24.02.2014

11 HÛD SÛRESİ

11-сүрө «ХУУД»
    Меккеде түшкөн. Жүз жыйырма үч айаттан турат.
   Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.                 Алиф, лам, ра[1]. Бул (Куран) – айаттары бекитилген жана Даанышман, Билүүчү (Алла) тарабынан ачык байан кылынган Китеп.
2.                 Алладан башкага сыйынбагыла! Чындыгында, Мен силерге Ал[2] тараптан эскертүүчү жана Кубандыруучумун.
3.                 Эгеңерден кечирим тилеп, Ага тообо кылгыла. Ал силерди белгилүү мөөнөткө чейин көркөм түрдө[3]  пайдаландырат да, ар бир жакшылык ээсине сыйлык берет. Эгер (Алладан) жүз бурсаңар, чынында, силер үчүн Улуу Күндүн азабынан коркомун.
4.                 Кайтуучу жериңер Алла тарап. Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.
5.                 Эсиңерде болсун: Алар[4] Андан[5] жашынуу үчүн көкүрөктөрүн кумтулап алышат[6]. Билгиле: Алар кийимдерин оронгон кезде да ашкере жана көмүскө жасаган иштерин жакшы билет[7]. Акыйкатта, Ал – көөдөндөгүлөрдү Билүүчү!
Он экинчи бөлүм
6.                 Жер бетиндеги бардык жан-жаныбардын ырыскысы – Алладан келет. Ал алардын туруктуу[8] жана убактылуу[9] ордуларын билет. Баарысы Ачык Китепте[10] (жазылуу).
7.                 Ал кимиңер жакшы амал  кылышыңарды сыноо үчүн асмандар менен жерди алты күндө жаратты жана Анын Аршы суу үстүндө эле[11]. Аларга :“Силер өлгөндөн кийин тирилесиңер”, – деп айтсаң, каапырлар: “Чындыгында, бул – даана сыйкыр”, – дешет.
8.                 Эгер алардан азапты белгилүү мөөнөткө чейин кечиктирсек, алар: “Эмне үчүн кечигүүдө?” – дешет. Аларга азап келген күнү,[12]тосулбайт. Алардын шылдыңдаган нерсеси, өздөрүнүн баштарына түшөт.
9.                 Эгер Биз адам баласына ырайым кылып, аны[13] андан алсак, үмүт үзүүчү каапырга айланат.
10.            Ага жеткен кыйынчылыктан кийин, жакшылыктарыбызды жиберсек: “Ал жамандыктар менден кетти!” – деп, аша сүйүнүп[14], мактанат.
11.            Бирок сабыр кылып, жакшы иштерди жасагандар үчүн кечирим жана улуу сыйлык (бар[15]).
12.            Мүмкүн сен алардын: “Эмнеге ага[16] казына түшүрүлбөйт, же аны менен бирге периште келбейт” – деп айткандарына көкүрөгүң кысылып, өзүңө айан кылынган нерсенин кээ бирин балким таштагың келээр? Чындыгында, сен[17] эскертүүчү ганасың. Алла –  бардык нерсеге Көзөмөлчү!
13.            (Алар:) “Аны[18] өзү ойлоп тапты”, – деп айтышты. Аларга: “Эгер айтканыңар чын болсо, Алладан башка каалаганыңарга (буддарыңарга) кайрылып, ойдон чыгарып болсо да ушул сыйактуу, же ушуга окшош он сүрө түшүрүп көргүлөчү”, – деп айт.
14.             Эгер чакырган, кайрылган  нерсеңер силерге жооп бербесе, анда, чыны менен эле бул Куран Алланын илиминен түшүрүлгөнүн жана Алладан башка кудай жок экенин билгиле. Мойун сунасыңарбы?” – деп айт.
15.             Ким дүйнө жашоосун жана анын кооздуктарын кааласа, дүйнөдөн алар каалаган нерселеринин баарын ушунтип беребиз: алар  бул жерде эч нерседен кем болушпайт.
16.            Бирок, аларга акыретте Тозок отунан башка эч нерсе жок. Дүйнөдө жасаган амалдарынын баары текке кетет. Алардын кылгандары бошко кетүүчү нерселер.
17.            Эгеңдин өзгөчө далили, ага кошумча күбөсү да болгон мурунку жол көрсөткүч жана ырайым түрүндөгү Мусанын Китебине ээ болгондор – мына ошолор ага[19] ишенгендер. Элдерден ким ага[20] каршы чыкса анда, анын убада кылынган жери – От.  Сен да андан күдүктөнбө. Ырасында, ал – Эгеңден (келген) Акыйкат. Бирок адамдардын көбү (ага) ишенишпейт.
18.            Аллага  жалган жалаа жапкандан да заалымыраак ким бар?  Мына ошолор Эгеңердин алдына алынып келинет да – күбөлөрү: “Мына ушулар Эгесине жалаа жапкандар!” – дешет. Эсиңерде болсун: Алланын каргышы – заалымдарга эмеспи?!
19.            Алар  Алланын жолунан тосушат да, кыйшык[21] жолду издешет.  Алар акыретке ишенбегендер.
20.            Алар жер жүзүндө[22] Алланы алсырата алышпайт. Анткени алардын Алладан башка жардамчылары жок. Алардын азаптары (улам) көбөйтүлүп турат. Алар көрө да, уга да алышпайт.
21.            Мына ошолор өздөрүнө зыйан кылуучулар. Алардын жасалма кудайлары тигилерден жоголуп кеткен.
22.            Алар акыретте зыйанга учуроочулар экени шексиз.
23.            Чындыгында, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар, Эгесине мойун сунгандар, мына ошолор – Бейиш ээлери. Алар анда[23] түбөлүк калышат.
24.            Эки топтун[24] мисалы – дудук, сокур[25] – көрүүчү, угуучунун[26] мисалындай. Кантип эле ушул экөө тең болсун?! Эсиңерге келбейсиңерби?!
25.            Албетте, Биз Нухту өз коомуна жибердик. (Ал:) “Мен силерге чыныгы эскертүүчүмүн,
26.            Аллага гана сыйынгыла! Чындыгында мен силер үчүн сыздатуучу Күндүн азабынан коркомун”, – дегин.
27.            Анын коомунун каапыр башчылары: “Биз сени өзүбүз сыйактуу эле адам катары тааныйбыз. Сени эң кадырсыз жана кор болгон[27] адамдар  ээрчишкенин көрүп турабыз. Ошондуктан биз силердин эч бир артыкчылыгыңарды да көрбөй жатабыз. Биз силерди жалганчы гана деп эсептейбиз”, – дешти.
28.            Нух: “Эй, элим!  Көрдүңөрбү? Эгебиз тараптан өзгөчө бир далилге ээ болсом, анан Ал Өзү мага ырайым берип, ал силерге көрүнбөсө да силер Аны жок деп ойлосоңор, биз силерге (динди) зордоп кабыл алдыра алмак белек?
29.            Эй, элим! Мен силерден мал-мүлк сурабаймын. Менин акым бир гана – Алладан. Мен ыйман келтиргендерди кубалоочулардан эмесмин. Анткени, алар – Эгелерине (акыретте) жолугуучулар. Бирок, мен силердин наадан (эл) экениңерди көрүп турам”
30.            Эй, элим! Эгерде мен аларды кубаласам, анда мени Алладан ким коргоп кала алат? Эсиңерди жыйбайсыңарбы?!
31.            Мен силерге: “Жанымда Алланын казыналары бар деп айтпаймын жана көмүскө-кайыпты да (ал маалыматтарды) билбеймин.  Мен периште да эмесмин. Ошондуктан, силер көзүңөргө илбегендерге[28]: “Алла  силерге жакшылык жибербейт”, – деп да айтпаймын. – Алла – алардын дилиндегилердин баарын жакшыраак билет.  Андай кылсам[29], анда мен заалымдардан болуп калам”, (–деди).
32.            Алар: “Эй, Нух! Сен биз менен жаңжалдашып көпкө талашып-тартыштың. Эгер сөзүң чын болсо, өзүң бизди коркутуп жаткан нерсеңди бизге жиберчи!” – дешти.
33.            (Нух:) “Аны кааласа, бир гана Алла жиберет. Силердин ага чамаңар да келбей калат[30].
34.            Эгер Алла силерди адаштырууну кааласа, мен силерге[31] насаат айтсам да, ал силерге пайда бербейт. Ал (Алла) – силердин Эгеңер[32]. Ага кайтып барасыңар”[33], – деди.
35.            [34]Же алар: “Куранды өзү эле жазып койгон”, – дешеби?! Аларга: “Эгер аны мен жазган болсом, анын күнөөсү мага тийет. Андыктан, мен силер иштеген күнөөлөрүңөрдөн оолакмын”, – деп айткын.
36.            Ошентип, Нухка: “Элиңдин ыйман келтиргендеринен башкалары (эч качан) ишенишпейт. Эми алардын жасаган иштерине кейибе”, ­– деген айан түшүрдүк.
37.            (Биздин) көз алдыбызда, айаныбыз менен кеме жаса. Зулум кылгандар (каапырлар) үчүн[35] Мага кайрылба! Эми алар (Топон сууга) чөктүрүлөт”,–дедик.
38.            [36]Кемени жасап жатканда элинин бийлери жанынан өткөн сайын аны келекелеп жатышты. (Нух) аларга: “ Эгер силер бизди шылдыңдасаңар, биз да силерди өзүңөр шылдыңдагандай кылып шылдыңдайбыз”, – деди.
39.            Кордуктуу азап кимге келээрин жана туруктуу жабыр кимдин башына түшөөрүн тез арада билесиңер.
40.            Биздин буйругубуз менен тандырдан[37] суу оргуштап чыкканда (Нухка:) “Ар бир жаныбардан бирден жуп кылып, ыйман келтиргендерди жана  өз үй-бүлөңдүн өкүм чыккандарынан[38] башкаларын алып кемеге чык”, – дедик. Чындыгында, аны менен ыйман келтиргендер абдан аз (болчу).
41.            (Нух:) “Кемеге олтургула! Анын жүрүшү да, токтошу да Алланын ысмы менен! Чындыгында, Эгем – Кечиримдүү, Ырайымдуу!” – деди.
42.            Ал кеме аларды тоолордой болгон толкунда алып жүрдү. Нух айрыларда[39] уулуна: “Эй, уулум! Биз менен бирге кемеге олтур. Каапырлардан болбо!” – деп чакырды.
43.            Уулу: “Мени суудан сактай турган тоого чыгамын!” – деди. Анда атасы: “Алла ырайым кылгандардан башкаларга бүгүн Алланын буйругунан сактап калар эч нерсе жок!” – деди. Ошондо экөөсүнүн ортосун толкун  каптап, ал[40] чөктүрүлүүчүлөрдөн болду[41].
44.            “Эй, Жер! Сууңду тарт[42]! Асман сен да токто[43]!” – деп айтылды да, суу тартылып, иш орундалды[44]. Ал эми кеме Жудий тоосуна токтоду. “Заалымдар жок болсун!” – деп айтылды.
45.            Нух Эгесине кайрылып: “О Эгем! Чындыгында уулум менин үй-бүлөмдөн эле го. Албетте, Сенин убадаң сөзсүз аткарылат. Сен өкүмдарлардын Өкүмдарысың!” – деди.
46.            (Алла:) “Эй, Нух, ал сенин үй бүлөңдөн эмес. Анткени анын жасаган иши дурус эмес. Ошондуктан билбеген нерсеңди Менден сураба. Наадандардан болбошуңду насаат кыламын”,–деди.
47.            (Нух:) “О Эгем, чындыгында билбегенимди Сенден суроодо Өзүң менен сактанам. Эгер мени кечирип, ырайым кылбасаң, зыйанга учуроочулардан болом” – деди.
48.            “Эй, Нух! Өзүң менен бирге болгон топторго: “Биз тараптан тынчтык жана береке менен кемеден түш”, деп айтылды. Башка бир коомду  дүйнө (жыйноо) менен алек кылып, анан аларды Биз тараптан сыздатуучу азап ороп алат.
49.            Мына ушулар  кайып байандардан. Аны сага жашыруун кабар кылдык.  Мындан мурда аны сен да, коомуң да билген эмес эле. Андыктан сабыр кыл. Чындыгында, ийгилик – такыбалардыкы.
50.            Аад коомуна тууганы Худду[45] жибердик. Ал: “Эй, элим! Аллага гана сыйынгыла! Силердин Андан башка Кудайыңар жок. Чындыгында, силер – абдан жалганчы элсиңер.
51.            Эй, элим! Мен силерден акы сурабаймын. Менин эмгегим – мени Жаратканга гана таандык. Акыл жүгүртсөңөрчү?
52.            Эй, элим! Эгеңерден кечирим сурап, Ага тообо кылгыла. Силерге асмандан жамгыр жаадырып, күчүңөргө-күч кошот. Андыктан   күнөөкөр болуп, (ыймандан) баш тартпагыла”, – деп айтты.
53.            Алар: “Эй, Худ! Сен бизге (жетээрлик) далил келтире алганың жок. Биз сенин сөзүң менен кудайларыбызды таштабайбыз жана сага ишенбейбиз”, – дешти.
54.            Алар: “Сага кээ бир кудайларыбыздын жамандыгы жетиптир деп айтабыз”, – дешти. Худ: “Чындыгында мен Алланы күбө кыламын. Мен силердин Аллага кошкон шериктериңерди четке кагарыма өзүңөр да күбө болгула.
55.            Андан[46] башка (кудай жок). Баарыңар Мага болгон айла-амалыңарды жасай бергиле. Андан соң, мөөнөт бербегиле[47].
56.            Чындыгында, менин да, силердин да Эгеңер болгон Аллага тобокел кылдым[48].  Кандай гана жан болбосун, Алла – анын дал көкүлүнөн кармайт[49]. Ырасында Эгем – Туура Жол үстүндө.
57.            Эгер (ыймандан) жүз үйрүсөңөр да, мен өзүм аркылуу (жиберилген) насааттарды силерге жеткирдим. Эгем ордуңарга башка коомду алмаштырса, силер Ага эч бир зыйан кыла албайсыңар. Чындыгында, Эгем – бардык нерсени Сактоочу!
58.            Буйругубуз келген кезде Худ менен ыйман келтиргендерди ырайымыбыз менен куткардык. Аларды оор азаптан куткардык.
59.            Ошол Аад эли Эгеңдин айаттарына каршы чыгып, Анын элчилерине мойун сунбай, зөөкүр текеберлердин буйруктарына баш ийишти.
60.            Бул дүйнөдө да, Кыйамат Күнүндө да аларды каргыш коштоп жүрөт. Эсиңерде болсун: Аад эли Эгеңерге каршы чыкты. Эсиңерде болсун: Худдун коому Аад ырайымдан алыс калды!
61.            Самуд элине өздөрүнүн тууганы Салихти (пайгамбар) кылып жибердик. (Ал:) “Эй, элим!  Аллага гана сыйынгыла. Силердин Андан башка эч бир Кудайыңар жок[50]. Ал силерди жерден жаратып, анда өмүр сүргүздү. Эми Андан кечирим сурагыла. Ага тооба кылгыла. Чындыгында, Эгем (бизге) жакын. Ал тилектерди кабыл кылуучу”, – деди.
62.            Алар: “Эй, Салих! Сен мындан мурда биздин арабызда үмүт кылдырган[51] адам элең. Эми ата-бабаларыбыз сыйынган нерсеге бизди сыйынуудан тыйасыңбы? Ырасында, сенин бизди чакырган нерсеңе[52] күмөн менен карайбыз, ары такыр ишенбейбиз”, – дешти.
63.            (Салих:) “Эй, калкым! айткылачы, эгер мен Эгем тараптан ачык далилдүү болсом, Ал Өзү тараптан мага ырайым кылган болсо, анан мен Ага каршы чыксам, анда мени Алладан ким коргоп кала алат? Андай болгондо силер мага адашуудан бөлөк эч нерсе алып келе албайсыңар”, – деди.
64.            “Эй, коомум! Мына бул Алланын ингени[53] – силерге[54] керемет. Ошондуктан ага тийишпегиле, Алланын жеринде (кенен-кесир) оттоп жүрсүн. Ага жамандык кылбагыла. Эгер жамандык кылсаңар, анда заматта азапка кабыласыңар”, – деди.
65.            Бирок алар[55] аны[56] союп салышты. (Ошондо Салих:) “Журтуңарда үч күн[57]  жашап тургула. Бул – жалганга чыкпай турган убада!” – деди.
66.            Ал буйругубуз келген кезде Биздин ырайымыбыздан Салих жана аны менен бирге ыйман келтиргендерди[58]  ошол күндүн оор кордугунан куткарып калдык. Албетте, Эгең – Күчтүү, Ызаттуу!
67.            Заалымдык кылгандарды добуш алып[59], өз журттарында үстөмөн түшкөн бойунча тыптыйпыл болушту.
68.            Ал жер эч качан, эч ким жашабагандай тыптыйпыл кылынды. Эсиңерде болсун: Чындыгында Самуд эли Эгесине[60] каршы чыкты. Билип койгула: “Самуд элине [61]ырайым кылынбайт!
69.            Чындыгында, элчилерибиз[62] Ибрахимге жагымдуу куш кабар менен салам беришти. Ибрахим аларга: “Салам!” – деди да, дароо музоонун куурулган этин (дасторконго) алып келди[63].
70.            (Ибрахим:) алардын колдору этке эч бир тийбегенин көрүп, чоочуркап, шекшиди. Алар: “Коркпо!” Чындыгында, биз Лут коомуна жиберилдик”, – деди.
71.            Ибрахимдин жанында турган айалы күлүп жиберди. Ошондо ага[64] Исхак, Исхактан кийин Йакупту сүйүнчүлөдүк[65].
72.            (Ибрахимдин жубайы): “Оой, мен – кемпир, күйөөм – чал болсо, анан кайдан төрөмөк элем. Албетте, бул – таң калыштуу нерсе”, – деди.
73.            (Периштелер ага): “Сен Алланын амирине таң каласыңбы? Алланын ырайымы менен берешендиги силерге болсун! Чындыгында, Алла – мактоого татыктуу, өтө Улуу!”,–дешти.
74.            Ибрахимден коркуу (сезими) кетип, ага кубаныч (сезими) келген кезде Биз  менен[66] Лут эли тууралуу талашып тартыша баштады[67].
75.            Чындыгында, Ибрахим жумшак мүнөздүү, камкор, сыпаа (адам эле).
76.            (Периштелер:) “Эй, Ибрахим! Мындан баш тарт[68]. Анткени Эгеңдин буйругу келген. Шексиз, аларга кайтарылбай турган апаат келет”, (–дешти).
77.            Элчилерибиз (жаш жигиттердин кейпинде) Лутка  келген кезде ал[69] тынчсыздана жана кайгыра баштады да: “Чындыгында, бул оор күн”, – деди.
78.            (Луттун) коому[70] ага чуркап келишти. Чындыгында алар мурдатан эле ыплас иштер менен алек болушчу. (Лут аларга:) “Эй, калкым! Мына, кыздарым, алар силер үчүн тазараак. Алладан корккула. Конокторумдун алдында мени шерменде кылбагыла. Араңарда туура ой жүгүрткөн бир да адам калган эмеспи?” – деди.
79.            Алар айтышты: “Сенин кыздарыңда биздин жумушубуз жок. Ырасында, сен биздин эмнени каалаганыбызды жакшы билесиң”, – деди.
80.            (Лут:) “Аттиң, менин силерге өтө турган бийлигим, же тайанычым болгондо кана?” – деди.
81.            (Периштелер:) “Эй, Лут! Чындыгында биз Эгеңдин элчилерибиз. Алар сага эч качан тийише алышпайт. Түндүн бир оокумунда үй- бүлөң менен дароо жолго чык. Жубайыңдан башка эч кимиси артта калбасын. Анткени келе турган апаат ага да жетет. Алардын убадасы таң[71]. Таң жакын  эмеспи?” – деди.
82.            Аларга апаат маалы келген кезде ал жердин үстүн астына келтирдик[72] да, бышырылган[73] таштарды тынымсыз жаадырдык.
83.            Бул – Эгеңдин алдында белигиленген эле. Мындай апаат – заалымдардан узак эмес[74].
84.            Мадйанга[75] тууганы Шуайпты (пайгамбар кылып) жибердик. (Ал:) “Эй, элим!  Аллага гана сыйынгыла. Силердин Андан башка эч бир Кудайыңар жок. Өлчөмдү[76] жана  салмакты (таразадан) кемитпегиле[77]. Чындыгында, мен силерди жакшылыкта көрүп  турам. Бирок, мен силер үчүн Кыйамат Күнүнүн ороп алуучу оор азабынан корком” – (деди).
85.            “Эй, элим! Өлчөөнү, (таразада) тартууну толук аткаргыла, адамдардын нерселерин (акыларын) [78]кемитпегиле!  Жер жүзүндө бузукулук кылбагыла.
86.            Эгер момун болсоңор, анда чындыгында силер үчүн Алланын калтырган (адал[79]) нерсеси жакшыраак. Мен силердин үстүңөрдөн кароолчу эмесмин”,–деди.
87.            Алар: “Эй, Шуайб!  Биздин ата-бабаларыбыз сыйынган нерсени таштоону, же өз мал-мүлкүбүздү кантип иштетүүнү эмне, сага намазың буйуруп жатабы? Чындыгында, сен өтө жумшак, туура жолдо болуучусуң”, – дешти.
88.            (Шуайб:) “Эй, калкым!  Айткылачы: Эгер мен Эгем тарабынан ачык далилдер үстүндө болсом[80], анан (Алла) Өз алдынан жакшы ырыскыларды жиберип жатса, мен силерге каршы чыгып, силерди тыйып жаткан нерсени өзүм жасоону каалабаймын. Мен алымдын жетишинче түзөтүүнү гана каалаймын. Менин ийгилигим – Аллага гана таандык. Ага тобокел кылдым жана Ага гана мойун сунамын.
89.            Эй, элим!  Мага каршы чыгышыңар – силерге Нухтун элине, Худдун элине, же Салихтин элине келгендей оор кыйынчылыктын келишине себепчи болбосун. Ошондой эле, Лут эли да силерден алыс эмес[81].
90.            Эгеңерден кечирим сурагыла. Ага тообо кылгыла. Чындыгында, менин Эгем абдан Мээримдүү, өзгөчө Сүйүүчү!” – деп айтты.
91.            Алар: “Эй, Шуайб! Биз айткандарыңдын көбүн түшүнбөйбүз. Анын үстүнө биз сени өзүбүздөн төмөн деп эсептейбиз.  Эгер сенин туугандарың болбогондо[82]  ташбараңга алып өлтүрмөкбүз. Анткени сен биз үчүн кадырлуу эмессиң!” – деди.
92.            (Шуайб:) “Эй, элим! Силерге Алладан да туугандарым кадырлуубу? Алланы артыңарга таштап жатасыңар. Албетте, Эгем силер эмне кылып жатканыңарды билип, ороп алуучу!
93.            Эй, калкым! Колуңардан келгенин жасагыла, мен да (колумдан келгенин) жасаймын[83]. Жакында кордук алып келүүчү азаптын кимге келе турганын жана кимдин жалганчы экенин билесиңер. Эми [84]күткүлө, мен да силер менен чогуу күтөм”, – деди.
94.            [85]Буйругубуз келген кезде Шуайбды жана аны менен бирге ыйман келтиргендерди  ырайымыбыз менен куткардык да, заалымдык кылгандарды өтө катуу чыккан үн менен алдык[86], алар үстөмөн түшкөн бойунча өз журттарында жок болушту.
95.            Алар жерде эч качан алар жашабагандай (тыптыйпыл кылдык). Эсиңерде болсун: Самуд эли ырайымдан[87] оолак калгандай эле, Мадйан эли да  ырайымдан четте калды.
96.            Акыйкатта, Мусаны айаттарыбыз жана даана далилдер менен (пайгамбыр кылып) жөнөттүк.
97.            Фараонго жана  анын жан-жөкөрлөрүнө жиберсек, алар[88]  Фараондун буйругуна баш ийишти[89]. Фараондун буйругу туура эмес болчу.
98.            Фараон Кыйамат күнү өз элинин алдына түшүп, (баштап барып) аларды тозокко түшүрөт.  Ал – түшө тургандардын (ичинен) эң жаман жер!
99.            Бул дүйнөдө да, Кыйамат Күнүндө да каргыш аларды коштоп жүрөт.  Ал – кандай жаман “белек”!
100.       [90]Ушул – (кыйратылган) шаарлардын кабары. Сага аны (Биз) байан кылуудабыз. Алардын айрымдары али тирүү, айрымдары жер бетинен жок болгон.
101.       Биз аларга зулумдук кылбадык. Алар өздөрүнө зулумдук кылышты. Эгеңдин[91] буйругу келген кезде, алардын Алладан башкага жалбаргандары өздөрүнө эч бир пайда алып келген жок. Зыйандарын гана арттыргандан башка кымындай да ишке жарабады.
102.       [92]Эгең аларды алганда[93], шаарлардын заалым элдерин ушунтип алат.  Албетте, Анын соккусу[94] жан чыдагыс катуу.
103.       Акыйкатта, бул айтылган байандарда акырет азабынан корккон адамдар үчүн насааттар бар.  Кыйамат – бардык адамдар жыйнала турган жана күбө боло турган күн[95].
104.       Ал эми Кыйамат Күнүн белгилүү бир убакытка чейин гана кечиктиребиз.
105.       Ал Күн келгенде, Алланын уруксатысыз эч ким сүйлөбөйт. Алардын (адамдардын) шордуусу[96] да, бактылуусу[97] да бар.
106.       Шордуулар Тозокто какшап ыйлашат, онтошот,  озондошот.
107.       Алар Тозокто асмандар менен жер канча турса ошончо[98] жылдап калышат. Бирок, Эгең кааласа... анда – башка[99]. Чындыгында, Эгең Өзү каалагандай жасайт.
108.       Ал эми бактылуу болгондор, Бейиште болушат. Алар бейиште асмандар менен жер канча турса ошончо жыл жашап калышат. Бирок, Эгең кааласа... анда – башка. Бул[100] – эч качан түгөнбөгөн сыйлык.
109.       Анда алардын[101] сыйынгандары тууралуу күдүктөнбө[102]. Алар ата-бабалары сыйактуу эле (өздөрү билип билбей) мурдатан сыйынып келгендерге сыйынышат. Албетте, Биз алардын шыбагаларын[103] кемитпестен беребиз.
110.       [104]Ырасында, Мусага Китеп бердик. Ошондо да ал (Тоорат) тууралуу кайчылаш пикирлер болгон. Эгер Эгеңден Сөз[105] берилбегенде, анда аларга өкүм жиберилмек. Албетте, алар Курандан[106] шектенишүүдө.
111.       Ант болсун! [107]Албетте, Эгең алардын бардыгынын жасагандарынын акысын толук кылып берет[108].  Чындыгында, Ал – алардын кылып жаткан иштеринен Кабардар!
112.       [109]Сен жана сени менен бирге тообо кылган адамдар да силерге (Алладан) буйурулгандай Туура Жолдо[110] болгула! Чектен ашпагыла. Чындыгында, Ал[111] – жасап жаткан ишиңерди толук Көрүүчү!
113.       Ошондуктан зулумдук кылгандарга ыктабагыла[112]. Антчү болсоңор анда, Тозок оту силерге да жетет. Силер үчүн Алладан башка дос жок. Анда[113] силерге жардам да болбойт!
114.       [114]Күндүздүн эки тарабында[115], түндүн таңга ыктаган бөлүгүндө[116] намаздарды толук аткаргыла. Чынында жакшылыктар – жамандыктарды кетирет[117]. Бул – түшүнгөндөр үчүн эскертүү.
115.       [118]Сабырдуу бол[119].  Чындыгында, Алла жакшы иш-амалдарды жасагандардын мээнетин текке кетирбейт.
116.       Силерден мурдакы кылымдардагы акыл ээлери жер жүзүндөгү бузукулуктан тыйылышкан болсо...[120] Бирок алардын азыраагын гана куткардык[121]. Заалымдар өздөрүнүн жеке турмушунун жыргалчылыктарынын артынан сайа кууп түшүп алышты да, күнөөгө батышты[122].
117.       [123]Эгең калкы түз жүргөн шаарлардын элин орунсуз жерден кыйратпайт.
118.       [124]Эгер Эгең кааласа, адамдарды бир[125] коом кылып койор эле. Бирок (эми) алар түбөлүк карама-каршылыкта болушат[126].  
119.       Бирок, Эгең мээримин төккөндөр гана (Исламга кирет). Аларды ошол үчүн жаратты. Ошол үчүн Эгеңдин: “Албетте, Тозокту бүткүл жиндер жана адамдар менен толтурамын”, – дегени шексиз орундалат.
120.       [127]Сага пайгамбарлар байанын дилиңди кубаттандыруу үчүн айтып бердик.  Мында сага акыйкат жана момундар үчүн насыйкат, эскертүү келди.
121.       [128]Ошентип ыйман келтирбей турган адамдарга: “Силер билгениңерди кыла бергиле[129]! Биз да өз ишибизди кыла беребиз[130]” – дегин.
122.       Ошондой эле, күтө бегиле[131]. Биз да күтүүчүбүз[132].
123.       Асмандар менен жер Аллага гана таандык. Бардык иштер Ага кайтарылат. (Аллага) сыйынгыла жана Ага гана тобокел кылгыла! Эгеңер – силер жасап жаткан иштерден кабарсыз эмес!

    




[1] Мааниси бир Аллага маалым
[2] Алла тараптан келген
[3] бул дүйнө жыргалдарынан
[4] Ислам дининин душмандары
[5] Алладан
[6] Терсайак, көк, куру намыс, кем акыл  болуп алышат
[7] Алла Таала
[8] Бул дүйнөдөгү турагы
[9] Өлгөндөн кийин, же жатын(Тафсир ал-Жалалайн)
[10] Лавхул Махфузда
[11]Алла тарабынан суу – Арштан кийин жаратылган
[12] алардан
[13] азапты
[14] Ошол азаптан өз акылдуулугунан гана кутулуп кеткендей өзүн кыйын сезип, куткарган Жаратуучусун унутуп текеберленет
[15] Алланын алдында
[16] Мухаммед (а.с.)
[17] Эй, Мухаммед!
[18] Куранды
[19] Куранга
[20] Куранга
[21] Туура эмес жолду
[22] Эч качан
[23] Бейиште
[24] Каапыр жана мусулман
[25] Каапырдын мисалы
[26] Момундун мисалы
[27] Көчөдө калган
[28] Кедей мусулмандарга
[29] Алла  силерге жакшылык жибербейт”, – деп жалган айтсам
[30] Алла жиберген кырсык келген кезде качууга, кутулууга да үлгүрбөй каласыңар
[31] “Алланын динине кирип өзүңөрдү сактап калгыла” деп
[32] “Жаратуучуңар, Ал силерди жоктон бар кылып жараткан”
[33] Өлүм аркылуу
[34] Эй, Мухаммед! (а.с.)
[35] Кечирим сурап
[36] Нух (а.с.)
[37] Бул жерде «тандыр» (арабча «таннур») деген  сөз «жердин тереңинен, жердин тандырдай ысык катмарынан» - деген маанини берет
[38]«Каапырларга кошулуп,  күнөөгө батышкандыктан Алла тарабынан жазаланууга – топон суу алдында калып өлүүгө буйурулгандардан башкаларын» деген мааниде.
[39] Кеме сууга түшүп, Алланын каргышына калган шаардан узап жыла баштаган кезде
[40] Нухтун Кенган аттуу баласы
[41] Чөгүп кетти
[42] Кайра сиңирип ал!
[43] Нөшөрүңдү токтот!
[44] Алла буйургандай аткарылды
[45] Пайгамбар кылып
[46] Алладан
[47] Кутулууга (эгер силердин кудайыңардын колунан келсе).
[48] тайандым
[49] Эч ким Андан качып кутула алабйт
[50] Алладан башка кудай жок. Ал – бардык жан-жансыз заттардын, макулуктардын, асман-жердин, ай-ааламдын...жана  бардык элдердин Кудайы!
[51] Салих (а.с.) Мухаммед (а.с.) сыйактуу пайгамбар болгонго чейин абдан туура, адилет, чынчыл жашоо кечирген мыкты адам болгону үчүн, анын коому  аны абдан сыйлашкан жана андай адамдар ал кезде падыша шайлануусу да мүмкүн эле. Бирок Салих мушрик коом менен келишим, ымала түзүүгө барган эмес. Мушриктер болсо анын жалгыз кудай Алладан баш таруу жолу менен алардын сый-урматында жүрүшүн каалашкан. А Силих андай мансап үчүн эмес, Алланын улуу дини үчүн туулган адам болгон.
[52] кудайыңа
[53] Туут курактагы ургаачы төө
[54] Силердин ыйманга келишиңерге себеп болушу үчүн  атайын Аллдан  түшүрүлгөн керемет
[55] каапырлар
[56] ингенди
[57] каалагандай
[58] Өзүбүз жиберген балээден
[59] Алла жиберген катуу үндөн жүрөктөрү жарылып өлүп
[60] Алла Таалага
[61] Алла тарабынан
[62] Биз жиберген периштелерибиз
[63] Меймандарды сыйлоого шашты
[64] айалына
[65] Исхак жана Йакуп аттуу эки уулдуу болоору тууралуу кубанычтуу кабарды
[66] Биз жиберген периштелер менен
[67] Лут коомун жок кылбоо жөнүндө
[68] Луттун коомун кыйратпай туруу керектиги тууралуу бизди ынандырууга аракет кылбай эле кой. Анткени Алланын буйругу кайтарылбайт
[69] Лут өз элинин каапырлыгын, адашканын эстеп меймандардан уйалып, уйатынан улам
[70] Луттун коому жалпы бачабаз болуп кеткендиктен, Луттун үйүнө бир-эки сулууча келген жигиттердин келгенин Луттун айалы аларга жеткирген соң, дароо
[71] Ушул таңда Алланын буйругу менен алар тирүүлөй чыккыс кырсыкка кабылышып, жок болушат
[72] Астын үстүн кылып оодарып салдык
[73] Ылайдан от менен бышырылып, өтө ысытылган түрдө
[74] Мындай апаат Алла тарабынан залымдарга качан гана болбосун кечиктирилбестен жиберилет
[75] Элдин аты
[76] кезди
[77] Кемитип сатып, арам жол менен байууну көздөбөгүлө
[78] “Соода сатыкта  иштегендер таразадан тартып берип жатканда, кардарды алдап кымтып калбастан, толук тартып соода кылгыла, Анткени Алла силерди дайым көрүп турат!» Ал эми соодаңар кез менен өлчөнө турган буйум  болсо, толук  кымтып калбай толук өлчөгүлө!
[79] Адал эмгек менен иштеп тапкан  байлык, мүлк, киреше…
[80] Четке кагууга мүмкүн болбогон, Алла тарабынан түшүрүлгөн далилдерим боло туруп
[81] Лут элинде жазаланып калууңар  деле узак убакытта болуучу нерсе эмес
[82] Шуайптын каапырлардын арасында карылуу саналган туугандары болгон. Каапырлар Алладан эмес, ошолордон тартынышкан
[83] Алла алдындагы өз милдетимди так аткарууну уланта берем
[84] Келе турган азапты
[85] Аларды жазалоо тууралуу
[86] Жандарын сууруп алып
[87] Алланын ырайымынан
[88] Фараондун Жан-жөкөрлөрү
[89] Ыйманга келбей койушту
[90] Эй, Мухаммед!
[91] Аларды кыйратуу  тууралуу
[92]  Эй, Мухаммед!  
[93] Кыйратуу менен жандарын алган кезде
[94] Алуусу, кармоосу, азабы, жазасы
[95] Адамдардын азап-жыргалына, тозок-бейишине  күбө боло турган
[96] Тозокко түшүүчүлөр
[97] Бейишке кирүүчүлөр
[98] Узак жалдар бойу, өлүм, кайгы, оору, ичитардык, көралбастык ж.б.у.с. жамандыктарды билбестен, бейпил турмушта, бакытка мелт-калт болгон, бир да кемчилиги жок өмүр кечиришет
[99] Алла дүйнөлөрдүн өмүр сүрүү мөөнөтүн Өзү каалагандай өзгөртүшү мүмкүн.
[100] Бейиш
[101] Мушриктердин, будпарастардын кудайлары тууралуу
[102] Алардын акыйкат жолдон чыгып кеткени шексиз жана алар кыйроого учуроочулар
[103] жазасын
[104] Эй, Мухаммед!
[105]Бардык эсеп-сот Кыйамат Күнү болот деген убада Алла тарабынан убада кылынбаган болгондо, анда алардын сөзү туура, же туура эмес экени дароо эле ачык билдирилип, жазасы, же сыйы да дароо берилмек.
[106] Тораттан билип турушуп да Куран Аладан түшкөн Китеп экендигинен күмөнсүрөөдө
[107] Эй, Мухаммед!
[108] Же толук жаза менен жазалайт, же толук сый  менен сыйлайт
[109] Эй, Мухаммед!
[110] Исламдын ичинде, жолунда
[111] Алла
[112] Тайанбагыла
[113] Эгер силер аларды ээрчип, ыктап кетсеңер
[114] Эй, Мухаммед!
[115] Багымдат жана дигер намаздары учурунда
[116] Тахажжут намазы учурунда
[117] Жакшы амалдар күнөөлөрдүн жуулуп кетишине себеп болот
[118] Эй, Мухаммед!
[119] Каапылардан, мушриктерден келүүчү азаптарды тарткан кезде динден кайтпастан
[120] Кыйроого учурашмак  эмес.
[121] Анткени алардын арасында Аллага ыйман келтирип, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосуучулар абдан аз болчу.
[122] Ошондуктан Биз аларды кыйраттык
[123] Эй, Мухаммед!
[124] Эй, Мухаммед!
[125] Баары түз жолдо жүргөн, күнөөдөн корккон, ыймандуу, бир эле динди карманган
[126] Анткени Алла Таала алардын бир  үммөт болушун каалаган жок. Аны сырын болсо бир гана Алла Таала билет. Бирок коомдун бир нече бөлүктөн туруусу – Алланын сыноосунан адамдарды өткөрүү үчүн керек. Ким кааласа Исламды, ким кааласа, башка динди тандоо эркиндиги берилген
[127] Эй, Мухаммед!
[128] Эй, Мухаммед!
[129] Анткени баары бир Тозокко түшөсүңөр
[130] Биз жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарууну уланта беребиз
[131] Алладан жазанын келишин
[132] Биз Бейишти күтөбүз

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder