24.02.2014

10 YÛNUS SÛRESİ

      10-сүрө «ЙУНУС»
Меккеде түшүрүлгөн. Жүз тогуз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!

1.     Алиф, лам, раа[1]. Мына булар даанышман Китептин[2] айаттары.
2.     Адамдарды эскертүү жана ыймандууларга кылган ;акшылыктары, Эгесинин алдында чоң кадырга ээ боло тургандыгын сүйүнчүлөө үчүн өздөрүнүн араларынан бир кишиге Биздин кабар жибергенибизге да таң калышабы? Каапырлар: “Ал анык сыйкырчы”, – дешет.
3.     Акыйкатта, силердин Эгеңер Алла асмандар менен жерди алты күндө жараткан, андан соң Аршка ээлик кылып[3], келечек ишке өкүм чыгарат. Андан уруксатсыз эч ким коргоочу[4] боло албайт. Мына ушул – Алла, - силердин Эгеңер. Ага (гана) сыйынгыла. Эсиңерге келбейсиңерби?
4.     Ага баарыңар чогуу кайтасыңар. Бул Алланын убадасы – акыйкат. Акыйкатта, Ал баарын баштап жараткан. Анан ыйман келтирип, жакшылык кылгандарды адилеттүүлүк менен сыйлоо үчүн аны кайта тирилтет. А каапырларга каапыр болгондуктары себептүү кайнаган суусундук жана орутуучу азап бар.
5.     Ал Күндү жарык, ал эми Айды нур кылды. Силердин жылдарды менен убакытты билүүңөр үчүн алардын орундарын белгиледи. Алла буларды чындык менен жаратты. Ал түшүнгөн адамдарга Өзүнүн айаттарын байандайт.  
6.     Акыйкатта, түн менен күндүн алмашуусунда, Алла асмандар менен жерде жараткандарда такыба адамдар үчүн белгилер бар.
7.      Акыйкатта, Биз менен кездешүүнү күтпөгөндөр, бул дүйнө жашоосуна маашырлана көңүлдөрү жай тапкандар – Биздин айаттарыбыздан бейкапар болгондор.
8.     Алар өздөрүнө дайардагандары үчүн – орундары тозок.
9.     Акыйкатта, ыйман келтирип, жакшылык кылгандарды ыймандары себептүү алдынан дарыйалар аккан, ырахаттуу Бейиш жолуна салат.
10.      Алардын андагы сыйынуулары: “О жараткан Алла, биз Сени Аруулайбыз!”; саламдашуулары: “Салам! – Тынчтык” (болот),  “Ааламдардын Эгеси Аллага мактоо!” – деп дубаларын айакташат.
11.      Эгерде Алла адамдарга жакшылыктын келишин каалаган өңдүү, жамандыктын келишин да тездетсе, анда алардын жашоосу (эбак) бүткөн болор эле.[5] Бирок, Биз менен кездешүүнү күтпөгөндөрдү өздөрүнүн адашуусунда экилентип таштап койобуз.
12.      Качан инсанга кайгы жеткен кезде, ал жатып да, олтуруп да, туруп да Бизге жалына баштайт. Биз аны кайгыдан куткарганыбызда, ал Бизден жамандыктан куткарууну сурабаган өңдүү мурунку жолу менен кете берет. Ушундай болуп чектен ашкандардын иштери өздөрүнө көркөмдүү сезилет. 
13.      Биз силерге чейинки заалымдык кылган көптөгөн элдерди жок кылганбыз. Алардын пайгамбарлары  далилдер менен келишкенде да, алар ишенбеген бойунча кала беришкен. Күнөөкөр коомдун жазасын Биз ушинтип беребиз.
14.      Силер кандай кыларыңарды байкап көрүү үчүн Биз силерди Жер үстүндө алардын орун басарлары кылдык.
15.      Качан аларга Биздин айкын айаттарыбыз окулганда, Биз менен кездешүүнү үмүт этпегендер мындай дешет: “Бизге Курандын ордуна башка китепти алып кел, же аны өзгөрт.” Аларга: “Аны мага өзгөртүүгө болбойт. Мен болгону мага кабар кылынган нерсени гана ээрчиймин. Мен эгер Эгемдин буйругун аткарбасам, Улуу күндүн азабынан коркомун”, – дегин.
16.      “Эгер Алла каалаган болсо, анда мен муну силерге окубас элем, ал жөнүндө силерге үйрөтпөс да элем. Чынында, мен буга чейин силер менен бүтүндөй бир жашоону өткөздүм. Эмнеликтен акылыңарга келбейсиңер?” – деп айт.
17.      Аллага жалаа жапкандардан, же Анын айаттарын жалганга чыгаргандан да ашкан заалим барбы? Албетте, күнөөкөрлөр ийгиликке жете албайт.
18.      Алар Алланын ордуна өздөрүнө зыйан да, пайда да келтире албагандарга сыйынышат да: “Мына биздин Алланын алдындагы коргоочуларыбыз” - дешет.  (Аларга:) “Асмандар менен жерде Ага белгилүү болбогон нерсени Аллага кабар берип жатасыңарбы?” - де. Ага мактоолор болсун! Ал силер кошкон шериктериңерден Таза жана Улуу.
19.      Мурун адамдар бир эл эле, анан алар бөлүнүштү. Эгер Эгең тараптан сөз өтпөгөндө, алардын ортосундагы талашып-тартышып жаткандары тууралуу иш чечилип калмак болчу.
20.      Алар: “Анын Эгесинен ага бир керемет[6] түшүрүлдүбү?” – дешет. Аларга: “Акыйкатта, көмүскөлөр Аллага таандык. Күтө тургула, мен дагы силер менен бирге күтүүчүлөрдөнмүн”, – де.
21.      Инсандын башынан жамандык өткөндөн кийин, Биз Өз мээримдүүлүгүбүздү таттырган кезде, Биздин айаттарыбызга каршы айла-амалдарды ойлой баштайт. (Аларга:) “Алла айла-амалдарды табууда абдан тез”, – дегин. Албетте, Биздин элчилерибиз[7] силердин айла-амалдарыңарды жазып турат.
22.      Ал силерди кургакта жана деңизде жүргүзөт. Силер кемеде болгонуңарда кеме аларды сыдырым соккон жел менен алып барат, алар бирге сүзүп кубанышат. Качан аларга катуу шамал жетип, килейген толкундар ар тараптан ургулай баштаганда, алар өздөрүн өлүмгө дуушар болчудай сезишип, чын ишеним менен Аллага жалбара башташат: “Эгер Сен бизди куткарсаң, биз шүгүр кылуучулардан болобуз!” (– дешет).
23.      Ал аларды куткарган кезде, алар жер үстүндө адилетсиз иштерди кылат. Эй, инсандар! Силердин кылган жаман ишиңер (ээн-баштыгыңар) өзүңөр үчүн гана. Ал (ишиңер) болгону бул дүйнө менен ырахаттануу. Андан соң силердин кайтып келээриңер Биз (жак). Жана ошентип Биз силерге эмне кылганыңардан кабар беребиз.
24.      Чынында, дүйнө тиричилиги Биз асмандан жаадырган жаан сыйактуу. Аны менен Жер үстүндө көптөгөн өсүмдүктөр аралашып өсөт да, аларды адамдар жана малдар жейт. Качан жер жүзү кулпуруп, кооз болуп турган кездерде, анын жашоочулары муну биз пайдаланабыз деп ойлошот. Ошондо, түнкүсүбү же күндүзүбү, аларга Биздин өкүм-буйругубуз жетет. Анан Биз аларды алар кечээ өсүп-гүлдөп турбаган өңдүү бастырылган эгин талаасындай кылып салабыз. Биз айаттарыбызды акыл жүгүрткөндөргө мына ушинтип түшүндүрөбүз.
25.      Алла тынчтык жайына чакырат жана каалагандарын туура жолго багыттайт.
26.      Сооптуу иш кылгандарга жакшылык жана андан артыгы да бар. Алардын жүздөрүн каралык да, кайгы да каптабайт. Ошолор Бейиш ээлери, алар анда түбөлүккө калышат.
27.      Жамандык кылгандарга жамандыгына ылайык жаза берилет, алардын жүзүн кайгы каптайт. Алланын алдында аларга коргоочу да болбойт. Алардын жүздөрүн түн караңгылыгындай каралык каптайт. Ошолор тозок ээлери, алар анда түбөлүккө калышат.
28.      Ошол Күнү Биз алардын баарын жыйабыз. Ошондо, Аллага шерик кошуп жүргөндөргө: “Силер жана силер шерик кылып[8] жүргөндөр ордуңарга (тургула)”, – дейбиз. Ошентип Биз аларды ажыратабыз. А Аллага шерик кылынып жүргөндөр[9]: “Силер бизге табынган эмессиңер, 
29.      биздин ортобузда Алла жетиштүү күбө. Силердин бизге табынып жүргөнүңөр тууралуу биз билген эмеспиз”, – дешет.  
30.      Анда ар бир жан бул дүйнөдө өзүнүн кылгандарынан түйшөлөт жана чыныгы ээси болгон Аллага кайтарылат. Ал эми алар ойлоп тапкандар[10] аларды таштап кетет.
31.      “Силерге асмандан жана жерден ырыскыны ким берет? Угууңарды жана көрүүңөрдү ким башкарат? Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгарат? Ким баарын башкарат?” – де. Ошондо алар: “Алла”, – дешет. “Анда эмне үчүн Андан коркпойсуңар”,– де.
32.      Бул Алла – силердин чыныгы укуктуу Эгеңер. Акыйкаттан соң бир гана адашуудан бөлөк эмне болмок эле? Эмне үчүн баш тартасыңар?
33.      Ушинтип, бузукулук кылгандарга Эгеңдин: “Алар ыйман келтиришпейт”, – деген сөзү чындыкка чыгат.
34.      “Силердин шерик кылып жүргөндөрүңөрдүн арасында алгачкы ирет жаратып, анан аны кайра кайтара[11] тургандар да барбы?” – дегин. “Алла алгачкы жаратууну ишке ашырат, анан аны кайра кайтарат[12]. Кандайча баш тартасыңар?” – деп айт.  
35.      “Аллага шерик кошкондоруңардын арасында акыйкатка багыттай тургандары барбы?” – деп айт. “Алла гана акыйкатка багыттайт. Өзү жол таппаган жана башкаларды да жетектей албагандарга караганда акыйкатка алып бара тургандын артынан ээрчүүгө татыктуу эмеспи? Силерге эмне болду? Кандай өкүм кылып жатасыңар?” – дегин.
36.      Алардын көпчүлүгү жоромолдорду гана ээрчийт. Албетте, жоромолдор акыйкаттын алдында эч нерсеге арзыбайт. Акыйкатта, Алла алардын кылгандарын Билүүчү.
37.      Бул Куран Алладан башканын ойунан чыгарылган эмес. Ал (Куран) мурункуларды тастыктоо жана Китепти түшүндүрүү үчүн жөнөтүлгөн.  Анда шек жок, (ал) ааламдардын Эгесинен келтирилген.
38.      Алар: “Ал аны ойлоп тапкан”, – дешеби? “Ага окшогон бир сүрө келтиргиле жана эгер чын болсоңор Алладан башка жактырган бирөөнү чакыргыла”, – деп айт.
39.      Жок, алар өздөрүнүн билими жетпегендиктен жана маңызын түшүнбөгөндүктөн  жалганга чыгарышууда. Аларга чейинкилер да ушинтип жалганга чыгарышкан. Адашкандардын акыры кандай болуп бүткөнүн карап көрчү?!
40.      Алардын ичинде ишенгендери[13] да, (ага) ишенбегендери да бар. Эгең бузукуларды жакшы билет.
41.      Сени жалганга чыгарышса: “Менин кылгандарым өзүмө, силердин кылганыңар өзүңөргө. Силер мен кылгандан оолаксыңар, мен да силер кылгандардан оолакмын”, – де.
42.      Алардын арасында сени угуп тургандар[14] да бар.  Бирок, алар акыл калчабаса, дүлөйлөргө угуза аласыңбы?
43.      Алардын арасында сени карап тургандар да бар. Бирок сокурлар көрө албаса, сен аларга жол көрсөтө аласыңбы?
44.      Акыйкатта, Алла адамдарга эч заалымдык кылбайт. А адамдар өздөрүнө өздөрү заалымдык кылышат.
45.      Ал баарын жыйнаган Күнү[15] алар жер үстүндө бир күндүн ичинде бир эле саат болгондой[16] сезишет. Бирин бири таанышат. Алла менен кездешүүнү жалганга чыгаргандар жана туура жолдо жүрбөгөндөр зыйанга учурашат.
46.      Биз сага коркутуп жаткандарыбыздын бир бөлүгүн көрсөтөбүз же сени ага чейин жайгарабыз. Баары бир алардын кайтып келүүсү бизге (гана). Андан соң Алла алардын кылгандарынын баарына күбө болот.
47.      Ар бир элге өзүнөн элчи бар. Аларга өздөрүнүн пайгамбарлары келген күнү алардын араларында талаш болгондор адилеттүү түрдө чечилет жана алар таарынышпайт.
48.      Алар: “Эгер сен чын болсоң, анда бул убадалар качан аткарылат?” – деп сурашат.
49.      “Эгер Алла каалабаса, мен өзүмө жакшылык да, жамандык да кыла албайм. Ар бир эл үчүн өз мөөнөтү[17] бар. Ал келген кезде алар аны бир саат жайлата да, узарта да алышпайт”, – де.
50.      “Айткылачы! Эгерде Анын азабы силерге түндө, же күндүз келсе, анда анын келишин тездетүүнү бузукулар эмне үчүн каалап жатышат?” – де.
51.      Ал силерге келген күнү ишенесиңерби? Азыр (көрүп), ишендиңер. Чынында, силер аны тездетүүнү каалаган элеңер.
52.      Андан соң заалымдарга: “Түбөлүк азапты таткыла! Өзүңөр кылганыңарга гана жараша жаза берилдиби?” – делинет.
53.      Жана алар сенден: “Ушулар чындыкпы?” – деп сурашат. “Эгемдин аты менен ант ичем, ооба, бул акыйкат. Силер анын алдында  алсызсыңар”, – де.   
54.      Заалымдык кылган ар бир жан (азапка кабылганда) жер жүзүндөгү бардык нерселер өзүнүкү болсо аны төлөп, кутулгусу келет. Алар жазаны көргөндө катуу өкүнүшөт. Алардын араларында адилеттүүлүк менен өкүм жүргүзүлөт. Аларга зулум[18] кылынбайт[19].
55.      Ооба! Асмандар менен жердегилердин баары Аллага таандык. Ооба! Албетте, Алланын убадалары чындык. Бирок, алардын көпчүлүгү муну түшүнбөйт.
56.      Ал жашоо берет, өлтүрөт жана силер Ага кайтасыңар.
57.      Эй, адамдар! Силерге Эгеңерден үгүт-насаат, жүрөктөрдөгүнү айыктыруучу, ыймандуулар үчүн туура жол жана мээрим келди.
58.      “Алар Анын жакшылыгы[20], ырайымы[21], мына ушуга кубанышсын. Анткени, бул алар өздөрүнө чогулткандан жакшы”, – деп айт.
59.      “Айткылачы: Алла силерге марттык менен ырыскы бөлүштүргөнүн көрбөйсүңөрбү? Эмнеликтен силер анын бирин арам деп[22], башкасын адал кылдыңар?” – де. “Алла буга уруксат бердиби, же силер Аллага жалаа жаап жатасыңарбы”, – дегин.
60.      Аллага жалган жалаа жапкандар Кыйамат күнү тууралуу эмне ойлошот? Акыйкатта, Алла адамдарга мээримдүү. Бирок, алардын көбү Ага шүгүр кылышпайт.
61.      Сен кандай абалда болсоң да, Курандан эмнени окусаң да, силер эмнени кылсаңар да Биз күбө болуп турабыз. Себеби, силер ага[23] чумкуп киресиңерби? Силердин Эгеңерден жер үстүндө да, асмандарда да кыпындын салмагындай эле, же андан азыраак, же андан көбүрөөк болсо дагы эч нерсе жашыруун эмес. Мунун баары ачык Китепте[24] жазылган.
62.      Ооба! Албетте Аллага жакын болгондор чоочулашпайт да кайгырышпайт.
63.      Ыймандуулар жана такыба болгондор,
64.      Алар үчүн бул дүйнөдө жана акыретте сүйүнүчтүү кабар бар. Алланын убадалары эч өзгөрүлбөйт. Бул улуу ийгилик.
65.      Алардын сөздөрү сени кайгыртууга тийиш эмес. Акыйкатта, бардык ызааттуулук Аллага гана таандык. Ал Угуучу, Билүүчү.
66.      Ооба! Акыйкатта, асмандар менен жердегилердин баары Аллага таандык. Алладан башка шерик келтирилгендерге табынып жаткандар эмнени көздөшөт? Алар божомолдорду гана ээрчип жүрүшөт. Алар жалганды гана айтышат.
67.      Ал силердин эс алууңар үчүн түндү, көрүүңөр үчүн күндүздү кылган. Албетте, мында уга турган адамдар үчүн айат-белгилер бар.     
68.      Алар: “Алла Өзүнө уул алды[25]”, – дешет. Ал (андан) таза! Ал Бай[26]. Ага асмандардагылар менен жердегилердин баары таандык. Силерде болсо эч кандай далилдер жок. Аны билбей туруп, Алла тууралуу айта аласыңарбы?
69.      “Акыйкатта, Аллага жалган жалаа жабуучулар ийгиликке жете алышпайт” – дегин.
70.      Бул дүйнөдө жыргал, андан соң алардын Бизге кайтуулары бар. Ошондо Биз каапыр болгондору үчүн катуу азап таткыдай кылабыз.
71.      Сен аларга Нухтун байанын окуп бер. Ал  элине мындай деди: “О элим!  Эгер менин силердин араңарда болгонум жана силерге  Алланын айаттарын эскерткеним оор болуп жатса, анда мен Аллага тобокел кылдым. Өзүңөрдүн кудайларыңар менен ишиңерди чогулткула. Силердин ишиңер жашыруун калбасын. (Өз ниетиңерди жашырбастан) мага кечиктирбей өкүм чыгаргыла.
72.      Эгер силер менден кетсеңер, мен силерден сыйлык сурабаймын. Менин сыйлыгым Алладан гана. Мага ыймандуулардан болуу буйрулган”.
73.      Алар аны жалганчы деп жарыйалашты. Биз аны жана аны менен кемеде бирге болгондорду куткардык. Биз аларды орун басарлар кылдык жана Биздин айаттарыбыздан баш тарткандарды сууга чөктүрдүк. Эскертилгендердин акыры кандай болуп бүткөндүгүн карачы!
74.      Нухтан кийин Биз ар бир элге өзүнүн пайгамбарларын жөнөттүк. Алар айкын далилдер менен келишти. Мурда да жалганга чыгаргандыктары үчүн алар ыйман келтиришкен эмес. Чектен чыккандардын жүрөктөрүн мына ушинтип мөөрлөйбүз.
75.      Андан соң Мусаны жана Харунду Биздин айаттарыбыз менен Фараонго жана анын жан-жөкөрлөрүнө жөнөттүк. Бирок, алар текеберленишип күнөө кылуучу коомдон болушту.
76.      Бизден акыйкаттык келгенде алар: “Бул анык сыйкыр”, – дешти.
77.      Анда Муса: “Силерге акыйкаттык келгенде, ал тууралуу ушундай дейсиңерби? Ушул да сыйкырбы? Сыйкырчылар мындай ийгиликке жете албайт”, – деди.
78.      Алар: “Сен бизди ата-бабаларыбыз карманган нерселерден кайтаруу жана жер жүзүндө бийлик экөөңөрдүн колуңарда болуу үчүн келдиңби? Биз, экөөңөргө[27] ишенбейбиз”, – дешти.  
79.      Фараон: “Мага бардык илимдүү сыйкырчыларды келтиргиле!” – деди.
80.      Сыйкырчылар келгенде Муса аларга: “Ыргыта турганыңарды ыргыткыла!” – деди.
81.      Алар ыргытышканда[28], Муса: “Силер келтирген нерсе сыйкыр (гана)! Албетте Алла аны жок кылат. Акыйкатта, Алла бузукулардын ишин оңдобойт”, – деди.
82.      А Алла күнөөкөрлөр үчүн жек көрөөрлүк болсо да, Өзүнүн сөзү менен акыйкатты бекемдейт.
83.      Бирок, анын элинин ичинен Фараон жана анын жан жөкөрлөрү жазага тартпасын деп корккондору себептүү азыраагынан башкасы Мусага ишенбеди. Акыйкатта, Фараондун жер үстүндө зор бийлиги бар болуучу жана ал чектен чыккандардан эле.
84.      Муса: “Эй элим! Эгер Аллага силер мойун сунуучу болуп, ишенсеңер Ага тобокел кылгыла”, – деди.
85.      Алар: “Биз Аллага тобокел кылдык. Эгебиз, бизди заалым эл үчүн азгырык-сыноо кылба,
86.      бизди каапыр элден Өз мээримиң менен куткар!” – дешти.   
87.      Биз Мусага менен анын тууганына: “Өз элиңер үчүн Мисирде[29] үй кургула, аны сыйына турган үй кылып алгыла жана намаз окугула. Жана ыймандууларга сүйүнчү кабарды жеткизгиле”, – деп айан бердик.
88.      Муса: “О Эгебиз! Сен Фараонго жана анын жан жөкөрлөрүнө бул дүйнөдө кооздук менен мол байлыкты бердиң. Эгебиз, ошондуктан алар башкаларды адаштырып, туура жолуңдан чыгарып жатышат. Эгебиз, алардын байлыктарын жок кыл да, жүрөктөрүнө катуу мөөр бас! Алар катуу азапты тартканга чейин ыймандуу болушпайт”, – деди.
89.      Анда Ал (Алла) айтты: “Силердин дубаңарга жооп берилди.[30] Туруктуу болгула жана наадандардын жолуна ээрчибегиле!”
90.      Биз Исраил уулдарын деңизден өткөрдүк. А Фараон жана анын аскерлери өч жана душмандык менен алардын артынан ээрчип жөнөштү. Ал (фараон) чөгүп бараткан кезде: “Исраил уулдары ишенген бир Кудайдан башка кудай жок деп ишенемин жана мен Ага мойун сунуучуларданмын”, – деди.
91.      “Азыр гана!(бы?) Сен мурун көгөргөн бузукулардан элең...”
92.      Бүгүн Биз кийинки муундарга үлгү болсун үчүн сенин денеңди (сактап) куткарабыз. Бирок, көп элдер Биздин айаттарыбыздан бейкапар.
93.      Биз Исраил уулдары үчүн кереметтүү калааларды курдук жана аларга таза ырыскыларды бердик. Аларга ачык билим келгенге чейин, алар бир-бири менен бөлүнүшпөдү. Акыйкатта, Эгең Кыйамат күнү алардын ортосундагы пикир келишпестиктери тууралуу териштирет.
94.      Эгер сага түшүргөндөрүбүздөн күдүктөнсөң, сенден мурунку Китеп окугандардан сура. Чынында сага Эгеңден Акыйкат келди. Андыктан күдүктөнүүчүлөрдөн болбо!
95.      Алланын айаттарын жалганга чыгаруучулардан болбо. Антсең, зыйанга учуроочулардан болосуң.
96.      Акыйкатта, ыймансыздар – үстүнөн Эгеңдин сөзү акыйкатталган. 
97.      Бүткүл айаттарыбыз келсе да, алар оорутуучу азапты көргөнчө (ишенишпейт).
98.      Йунустун элинен башка ыйман келтирген жана ыймандары пайда берген айыл болгонбу? Алар ишенген кезде Биз аларды бул дүйнө тиричилигиндеги кордоочу жазадан куткардык жана аларды белгилүү мезгилге чейин пайдалангыдай кылдык.  
99.      Эгер Эгең кааласа жер жүзүндөгүлөрдүн баары ыйманга келишээр эле. Сен адамдарды ыйман келтирүүгө зордойсуңбу?
100.       Эч бир жан Алладан уруксатсыз ыймандуу боло албайт. Ал акыл жүгүртпөгөндөрдү жазага тартат.
101.       “Көргүлө! Асмандар менен жерде эмнелер бар?” – де. Ыймансыз коомго айаттар да, элчилер да пайда бербейт. Алар ыйман келтиришпейт.
102.       Алар мурунку каапырларга жеткендерден да башка бир нерселерди күтүп турабы? Аларга: “Күтүп тургула! Мен да силер менен бирге күтүүчүлөрдөнмүн”, – деп айт.
103.       Ошондо Биз Өзүбүздүн пайгамбарларды жана ыймандууларды куткарабыз. Акыйкат ушундай болот. Момундарды куткаруу Бизге таандык.
104.       “Эй адамдар! Силер менин диниме шек саноочу болсоңор, мен Алладан башка силер табынгандарга табынбаймын. Мен Аллага гана табынамын, Ал силерди өлтүрө алат. Мага момундардан болуума буйрук кылынган”, – дегин.
105.       Жүзүңдү туура динге бур жана мушриктерден[31] болбо.
106.       Бир Алладан башка сага пайда да, зыйан да келтире албаган эч кимге табынба. Антпесең, сен заалымдардан болосуң.
107.       Эгер Алла сени бир кырсыкка учуратса, Андан башка эч ким куткара албайт. Эгер Ал сага жакшылык жөнөтсө, Анын мээримдүүлүгүн эч ким токтото да албайт. Ал Аны Өз пенделеринин ичинен каалагандарына берет. Ал Кечирүүчү, Боорукер.
108.       О адамдар! Силерге Эгеңерден акыйкат келди. Ким туура жол менен барса, ал өзүнө пайда келтирет. Ким адашса, өзүнө гана зыйан жеткирет. Мен силер үчүн өкүл[32] эмесмин.
109.       Өзүңө кабар кылынгандарга ээрчи жана Алла өкүм кылганга чейин сабырдуу бол. Анткени, Ал өкүмдарлардын эң мыктысы.





[1] Мааниси бир Аллага маалым.
[2] Куран.
[3] “Истиваа” сөзү өзүнө бир нече маанини камтыйт. Андыктан бул сөздү терең изилдөө шариатта максатсыз. Демек, бул сөздөн Алла эмнени кааласа, ошого ыйман келтирүүгө милдеттүүбүз. Ар кандай чечмелөөлөрдү айтып, талашып-тартышууга тийиш эмеспиз. Ошентсе да, айрым маанилерди айта кетүү максатка ылайык: а) орун алуу; б) жайлануу; в) көтөрүлүү; г) камынуу; д) багыт алуу. 
[4] Будпарастардын түшүнүгү бойунча Алла менен адамдардын ортосунда ортомчу б.а. коргоочулар бар. Христиандар да Исаны Кудай менен адамдын ортосундагы куткаруучу деп эсептешет.
[5] Каапыр мушриктер пайгамбарга: “Сенин Аллаңдын айткандары чын болсо, анда бизге жаза жиберсин”, – деген өңдүү талаптарды койушкан. Эгер Алла алардын каалаганын кылса, анда алар кырылып калышы мүмкүн эле.
[6] Му`жиза – адамдын акылы жетпеген кандайдыр бир керемет нерсени кылуу, же көргөзүү. Мисалы, асмандагы айды экиге бөлүү өңдүү.
[7] Периштелер. Алар күнөө менен соопту жазып турушат.
[8] Аллага шерик кылып.
[9] Сөлөкөттөр.
[10] Сөлөкөттөр.
[11] Кайра тирилте турган.
[12] Тирилтет
.[13] Куранга.
[14] Эки жүздүүлөр угумуш болуп турса да, түшүнүшпөйт, же аны каалашпайт.
[15] Кыямат кайым, сурак болуучу күнү.
[16] Бул дүйнөдөгү бүткүл жашоосу.
[17] Айагы, кыйрашы
[18] Адилетсиздик.
[19] Күнөөлөрүнө ылайык гана жазалар берилет.
[20] Ислам.
[21] Куран.
[22] Алла Таала берген адал ырыскыларды арам деп, өз алдынча өкүм чыгарган кишилер жөнүндө сөз болууда.
[23] Амалга.
[24] Тагдыр жазылган китеп.
[25] Баласы бар дешет.
[26] Эч кимге муктаж эмес.
[27] Муса жана Харунга.
[28] Алар жиптерин ыргытышканда, алар жылан болуп көзгө көрүнгөн
[29] Байыркы Египет жөнүндө сөз болууда.
[30] Кабыл болду.
[31] Көп кудайга (идолдорго) ишенүүчүлөр.
[32] Башкаруучу эмесмин.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder