25.02.2014

68 KALEM SÛRESİ

68-сүрө «Калам[1]»
       Меккеде түшүрүлгөн. Элүү эки айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Нуун[2]. Калемге жана анын жазгандарына ант!
2.     Cен[3] Алланын жакшылыгындасың[4], жинди эмессиң.
3.     Албетте, сага түгөнбөгөн сыйлык бар.
4.     Сен – улуу кулк-мүнөз ээсисиң.
5.     Жакында сен да көрөсүң, алар да көрүшөт:
6.     силердин кимиңер жинди экениңерди.
7.     Чындыгында, сенин Эгең ким Анын жолунан адашкандыгын Билүүчүрөөк. Ким туура жолдо экенин да Билүүчүрөөк.
8.     Жалганчыларга башыңды ийбе.
9.     Сен аларга ыктап (муйуп), айткандарына көнүп, анан алар сага ыктаганды каалашат[5].
10.  Ар кандай кордолгон касамкорго мойун сунба;
11.  ушак[6] таратып жүрүүчүлөргө (да);
12.  жакшылыкты тыйып, чектен ашкан күнөөкөргө (да);
13.  ошондой эле, орой, тексизге[7] (да);
14.  Анткени ал байлык жана бала-чака ээси болгон.
15.  Ага Биздин айаттарыбыз окулган кезде ал: [8]Байыркылардын жомогу» – деди.
16.  Жакында анын тумшугуна белги[9] салабыз.
17.  Биз бак ээлерин сынаганыбыздай, чындыгында, аларды да сынадык. Алар[10] «эртең эртелеп бактын түшүмүн жыйнайбыз» деп ант ичишкен.
18.  Алар: «Кудай кааласа» – деп айтышпады.
19.  Алар уктап жатканда, Эгең тарабынан (жиберилген) бир айлануучу бакты айланды[11]...
20.  Бак[12] кыйылгандай кейипке келди
21.  Эртең менен бири-бирин чакырышты:
22.  «Түшүм жыйнагыңар келсе, талааңарга (эртелеп) чыккыла!» – деп.
23.  Алар өз ара шыбырашып жөнөштү:
24.  «Бүгүн силердин үстүңөргө кедей келип калбасын!»–дешти.
25.  Алар таң эртең менен шайма-шай жолго чыгышты.
26.  Бакты көргөн кезде: «Биз, чынында, адашыппыз!» – дешти. –
27.  «Жок! Биз кур калдык!» (дешти)
28.  Алардын акылдуураагы: «Мен силерге тасбих айткыла, – деп айтпадым беле!?» – деди.
29.  Алар айтышты: «Аруулук – Эгебизге! Албетте, биз чындап адаштык!».
30.  Алар бири-бирине бет алып, [13]жемелей башташты.
31.  Айтышты: «Аттиң, биз чектен ашкандардан болуптурбуз.
32.  Балким Эгебиз бизге андан жакшыраагын алмаштырып берээр. Анткени биз Эгебизге умтулуучубуз да».
33.  Мына ушундай азап!  Бирок, эгер алар билишсе, Акыреттин азабы андан да чоңураак.
34.  Чындыгында, такыбалар үчүн Эгесинин алдында жыргалдуу бактар (бар).
35.  Мусулмандарды күнөөкөрлөр[14] сыйактуу кылабызбы?
36.  (Эй, каапырлар,) силерге эмне болду? Кандайча өкүм кыласыңар?
37.  (Же) силер таалим ала турган китебиңер барбы?
38.  Ал китепте силер тандаганыңар (убада кылынганбы)?
39.  Же Биз менен Кыйаматка чейин келишимиңер барбы? Албетте, өзүңөр чыгарган өкүмүңөр – өзүңөргө гана!
40.  Алардан сура[15]: Алардын буга кимиси жооптуу?
41.  Же алардын шериктери бар бекен? Эгер алар чын сүйлөшсө, анда ошол шериктерин алып келишсин!
42.  Кыйамат Күнү, Алланын алдында алардын шыйрагы[16] ачылып, сеждеге чакырылат, ага жетпей[17] калат.
43.  Көздөрү корккон, өздөрү кордолгон (абалда калышат). Акыйкатта, алар сак-саламат жүргөн кезде[18], сежде кылууга чакырылган болчу.
44.  Ушул Сөздү[19] жалган дегендерди мага кой! Биз жакында аларды өздөрү билбеген[20] тарабынан акырындап тутабыз[21].
45.  Мен аларга мөөнөт  беремин: Чындыгында Менин айлакерлигим абдан катуу.
46.  Же сен алардан акы сурап, алар оор зыйанга учурадыбы?
47.  Же алардын алдында жазып алчу кайып барбы?
48.  Эгеңдин өкүмүнө сабыр кыл да, кит ээсине[22] окшобо. Ал түйшүккө батып[23], (Мага) жалбарган.
49.  Эгер ага Эгеңдин ырайымы болбогондо, ал кордолгон абалда талаага ыргытылмак.
50.  Ошентип, аны Эгеси Өзү тандап[24],  жакшылардан кылды.
51.  Каапырлар Куранды тыңдаган кезде алар көздөрү менен атып, жыга жаздашат. Жана алар: «Ал[25] – анык жинди», – дешет.
52.  Бул[26] тек гана – ааламдарга эскертүү!




[1] Калам – Калем
[2] Араб алфавитиндеги «Н» тамгасы («нун» деп окулат. Мааниси бир гана Аллага маалым)
[3] Эй, Мухаммед!
[4] Нематында
[5] Сен аларды буддарга сыйынуусунан тоспосоң, алар да сага жумшак мамиле кылышат.
[6] Ушак сөз (гыйбат)
[7] Уалид ибн Мугийра тууралуу сөз болууда
[8] Куран
[9] эн
[10] Бак ээлери
[11] уйулгутту
[12] заматта
[13] бири-бирин
[14] каапырлар
[15] Эй, Мухаммед (а.с.)
[16] Чындык ачыкка чыгып, «уйат болуп» деген мааниде
[17] Ал кезде алардын сежде кылууга күчү жетпей, алсырап,  сежде кылуу мүмүкүнчүлүгүнөн толук ажыратылган болот
[18] Тирүү кезде
[19] Куранды
[20] Күтпөгөн
[21] кезеги келгенде кордойбуз
[22] Кит жутуп алган Йусуп (а.с.) сыйактуу абалга кабылба
[23] Азап тартып
[24] кайрадан пайгамбарлыкка
[25] Каапырлар Мухаммед (а.с.) тууралуу ушинтип жалган сөз таратышкан
[26] Куран

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder