Меккеде түшүрүлгөн. Жыйырма айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу
Алланын аты менен!
1.
Эй,
кийимине оронуп алган!
2.
Түндөрдү
ибадат менен өткөр да, бир аз бөлүгүн (уйкуга бөл),
3.
жарымын, же андан да бир аз кемит[2],
5.
Жакында
биз сага салмактуу сөз түшүрөбүз.
6.
Албетте,
түндө уктап туруу – абдан оор[5]
7.
Анткени
сенин күнүң түйшүккө толо.
9.
Ал
– Чыгыштын да, Батыштын да Эгеси. Чындыгында Андан башка кудай жок. Аны гана өзүңө
Колдоочу деп бил.
10.
Алардын[7] сөзүн сабырдуулук менен ук
жана алардан жакшынакай кайтып кет.
11.
Жалганчы
дөөлөт ээлерин Мага койуп, аларга бир аз
мөөнөт бер.
12.
Анткени
Биздин астыбызда алар үчүн кишендер, Тозок оту,
14.
Ошол
Күнү жер, тоолор титиреп, тоолор кумдуу дөңсөөлөргө айланат.
17.
Эгер
силер каапырдыктын ичинде жашасаңар[11] , анда өспүрүмдү
картайтып койуучу[12] ал Күндөн өзүңөрдү кантип
сактап кала аласыңар?
18.
Ал
Күнү асмандар жарылып, Алланын убадасы аткарылат.
19.
Анткени
ал – эскертүү. Ошол үчүн ким кааласа
Эгесинин жолуна[13]
умтулат.
20.
Чындыгында
сен түндүн үчтөн эки бөлүгүнүн азыраагында, же жарымында, же үчтөн бир бөлүгүндө
туруп намаз окуп өткөрөрүңдү сенин Эгең билип турат. Сени менен чогуу жүргөндөр[14] да билет. Алла түндү да, күндү
да тактап өлчөп койгон. Алла силер муну эске албасыңарды[15] да билет жана ошол үчүн
силерди кечирет. Курандан кайсыны[16] окуу силерге жеңил болсо,
ошону окугула. Ал силердин араңарда оорулуулар болорун, бирөөлөрү Алланын
ырайымын издеп жерлерди кыдырарын, ошондой эле дагы бири Алла жолунда күрөшөрүн
билет. Ошондуктан Курандан кайсыл жеңил болсо ошону окугула. Намаздарды өз
убактыларында окугула,
зекетти бергиле. Алла үчүн чын жүрөктөн көркөмдүү карыз бергиле. Эмне берген
болсоңор,
андан да жакшыраагын жана чоңураак
сыйлыкты Алланын алдында табасыңар.
Алладан кечирим сурагыла. Албетте, Ал – Ырайымдуу, Кечиримдүү.
[1] Муззаммил – Оронуп алган
(Адам)
[4] кооз кылып
[6] бүткүл жүрөгүң менен
[7] Бутпарастардын
[8] Тозокто алардын
кекиртегине тыгылып калуучу өтө ысык тамак
[9] Мухаммедди (а.с.)
[10] катуу жазаладык
[11] Күпр келтирип, Аллага
мойун сунбасаңар
[12] коркунучтан улам
[13] сыйынууга
[14] сахабалар
[15] Белгилүү убакыттардын
баркын билбей калуу тууралуу сөз болууда
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder