кандан пайда кылды.
9.     Андан соң аны келбетин келтирген жана ага Өз рухунан үйлөгөн[7]. Силерге кулак, көз жана жүрөк ыроологон. Силер аз шүгүр кыласыңар.
10.    Алар: “Чын эле биз жер үстүнөн жоголгон кезде, (кайра) жаңыдан жаратылабызбы?” – дешет. Ооба, алар өз Эгеси менен кездешүүнү жокко чыгаруучулар.
11.    “Силерди силерге атайын дайындалган өлүм периштеси жаныңарды алат. Андан соң Эгеңерге кайтарыласыңар”, – дегин.  
12.    Эгер сен күнөөкөрлөр өз Эгесинин алдында баштарын төмөн салып: “Оо, Эгебиз! Биз көргөнбүз жана укканбыз, бизди жакшылык иштерди жасоо үчүн артка кайтар, анткени биз (диндин) чындык экендигине эми ишенебиз”, – дегендерин көргөңүңдө (өтө коркунучтуу абалды көрмөксүң)!
13.    Эгерде Биз кааласак ар бир жанга туура жол берээр элек. Бирок, Менин: “Тозокту жиндер жана адамдардын тобу менен толтурамын” – деген сөзүм чындык болот.
14.    Ушул кездешүү Күнү жөнүндө унутканыңар үчүн (жазаңарды) таткыла!  Акыйкатта, эми Биз да силерди унуттук[8]. Кылган ишиңер үчүн түбөлүк жазаны таткыла.
15.    Биздин айаттарыбызга алар тууралуу эскерилгенде эт-бетинен кетип сежде[9] кылгандар жана өз Эгесин даңктап аруулагандар ыйман келтиришет. Ошондой эле алар текеберленишпейт.
16.    Алардын капталдары  төшөктөрүнөн көтөрүлүп турат да, өздөрүнүн Эгесине коркуу, үмүт менен жалынышат жана Биз аларга берген ырыскылардан сарпташат.
17.    Бир да жан алардын (жакшылык) кылгандары үчүн сыйлык катары бериле турган көздөрүн кубантуучу жыргалдарды[10] билбейт.
18.    Кантип эле момун, бузуку сыйактуу болсун? Алар тең эмес!
19.    Ал эми ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандарга алардын жасаган нерселери үчүн конок жайы болгон Маө-ваа бактары[11] бар.
20.    Жамандык иш кылгандардын барар жайы Тозок. Алар андан чыгууну каалаган сайын, артка кайтарылат жана аларга: “Силер жалганга чыгарган от азабын таткыла!” – делинет.
21.     Биз аларга зор азапка[12] чейин, жакынкы азапты[13] таттырабыз. Мүмкүн алар (ыйманга) кайтаар.
22.    Эгесинен келген айаттар эскертилгенде андан жүз бургандардан ашкан адилетсиз болобу? Акыйкатта, Биз күнөөкөрлөрдөн өч алабыз[14].
23.    Биз Мусага Китеп бердик. Ага[15] жолугарыңа шектенбе. Биз аны Исраил урпактары үчүн жол көрсөтүүчү кылдык.
24.    Биздин айаттарыбызга сабырдуу жана ыймандуу болгондуктары үчүн, Биз алардын ичинен жол башчыларды кылдык, алар Биздин буйругубуз бойунча жетектешет.
25.    Акыйкатта, Эгең Кыйамат күнү алардын талашкандарынын ортосун ажыратат[16].
26.    Биз аларга чейин канчалаган муундарды ойрон кылганыбызды, алар ошолордун жайларында[17] басып жүргөндөрүн билишпейби? Акыйкатта мында белгилер бар. Алар эмне, угушпайбы?
27.    Биз какыраган жерге суу агызып, андан  чөптөрдү өстүрүп чыгаргандыгыбызды, андан алардын малдары жана өздөрү жеп жатышкандыгын билишпейби? Алар эмне, көрүшпөйбү?
28.    Алар[18]: “Эгер силер чынын айтып жатсаңар, анда бул жеңиш качан болот?” – дешет[19].
29.    “Жеңиш күнү[20] каапыр болгондор үчүн алардын ишеними эч жардам кылбайт жана аларга мөөнөт да берилбейт”, – дегин.
30.    Алардан жүз үйүр жана күтө тур. Албетте алар да күтүшөт.     



[1] Сажда – маңдайын жерге тийгизип сежде кылуу.
[2] Мааниси бир Аллага маалым.
[3] Курандын түшүрүлүүсү.
[4] Куранды.
[5] Кыйамат күнү.
[6] Иштер – амалдар.
[7] Алла Таала өзү жан салган.
[8] Азапка таштайбыз.
[9] Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.

[10] Бейиштин жыргалдарын.
[11] Бейиш бактары.
[12] Акырет азабы.
[13] Бул дүйнөнүн азабы.
[14] Жазалайбыз.
[15] Мусага.
[16] Өкүм кылат.
[17] Меккенин каапырлары жөнүндө айтылып жатат.
[18] Сөлөкөттөргө, жалган кудайларга табынуучулар.
[19] Мусулмандарга айтышат.
[20] Чечүү күнү.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder