103-сүрө “Аср[1]”
Меккеде түшүрүлгөн. /ч айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.
Асрга
ант[2]!
2.
Албетте,
инсан коромжуда.[3]
3.
Бирок,
ыйман келтиргендер, жакшы амалдарды жасагандар жана ак менен сабырдуулукка
бири-бирин насаат кылгандар (коромжуда эмес).
[1] Аср – “заман (кылым)”, “доор” (убакыт, мезгил) дегенди билдирет. Дагы бир мааниси
— “күндүн экинчи
жарымы”, “дигер маалы”.
[2] Өтө кыска да нуска, ар бир адамдын жашоосуна өрнөк
боло турган сүрө. “Бүт Куранды билбеген адам, ушул сүрөнү өрнөк кылып алса
жетиштүү болмок”, – деген Имам Шафиден калган сөз бар. Бул сүрөнү ар бир жыйналыштын соңунда окуу сүннөт.
[3] Инсан алсыз болгондуктан шайтан менен напсинин азгырыктарына туруштук бере
албай зыйанга гана учурайт.
[2] Инсан дүнүйө берилсе, Аллага сыйынууну унутат да, өлүмдүн келип калганын
туйбай калат. Ошондуктан инсан мал-дүнүйөнүн кулу болуп калуудан сактанууга
тийиш.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder